Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү
стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча
нускама
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү тарабынан (мындан ары – БКБТ) түзүү (иштеп чыгуу/жаңыртуу), ошондой эле бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын (мындан ары – БЧОС) кароо тартибин белгилейт. БЧОСту түзүүчү БКБТ тизмеги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
2. БЧОС сектордун/тармактын стратегиялык максатын жана милдетин, бюджеттик программаларды, ошондой эле тийиштүү сектордо/тармакта мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгын белгилейт.
БЧОС “Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары” документинин бөлүгү катары жыл сайын түзүлөт, жаңыланат жана такталат. БЧОС төмөнкүлөр үчүн багытталган:
сектордогу/тармактагы кырдаалды объективдүү баалоо жана орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү болжолдорун түзүү;
2) секторду/тармакты өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди жана багыттарды кабыл алуу;
3) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиздерди түзүү.
3. БЧОСтун долбоорун даярдоо жана кароо 1-таблицада келтирилген график боюнча ишке ашырылат.
1-таблица
БЧОСту түзүүнүн жылдык циклинин графиги
№ | Этаптары | Жооптуу органдар | Мөөнөтү |
1 | Бюджеттик календардын долбоорун түзүү жана аны Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитүү | ЫМО, Соцфонд, ММКФ, Министрлер Кабинети | 1-февралга чейин |
2 | БЧОСтун долбоорун даярдоо процесси | БКБТ | 20-апрелге чейин |
3 | БКБТнын расмий веб-сайтына БЧОСтун долбоорун жарыялоо жана коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө билдирүү | БКБТ | 20-апрелге чейин |
4 | БЧОСтун долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү | БКБТ | 1-майга чейин |
5 | ЫМОго БЧОСтун долбоорун берүү | БКБТ | 5-майга чейин |
6 | БЧОСтун долбоорунун финансылык параметрлерин ЫМО менен талкуулоо жана макулдашуу | БКБТ, ЫМО | 15-майга чейин |
7 | «Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары» (мындан ары – ФСНБ) актынын долбооруна киргизүү үчүн БЧОСтун берилген долбоорлорун жалпылоо | ЫМО | 20-майга чейин |
8 | ФСНБ долбоорун жана пикир келишпестиктер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Министрлер Кабинетинин кеңешине берүү (мындан ары – Министрлер Кабинетинин кеңеши) | ЫМО | 5-июнга чейин |
9 | ФСНБ долбоорун карап чыгуу жана контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди жоюу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 15-июнга чейин |
10 | Министрлер Кабинетинин кеңеши тарабынан ФСНБны жактыруу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 15-июнга чейин |
11 | ФСНБны ЫМОнун расмий веб-сайтына жарыялоо | ЫМО | 20-июнга чейин |
4. Ушул Нускамада пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик программанын администратору – БКБТнын бюджеттик программаны ишке ашыруу жана пландоо процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик алган кызматтык адамы;
бюджеттик чара – бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү иштин (иш-чаралар, долбоорлор, ар дайым аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) түрлөрүн билдирүүчү бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
бюджеттик программа – улуттук стратегиянын жана/же өнүктүрүүнүн стратегиялык/программалык документтеринин максаттарына, жана/же бюджеттик каражаттар менен камсыздалуучу мамлекеттик башкаруу/жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларына байланышкан натыйжаларга жетүүгө багытталган өз ара байланышкан чаралардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталат;
натыйжалуулук индикаторлору – пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук индикаторлору сектордун/тармактын максаттарына жетүү үчүн багыт катары же БКБТнын ишин баалоо критерийлери катары пайдаланылат;
стратегиялык максат – сектордун/тармактын конкреттүү абалы, ага жетүү коомдук көз караштан алганда маанилүү болуп саналат;
болжолдуу көрсөткүчтөр – республикалык бюджетти түзүүнүн мурдагы циклинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген болжолдонгон мезгилдин көрсөткүчтөрү (болжолдуу көрсөткүчтөр), анын негизинде БЧОСту түзүүдө программалар боюнча бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жүзөгө ашырылат;
программалык түзүм – бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чаралардын тизмеги;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (ЫМО) – бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).
2-глава. Процессти уюштуруу
5. БКБТ профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзөт (мындан ары – жумушчу топ). Жумушчу топту БКБТ аппаратынын жетекчиси же министрдин орун басары жетектейт. Жумушчу топ секторлордун/тармактардын БЧОСун түзүү боюнча негизги функцияны аткарат, алардын саясатын БКБТ аныктайт. БКБТ 20-мартка чейинки мөөнөттө жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле бюджеттик программалардын администраторлорунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруучу жооптуу кызматкердин байланыш телефондорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
6. Эгерде БКБТ бир нече сектордогу/тармактагы саясатты башкаруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу болсо, анда ал ар бир өзүнчө сектор/тармак үчүн бир нече БЧОС иштеп чыгат. Жумушчу топ төмөнкү функцияларды аткарат:
1) БЧОСтун долбоорун түзүү/жаңылоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу;
2) негизги маселелерди талкуулоо, бюджеттик программаларды түзүү, бюджеттик программалар боюнча бюджеттик чыгымдарды бөлүштүрүүдө артыкчылыктар боюнча чечимдерди кабыл алуу, бюджеттик программаларды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжаларды аныктоо, БЧОСтун долбоорун даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү.
7. Сектордун/тармактын саясатын башкарууга жана ишке ашырууга бир нече мамлекеттик органдар тартылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлөт.
8. Жумушчу топтун иши 2-таблицада келтирилген иш графигине ылайык ишке ашырылат.
2-таблица
№ | Этап | Иш-чаралар | Мөөнөтү |
1 | БЧОСтун долбоорун даярдоо процессин демилгелөө | 1) Жумушчу топтун курамын ведомстволук акт менен бекитүү. БЧОСтун долбоорун даярдоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматкерди дайындоо | 18-мартка чейин |
2) Жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле бюджеттик программалардын администраторлорунун жана БЧОСтун долбоорун даярдоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруучу жооптуу кызматкердин байланыш телефондорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү | 20-мартка чейин | ||
3) БЧОСтун долбоорунун бюджеттик программаларын аныктоо, тармактык саясаттын негизги багыттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү | 25-мартка чейин | ||
2 | БЧОСту иштеп чыгуу процесси | 1) бюджеттик программаларды аныктоо | 30-мартка чейин |
2) бюджеттик программалардын администраторлору тарабынан жумушчу топтун жыйналышында талкуулоо үчүн бюджеттик программалардын баяндоочу бөлүгүн берүү (ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча) | 5-апрелге чейин | ||
3) бюджеттик программалардын администраторлору тарабынан бюджеттик программалар үчүн натыйжалуулук индикаторлору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 10-апрелге чейин | ||
4) жарандык коомдун же коомдук кеңештин (эгерде бар болсо) өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топтун жыйналышында бюджеттик программаларды, бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлорун талкуулоо жана макулдашуу | 15-апрелге чейин | ||
5) ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча БЧОСту түзүү | 20-апрелге чейин | ||
6) БЧОСтун долбоорун коомдук талкуулоо | 1-майга чейин | ||
7) БЧОСту долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен БЧОСтун долбоорун жеткире иштеп чыгуу | 28-апрелге чейин | ||
8) БКБТ жетекчиси тарабынан БЧОС долбоорун жактыруу | 3-майга чейин | ||
9) БЧОСту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | 5-майга чейин |
9. БЧОСтун долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин БКБТнын жетекчиси тарабынан жактырылат. Саясатын башкаруу жана ишке ашырууга бир нече БКБТ ишке тартылган секторлор/тармактар үчүн БЧОСтун долбоору алардын жетекчилеринин кол коюусу менен жактырылат.
10. БЧОС ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө 1, 2-тиркемелерге ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Документтердин электрондук форматтары толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
11. БЧОСтун долбоору боюнча документтердин пакети ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3-глава. БЧОСтун ресурстук негизи
12. БЧОСтун долбоорун түзүүнүн ресурстук негизи болуп республикалык бюджетти түзүүнүн мурдагы циклиндеги республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген болжолдуу мезгилдин көрсөткүчтөрү эсептелет (болжолдуу көрсөткүчтөр).
13. БЧОСтун долбоорунда берилген бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын жалпы суммасы болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекиткен учурдан тартып түзүмдүк өзгөртүүлөрдү эске алуу менен БКБТ боюнча болжолдуу көрсөткүчтөргө шайкеш келүүсү керек. Болжолдуу көрсөткүчтөрдөн четтөө 10 пайыздан ашпоого тийиш. Биринчи кезекте, мындай четтөөлөр инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдердин ишин камсыз кылуу боюнча учурдагы жаңы чыгымдарды камтышы керек. Четтөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен талкууланууга тийиш. БЧОСтун долбоору бир нече БКБТ менен биргеликте түзөлгөн учурда БЧОСто берилген бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын жалпы суммасы болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекиткен учурдан тартып түзүмдүк өзгөртүүлөрдү эске алуу менен БЧОСту түзгөн БКБТ боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн жалпы суммасына шайкеш келүүсү керек.
14. Болжолдуу көрсөткүчтөрдүн чегинен чыккан кошумча каржылоону талап кылуучу жаңы бюджеттик программалар чараларды аныктоо менен бюджеттик программанын сценарийи түрүндө БКБТ тарабынан БЧОСко берилет. БЧОСко сценарий түрүндө киргизилген кошумча каржылоону талап кылуучу жаңы бюджеттик программалар жана алардын наркы БЧОСтун тексттик бөлүгүндө гана чагылдырылат.
15. Программаларды (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ырасталган каражаттары, өнүктүрүү фонддорунун каражаттары), жеке каражаттарды, ошондой эле программанын максаттарына жетүүгө багытталган бюджеттик системанын башка бюджеттеринин каражаттарын каржылоонун бюджеттик эмес булактары бар болсо, жогоруда аталган каражаттар ар бир бюджеттик программа боюнча БЧОСтун тексттик бөлүгүндө көрсөтүлөт.
16. Эгерде бюджеттик программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ жалгыз аткаруучу болбосо, анда БЧОСтун тексттик бөлүгүндө тең аткаруучулар, бюджеттик программанын күтүлгөн натыйжаларына жетүүдөгү алардын ролу боюнча толук маалымат чагылдырылат.
4-глава. БЧОСтун долбоорун даярдоо форматы жана тартиби
17. БЧОСтун долбоорун түзүү процесси төмөнкүдөй кадамдардан турат:
1) секторду/тармакты баяндоо;
2) сектордун/тармактын стратегиялык максатын аныктоо;
3) сектордун/тармактын милдеттерин аныктоо;
4) бюджеттик программаларды баяндоо/жаңылоо;
5) бюджеттик программалар боюнча финансылык каражаттарды бөлүштүрүү;
6) ар бир бюджеттик программа үчүн натыйжалуулук индикаторлорун аныктоо.
18. БЧОСтун долбоорун түзүү процессинин ар бир кадамы сүрөттөө менен коштолот. БЧОСтун бөлүктөрүнүн мазмунуна жана аларды баяндоого талаптар ушул Нускаманын 1-тиркемесинде жазылган.
1-§. Секторду/тармакты баяндоо
1. БЧОСтун долбоорун иштеп чыгуу процесси БКБТга тийиштүү болгон секторду/тармакты баяндоодон башталат.
2. Секторду/тармакты баяндоого карата негизги талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) акыркы отчеттук мезгил үчүн кыскача статистиканы келтирүү менен БЧОСтун долбоорун түзүү учурунда сектордун/тармактын өзгөчөлүктөрүн (масштаб жана негизги компоненттер) жана абалын баяндоо (көйгөйлөр жана жетишкендиктер);
2) сектордун/тармактын саясатын аныктоодо жана ишке ашырууда БКБТнын ролу;
3) алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин баяндоо менен секторду/тармакты башкарууга жана өнүктүрүүгө катышуучу башка БКБТларды (эгерде алар болсо).
3. Секторду/тармакты баяндоо БКБТга ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
2-§. Стратегиялык максатты аныктоо
1. БКБТ сектордун/тармактын стратегиялык максатын түзүүгө тийиш. БКБТ конкреттүү секторго/тармакка тийиштүү болбогон учурда уюмдун стратегиялык максаты түзүлөт. Эгерде сектордун/тармактын стратегиялык максаты мурда түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган болсо, анда ал жүргүзүлүп жаткан реформаларга же тармактык саясатты кайра карап чыгууга байланыштуу максатты баяндоону кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыккан учурдан тышкары мурдагы редакциясында калат.
2. Стратегиялык максатты баяндоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же секторалдык стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келүү;
2) баяндоонун тактыгы, аныктыгы жана кыскалыгы;
3) жеткиликтүүлүк жана ченемдүүлүк (артыкчылыктуу болмок);
4) БКБТ ишинен коомдук маанилүүлүктүн/пайданын чагылдырылышы;
5) процесске эмес, конкреттүү натыйжага жетүүгө багыттуулук.
3. Стратегиялык максатты баяндоо түшүнүктүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтыбоого тийиш:
1) аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдерди жана аббревиатураларды;
2) эркин жана түшүнүксүз чечмелөөгө жол берген терминдерди, түшүнүктөрдү жана сөздөрдү;
3) стратегиялык максаттын өзүнө жетүүнүн натыйжасы болгон башка максаттарды, милдеттерди, натыйжаларды же жыйынтыктарды көрсөтүүнү;
4) стратегиялык максатка жетүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын баяндоону.
4. Сектордун/тармактын стратегиялык максаты ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык БЧОСтун “Стратегиялык максат” бөлүмүнө кирет.
3-§. Сектордун/тармактын милдеттерин аныктоо
1. Сектордун/тармактын милдеттери стратегиялык максатка жетүүгө багытталышы жана иштин негизги артыкчылыктуу багытын чагылдырышы керек. Сектордун/тармактын милдеттери бюджеттик программаларды аныктоо үчүн негиз болуп эсептелет.
2. Сектордун/тармактын милдеттери төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) милдеттер улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же секторалдык стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келүүсү керек;
2) милдеттерди баяндоо кыска жана так болууга тийиш, аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдер жана аббревиатуралар болбошу керек;
3) милдеттер сектордун/тармактын стратегиялык максатынын баяндоосун кайталабашы керек;
4) милдеттердин саны көп болбошу керек (5тен ашык эмес сунушталат);
5) сектордун/тармактын максатына карата сектордун/тармактын милдеттеринин жыйындысы зарылдык (ар бир милдетти чечүү максатка жетүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет) жана жетиштүүлүк (бардык милдеттерди чечүү максатка жетүүнүн жетиштүү шарты болуп эсептелет) принциптерине жооп берүүгө тийиш;
6) БКБТнын ишин камсыздоого багытталган милдеттерди коюуга жол берилбейт;
7) милдеттердин тизмеги БКБТ ишин жөнгө салуучу жободогу функциялардын тизмегин кайталабашы керек;
8) секторду/тармакты каржылоо көйгөйүн чечүү милдет катары каралбашы керек.
3. Эгерде сектордун/тармактын милдеттери мурда эле түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар жүргүзүлүп жаткан реформаларга же тармактык баяндоону кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыккан учурдан тышкары ошол редакциясында калат.
4. Баяндалган милдеттер ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча “Милдеттер” бөлүмүндөгү милдеттердин тизмеги түрүндө берилет.
4-§. Бюджеттик программаларды баяндоо
1. БКБТнын ишинин өз ара байланыштуу негизги багыттары аларды бириктирүүчү сектордун/тармактын милдеттерине ылайык бюджеттик программаларга топтоштурулат.
2. Ар бир бюджеттик программа үчүн максат белгилениши керек, ал так жана кыскача берилип, конкреттүү, жеткиликтүү, ченемдүү, сектордун/тармактын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тышкы керектөөчүлөрүнө, натыйжага жетишүүгө багытталган болушу керек. Максатты баяндоодо аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдер жана аббревиатуралар болбошу керек.
3. Ар бир бюджеттик программа үчүн күтүлгөн натыйжа белгиленет, ал орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде пландык көрсөткүчтүн маанисин белгилөө менен так жана түшүнүктүү берилет.
4. Бюджеттик программаларды баяндоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) сектордогу/тармактагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келүү жана улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же секторалдык стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктары менен так өз ара байланыш;
2) бюджеттик программанын сектордун/тармактын милдеттеринин бирин чечүүгө багыттуулугу;
3) аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдерди, аббревиатураларды колдонбостон бюджеттик программалардын аталышынын кыскачалыгы;
4) бюджеттик программалардын санынын негиздүүлүгү (бюджеттик программалардын саны сектордун/тармактын милдеттеринин санынан аз болбошу жана өтө эле чоң болбошу керек);
5) программалык түзүмдүн мезгил аралыгындагы туруктуулугу. Жаңы бюджеттик программалар/чаралар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча киргизилет;
6) БКБТнын бюджетинин алкагында каржылануучу инвестициялык долбоорлор жана реформа жүргүзүү боюнча иштер бюджеттик программалар катары аныкталбайт;
7) каржылоо же каржылоонун көлөмүн көбөйтүү программа болуп эсептелбейт;
8) бюджеттик программа коомдук маанилүү болууга тийиш – БКБТнын ишинин пайдасын көрсөтүшү керек жана БКБТнын көйгөйүн чечүүгө багытталбашы керек.
Эгерде сектордун/тармактын бюджеттик программалары мурда баяндалса жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар мурдагы редакциясында калат жана төмөнкү себептер боюнча гана өзгөрөт:
- Министрлер Кабинетинде жана БКБТнын ичиндеги түзүмдүк кайра түзүүлөр;
- өзгөртүү процессинин натыйжасы катары БКБТнын функцияларын кардиналдуу түрдө кайра карап чыгуу;
- программалык түзүмдү оптималдаштыруу (майда программаларды бириктирүү же ирилерин дезагрегациялоо);
- тармактык саясатты кайра карап чыгуу.
5. Бюджеттик программалардын тизмегинде “Башкаруу жана администрациялоо” стандарттык программасы чагылдырылат, ал негизги бюджеттик программалар боюнча чыгымдарын бөлүштүрүү кыйынга турган бөлүмдөрдүн функциясын камтыйт. Бул программаны ишке ашыруу башка программаларга координациялоочу жана уюштуруучу таасирин тийгизет.
6. “Башкаруу жана администрациялоо” бюджеттик программасына төмөнкүлөр кирет: жогорку жетекчилик; финансылык кызмат; мониторинг жана контролду ишке ашыруу үчүн жооптуу бөлүм; адам ресурстарын башкаруу; эл аралык кызматташтык бөлүмү; юридикалык кызмат; ички аудит; коомчулук менен байланышуу кызматы, пресс-катчылар ж.б. Бул программага БКБТнын борбордук аппараты ишке ашыруучу бардык чыгымдарды киргизүүгө жол берилбейт. Бир нече функцияларды аткаруучу, ар башка бюджеттик программаларга/чараларга тиешелүү болгон БКБТнын аймактык бөлүмдөрү “Башкаруу жана администрациялоо” бюджеттик программасында бир бюджеттик чара катары көрсөтүлөт.
7. “Башкаруу жана администрациялоо” бюджеттик программасы тизмеде биринчи көрсөтүлөт.
8. Баяндалган бюджеттик программалар ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча “Бюджеттик программалар” бөлүмүнө, ошондой эле ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча “Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо” таблицасына киргизилет. Таблицаны толтурууда программалык бюджеттик классификациянын кодуна шайкеш келген бюджеттик программалардын кодун көрсөтүү зарыл. Программалык бюджеттик классификациянын коду жок болгон учурда бюджеттик программа ага андан ары белгиленген тартипте код ыйгаруу үчүн “жаңы программа” катары көрсөтүлөт.
9. Бюджетти түзүүнүн мурдагы циклинде берилген программалык түзүмгө салыштырмалуу БЧОСтун түзүлүүчү долбоорунун программалык түзүмү бир топ өзгөргөн учурда киргизилген өзгөртүүлөрдүн негиздемеси берилет.
5-§. Бюджеттик программалар боюнча каражаттарды бөлүштүрүү
1. БКБТ боюнча бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрү бюджеттик программалар боюнча БЧОСко бөлүштүрүлүшү керек. Бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын эсеби бюджеттик чаралардын наркын аныктоого негизделиши керек. Бул үчүн бюджеттик программалардын администраторлору бюджеттик өтүнмөлөрдү наркынын 10 пайызы чегинде түзөтүүлөр менен (зарыл болгон учурда) программалык форматта түзүүнүн мурдагы жылдагы циклинин жүрүшүндө эсептелген бюджеттик чаралардын наркынын көрсөткүчтөрүн пайдаланат. Жаңы бюджеттик чаралар боюнча каражаттарды бөлүштүрүү программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн бекитилген методиканын негизинде алдын ала эсептерден аныкталат.
2. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча “Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо” таблицасына киргизилет.
3. Программаны каржылоонун бюджеттик эмес булактары БЧОСто “Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо” таблицасында ар бир программа боюнча республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардан өзүнчө көрсөтүлөт. Бюджеттик эмес бардык булактар боюнча жыйынтык сумма “Бюджеттик эмес булактардын эсебинен жыйынтык” деген өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
6-§. Натыйжалуулук индикаторлорун аныктоо
1. Ар бир бюджеттик программа үчүн ченемдүү күтүлгөн натыйжалар белгиленет. Аларды баяндоо үчүн натыйжалуулук индикатору колдонулат. Натыйжалуулук индикаторун тандап алуу Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамада бекитилген методиканын талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун аталышы мезгил аралыгында туруктуу бойдон калууга тийиш, башкача айтканда эгерде натыйжалуулук индикаторлору БКБТнын программалык бюджетинде мурда эле түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар төмөнкү себептер боюнча гана өзгөртүлүп, мурдагы редакциясында калат:
бюджеттик программаларды/чараларды кайра карап чыгуу;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы.
Натыйжалуулук индикаторлорунун өзгөрүшү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
2. Бюджеттик программалардын күтүлүүчү натыйжалары БЧОСтун тексттик бөлүгүндө жана ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча “Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо” таблицасында чагылдырылат.
5-глава. БЧОСту кароо тартиби
19. БЧОСтун долбоорлору жана бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлору БКБТнын коомдук кеңешинин өкүлдөрүн кошуу менен учурдагы жылдын 25-апрелинен кечиктирилбеген мөөнөттө коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
20. Коомдук талкуулоону өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча БКБТ коомдук талкуулоонун протоколун, БЧОСтун долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу матрицасын түзөт. Коомдук талкуулоонун протоколу БЧОСтун долбоору менен бирге бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
21. БЧОСтун долбоору бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн БКБТ жетекчиси тарабынан каралат жана жактырылат.
22. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БЧОСтун долбоорун программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн бекитилген методиканын жана ушул Нускаманын (каражаттарды бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө) талаптарына шайкеш келүүсүн карайт жана баяндалган талаптарга шайкеш келбеген учурда берилген БЧОСтун долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн БКБТга кайтарат.
23. БКБТ бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен БЧОСтун долбоорун толуктап иштеп чыгат. Жеткире иштелип чыккан БЧОСтун долбоору жеткире иштеп чыгууга жиберилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
24. Берилген орто мөөнөттүү стратегиялардын жыйындысын Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздайт.
25. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик программаларды ишке ашырууга бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзам менен аныкталат.
6-глава. БКБТнын орто мөөнөттүү стратегияларын аткаруу
26. БЧОСтун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык каралган жана аткарылган программалык бюджетти аткаруу жолу менен БКБТ тарабынан аткарылат.
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү
стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу
боюнча нускаманын
1-тиркемеси
______________________ сектору/тармагы боюнча 20___ -20____ жылдарга
бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясы
Киришүү (БЧОС түзүү зарылдыгынын стандарттык сүрөттөлүшү): “Бул документ 20 __-20__-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарына киргизилген расмий орто мөөнөттүү (20__-жылдан 20__-жылга чейинки үч жылдык мезгилди камтыган) бюджеттик чыгымдардын стратегиясы болуп саналат.
Бул Стратегия сектордун/тармактын саясатын ишке ашыруунун алкагында бюджеттик программаларды жана аларды республикалык бюджеттин пландалган каражаттарынын чегинде каржылоону, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы ырасталган булактарын билдирет.”.
1. Сектордун/тармактын сүрөттөлүшү: сектордун/тармактын өзгөчөлүктөрүнүн кыскача сүрөттөлүшү (3-4 абзац), кыскача тармактык статистика, көйгөйлөр жана өнүктүрүү).
Секторду/тармакты башкаруудагы жана аны өнүктүрүүдөгү БКБТнын ролунун кыскача сүрөттөлүшү (1 абзац). Милдеттерин жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнү сүрөттөө менен секторду/тармакты башкарууга жана өнүктүрүүгө катышкан башка БКБТларды атап кетүү (эгерде андайлар болсо).
2. Сектордун/тармактын стратегиялык максаты (узак мөөнөттүү, социалдык жактан маанилүү, түшүнүктүү, өлчөнүүчү) (максимум 1 абзац – максат жана зарыл болсо абдан кыска түшүндүрмө);
3. Сектордун милдеттери (улуттук жана тармактык өнүктүрүү программаларына шайкеш келген орто мөөнөттүү, коомдук жактан маанилүү) (Милдеттерди бир нече пунктта атап кетүү. Милдеттер көп болбошу керек, максимум 4–5 (милдеттердин саны бюджеттик программалардын санынан ашпашы керектигин эстен чыгарбоо зарыл), түшүндүрмө берүүгө болот (1–2 абзац); БКБТнын ишин камсыз кылууга, бюджеттик ассигнованиелерди көбөйтүүгө багытталган милдеттерди коюуга жол берилбейт.
4. Бюджеттик программалар (аталышы; бюджеттик классификациядагы бюджеттик программанын кодунун көрсөтүлүшү; программа чечүүчү сектордун/тармактын милдеттеринин номерин көрсөтүү; абдан кыскача сүрөттөмө (1–2 абзац) – бул багыт боюнча учурдагы абал жөнүндө маалымат жана программанын актуалдуулугу), (программалардын саны сектордун/тармактын милдеттеринин санынан аз болбошу керек. Бир нече программа бир маселени чече алат, бирок бир программа бир нече милдеттерге тиешелүү болбойт).
Бюджеттик программалардын тизмесинде “Башкаруу жана администрациялоо” типтүү бюджеттик программасы биринчи болушу керек. Бул программада негизги бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүүсү татаал болгон түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бирдиктердин административдик чыгымдары топтоштурулушу керек.
Ар бир бюджеттик программаны сүрөттөгөндөн кийин бюджеттик чаралардын болжолдуу тизмеси берилет (сүрөттөмөсү жок тизме). Бир бюджеттик чаранын аткарылышы үчүн бир уюм же бөлүм жооптуу.
Сценарийлер: саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы бюджет чарасы пландалган учурда БКБТ бюджетинин программалык түзүмүндө биринчи жолу пайда болот жана БКБТ үчүн белгиленген болжолдуу көрсөткүчтөрдөн ашыкча кошумча каржылоону талап кылат, бул бюджеттик чара боюнча маалымат тиешелүү бюджеттик программанын сүрөттөлүшүндө төмөнкү форматта берилет:
Бюджеттик программанын аталышы жана коду |
| ||
Жаңы бюджеттик чаранын аталышы |
| ||
Жаңы демилгенин кыскача негиздемеси (зарылчылык жана коомдук пайда, улуттук деңгээлдеги стратегияга/Президенттин, Министрлер Кабинетинин демилгесине шилтеме, тармактык өнүктүрүү стратегиясы) |
| ||
|
| ||
Каржылоо каражаттары | Х +1 жыл (план) | Х +2 жыл (болжол) | Х+3 жыл (болжол) |
1. Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
2. Атайын каражаттар |
|
|
|
3. Мамлекеттик инвестициялар |
|
|
|
Баары: |
|
|
|
Натыйжалуулук индикаторлору: |
|
|
|
1-индикатор (өлчөө бирдиги) |
|
|
|
2-индикатор (өлчөө бирдиги) |
|
|
|
Кошумча комментарийлер (зарыл болсо) |
| ||
Орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик программанын аткарылышынан күтүлүүчү жыйынтыктар аталып өтөт. Күтүлгөн жыйынтык өлчөнүүчү, реалдуу жана социалдык жактан маанилүү болууга тийиш. Бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлору бул этапта аныкталбайт.
5. Финансылык план (бюджеттик программалардын наркы, анын ичинде бюджеттик ассигнованиелер, атайын каражаттар, мамлекеттик инвестициялар, бюджеттен тышкаркы булактар). Сектордун бюджеттик программалары боюнча чыгымдардын жалпы көлөмү жана өткөн жылдар үчүн анын динамикасындагы олуттуу өзгөрүүлөр сүрөттөлөт.
6. Бюджеттик программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ жалгыз аткаруучу болбогон учурларда тең аткаруучулар жөнүндө маалыматты, бюджеттик программанын күтүлгөн натыйжаларына жетүүдөгү алардын ролу көрсөтүлөт.
Бюджеттик чыгымдардын
орто мөөнөттүү стратегиясын
түзүү, кароо жана аткаруу
боюнча нускаманын
2-тиркемеси
______________________ сектору/тармагы боюнча
20___ – 20____ жылдарга бюджеттик программаларды каржылоону талдоо
БКБТ (толук аталышы)
__________________________________________________
ПР коду | ИН коду | Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар | Каржылоо (программалар/чаралар боюнча) (миң сом) | Күтүлүүчү жыйынтыктар | ||||
X-1 жыл (факт) | Х жыл такт. | X+1 жыл болжол | X+2 жыл бол жол | X+3 жыл бол жол | ||||
001 |
| Башкаруу жана администрациялоо Программанын максаты: башка программаларды ишке ашырууга координациялоо-чу жана уюш-туруучулук таасир этүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
| Атайын эсептерге топтолгон каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) |
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактар |
|
|
|
|
|
|
|
| “Башкаруу жана администрация лоо” програм-масы боюнча баары, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| - республикалык бюджеттен |
|
|
|
|
|
|
|
| - бюджеттен тышкаркы булактардан |
|
|
|
|
|
|
|
| 2-программа. Программанын аталышы Программанын максаты: |
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
| Атайын эсептерге топтолгон каражаттар |
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) |
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактар |
|
|
|
|
|
|
|
| 2-программа боюнча баары, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| - республикалык бюджеттен |
|
|
|
|
|
|
|
| - бюджеттен тышкаркы булактардан |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардык программалар боюнча баары, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджеттен, баары |
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактардан, баары |
|
|
|
|
|
|
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү
стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу
боюнча нускаманын
3-тиркемеси
БЧОС долбооруна тиркелүүчү документтердин тизмеги
1. БЧОС долбоорунун тексти;
2. 1-тиркеме. Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо;
3. БЧОС долбоорун коомдук талкуулоонун протоколу.