Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд) материалдык-техникалык базаны бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) кызматкерлеринин иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Фонддун каражаттарын каржылоо булактары жана аларды түзүүнүн тартиби
2. Фонддун каражаттары Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн өнүктүрүү фонддорунун отузга чейинки пайыз өлчөмдөгү чегерүүлөрүнөн турган республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун каражаттары тийиштүү жылга чыгымдардын сметасы бекитилген күндөн тартып бир айдын ичинде бөлүштүрүлөт.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Министрликтин иши үчүн багытталган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфраструктураны курууга жана күтүүгө, кызматкерлер жана техникалык жана кенже тейлөөчү персонал (мындан ары - кызматкерлер) үчүн турак жай курууга жана турак жай алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижара акысын төлөөгө;
2) компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, тетиктерди, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
3) өкүлчүлүк чыгымдарына, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
4) Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
5) Министрликтин кызматкерлерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
6) Министрликтин өзүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу боюнча иш-сапар чыгымдарын төлөөгө;
8) Министрликтин кызматкерлерин жана жумушчуларын материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу жана социалдык коргоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоого, анын ичинде:
- Министрликтин кызматкерлеринин жана жумушчуларынын материалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, анын ичинде ипотекалык кредиттерди төлөө үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
- өз кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгон же жаракат алган кызматкердин жана жумушчунун үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
- кызматкерлерди жана жумушчуларды сыйлоого;
- иш-милдеттерин аткаруу үчүн шаардын, райондун, облустун чегинде жүрүү жана тамактануу наркын төлөөгө;
- дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Министрликтин кызматкерлеринин жана жумушчуларынын өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга.
5. Министрликтин кызматкерлерине жана жумушчуларына Фонддон сый акы жана кайтарылма каражаттарды берүү Министрлик тарабынан бекитилген мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
6. Фонддун каражаттарынын багытынын жана пайдалануунун конкреттүү өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан белгиленет.
4. Эсепке алуунун тартиби жана отчёттуулук
7. Фонддордун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметаларына жана кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын финансы министри тиешелүү фонддун каражаттарын тескөөчү жана пайдалануу үчүн жооптуу адам болуп саналат.
9. Министрликтин бухгалтердик эсебинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү фонддордун каражаттарынын түзүлүшүн (келип түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну, каражаттардын белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттоолорго ылайык максаттуу пайдаланылышын контролдоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонддордун тескөөчүлөрүнө көрсөтүлгөн каражаттар боюнча отчётторду берүүнү ишке ашырат.