Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-декабры № 361
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты керектүү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же» деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацындагы «Улуттук тизмеге жана/же» деген сөздөр алып салынсын;
11-пунктунун биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
– 2-пунктундагы «жана социалдык өнүктүрүү» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |