Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык
камсыздандыруу фонду жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2025-жылдын 11-январындагы № 6, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ММК фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун укугун улантуучу болуп саналат.
3. ММК фонду уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп саналат.
4. ММК фонду өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
5. ММК фонду мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, эл аралык, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет.
6. ММК фонду юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, депозиттик, алыш-бериш жана башка эсептери бар.
7. ММК фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук баш ийүүдөгү бөлүмү болуп саналат.
8. ММК фондунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду";
- расмий тилде: "Фонд обязательного медицинского страхования при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики".
ММК фондунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду";
- расмий тилде: "Фонд обязательного медицинского страхования".
9. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 122.
2-глава. ММК фондунун максаты жана милдеттери
10. ММК фондунун максаты болуп ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоо үчүн арналган акча каражаттарынын консолидацияланган фондунун эсебинен Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилдеп камсыз кылуу эсептелет.
11. ММК фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын, жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы башка программаларды жана стратегияларды ишке ашыруу;
3) саламаттык сактоо уюмдары тарабынан камсыздандырылган калкка көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого багытталган каражаттардын жалпы көлөмүнөн кеминде бир айлык каржылоо өлчөмүндө финансылык стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу запасын түзүү;
4) кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү профилактикалык, медициналык жана фармацевтикалык кызматтардын сапатын контролдоону өркүндөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын жана башка максаттуу иш- чараларды каржылоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. ММК фондунун функциялары
12. ММК фонду тарабынан төмөнкү функциялар ишке ашырылат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын, ошондой эле жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы башка программаларды жана стратегияларды ишке ашыруу;
- ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоорун, анын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту, ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун, медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун, ошондой эле жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен калктын камтылышын кеңейтүү;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) жана жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы башка программалардын жана стратегиялардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- медициналык камсыздандыруу программаларын аткаруу үчүн зарыл болгон тарифтик төгүмдөрдүн ставкалары жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- ММК фондунун бюджетинин каражаттарын топтоо;
- медициналык камсыздандыруу тармагында укуктук үгүттөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
2) мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын контролдоо;
- консолидацияланган бюджеттин каражаттарын ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары пайдалангандыгын контролдоо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуусуна мониторинг жүргүзүү;
3) жөнгө салуу функциялары;
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары менен медициналык, фармацевтикалык жана саламаттык сактоо системасындагы башка кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүү;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин иштеп чыгуу;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү;
- ММК фонду ишке ашыруучу программалардын алкагында медициналык кызмат алууда камсыздандырылган жарандардын укуктарын коргоо;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- каражаттарды саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багыттоо, профилактика жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, ММК фондунун бюджетине чегерилүүгө тийиш болгон башка каражаттарды топтоо;
- сметаларды бекитүү жана тактоо, отчетторду түзүү жана кабыл алуу бөлүгүндө кошумча төлөмдөн түшүүлөр боюнча ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу;
- камсыздандырылган калкка милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык кызматтарды каржылоого жиберилүүчү каражаттардын жалпы көлөмүнөн кеминде бир айлык каржылоо көлөмүндө финансылык стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу запасын түзүү;
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштырууга катышуу;
- көрсөтүлгөн медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн ММК фонду менен иштеген саламаттык сактоо уюмдарына милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен финансылык жактан дем берүү;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү программаларды каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген, менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө иштин акыркы жыйынтыгы боюнча акы төлөө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. ММК фондунун милдеттери жана укуктары
13. ММК фонду төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун программаларын жана башка максаттуу иш-чараларды каржылоого;
2) жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын кайрылууларын кароого;
3) жарандардын кайрылууларына акысыз ыкчам жооп берүү системасын уюштурууга;
4) медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жарандардын канааттануусун билүү үчүн изилдөө жүргүзүүгө;
5) ММК фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, протоколдорду түзүүгө жана өзүнүн веб-сайтында жарыялоого;
6) жашыруундук режимди камсыз кылууну, мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды коргоону эске алуу менен бекитилген (жактырылган) күндөн тартып 15 күндүн ичинде белгиленген тартипте өзүнүн веб-сайтына төмөнкү документтерди жайгаштырууга:
- ММК фондунун бюджетинин долбоорун;
- ММК фондунун бюджети жөнүндө мыйзамды;
- ММК фондунун бюджетин аткаруунун жарым жылдыгынын серебин;
- ММК фондунун бюджетин аткаруу жөнүндө бекитилген жылдык отчетун;
- ММК фондунун бюджетин аткаруу жөнүндө ай сайын берилген отчетторду.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн ММК фонду төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы программаларды иштеп чыгуу ишине катышууга жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү жана нускамаларды иштеп чыгууга;
3) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруу органынан ассигнованиелерди алуу үчүн өтүнмөлөрдү даярдоого жана негиздемелерди түзүүгө;
4) республикалык бюджеттен расмий трансферттерди жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн (чегерүүлөрдү) Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруу органынан алууга, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатуудан түшкөн каражаттарды, саламаттык сактоо программаларын ишке ашырууга эл аралык уюмдардан алынган гранттарды жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган башка каражаттарды алууга;
5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен ММК фондун жана анын аймактык башкармалыктарын күтүүгө финансылык каражаттарды пайдаланууга;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана мекемелерден өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
7) көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатынын индикаторлоруна жетишкендиги үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан саламаттык сактоо уюмдарына дем берүүгө каражаттарды багыттоого;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүчүлөргө карата оң жана терс мүнөздөгү финансылык чараларды көрүүгө;
9) ММК фондунун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча семинарларды, кеңешмелерди, конференцияларды өткөрүүгө;
10) белгиленген компетенциясынын чегинде актыларды чыгарууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган консультациялык, басмалык, окутуучу ишти жүргүзүүгө;
12) ММК фондунун иштешине байланышкан маселелер боюнча келишимдик негизде тышкы жана ички эксперт-консультанттарды тартууга;
13) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоого;
14) өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
15) ММК фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын финансылык жана чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабдууларды, инвентарларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
16) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. ММК фондунун каражаттары
15. ММК фондунун бюджетинин каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган тартипте түзүлөт.
16. ММК фондунун бюджетинин каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган иш-чараларга багытталат.
6-глава. ММК фондунун бюджети, отчеттору жана
аудити
17. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдеринин эсеби ММК фонду тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын бекитилет.
18. ММК фондунун бюджетин аткаруу жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
19. ММК фондунун ишинин аудити мамлекеттик аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. ММК фондунун ишин уюштуруу
20. ММК фонду өзүнүн ишин бюджеттик мыйзамдарда жана саламаттык сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде уюштурат жана жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
21. ММК фондун Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага жетектейт.
ММК фондунун төрагасынын орун басарлары бар, алар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
22. ММК фондунун төрагасы жана анын орун басарлары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелет. ММК фондунун кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт.
23. ММК фондунун төрагасы:
1) ММК фондуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ММК фондунун Директорлор кеңешин жетектейт жана анын ишин уюштурат;
3) ММК фондунун атынан аракеттенет;
4) мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде ММК фондунун кызыкчылыктарын билдирет;
5) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын негизги башкаруучусу болуп саналат;
6) Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары болуп эсептелет;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын түзүмүн бекитет, аларды өзгөртүү ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын өзгөрткөндө гана мүмкүн болот. Мында төраганы дайындоо ММК фондунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
8) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча ММК фондунун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын штаттык ырааттамасын бекитет;
9) ММК фондунун төрагасынын орун басарларынын, кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ММК фондунун борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын директорлорун кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата тартиптик жазаларды колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
11) ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетторду бекитет;
12) ММК фондунун кызматкерлери, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү үчүн аткарууга милдеттүү буйруктарды белгиленген компетенциясынын чегинде чыгарат;
13) ММК фондунун регламентин жана ички тартибин бекитет;
14) медициналык камсыздандыруу системасында иштеген кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле аларды белгиленген тартипте мамлекеттик жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
141) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
15) Директорлор кеңешинин чечимдерине, жыйналыштарынын протоколдоруна, ММК фонду менен түзүлгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коёт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
24. ММК фондунда Директорлор кеңеши түзүлөт, ал ММК фондунун коллегиялуу консультациялык-кеңешме органы болуп саналат. Директорлор кеңеши ММК фондунун төрагасы бекиткен жобонун негизинде иш жүргүзөт.
25. ММК фондунун Директорлор кеңеши тогуз адамдан турат. Анын курамына кызматы боюнча ММК фондунун төрагасы жана анын орун басарлары кирет. Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрүн ММК фондунун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ичинен ММК фондунун төрагасы дайындайт.
26. ММК фондунун Директорлор кеңешинин чечимдери ММК фондунун төрагасынын буйруктары менен ишке ашырылат жана ММК фондунун кызматкерлери, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
27. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-глава. ММК фондунун аймактык башкармалыктары
28. ММК фондунун аймактык башкармалыктары - аймактык принцип боюнча түзүлгөн мекемелер, алар аркылуу ММК фонду Кыргыз Республикасынын региондорунда өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
29. ММК фондунун аймактык башкармалыктары түзүлгөн келишимдердин негизинде жүктөлгөн ыйгарым укуктарга жана функцияларга ылайык ММК фондунун аткаруучу органдары болуп саналат.
30. ММК фондунун аймактык башкармалыктары жөнүндө жоболор ММК фондунун буйругу менен бекитилет.
31. ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9-глава. ММК фондунун ишин кайра уюштуруунун жана
токтотуунун тартиби
32. ММК фондунун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. ММК фондунун ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.