Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-декабры № 358
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык чөйрөнүн мекемелеринде тамактануунун акчалай ченемдери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомунун редакциясына ылайык)
Социалдык стационардык мекемелерде, балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде жашаган балдардын жана жарандардын тамактануу сапатын жогорулатуу жана рационун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 545 "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 3, 6 жана 14-пункттарындагы "110" деген цифралар "220" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 13-пункту "Балдар үйү" деген сөздөрдөн мурда "Саламаттык сактоо системасынын" деген сөздөр менен толукталсын, "50" деген цифралар "220" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14-пункту "Тамак-аштын" деген сөздөрдөн мурда "Социалдык мекемелер үчүн" деген сөздөр менен толукталсын, "улгайган" деген сөздөн кийин "жарандар жана" деген сөздөр менен толукталсын, " 100" деген цифралар "200" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкү редакциядагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Муниципалдык мекемелер тамак-аштын ушул нормаларын жетекчиликке алат.".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |