Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 15-январы № 7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542, 2024-жылдын 30-январындагы № 37, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 769, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 317 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарын кошумча социалдык колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2008-жылдын 1-январынан тартып социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын эсептик акчалай нормалары тиркемеге ылайык белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессинде каражат болгон учурда чекене баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен тамак-ашка сарптоолордун акчалай нормаларын индексациялоого укук берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга республикалык бюджетте тамак-аштын акчалай нормаларынын өзгөрүшүнө байланыштуу кошумча сарптоолорду карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2008-жылдын 1-февралына чейин белгиленген тартипте төмөнкүлөр жөнүндө нускамаларды иштеп чыксын жана бекитсин: - республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки мекемелерде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө; - интернат мекемелеринде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомунун 3 жана 4-пункттары; - "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 419 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү-төртүнчү абзацтары; - "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31 -июлундагы № 510 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 1-пункту; - "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 528 токтому. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай Нормалары
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542, 2024-жылдын 30-январындагы № 37, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 769 , 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 317 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
бир күнгө сом менен
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||