ЖобоКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна)

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

5-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жобо

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту чарбалык эсеп жана толук өзүн-өзү каржылоо шарттарында энергетика жаатында илимий-изилдөө, долбоордук-издеп табуу коммерциялык ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту (мындан ары – Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун укугун улантуучу болуп саналат.

2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ченемдик укуктук актыларын, техникалык регламенттерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары жана Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин финансы-кредиттик мекемелеринде эсептери бар.

4. Институттун толук фирмалык аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту»;

‒ расмий тилде: «Кыргызский государственный научно-исследовательский и проектно-изыскательский институт «Энергопроект» при Министерстве энергетики Кыргызской Республики».

Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:

‒ мамлекеттик тилде: «Энергодолбоор» КМИИДТИ»;

‒ расмий тилде: «КГНИПИИ «Энергопроект».

Институттун уюштуруу-укуктук формасы: мекеме.

5. Институттун юридикалык дареги: 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 184 (Ажибек Баатыр, 1).

6. Институт ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, мөөрү бар, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзөт, ошондой эле соттордо доогер жана жоопкер катары чыга алат.

7. Институттун иши каражаттарды үнөмдөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жайгашкан электр энергиясын керектөөчүлөрдү электрлештирүү жана электр менен жабдуу боюнча илимий-техникалык жана долбоордук продукцияны иштеп чыгууга багытталган.

8. Институт өз ишин менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.

2-глава. Институттун милдеттери жана ишинин түрлөрү

9. Институттун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

‒ Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары электр тармактык өнөр жай жана жарандык курулуштун заказчыларын долбоордук-сметалык документтер менен камсыз кылуу;

‒ илимий негизде электр тармактык жана башка объекттерди долбоорлоонун жана куруунун алдыңкы технологияларын киргизүү;

‒ электр энергиясын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө алардын талаптарын эсепке алуу;

‒ бекитилип берилген мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана сактоо.

10. Институттун ишинин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

‒ 10-500 кВ электр тармактарын келечектүү өнүктүрүүнүн илимий жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;

‒ электр берүү линияларын жана подстанцияларын изилдөө жана долбоорлоо;

‒ оңдоо-эксплуатациялык базаларды, турак үйлөрдү жана башка өнөр жай жана социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо;

‒ электр тармактык курулуштун жана энергетиканын башка багыттарындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер.

3-глава. Институттун укуктары

11. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:

‒ ага бекитилген мүлктү анын менчик ээсинин макулдугу менен тескөөгө;

‒ Министрлик менен макулдашуу боюнча экономикалык өнүктүрүүнүн жылдык жана узак мөөнөттүү болжолдорун иштеп чыгууга;

‒ Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө юридикалык жана жеке жактар менен өз ишинин алкагында макулдашууларды, контракттарды жана келишимдерди түзүүгө;

‒ анын менчигинде турган мүлктү башкарууга;

‒ илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;

‒ башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;

‒ энергетика комплексинин долбоорлорун иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга;

‒ өндүрүлгөн продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, алынган кирешени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча тескөөгө.

12. Институт төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

‒ илимий-техникалык иштеп чыгуулардын жана чечимдердин жыйынтыгынын сапатына жана объективдүүлүгүнө;

‒ илимий-техникалык жана башка продукциянын эл аралык стандарттарга ылайык келген жогорку сапаттык деңгээлин камсыз кылууга;

‒ Кыргыз Республикасынын энергетика комплексинин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана инженердик иштеп чыгууларды аткарууга.

4-глава. Институттун мүлкү жана каражаттары

13. Институттун финансылык жана мүлктүк келип түшүүлөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

‒ өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелердин;

‒ банктардын кредиттеринин жана ссудаларынын;

‒ чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын;

‒ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.

5-глава. Институтту башкаруу

14. Институтту директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын энергетика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

15. Институттун директорунун орун басары болот.

Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Институттун директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Институттун ишин уюштурат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Институттун директору:

‒ жеке башчылык негизинде Институттун ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Институтка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

‒ мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, чарбакер субъекттер жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде ишеним катсыз Институттун атынан чыгат;

‒ Институттун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

‒ Министрлик менен макулдашуу боюнча Институттун түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

‒ кызматкерлерди сыйлайт жана аларга карата тартип жоопкерчилик чараларын колдонот;

‒ финансы каражаттарын тескейт;

‒ банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;

‒ анын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка чечимдерди кабыл алат.

Директордун чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө кабыл алынат.

17. Институттун директору жокто анын милдеттерин тийиштүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.

6-глава. Институттун эсепке алуусу жана отчеттуулугу

18. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзөт.

7-глава. Институтту жоюу, кайра уюштуруу

19. Институтту жоюу, кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

20. Институттун документтери «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.