Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китебин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби (мындан ары - Мамлекеттик китеп) расмий мамлекеттик документ болуп саналат.
3. Казыналык милдеттенмелердин ээсинин акчалай талап кылуусу Мамлекеттик китепте катталат.
2. Мамлекеттик китепти жүргүзүү
4. Мамлекеттик китепти сактоо жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу орган) тарабынан кагаз жүзүндө жүзөгө ашырылат.
5. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышында Мамлекеттик китептин жаңы барагы ачылат.
6. Мамлекеттик китептин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын финансы министри кол коёт.
7. Ар бир акчалай талап кылуу өзүнчө баракта жазылат, анда кармоочунун аты же аталышы, талап кылуунун суммасы, милдеттенмени төлөөнүн датасы жана мөөнөтү көрсөтүлөт. Жазууга казыналык милдеттенменин кармоочусунун колу жана гербдүү мөөр коюлушу керек.
8. Ар бир жазууга милдеттенменин номеринен жана милдеттенменин чыгаруу сериясынын номеринен турган уникалдуу номер ыйгарылат.
9. Мамлекеттик китепке жазуу баалуу кагаздарды кармоочунун ким экендигин ырастоочу документтер көрсөтүлгөндө жүргүзүлөт.
10. Банк мекемелериндеги аманаттарга эквиваленттүү болгон аманаттын купуялуулугу Мамлекеттик китептеги жазууларга жайылтылат.
11. Сатуу-сатып алуу операциялары жана баалуу кагаздарга ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө алып келүүчү башка операциялар Мамлекеттик китепте катталууга (акттын негизинде) жана казыналык милдеттенмелердин акыркы ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Казыналык милдеттенмелерди төлөөнү каттоо
12. Казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун жана төлөөнүн шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Мамлекеттик китепте катталбаган милдеттенмелер төлөнүүгө тийиш эмес.
14. Казыналык милдеттенмелерди төлөөдө ыйгарым укуктуу орган аны төлөө жөнүндө тапшырма даярдайт жана аны Борбордук казыналыкка өткөрүп берет. Борбордук казыналык салыштырып текшерет жана маалыматтар шайкеш келгенде алынган тапшырманын негизинде акча каражаттарын бирдиктүү казыналык эсептен казыналык милдеттенмелерди кармоочунун эсебине которот.
15. Казыналык милдеттенмени төлөөдө ал акт боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет жана кармоочунун акчалай талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын финансы министринин тиешелүү жазуусу жана кол коюусу менен жокко чыгарылат.
16. Мамлекеттик китептеги жазуулар казыналык милдеттенмелер төлөнгөндөн кийин 3 (үч) жылдын ичинде сакталат.