Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна)
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Негизги жобо
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту энергетика жана экономика жаатындагы илимий-изилдөөчүлүк, илимий-билим берүү, долбоордук-изилдөө жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун укугун улантуучу болуп саналат.
Институт Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Институт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана финансы-кредиттик мекемелерде эсептери бар.
4. Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ.
5. Институттун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Научно-исследовательский институт энергетики при Министерстве энергетики Кыргызской Республики".
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЭИИИ";
- расмий тилде: "НИИЭ".
Институттун уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
7. Институт өзүнүн ишин менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
8. Институттун максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын илимий-техникалык камсыздоо болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Коюлган максатты ишке ашыруу үчүн Институт төмөнкү милдеттерди аткарат:
– экологиялык коопсуздук аспектилерин эске алуу менен энергетика тармагын өнүктүрүүнү илимий камсыздоо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселелерин илимий негиздөө;
– экономика тармактарынын жана региондордун отун-энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талабын талдоо жана болжолдоо;
– энергия үнөмдөөчү программаларды иштеп чыгуу жана энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду ишке киргизүү;
– энергияны үнөмдөө, энергиянын майнаптуулук жана энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары – ЭКБ) жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
– энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду киргизүү менен ведомстволук жана региондук концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана механизмдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
– менчигинин түрүнө карабастан энергетикалык ишканалардын, анын ичинде республиканын бюджеттик чөйрөсүнүн жана отун-энергетикалык комплексинин (мындан ары – ОЭК) ишканаларынын менеджерлерин, аудиторлорун жана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо;
– ОЭК ишканаларын жана экономиканын башка тармактарын, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдарын энергетикалык изилдөөнү жүргүзүү;
– республиканын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын, башка энергия булактарын пайдалануунун лимиттеринин анык чоңдугун аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
– энергетика тармагындагы техникалык багыттардын актуалдуу маселелерин (ишенимдүүлүк, үнөмдүүлүк, модернизациялоо, жаңы технологиялар, стандарттар жана башкалар) чечүү;
– энергетикалык ишканаларда электр энергиясын жоготуу ченемдерин белгилөө үчүн берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү;
– ОЭК ишканаларынын ишинин ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү;
– энергетикалык илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Институттун укуктары жана функциялары
10. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
– Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн илимий ишинин негизги багыттарын аныктоого;
– республикалык бюджеттен каржылануучу илимий-изилдөө иштерин (мындан ары – ИИИ) аткаруу боюнча конкурстарга катышууга;
– башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
– мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды түзүүгө;
– энергетика компанияларынын сунушталган материалдары боюнча электр энергиясынын объекттеринин жана участокторунун техникалык жоготууларынын экспертизасын келишимдик негизде, зарыл учурда объекттерге жана участокторго тандап контролдук изилдөө жүргүзүүгө;
– эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларга экспертиза жүргүзүүгө жана эксперттик корутундуларды даярдоого;
– ОЭКтин илимий сунуштамаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга катышууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин чегинде юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
– илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, маалыматтардын илимий-техникалык банктарын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
– илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга;
– экономиканын реалдуу сектору жаатындагы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга;
– интеллектуалдык менчик объекттерине жана илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларына укуктарды коргоого;
– ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө.
11. Институттун функциялары:
– энергетика тармагынын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын ченемдик-техникалык базасын өркүндөтүү;
– ОЭК ишканалары үчүн электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын технологиялык жоготууларынын ченемдерин иштеп чыгуу;
– энергетикалык коопсуздуктун индикаторлорун аныктоо;
– энергия натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө маселелери боюнча институттук жана уюштуруучулук чараларды, анын ичинде рынок шарттарында тиешелүү программаларды иштеп чыгуу менен энергетикалык жана уюштуруучулук чараларды жүзөгө ашыруу;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– отун-энергетикалык балансты оптималдаштыруунун ченемдик укуктук, институттук жана башка рыноктук механизмдерин иштеп чыгуу;
– энергетика чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү;
– энергетика тармагынын объекттерин долбоорлоо;
– улуттук энергетика системасын өнүктүрүү программасынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишканалардын финансы-экономикалык туруктуулугун камсыздоо, анын ичинде энергетика чөйрөсүндөгү концепциялардын, программалардын жана пландардын долбоорлорун баалоо;
– энергетика жана экономика чөйрөсүндө бүткөрүлгөн диссертациялык изилдөөлөр боюнча алдыңкы уюмдарды аныктоо боюнча диссертациялык кеңештерге сунуштамаларды даярдоо;
– энергетика жана экономика чөйрөсүндө диссертациялык изилдөөлөрдүн темаларынын актуалдуулугун ырастоо;
– электр жабдууларынын, электр тармактарынын жана станцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздоочу техникалык чечимдердин, түзүлүштөрдүн, нускамалардын жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
– электр станцияларындагы энергетикалык от казандарды модернизациялоо боюнча техникалык сунуштарды иштеп чыгуу жана от казан-жагуу орнотмолорунун экономикалык жана экологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууну камсыздоочу отунду күйгүзүүнүн жаңы технологияларын киргизүү;
– отун-энергетикалык балансты диверсификациялоонун жана оптималдаштыруунун варианттарын иштеп чыгуу;
– чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жана ЭКБны киргизүү маселелерин изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү, анын ичинде:
маалыматты расмий веб-сайтка жайгаштыруу менен ЭКБны пайдалануучу чакан ГЭСтердин жана орнотмолордун кубаттуулуктарын квоталоо;
чакан ГЭСтердин жана ЭКБ орнотмолорунун реестрин жүргүзүү;
алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди жана ЭКБ орнотмолорун курууга конкурстук тандоого катышуу;
суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен чакан ГЭСтерди жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакан ГЭСтерди жана ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди электр тармактарына туташтырууга мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону ишке ашыруу;
Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө ЭКБнын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо жолу менен ЭКБны пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
айлана-чөйрөгө таасир этүүнү эске алуу менен чакан ГЭСтерди жана ЭКБ орнотмолорун курууга долбоордук-сметалык документтерди даярдоо;
– жаратылыштык-климаттык жана табигый таасирлерден энергетика объекттерин коргоонун ыкмаларын жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу, климаттык райондоштуруу карталарын иштеп чыгуу;
– энергия ресурстарынын рыногун өнүктүрүү шарттарында ОЭК продукцияларына карата баа жана тариф түзүү механизмдерин изилдөө жана иштеп чыгуу;
– ОЭКте пайдаланылуучу жаңы технологияларга жана техникага техникалык жана энергия үнөмдөөчү стандарттарды иштеп чыгуу;
– өндүрүштүн энергетикалык натыйжалуулугу, энергия менен камсыздоо жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк тажрыйбаны пайдалануу боюнча ОЭКке, өнөр жай жана башка секторлорго консультациялык жардам көрсөтүү;
– кошо аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардамдарды көрсөтүү, аларды ИИИ аткарууга тартуу;
– Институттун багыты боюнча съезддерди, конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, жумушчу кеңешмелерди, илимий сессияларды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
– Институттун багыты боюнча илимий-практикалык кадрларды даярдоого катышуу;
– энергетика тармагынын мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткаруу;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тапшырмасы боюнча илимди жана өндүрүштү интеграциялоо боюнча талдоо маалымкаттарын жана сунуштамаларды даярдоо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Институтту башкаруу
12. Институтту директор жетектейт. Директор Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Институттун директорунун орун басары болот.
Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Институттун директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Институттун ишин уюштурат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Институттун директору:
– жеке башкаруунун негизинде Институттун ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Институтка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
– Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Институттун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
– кызматкерлердин кызматтык нускамаларын жана Институттун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
– кызматкерлерди сыйлайт жана аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
– финансы каражаттарын тескейт;
– банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
– өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
– Институттун окумуштуулар кеңешин жетектейт.
Директордун чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.
14. Институттун директору жок учурда анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
5-глава. Институттун окумуштуулар кеңеши
15. Окумуштуулар кеңеши Институттун сунуштоочу органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин курамына Институтта иштебеген көрүнүктүү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйналышка анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Окумуштуулар кеңешинин чечимин жактап, эгерде аларга добуш берүүгө катышкан Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп Институттун директору саналат.
6-глава. Институттун каржылоо жана материалдык камсыздоо булактары, эсепке алуу жана отчеттуулук
16. Институттун ишин каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– республикалык бюджетте каралган каражаттар;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана башка иштерден түшкөн жеке каражаттар;
– эки тараптуу же көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде юридикалык, жеке жактардан жана эл аралык уюмдардан мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган каражаттар;
– Улуттук илим фондунун каражаттары;
– банктардын кредиттери.
17. Институт мүлктү ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат.
18. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.
Институттун ишин контролдоо ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. Институтту өзгөртүп түзүү, жоюу
19. Институттун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныктаган тартипте аны жоюуда токтотулушу мүмкүн.
Институтту кайра уюштуруу Министрликтин өтүнүчү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
20. Институттун документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.