Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-апрели № 208
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Функциялардын бири бирин кайталашын болтурбоо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
2-пунктчанын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнү жана аткарууну координациялайт;";
4-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 457 | 146 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 71 | 15 |
| ведомстволук бөлүмдөр: |
|
|
| анын ичинде: |
|
|
| Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти | 99 | 36 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору | 64 | 6 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору | 38 | 7 |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 185 | 82 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 63 | 13 |
| аймактык бөлүмдөр | 122 | 69 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо:
- 12-пунктта:
2-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- ММК фонду менен келишим боюнча иштеген, менчигинин түрүнө карабастан медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө иштин акыркы жыйынтыгы боюнча акы төлөө.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |