Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 334
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибинде:
1) 7-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Б - тиешелүү калктуу конуштагы турак жайдын бир квадрат метри үчүн орточо баа;";
2) 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Тиешелүү калктуу конуштагы турак жайдын бир квадрат метринин орточо наркынын өлчөмү кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында ай сайын жайгаштырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-январындагы № 1 (3336) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |