Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу орган) казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Казыналык милдеттенмелер мамлекеттик энчилүү баалуу кагаздар болуп саналат. Ыйгарым укуктуу орган казыналык милдеттенмелердин эмитенти катары чыгат.
3. Казыналык милдеттенмелер күрөө катары чыгышы мүмкүн.
4. Казыналык милдеттенмелер - казыналык милдеттенмелердин ээси эмитентке сунуштаган акчалай талаптарды белгиленген мөөнөттө шартсыз канааттандырууга укук берүүчү документ болуп саналат.
2. Аныктамалар жана терминдер
5. Бул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) баалуу кагаздын ээси - баалуу кагазга ээлик кылган жеке же юридикалык жак;
2) казыналык милдеттенме - мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн чыгарылган, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улуттук валютада номинацияланган эки жылдык баалуу кагазы;
3) эмитент - баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарынан келип чыгуучу милдеттенмелерди өзүнүн атынан аткарууга милдеттенген юридикалык жак.
3. Чыгаруу зарылдыгынын шарттары
6. Казыналык милдеттенмелер мамлекеттик органдардын кредитордук карыздар боюнча милдеттенмелерин жөнгө салуу максатында чыгарылат.
7. Милдеттенмелерди жөнгө салуу үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун тартиби
8. Ыйгарым укуктуу органдын казыналык милдеттенмелери кагаз түрүндө чыгарылат.
9. Казыналык милдеттенмелер ыйгарым укуктуу органдын буйруктарына ылайык сериялап чыгарылат, анда казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясынын чыгаруу жана төлөө шарттары, датасы көрсөтүлүүгө тийиш.
10. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышы сериядагы өзүнүн уникалдуу номерине ээ.
11. Бир сериядагы ар бир казыналык милдеттенме өзүнүн уникалдуу номерине ээ.
12. Казыналык милдеттенмелердин параметрлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ар бир казыналык милдеттенмеде белгиленет.
13. Казыналык милдеттенмелер боюнча пайыздарды чегерүү каралган эмес (пайызсыз).
14. Казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясынын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китебине (мындан ары - Мамлекеттик китеп) киргизилет.
15. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну жана казыналык милдеттенмелерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө талап кылуу укугун каттоону ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат. Казыналык милдеттенмелерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө ээси ыйгарым укуктуу органга расмий түрдө кабарлайт.
16. Сатуу-сатып алуу операцияларын жана күрөөлүк мамилелерди кошуп алганда казыналык милдеттенмелерге ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө алып келүүчү башка операцияларды жүргүзүүдө казыналык милдеттенмелердин арткы бетине операцияларды жүргүзүү жөнүндө жазуу жазылат. Бул жазуу Мамлекеттик китепке катталууга тийиш.
17. Казыналык милдеттенмелер боюнча киреше салыгын салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Казыналык милдеттенмелерди төлөө
18. Казыналык милдеттенмелерди төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан казыналык милдеттенмелердин номиналдуу наркына ылайык казыналык милдеттенмелердин акыркы ээлеринин эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
19. Казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерде жана Мамлекеттик китепке киргизилген ыйгарым укуктуу органдын буйругунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтү башталгандан тартып жүргүзүлөт.
20. Ээси төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди ыйгарым укуктуу органга берет, ал тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт. Казыналык милдеттенмелерди төлөө жол-жобосу Мамлекеттик китеп жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Ыйгарым укуктуу орган акча каражаттарын 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын бирдиктүү казыналык эсебинен казыналык милдеттенмелердин акыркы ээлеринин эсептерине которот.
22. Төлөө Мамлекеттик китептеги жазуулар казыналык милдеттенмелердин арткы бетиндеги жазууларга шайкеш келген учурда гана жүргүзүлөт.
6. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, өткөрүп берүүнү жана төлөөнү контролдоо
23. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, өткөрүп берүүнү жана төлөөнү контролдоо үчүн Мамлекеттик китеп жүргүзүлөт, ал казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылган сериясы боюнча өзүнчө жазылат.
24. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенмелердин ар бир уникалдуу номеринин кыймылы жазылат, ага мөөр басылат.
25. Казыналык милдеттенмелердин ар бир уникалдуу номеринде казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясынын негизги чыгаруу шарттары, атап айтканда көлөмү, чыгаруу датасы, төлөө датасы, номиналдык наркы жана аларды чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген башка шарттар көрсөтүлөт.
26. Казыналык милдеттенмелерди төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан ээлеринин казыналык милдеттенмелерди көрсөтүүсү боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу (жокко чыгаруу)
27. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте казыналык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу.
28. Ыйгарым укуктуу орган казыналык милдеттенмелерди чыгарууда алардын ээсинин жоопкерчилигин көрсөтөт. Эгерде ал (казыналык милдеттенмелерди кармоочу) казыналык милдеттенмелердин эмиссия шарттарын сактабаса, ыйгарым укуктуу орган казыналык милдеттенмелерди кармоочунун милдеттүү түрдө кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын финансы министри кол койгон буйрукту чыгаруу жолу менен казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга укуктуу.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
29. Ыйгарым укуктуу орган жана казыналык милдеттенмелерди кармоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун, өткөрүп берүүнүн жана төлөөнүн шарттарын аткаруу үчүн өз ара жоопкерчилик тартышат.