Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 351
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 198 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашыра тургандыгы белгиленсин:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын юридикалык кызматтарынын ишин методикалык жактан жетектейт;
2) мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин регламенттөөчү документтерди, ошондой эле ченем жаратуу ишин өркүндөтүүнүн бирдиктүү эрежелерин (стандарттарын) иштеп чыгат.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын юридикалык кызматтары ушул токтомдун 3-пунктунун 2-пунктчасы менен аныкталган документтерди кынтыксыз жетекчиликке алсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
– 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;»;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 4-пунктунда:
– «612» жана «393» деген цифралар тиешелүү түрдө «623» жана «404» деген цифралар менен алмаштырылсын;
– 1-пунктчасындагы «652» жана «433» деген цифралар тиешелүү түрдө «663» жана «444» деген цифралар менен алмаштырылсын;
– 2-пунктчасындагы «692» жана «473» деген цифралар тиешелүү түрдө «703» жана «484» деген цифралар менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтун түзүүгө байланыштуу уюштуруучу-техникалык маселелерди белгиленген тартипте үч айдын ичинде чечсин, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2022-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды жабууга акча каражаттарын караштырсын.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги № 198 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
А.У. Жапаров |
2-тиркеме
« 237-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
өлчөмдөрү
№№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 18 500 |
2 | Бухгалтер | 17 000 |
3 | Эксперт | 17 000 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун кызматкерлерине ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөөрү белгиленсин.
».
3-тиркеме
2-тиркеме