Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик жарандык кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын (мындан ары - кызматчылар) тартиптик жорук жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
2. Кызматчы жасаган тартиптик жорук же анын функциялык милдеттерин аткарбаган фактылар боюнча материалдарды өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү чогултуу жана изилдөө үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси дайындаган кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:
1) фактылар чындыкка ылайык келген учурда - кызматчы жасаган жоругу үчүн өзүнүн күнөөсүн чын дилинен мойнуна алса;
2) эгерде жасалган жорукта кылмыштын курамынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.
4. Кызматтык териштирүү - адамдардын чөйрөсү боюнча да, көлөмү боюнча да мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинен чыкпоого тийиш болгон ички текшерүү. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык санына кирбеген адамдар күбө катары жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн бериши жана квалификациялуу корутунду алуу үчүн компетенттүү адистер жана эксперттер катары тартылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө комиссиянын курамына ошол органдар карамагында болгон жогору турган мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) өкүлү (өкүлдөрү) киргизилет.
5. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиз (себеп) болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын рапорттору, кызматтык каттары;
- этика боюнча комиссиянын сунушу;
- кызматтык тартип бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү даттануулар, арыздар, маалыматтар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тартиптик жорук жөнүндө билдирүүлөр;
- жасалган тартиптик жорук жөнүндө кызматчынын, же болбосо жеке же юридикалык жактардын арыздары;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жорукту түздөн-түз табуусу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусунун пайда болуу тобокелинин болушу;
- мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлөө тартибинин бузулушун табуу (аныктоо);
- кызматчынын ага карата негизсиз айыптоону же шектенүүнү алып салуу максатында арызы.
6. Кызматтык териштирүү жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу төмөнкү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо;
- күнөөсүздүк презумпциясы;
- ар бир адамдын мыйзам алдында теңдиги;
- калыстык;
- объективдүүлүк;
- даттануу мүмкүнчүлүгү.
7. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же кызматчыларды кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу укугуна ээ кызмат адамы (мындан ары - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси) түзгөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясы (мындан ары - комиссия), же ошол мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча атайын бөлүмү (эгерде болсо) тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамына коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (эгерде болсо), этика боюнча комиссиянын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын билими кызматтык териштирүүнү толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматчылары киргизилиши мүмкүн.
Кызматтык териштирүү жүргүзүүгө катышуу үчүн комиссиянын ишине көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен комиссиянын жетекчисин (төрагасын) аныктайт.
Комиссиянын курамынын максималдуу саны чектелбейт жана кызматтык териштирүүнүн көлөмү менен аныкталат, бирок так эмес санда үч адамдан кем болбошу керек.
8. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузуулар же кылмыш жасоо белгилери жөнүндө күбөлөндүрүүчү фактылар аныкталса, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө материалдар ал боюнча чечим кабыл алуу үчүн тийиштүү органдарга жиберилет.
Кызматчы өзүнүн күнөөсүн чын дилинен моюнга алганда, комиссия кызматчынын чын дилинен моюнга алуусунда көрсөтүлгөн фактылардын чындыкка ылайык келишин текшерет жана алар ырасталган учурда мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин дарегине корутунду киргизет, анда жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү тууралуу маалыматтар жана кызматчыга карата жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кызматтык териштирүү жүргүзүү убагында кызматтык териштирүү жүргүзгөн комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өзүнүн иш-аракеттерин, кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн ыкмаларын жана чараларын өз алдынча тандайт.
Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жана башка кызмат адамдары кызматтык териштирүү жүргүзүп жаткан комиссияга кысым жасоого жана ушул Жободо көрсөтүлгөн негиздерден башкача, кызматтык териштирүүнүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз.
2. Кызматтык териштирүү жүргүзүү тартиби
10. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө комиссия түшүнүк кат, корутунду (эксперттердин жана адистердин), буюм далилдери, кароонун актылары, китептерден (журналдардан) көчүрмөлөр, маалымкаттар жана башка документтер сыяктуу тартиптик жорукка тиешеси бар маалыматтарды чогултат жана документтик түрдө тариздейт. Ошондой эле комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт:
- тартиптик жорук анык болгондугун же болбогондугун, ошондой эле ал жасалган жагдайларды;
- жорукту бир нече кызматчы жасаган учурда, кызматчылардын аракеттериндеги же аракетсиздигиндеги күнөөнүн болушун жана ар биринин күнөөсүнүн даражасын;
- жорук жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды;
- кызматчынын жоопкерчилигинин даражасына жана мүнөзүнө таасирин тийгизген жагдайларды;
- жасалган жоруктун мүнөзүн жана оордугун.
Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн ушул Жобону бузуу менен чогултулган материалдары юридикалык күчкө ээ болбойт жана кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимдин негизи катары кабыл алынбайт.
11. Иштин материалдарына документтердин көчүрмөлөрүн, алардын көчүрмө бөлүктөрүн тиркөөгө жол берилет. Мында документтердин көчүрмөлөрүн документ карамагында болгон адам белгиленген тартипте күбөлөндүрүшү керек жана персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
12. Далилдер иштин материалдары менен бирге сакталат.
13. Кызматтык териштирүүнүн зарыл болгон материалдарынын көлөмүн комиссиянын мүчөлөрү аныктайт.
14. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын борбордук аппараттарынын кызматчыларына, аймактык (ведомстволук) органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына карата кызматтык териштирүү тийиштүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун (токтомунун, тескемесинин) (мындан ары - буйрук) негизинде жүргүзүлөт, аймактык (ведомстволук) органдардын кызматчыларына карата - тийиштүү аймактык (ведомстволук) бөлүмдүн жетекчисинин (мындан ары -мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси) буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
Кызыкчылыктардын кагылышуусуна же жеке кызыкчылыгы болгонуна шектенүү болгон учурда органдардын аймактык (ведомстволук) бөлүмдөрүнүн кызматчыларына карата кызматтык териштирүүнү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын борбордук аппараты жүргүзүшү мүмкүн.
15. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматтык териштирүү жүргүзүү жөнүндө буйругунда:
- кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн себеби көрсөтүлөт;
- комиссиянын курамы бекитилет, ошондой эле башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн адистерин тартуу зарылдыгы көрсөтүлөт;
- кызматтык териштирүүнүн материалдарын жана анын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу корутундуну берүү мөөнөтү аныкталат;
- ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчынын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду (эгерде кызматтык териштирүүнү конкреттүү кызматчыга карата жүргүзүп жатса) көрсөтүлөт;
- кызматчы кызмат ордунан убактылуу четтетилген учурда четтетилген дата жана мөөнөт көрсөтүлөт.
16. Кызматтык териштирүү жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кесиптик бирлик органына (мындан ары - кесиптик бирлик органы) кабарланат. Кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү кызматтык териштирүүнүн кандай болбосун баскычына катышууга укуктуу.
Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү кызматтык териштирүүнүн берилген бардык документтери, ошондой эле анын жыйынтыгы менен тааныша алышат.
Кызматтык териштирүү жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштар жана сын пикирлер кесиптик бирлик органынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, ошондой эле комиссияга жазуу жүзүндө берилет.
Эгерде шайланган кесиптик бирлик органы түзүлбөсө, кызматтык териштирүү кесиптик бирлик кызматкерлеринин катышуусуз жүргүзүлөт.
17. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышын болтурбоо максатында кызматтык териштирүү жүргүзүүгө анын жыйынтыгына тике же кыйыр түрдө кызыкдар болгон кызматчы катыша албайт, анын ичинде:
- эгерде ал ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамга кызматтык же кандайдыр бир башкача көз карандылыкта болуп келсе же учурда көз каранды болсо;
- кызматчы ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамдын тууганы болсо.
Мындай учурларда кызматчы мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине аны кызматтык териштирүү жүргүзүүгө катышуудан бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга тийиш.
Көрсөтүлгөн талап сакталбаса кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп эсептелет.
Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамга мурда кызматтык же кандайдыр бир башкача көз карандылыкта болгон кызматчы эки жыл өткөндөн кийин кызматтык териштирүүнү жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына кире алат.
18. Кызматтык териштирүү аны жүргүзүү үчүн себеп (негиз) болгон маалымат алынган учурдан тартып он төрт жумуш күндөн кечиктирбестен башталууга жана аны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз жумуш күндөн кечиктирбестен аякталууга тийиш.
Кызматтык териштирүүнүн мөөнөтүнүн аякташы болуп кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын жыйынтыктоочу корутундусу түзүлгөн күн эсептелет.
19. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү мөөнөтү комиссиянын жетекчисинин (төрагасынын) узартуу мөөнөтү жана кызматтык териштирүүнү аяктоо датасы көрсөтүлгөн кызматтык катынын негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан төмөнкү (териштирилүүчү жоруктун фактысын аныктоого байланышкан) учурларда узартылышы мүмкүн, эгерде:
- башка калктуу конуштарга баруу зарылдыгы пайда болсо;
- мамлекеттик органдар, жеке адамдар жана юридикалык жактар менен негиздүү кат алышуу жүрүп жатса;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп жатса;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан иштин материалдары кошумча териштирүү үчүн комиссияга кайтарылып берилсе;
- жүйөлүү себептер боюнча башка учурларда (ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамдын ооруп калышы, күбөлөрдүн жоктугу ж.б.).
Кызматтык териштирүүнүн мөөнөтү отуз жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда, ал комиссиянын чечими менен (анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу) ошол кызматчы жумуш ордуна чыкканга чейин токтотулуп турушу мүмкүн. Мындай учурда кызматтык териштирүүнүн мөөнөтү да токтотулуп турат жана кызматчы жумуш ордуна чыккан күндөн тартып кайра башталат.
20. Кызматтык териштирүү жүргүзгөн комиссиянын мүчөлөрү кызматтык териштирүүнүн мөөнөтүн сактоо жана аны объективдүү жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
21. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчы (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча кызматтык териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн бүткүл мезгилде ээлеген мамлекеттик жарандык кызмат ордунан же муниципалдык кызмат ордунан убактылуу четтетилиши мүмкүн. Ээлеген кызмат ордунан четтетилген мезгилде эмгек акы төлөө маселелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык чечилет.
Кызматчыны ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.
Кызматчы ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилгенде, анын мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсептөөчү техника жана уюштуруу техника каражаттарына, кызматтык документтерге жана материалдарга санкцияланбаган жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чаралар көрүлүүгө тийиш.
3. Кызматчынын жана кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын укуктары жана милдеттери
22. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө, кызматтык териштирүүнүн предметине тиешеси бар анда болгон маалыматты, документтерди берүүгө;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого.
Жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда, электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу бир нече адам (комиссия мүчөлөрү) тарабынан түзүлгөн кызматтык кат (акт) таризделет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жазаны колдонуу үчүн тоскоол болбойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-октябрындагы № 626 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтык териштирүү эмнеге байланыштуу жүргүзүлүп жатканын билүүгө;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө арыз, өтүнүч кат жана башка документтерди, буюм далилдерин берүүгө жана аларды кызматтык териштирүү материалдарына тиркөөнү талап кылууга;
- кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө сурамжылоо үчүн күбөлөрдү тартууга;
- кызматтык териштирүү объективдүү жүргүзүлбөгөн, конкреттүү далилдерди көрсөтүү менен кызматчынын укуктарын басмырлоо учурунда, комиссия мүчөлөрүнөн баш тартуу билдирүүгө;
- комиссиянын чечимине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга;
- эгерде бул мамлекеттик же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоо талаптарына каршы келбесе, кызматтык териштирүү аяктагандан кийин кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндөгү жыйынтыктоочу корутунду жана башка материалдар менен таанышууга.
24. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарын жетекчиликке алууга;
- кызматтык териштирүүгө эмне тийиш экендигин жана кандай көлөмдө экендигин, аны жүргүзүү тартибин, кайсы адамга же адамдарга карата кызматтык териштирүү жүргүзүлө турганын жана аны кайсы мөөнөттө аяктоо зарыл экендигин аныктоого;
- өзүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун аныктоого жана жасалган окуянын, жоруктун же материалдык зыян келтирүүнүн жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөө, тартиптик жоруктун бардык жагдайлары жөнүндө маалыматтарды документтик түрдө тариздөө үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө;
- кызматтык териштирүүнү толук жана сапаттуу жүргүзүү үчүн керек болгон документтерди изилдөөгө;
- жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого;
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчыны аны жүргүзүү үчүн негиз болгон буйрук жана бардык документтер менен тааныштырууга;
- берилген материалдардын аныктыгын, объективдүүлүгүн жана толуктугун текшерүүгө;
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамдан арызды, өтүнүч катты, буюм далилдерин жана башка документтерди, ошондой эле бул ишке тиешеси бар жана кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн башка документтерди кароого жана кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркөөгө;
- тартиптик жоруктун бардык жагдайлары жана аны жасоого тиешеси бар кызматчылар жөнүндө маалыматтарды ар тараптуу, объективдүү изилдөө жана документтик түрдө тариздөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө;
- кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндөгү жыйынтыктоочу корутундуну түзүүгө жана аны мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин кароосуна берүүгө;
- кызматтык териштирүүнүн материалдарынын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга, кызматтык териштирүүнү дайындаган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине берүүгө чейин анын жыйынтыгын ачыкка чыгарбоого.
25. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматчылардан бул ишке тиешеси бар түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
- аңгемелешүү, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, зарыл болгон маалымкаттарды жана документтерди чогултуу, окуя болгон жерди, жорукту же материалдык зыянды текшерүү методу менен алардын себептерин, жагдайларын, кесепеттерин, зыяндын өлчөмүн жана аларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамдардын күнөөсүнүн даражасын аныктоого;
- кызматтык териштирүүнүн предметине тиешеси бар маалыматтарды камтыган документтерди изилдөөгө жана текшерүүгө, зарыл болгон учурда аларды же алардын көчүрмөлөрүн кызматтык териштирүүнүн материалдарына тиркөөгө;
- атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистерден консультация алууга, ошондой эле түшүндүрмөлөрдү жана корутундуларды алуу үчүн аларга документтерди берүүгө;
- кызматтык териштирүүнүн предметине тиешеси бар суроо-талаптарды уюмдарга, мекемелерге жана кызмат адамдарына жөнөтүүгө.
26. Эгерде чогултулган материалдардын жыйынтыгы боюнча комиссия кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчынын (кызматчылардын) күнөөсүз экендиги жөнүндө тыянакка келсе же болбосо далилдик база жок болсо, комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу кызматтык териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат жана комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган тийиштүү кызматтык катты мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жөнөтөт. Кызматтык каттын негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде кызматтык териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
27. Чогултулган материалдардын негизинде комиссия жазуу жүзүндөгү жыйынтыктоочу корутунду түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз болгон жагдайлар (жүйө);
- иштин маңызы (жорук жасалган жер, убакыт, ыкма, башка жагдайлар);
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам жөнүндө маалымат;
- укук бузуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар;
- жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү;
- жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуш.
28. Жыйынтыктоочу корутундунун айрым жоболорунун мазмуну менен макул болбогон комиссиянын мүчөсү жыйынтыктоочу корутундуга кол коюп, ага өзүнүн өзгөчө пикири жазылган катын тиркейт.
29. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу корутундунун негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде төмөнкүдөй чечимди кабыл алат:
- кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө;
- кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга тартиптик жазаны колдонбоо жөнүндө;
- иштин материалдарын кошумча кызматтык териштирүүгө кайтаруу жөнүндө.
30. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматчы аталган буйрукка (тескемеге, токтомго) кол коюудан баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт, ал иш кагаздарын жүргүзүү кызматында (жалпы бөлүм, катчылык, канцелярия) катталат.
31. Кызматчыга карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сотко даттана алат. Кызматтык териштирүүнүн материалдары талаш-тартышты кароонун жүрүшүндө сотко берилиши мүмкүн.
Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимге даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
32. Кызматтык териштирүүгө тартылган эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрү мындай кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан төлөнөт.
33. Эгерде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине мурда кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим чыгарууда ага белгилүү болбогон, жоруктун оордугун жана мүнөзүн өзгөртүүчү жагдайлар белгилүү болгон учурда, ал үч жумуш күндүн ичинде өзүнчө буйрук менен кызматтык териштирүүнү кайра баштоого милдеттүү.
34. Буйрук узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон учурда кызматтык териштирүүнү кайра баштоо мурда жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча буйруктун колдонулушун токтотпойт.
4. Корутунду жоболор
35. Кызматтык териштирүүнүн материалдары делого топтолот, ага төмөнкүлөр тиркелет:
- кызматтык териштирүүнү дайындоо үчүн себеп болгон маалыматтарды камтыган документ же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- кызматтык териштирүүнү дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчынын жана башка кызматчылардын түшүндүрмөлөрү;
- кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү жыйынтыктоочу корутунду;
- кызматтык териштирүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча буйруктун көчүрмөсү;
- кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталган фактыларга тиешеси бар башка материалдар.
Кызматтык териштирүүнүн материалдары персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси күбөлөндүргөн делодогу болгон документтердин тизими менен өзүнчө папкада көктөлүп, ар бир бетине номер коюлат, ал иш кагаздарын жүргүзүү кызматында (жалпы бөлүм, катчылык, канцелярия) катталат.
36. Кызматтык териштирүү аяктагандан кийин материалдар персоналды башкаруу кызматында үч жыл сакталат, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилүүгө тийиш.