КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-марты № 115
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 333 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 333 "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйымдын базалык өлчөмү Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимумунун 1/200 бөлүгү өлчөмүндө белгиленет, аны аныктоодо негиз катары жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу N - транспорт каражаттарынын категориясы алынган. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN1 = ЖМд * L,
мында:
ЖМд - калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн күнүмдүк жашоо минимуму;
L - 1/200;
ЖМд = ЖМ / К,
мында:
ЖМ - 2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча ар айлык жашоо минимуму;
C - бир айдагы күндөрдүн саны (30 күн);
ЖМд = 7178,32 / 30 = 239,3;
CN1 = 239,3 * 1 / 200 = 1,2 сом (тегеректелгенде 1 сом).
CN1 - 1 сом, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын N1 категориясы үчүн базалык тариф жана N2 жана N3 категориялары үчүн тиешелүү түрдө 2 сом (максималдуу салмагы 12 тоннадан көп болгондугуна байланыштуу).
Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган транспорт каражаттарынын M1 жана M2 категориялары үчүн жыйым тиешелүү түрдө минималдуу тарифтин 5%ына жана 10%ына барабар же:
CM1 = CN1 х 5% же 1 х 5% = 0,05 сом (тегеректелгенде 0,1 сом);
CM2 = CN1 х 10% же 1 х 10% = 0,1 сом
- 6, 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бир километр жол өтүүгө жыйымдын өлчөмү
Категориясы | Транспорт категориясынын аталышы | 1 км өтүүгө салыктын ставкасы, (сом) |
M1 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык орун бар, максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары (автобустар, троллейбустар, жүргүнчүлөрдү ташуучу адистештирилген транспорт каражаттары жана алардын шассилери) | 0,1 |
М2 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык орун бар, максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары (автобустар, троллейбустар, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн адистештирилген транспорт каражаттары жана алардын шассилери) | 0,1 |
N1 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 12 тоннадан ашпаган жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 1,0 |
N2 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашык, бирок 25 тоннадан ашпаган жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 2,0 |
N3 | Уруксат берилген максималдуу салмагы 25 тоннадан ашык жүк ташуу үчүн транспорт каражаттары (жүк ташуучу, атайын автомобилдер, сүйрөөчү автомобилдер) | 2,0 |
".