Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 23-декабры № 326

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук

кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

- 21-пунктунун 2-пунктчасындагы "электрондук визаны тариздөө жана берүү" деген сөздөр "визаны тариздөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:

- таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

 

25

".

 

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155 (3336) жарыяланды

 

 

Төрага

А.У. Жапаров