Загрузка документа…
| ||
|
| 6-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугунда негизделип, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Министрликке караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – “Кыргызжылуулукэнерго” МИ) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
2. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, техникалык регламенттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин бирдиктүү системасын анын борбордук аппараты, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү түзөт.
4. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы”;
– расмий тилде: “Государственное предприятие “Кыргызтеплоэнерго” при Министерстве энергетики Кыргызской Республики”.
5. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргызжылуулукэнерго” МИ”;
– расмий тилде: “ГП “Кыргызтеплоэнерго”.
6. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 88.
7. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук жоболор
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин уюштуруучусу болуп саналат жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИге бекитип берилген мүлккө карата ээлик кылуу укугун ишке ашырат.
Министрлик мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет, ал “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана тармактык маселелер боюнча стратегиялык пландоону ишке ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
9. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ обочолонгон мүлккө ээ.
10. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ юридикалык жак болуп саналат, ушул Уставда каралган ишинин предметине жана максатына ылайык келүүчү жарандык укуктары бар жана ага ушул иштери менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
11. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин мамлекеттик жана расмий тилдерде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
12. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишинин негизги түрлөрү: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу, электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу; керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу.
13. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишинин максаттары болуп жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик программаларын, жылуулук жана суу менен камсыздоо тармагында социалдык багыттагы долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
14. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин негизги милдеттерине чыгымды азыраак жумшап, керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы, ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо кирет.
15. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
16. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
17. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
18. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
19. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип борбордук аппарат, филиалдар жана өкүлчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырат.
20. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин курамына төмөнкү филиалдар кирет:
1) “Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси”, Кара-Балта ш., Өнөр жай зонасы;
2) “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Токмок ш., Шамси көч., 59а;
3) “Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Каракол ш., Р.Люксембург көч., 66;
4) “Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы”, Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Ломоносов көч., 1а;
5) “Орловка жылуулук, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы”, Орловка ш., Кирпичная көч., 25;
6) “Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”, Нарын ш., Чаначев көч., 22;
7) “Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”, Жалал-Абад ш., Сузак көч., 26;
8) “Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Кант ш., Токтогул көч., 60;
9) “Каракол “Жылуулук” ишканасы”, Каракол ш., Фучик көч., 24а;
10) “Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Чолпон-Ата ш., 3-кичи району, н/ж;
11) “Бостери жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Бостери көч., 18;
12) “Балыкчы жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Балыкчы ш., Озерный көч., 212;
13) “Жумгал жылуулук, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасы”, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы, Ленин көч., 101;
14) “Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Талас ш., Почтовая көч., 4а;
15) “Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси”, Ош ш., Голубев көч., 3;
16) “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Майлуу-Суу ш., Верхняя көч., 2;
17) “Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Таш-Көмүр ш., Чыныбаев көч., 111;
18) “Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Кочкор-Aтa ш., Пионер көч., 32;
19) “Кетмен-Төбө жылуулук менен жабдуу ишканасы”, Кара-Көл ш., Кетмен-Төбө ш.т.к., Шамшыкал көч., н/ж;
20) “Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы”, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы, 17-аянтча, Пионер көч. 16;
21) “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы”, Бишкек ш., Багыжский чолок көч., 78;
22) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23) "Чүй "Кристалл" ишканасы", Чүй облусу, Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көч., 86.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
22. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) буу казандардын жана буу казан жабдууларынын объектилерде, курулмаларда жана коммуникацияларда иштешин чарба жүргүзүү укугунда камсыздайт;
2) отканаларды жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык пайдаланууну, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, буу казандары менен откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү, иштетип жөнгө салуучу иштерди аткарат;
4) откана чарбасы жана инженердик инфратүзүм объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн - когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына (когенерация) кайра айландырат;
7) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жаңы технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өнүктүрөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
10) жылуулук, электр энергиясы менен ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, буу казан жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
12) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн кыйла заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын объекттеринде жана инженердик курулмаларында отказандардын, откана жабдууларынын туруктуу, үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларынын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам иштерди уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгекти жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
18) өз компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
19) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Укуктары жана милдеттери
23. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин иш чөйрөсүнө таандык маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлерин окутуу жана консультация берүү үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иш жүргүзүүгө;
10) башкаруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес же коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышууга (мүчө болууга);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алууга;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин системасынын кызматкери болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун түрлөрүн колдонууга.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
24. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчёт берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
25. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишин башкы директор жетектейт, аны кызматка мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервинен мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган адамдардын арасынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
26. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча отчётун кароонун натыйжасында канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. “Кыргызжылуулукэнерго” МИде башкы директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Башкы директордун орун басарлары “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Башкы директордун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
28. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директорунун орун басарлары төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу анын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
29. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директоруна жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу, ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
30. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
31. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору:
1) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык милдеттерин аткаруусу үчүн башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
4) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) өз компетенциясынын чегинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин системасынын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, регламентти, тартипти, методикаларды жана башка ички документтерди орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин борбордук аппаратынын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Мында башкы директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин бекитилген бюджетине ылайык филиалдын же өкүлчүлүктүн директорунун сунушу боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин филиалдарынын же өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет;
13) башкы директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу же убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттун документтерин, ошондой эле “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга карата “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
20) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфратүзүмүнүн натыйжалуу пайдаланылуусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
25) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү коопсуздук техникасынын сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
27) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
28) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин иш режимин орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
29) белгиленген тартипте “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт;
31) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте сунуш киргизет;
32) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
33) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
34) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
35) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик башкаруучу органдын коллегиясынын жыйналышында өзүнүн иши жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин иши тууралуу отчёт берет;
36) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
32. Башкы директор жок болгон учурда “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишин башкы директордун буйругу менен аныкталган башкы директордун орун басары жетектейт.
33. Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган башкы директордун орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсепке алуу жана отчёт берүү
34. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын кошпогондо, өз ишин толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
35. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) анын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун баяндамасын, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздемени;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) уюштуруу планын жана товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) финансылык планды жана тобокелдиктерди талдоону.
36. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин келерки жылга бюджетинин долбоорун, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчётту берет.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин бюджетинин алдын ала долбоору учурдагы жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
37. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин борбордук аппаратын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кармоого кеткен чыгымдар өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
38. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
39. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башка ыкмалар менен аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз тескөөгө укугу жок.
40. Республикалык бюджеттен акысыз жана кайтарылгыс негизде:
1) калктын жылуулукка жана ысык сууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыккан "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин тарткан зыяндары компенсацияланат (субсидиялар);
2) "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын күтүүгө кеткен чыгымдар каржыланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Продукциянын (жылуулук энергиясынын жана электр энергиясынын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
42. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
43. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө “Кыргызжылуулукэнерго” МИге берилиши мүмкүн.
44. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык ээлик кылуу, тескөө жана пайдалануу жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунда менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
45. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, алган кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда “Кыргызжылуулукэнерго” МИге бекитип берилет.
46. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмеси) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
47. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин тескөөсүндө калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
48. “Кыргызжылуулукэнерго” МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруучу органга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
49. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин тышкы жана ички аудити “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
50. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду кармоого чыгымдарды каржылоо “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жылдык бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
51. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ички аудитору төмөнкүлөр боюнча контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жылдык бюджетинин толуктугун жана аткаруунун негиздүүлүгүн текшерүү;
2) “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин активдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын текшерүү;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ички аудитине байланышкан башка маселелер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
“Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
52. “Кыргызжылуулукэнерго” МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
53. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана ал жоюлган учурда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.