Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 839
Консулдук жыйымдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтому күчүн жоготту деп табылсын:
- 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 «Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө»;
- 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 578 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 «Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж. Сатыбалдиев |
| 2-тиркеме |
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219, 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2021-жылдын 5-мартындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 579, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо каралгандан башка учурларда, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Үч жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле иш мезгилинен сырткары аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 100 пайызга жогорулатылат.
4. Консулдук иш-аракеттерди эс алуу жана майрам күндөрү аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.
41. Эки жумуш күнгө чейин электрондук визаларды тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерди аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.
5. Консулдук иш-аракеттер консулдук мекемеден тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн:
- арыз ээсинин демилгеси боюнча, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары 100 пайызга көбөйөт. Арыз берүүчү консулдук иш-аракеттерди жасоочу жерге барууга байланышкан чыгымдарды да төлөйт;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен, мында консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу ставкалар 200 пайызга көбөйөт.
6. Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарындагы консулдук пункттарында аткарылган консулдук иш-аракеттер үчүн каражаттардын ставкасына тарифтер жогорулатылбайт.
7. Ушул ставкалардын 3, 4-пункттарынын колдонушу Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылбайт.
№ | Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (сом) | Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы (АКШ долл.) |
|
1 | Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү: |
|
|
|
| - анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу |
| 30 |
|
2 | Визаларды жана визалык колдоону тариздөө: |
|
|
|
| 1) бир жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейинки мөөнөткө | 3589 | 50 |
|
| 2) бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу: - ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин) | 704 | 10 |
|
| 3) бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу: - ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин) | 352 | 5 |
|
| 4) көп жолку визаны тариздөө: - 1 айга чейинки мөөнөткө | 4315 | 60 |
|
| 5) көп жолку визанын мөөнөтүн узартуу: - ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин) | 1078 | 15 |
|
| 6) көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу: - ар бир 30 күн үчүн (1 айга чейин) | 704 | 10 |
|
| 7) транзиттик визаны тариздөө: |
|
|
|
| - беш суткага чейин | 1783 | 25 |
|
| 8) чыгуу визасын тариздөө: |
|
|
|
| - 3 айга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 17500 | 200 |
|
| - 3 айдан 1 жылга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 96 250 | 1100 |
|
| - 1 жылдан 2 жылга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 192500 | 2200 |
|
| - болуу мөөнөтүнөн ашкан ар бир кийинки жылдар үчүн мөөнөтү кечиктирилген ар бир жыл үчүн кошумча | + | 1100 |
|
| 9) ар бир кишиге визалык колдоону тариздөө | 352 | 5 |
|
3 | Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (МКК) |
| 10 |
|
4 | Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти мыйзамдаштыруу: |
|
|
|
| 1) жеке жактардан – Кыргыз Республикасынын жарандарынан | 352 | 5 |
|
| 2) жеке жактардан – чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан | 3589 | 50 |
|
| 3) юридикалык жактардан | 7189 | 100 |
|
| 4) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары бирге көрсөтүлгөн ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн жеке жактардан | 1431 | 20 |
|
5 | Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерин тариздөө |
| 510 |
|
6 | Баланын жарандыгын тандоо жөнүндө документтерди тариздөө |
| 10 |
|
7 | Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгынын фактысын аныктоо): |
|
|
|
| 1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн; |
| 10 |
|
| 2) чет өлкөлүк жарандар үчүн; |
| 50 |
|
8 | Жарандык абалдын актыларынын жазууларын каттоо: |
|
|
|
| 1) никеге турууну каттоо жана нике тууралуу күбөлүктү берүү |
| 10 |
|
| 2) соттон тышкаркы тартипте никенин бузулушун каттоо жана никени бузуу жөнүндө күбөлүк берүү (ар бир тарапка) |
| 50 |
|
| 3) аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу материалдарды каттоо жана тариздөө |
| 10 |
|
| 4) туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү |
| 10 |
|
9 | Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан аткарылуучу нотариалдык иш-аракеттер |
| 10 |
|
10 | Ишеним кат берүү: |
|
|
|
| 1) автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана тескөө укугуна |
| 10 |
|
| 2) кредиттик операцияларды аткарууга |
| 10 |
|
| 3) акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга |
| 10 |
|
11 | Камкорчулук, мураскордук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү, алар менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу |
| 20 |
|
12 | Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу |
| 25 |
|
13 | Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документин берүү |
| 40 |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр |
| Н.Момуналиев |