Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-декабры № 304
Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө
Товарларды жеткирүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызматтарды көрсөтүүчүлөр алдындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кредиттик карыздарын төлөөнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредиттик карыздары жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 156 (3335) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |