(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 333 токтомуна) |
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн жана аны алуунун тартибин аныктайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, бул Жобонун күчү уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга карата колдонулат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым - автомобиль жүк транспорт каражатына жана/же автобуска ээ болгон жана/же башкаруучу юридикалык же жеке жактардан алынуучу төлөм, аны төлөө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жыйым төлөөчүлөргө карата юридикалык маанилүү аракеттерди жүзөгө ашыруунун шарттарынын бири болуп саналат;
2) төлөөчү - Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана/же автобустардын ээлери (пайдалануучулар);
3) өтүү аралыгы - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаты жана автобус өткөн, километрлер менен өлчөнгөн аралык;
4) жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан жыйымдарды электрондук алуунун маалыматтык системасы (мындан ары - маалыматтык система) - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын кыймылы жөнүндө маалыматтардын автоматтык режиминде маалыматтарды жыйноону, иштетүүнү, сактоону жана берүүнү камсыз кылуучу техникалык жана технологиялык жактан байланышкан объекттердин жыйындысы;
5) конкурс - мамлекеттик сатып алуулар же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүнүн жеңүүчүсүн аныктоочу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу тандап алуу;
6) оператор - маалыматтык системаны пайдаланууну камсыз кылган конкурстун жыйынтыктары боюнча тандалып алынган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же чет мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган жеке ишкер, юридикалык жак.
2-глава. Жыйымдын өлчөмүн эсептөөнүн методикасы
4. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүүнүн бир километри үчүн жыйымдын өлчөмү ушул Жобонун тиркемесине ылайык категориялар боюнча транспорт каражаттарынын классификациясына жараша белгиленет (М - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары, N - жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары).
5. Жыйымдын базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимумунун 1/200 бөлүгү өлчөмүндө белгиленет, аны аныктоодо негиз катары жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу N - транспорт каражаттарынын категориясы алынган. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN1 = ЖМд * L,
мында:
ЖМд - калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимуму;
L - 1/200;
ЖМд = ЖМ / К,
мында:
ЖМ - 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча ар айлык жашоо минимуму;
C - бир айдагы күндөрдүн саны (30 күн);
ЖМд = 7178,32 / 30 = 239,3;
CN1 = 239,3 * 1 / 200 = 1,2 сом (тегеректелгенде 1 сом).
CN1 - 1 сом, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын N1 категориясы үчүн базалык тариф жана N2 жана N3 категориялары үчүн тиешелүү түрдө 2 сом (максималдуу салмагы 12 тоннадан көп болгондугуна байланыштуу).
Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган транспорт каражаттарынын M1 жана M2 категориялары үчүн жыйым тиешелүү түрдө минималдуу тарифтин 5%ына жана 10%ына барабар же:
CM1 = CN1 х 5% же 1 х 5% = 0,05 сом (тегеректелгенде 0,1 сом);
CM2 = CN1 х 10% же 1 х 10% = 0,1 сом
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Эсептерде жыйымдын өлчөмү онунчу үлүшкө чейин тегеректелет.
3-глава. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым алуунун тартиби
9. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымды эсептөө жана аны алуу маалыматтык системаны пайдалануу менен ишке ашырылат.
Маалыматтык системаны эксплуатациялоо тартиби транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
10. Төлөөчү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн төлөөчүнүн жеке номерин ага ыйгаруу менен маалыматтык системада катталууга тийиш.
11. Төлөөчүлөрдөн жыйымды алуу улуттук валютада жүргүзүлөт.
12. Жыйымдын суммасы өтүү аралыгына жыйымдын өлчөмүн көбөйтүү жолу менен аныкталат.
13. Жыйымдын суммасын эсептөөдө өтүү аралыгы бүтүн санга чейин тегеректелет.
14. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолуна чыгуу үчүн төлөөчү өзү же өкүлү аркылуу маалыматтык системадагы жыйымдын бардык суммасын накталай жана накталай эмес түрдө жолду пайдаланууга чейин алдын ала төлөөнү жүзөгө ашырат.
15. Төлөөчү төмөнкү ыкмалардын бири менен төлөмдү жүзөгө ашырат:
- жыйым алуу пунктунда банк мекемелери же төлөм терминалдары аркылуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын пайдалануу жолу менен.
16. Төлөөчү 1000 эсептик көрсөткүч суммасында алдын ала төлөгөндө, жыйымдын өлчөмү ушул Жободо белгиленген жыйымдын өлчөмдөрүнөн транспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30%га азаят.
17. Транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым алуудан бошотуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган адамдардын кайрылуусу боюнча жүзөгө ашырылат.
18. Жыйымды эсептөөнүн тууралыгын, толуктугун жана өз учурунда төлөнүшүн эсепке алууну жана контролдоону, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) жыйымдарды, үстөк акыларды жана айыптарды кайтаруу (эсептөө) жөнүндө чечимдерди кабыл алууну транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
19. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жыйымдын суммасын эсептөөнүн тууралыгын эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.
20. Жыйым төлөөчүлөр салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жыйымды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартышат.
|
| Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бир километр жол өтүүгө жыйымдын өлчөмү
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
Категориясы | Транспорт категориясынын аталышы | 1 км өтүүгө салыктын ставкасы, (сом) |
M1 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык орун бар, максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары (автобустар, троллейбустар, жүргүнчүлөрдү ташуучу адистештирилген транспорт каражаттары жана алардын шассилери) | 0,1 |
М2 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык орун бар, максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары (автобустар, троллейбустар, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн адистештирилген транспорт каражаттары жана алардын шассилери) | 0,1 |
N1 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 12 тоннадан ашпаган жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 1,0 |
N2 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашык, бирок 25 тоннадан ашпаган жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 2,0 |
N3 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 25 тоннадан ашык жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 2,0 |