Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 270 токтомуна) |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
2012-жылы Кыргыз Республикасы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп узак мөөнөттүү Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиясын кабыл алган, анын негизинде 2012-2014, 2015-2017 жана 2018-2020-жылдардын ичинде гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин үч жылдык улуттук планы кабыл алынган.
Гендердик теңсиздикти жоюу боюнча стратегиялык документтердин жана көрүлгөн практикалык чаралардын болушуна карабастан, эл аралык рейтингдер өлкөнүн экономикалык турмушуна катышуу, ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө жетүү жагынан олуттуу гендердик теңсиздиктин бар экендигин көрсөтүп турат.
Алсак, Глобалдык гендердик ажырым 2020 (ГГА) индексине, экономикалык катышуунун жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдүн, билим алуу, саламаттык сактоо жана жан багуу, ошондой эле аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн көрсөткүчтөрүнө ылайык Кыргыз Республикасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөнкү 109-позицияны ээлейт (Казакстан 79, ал эми Россия Федерациясы 81-позицияны ээлейт).
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасың өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары - Улуттук стратегия) максаттарынын бири чакан жана орто ишкердикти бир калыпта жана туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, ишкерлерди административдик кысымдан коргоону камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди аныктоо, бийлик менен бизнестин өз ара өнөктөштүк мамилелерин түзүү, өзүн-өзү жөнгө салууну өнүктүрүү үчүн ченемдик актыларды кабыл алуу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, экономиканын ар кандай тармактарында, региондордо ишкерлердин ишин кеңейтүү үчүн шарттарды жана жумуш орундарын түзүү болгондугуна карабастан, аялдар ишкердигин колдоо боюнча чаралар анда жетиштүү деңгээлде чагылдырылган эмес.
Алсак, Улуттук стратегияда аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү колдоо боюнча комплекстүү экосистеманы түзүүгө тийиштүү көңүл бурулган эмес. Мунун баары орто мөөнөттүү келечекке Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча өзүнчө Программаны кабыл алуу зарылдыгы менен шартталат.
Бирок ишкерлерди сурамжылоо көрсөткөндөй, бизнес-чөйрөдө олуттуу кемчиликтер бар. Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнүн негизги проблемаларына төмөнкүлөр кирет:
- салыктык башкаруунун сапатынын төмөндүгү;
- коррупциянын жогорку деңгээли;
- макроэкономикалык туруксуздук;
- бажылык жана тышкы соодалык жөнгө салуунун канааттандырарлык эместиги;
- сот системасынын начардыгы жана экономикалык чыр-чатактарды чечүүнүн натыйжасыз системасы.
Ошону менен бирге биздин коомдун алдында турган эң маанилүү социалдык-экономикалык милдеттердин бири гендердик мамилелерди гармониялаштыруу болуп саналат. Туруктуу экономикалык өнүгүү эркектер менен аялдардын өндүрүштүн бардык факторлоруна бирдей жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө гендердик теңчиликке жетишүү жана ажырымды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүү маселелери биринчи планга чыгууда.
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары -Программа) үч негизги багытта аялдар ишкердигин өнүктүрүү демилгелерин колдоо боюнча чараларды камтууга тийиш:
1) ишкердик менен алектенүүнү каалаган аялдарга, ошондой эле аялдардын жетекчилиги астында иштеп баштаган ишканаларга жардам көрсөтүү;
2) аялдардын жетекчилиги астында иштеп жаткан ишканаларга андан ары диверсификациялоо жана модернизациялоо үчүн жардам көрсөтүү;
3) аялдар жетектеген экспортко багытталган чакан жана орто ишканаларды өбөлгөлөө.
2. Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин өнүктүрүү, колдоо жана мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
2.1. Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугу
Кыргыз Республикасы акыркы бир нече жылда ишкердик климатты жакшыртуу үчүн бир катар реформаларды жүргүздү, муну бир катар эл аралык отчеттордо баяндалган маалыматтар күбөлөндүрөт, өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр белгиленүүдө.
Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигинин деңгээли жетишээрлик туруктуу деңгээлде. Бизнес менен алектенүүнү каалаган аялдардын үлүшү дайыма өсүүдө. Муну менен бирге аялдар ишкердиги көптөгөн тармактарда олуттуу жакшыртууларга муктаж, анткени негизги максат ата мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк компаниялар үчүн да бизнес жургүзүүнүн жагымдуулугун жогорулатуу болушу керек.
Баалоонун көрсөткүчтөрүнө ылайык "Бизнес жүргүзүү" рейтинги боюнча бизнести жөнгө салуу, ошондой эле "Doing Business 2020" дүйнөлүк банктын маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасы 2018-жылы 70-орунда болсо, ал эми 2019-2020-жылдары өлкөнүн рейтинги 80-орунга түшкөн, ошол эле учурда Казакстан 25-орунда болсо, ал эми Өзбекстан 69-орунда турган.
Азыркы учурда жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35%ды, дыйкан чарбалардын жетекчилеринин арасында - 19,6%ды түзөт. Эгерде акыркы 10 жылдын ичинде жеке ишкердик менен алектенген эркектердин саны дээрлик 100 миң адамга өскөн болсо, ал эми жеке ишкер аялдардын саны дээрлик өзгөргөн жок.
Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн Кепилдик фонду түзүлгөнүн белгилей кетүү керек. Кепилдик - бул банктардан кредиттин толук суммасын алуу үчүн күрөөнүн жетпеген бөлүгүн камсыз кылуучу финансылык инструмент. Кепилдик фонду тарабынан берилген кепилдик боюнча комиссиянын суммасы коммерциялык банктарга караганда кыйла (дээрлик 2 эсеге) төмөн жана айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, иштетүүчү өнөр жай жана туризм үчүн 2%ды, соода үчүн - 2,8%ды жана башка бардык тармактар үчүн - 2,5%ды түзөт.
Кепилдик фондунун бизнеске болгон кепилдигине суроо-талапты эске алуу менен, башка бардык бирдей шарттарда кепилдиктерди берүүдө ишкер аялдарга артыкчылык бериле тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
1-таблица. Кепилдик фондунан кепилдиктерди алууга өтүнмөлөрдүн өсүшү жана ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин суммасынын өзгөрүү динамикасы (КР Кепилдик фондунун маалыматтары боюнча)
Иштин көрсөткүчтөрү | жылдар | |||
2018 | 2019 | 2020 | 2021 1-квартал | |
Ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин саны | 116 | 134 | 173 | 85 |
% өсүш (өткөн жылга салыштырмалуу) | X | +15,5% | +29,1% | X |
Ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин суммасы | 140 | 205 | 227 | 73 |
% өсүш (өткөн жылга салыштырмалуу) | X | +46,4% | +10,7% | X |
Таблицада 2018-2021-жылдары ишкер аялдардын Кепилдик фондунан кепилдиктерди алууга өтүнмөлөрүнүн санынын өсүшү да, ошондой эле ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин суммаларынын өсүшүнүн кыйла жогорку темпи да көрсөтүлгөн.
Кепилдиктердин өсүшүнүн себептеринин бири "РСК банк" ААКдан "Ишкер-Айым" жана "Айыл банк" ААКдан "Айым-Кредит" сыяктуу атайын жеңилдетилген кредиттик программаларды ишке киргизүү болуп саналат, алардын улуттук валютадагы пайыздык ставкасы 24 айга чейинки мөөнөткө (жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоо үчүн) жана 36 айга чейин (негизги каражаттарды сатып алуу/куруу үчүн) жылдык 14%ды түзөт.
Ошондой эле аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында Аялдардын иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдында гендердик өнүктүрүү жаатындагы программаларды жана аялдар ишкердиги боюнча программаларды аткаруу боюнча күч аракеттерге мониторинг жүргүзүү жана координациялоо боюнча катчылык түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек.
Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бизнестеги аялдар" программасы менен Кыргыз Республикасында келерки 5 жылга карата төмөнкүлөр пландаштырылган:
- аялдар башкарган компанияларга кредит берүү үчүн 12 миллионго чейин АКШ долларын берүү;
- Борбордук Азия өлкөлөрүн аялдар башкарган ишканалар үчүн 114 млн. АКШ доллары суммасында каржылоо;
- 1 миллиондон ашык АКШ доллары ишкер аялдарга өз бизнесин өнүктүрүү үчүн жергиликтүү консультанттардын жана эл аралык эксперттердин мониторинги, тренингдик курстарын жана ноу-хауларын алуу үчүн берилет.
2.2. Аялдардын ишкердик активдүүлүгү
"Аялдар ишкердигинин" мыйзамдык аныктамасынын жоктугу жана гендердик статистиканын жоктугу ишканаларды жана уюмдарды жетектөөгө аялдардын катышуусунун деңгээлин баалоону кыйындатат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде юридикалык жактардын реестри аялдардын уюштуруучу катары катышуусуна ишенимдүү баа берүүгө, ошондой эле ишканаларды башкарууда аялдардын өкүлчүлүк деңгээлине баа берүүгө мүмкүндүк бербейт.
Кыргыз Республикасындагы кадимки ишкер аял орто билимге ээ, 40-50 жаш курактагылар чакан же орто ишкананы башкарат, үй-бүлөлүү, балалуу жана жумуш менен үйдөгү күнүмдүк милдеттерди айкалыштыруу проблемаларына туш болот.
Негизинен Кыргыз Республикасындагы ишкер аял өзүнүн бизнесин отуз жаштан өткөндө, мурда иштин башка чөйрөсүндө иш тажрыйбасына ээ болгондон кийин баштайт. Өз бизнесин түзүүнүн негизги себеби болуп көз карандысыздыкка умтулуу, өздүк жеке киреше табуу же ишке орношуунун мүмкүн эместиги саналат.
Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, өз бизнесин ачууда ишкер аялдар туш болгон негизги проблемалар көбүнчө финансы, бизнести жүргүзүү жана башкаруу боюнча маалыматтын, билимдин жетишсиздигине, ошондой эле үй-бүлөдөгү жана жумуштагы күнүмдүк милдеттерди айкалыштыруу проблемасы менен байланышкан.
Күнүмдүк турмушта ишкер аялдар жумуш менен үй тиричилигинин ортосунда үлгүрө албай, жеке өсүү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн убакыттын жетишсиздигине туш болушат.
Өз кезегинде финансылык жана укуктук сабаттуулуктун төмөндүгү, өзүн-өзү төмөн баалоо менен айкалышта ишкердик көндүмдөрдүн жоктугу, ошондой эле аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө комплекстүү колдоо көрсөтүү системасынын жоктугу аялдар ишкердигинин сандык жана сапаттык өсүшүнө тоскоол болууда.
Бүгүнкү күндө аялдар ишкердигин өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдук катары, аялдар дайыма туруштук берүүгө туура келген гендердик стереотиптерди аташат. Биз кандай айткан күндө да, жалпысынан бизнести жетектөөнү аялдарга өткөрүүгө коомдук пикир тескери көз карашта. Алар лидер болуу аялдын иши эмес деп эсептешет. Мындан тышкары сурамжылоо жүргүзүлгөн бардык аялдардын пикири боюнча аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө, ишкердикте эркектер менен атаандашууда аларга болгон кош жүк: үй-бүлө жана жумуш тоскоол болгондугу менен байланышкан "объективдүү кыйынчылыктар" жолтоо болот.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча аялдар күнүнө орто эсеп менен 4 саат 30 мүнөттү үй жумуштарына арнап, буга убактысынын 18,8%ын жумшашат. Эркектердин буга кеткен убактысы суткасына күнүнө 6,5%дан ашпайт. Натыйжада аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына 3 эсе жана балдарды тарбиялоого 2 эсе көп убакыт жумшашат. Мындай түйшүктүү кырдаал аялдардын зарыл болгон эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жана алардын ден соолугуна коркунуч жаратат.
Ишкердик менен алектенген аялдарга күйөөсү, балдары, туугандары тиешелүү түрдө колдоо көрсөтүшпөйт. Микроишкерлик аялдар үчүн кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат, алар аны мезгил-мезгили менен колдонуп турушат. Аялдар бизнести башкарууга убакыттын жетишсиздигинен (24%) жана үй-бүлө иштери менен алектенүү жана бала багуу зарылдыгынан улам (14%) эркектерге караганда 1,7 эсеге көп бизнесин жабышат.
ЕРӨБ изилдөөсүнө ылайык жетекчи аялдардын көпчүлүгү кесипкөй консультанттар менен насаатчылардын жетишсиздигин белгилешет, бул алардын компанияларынын өсүшүн чектейт.
Мындан тышкары бизнести жаңы баштаган ишканалар үчүн консультациялардын, насаатчылыктын жана окуулардын болушу дагы эле региондор боюнча бирдей бөлүштүрүлгөн эмес жана кошумча наркы жогору болгон ишканалар жаатында да жетишсиз. Ошону менен бирге аялдар ишкердигин өнүктүрүүдөгү негизги проблемалар катары төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:
1) "аялдар ишкердигинин" бирдиктүү аныктамасынын жоктугу;
2) аялдар ишкердигинин өлкөнүн экономикасына кошкон салымын баалоо жөнүндө гендердик дезагрегацияланган маалыматтардын жоктугу;
3) бизнес-инфратүзүмдүн жетиштүү өнүкпөгөндүгү;
4) рынокко жеткиликтүүлүк жана кошумча нарк чынжырчасына кошулуу үчүн өбөлгөлөрдүн жана мамлекеттик колдоо чараларынын жетишсиздиги.
2.3. Финансыга болгон жеткиликтүүлүк
Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн бир катар изилдөөлөргө ылайык аялдардын финансыга жетүүсү чектелгендиги белгиленүүдө. Мындай абал биринчи кезекте, коммерциялык финансы уюмдарынын ишкер аялдардын керектөөлөрүн жана алардын жагымдуу кардар сегменти катары потенциалын түшүнбөгөндүгү, ошондой эле рынокто "аялдардын банктык иши" негизинен микрокаржылоонун эсебинен чечилиши керек деген жаңылыш түшүнүк менен шартталган.
Изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык кыймылсыз мүлктүн 29% гана аялдарга катталган, ал эми 62%ы башка адамдарга, 9%ы катталган жери боюнча жашабаган адамдарга катталган. Активдердин көпчүлүгү эркек үй-бүлө мүчөсүнө катталган, бул аялдардын кредит алуусунун чектелишине алып келет. Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинин жыйынтыктары аялдардын жерди пайдаланууга жана жерден башка активдерге, контролдоого жана ээлик кылууга мүмкүнчүлүгү чектелгендигин ырастайт. Аялдардын экономиканын өндүрүмдүүлүгү төмөн сегменттерине көбүрөөк тартылгандыгы, алардын жерге жана мүлккө болгон укугунун, күрөөлүк камсыздоо мүмкүнчүлүгүнүн, ошондой эле күрөөнүн альтернативдүү түрлөрүн пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү өзгөчө шарттары бар атайын финансылык продукттардын, кепилдиктердин, камсыздандыруунун жоктугу өз бизнесин каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине алып келет.
Күрөөлүк камсыздоо боюнча чектөөлөрдү жеңилдетүү максатында "Кепилдик фонду" ААК түзүлгөн, ал 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 781 млн. сом суммасында 471 кепилдик берген, анын ичинен ишкер аялдарга сан түрүндө 28,4% жана суммалык түрдө 26,2% бөлүнгөн. Фонддун кредиттик портфели акыркы бир нече жылда өскөнүнө карабастан, ал чакан жана орто ишкердиктин каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоого олуттуу таасирин тийгизүү үчүн дагы деле анча маанилүү эмес бойдон калууда.
Ишкердикти баштаган аялдар үчүн баштапкы капиталдын жоктугу негизги тоскоолдук болуп саналат. Мындан тышкары аялдар гендердик тоскоолдуктарга туш болушууда. Финансы секторунда эркектердин үстөмдүгү негизги чакырык болуп саналат: эркек кредиттик адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн аялдар гендердик көз карашка туш болгонун, анын ичинде алардан, эгерде ссуда алуу үчүн өтүнмө берүүнү каалашса, күйөөлөрүн алып келүүнү талап кылышканын билдиришкен.
Мында коммерциялык банктардын өздөрү жалпысынан чакан жана орто ишкердикке кредит берүүгө жетиштүү көңүл бурушпайт, бул ишкер аялдардын микрофинансылык уюмдарга кайрылууларынын өсүшүнө алып келүүдө. Өз кезегинде микрофинансылык уюмдар кредит алуу үчүн чогултулууга зарыл болгон документтердин пакетине карата кыйла жеңил талаптарды коюшат. Бирок терс жагы болуп аялдар ишкердигинин өнүгүшүнө жана өсүшүнө жалпысынан зыянын тийгизген пайыздык ставкалардын жогорулугу саналат.
Аялдарга берилген микрокредиттердин басымдуу бөлүгү төмөнкү ишкердик максаттарга багытталган:
- айыл чарбасын өнүктүрүүгө - 28,72%;
- соодага жана коммерцияга - 15,38%;
- кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө - 10,2%.
Бирок микрокредиттик уюмдарда колдонулган жогорку пайыздык ставкалар көп учурда ишкерлерди каржылоонун башка булактарын издөөгө мажбурлайт, натыйжада 31,8%ы туугандарына, 15,8%ы - досторуна жана 6,9% - пайызга акча бергендерге кайрылышкан.
2.4. Аялдардын иш менен камсыз болуусу, эмгек акысы жана жумушсуздугу
Кыргыз Республикасында аялдар микрокредит берүүгө негизделген формалдуу эмес эмгек рыногунда, айрым бир тейлөө жана соода секторлорунда басымдуулук кылышат, ошону менен катар алар социалдык жана пенсиялык төлөмдөр менен камсыз болушпайт, ошондой эле мүмкүн болгон саламаттыкты сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн дайыма эле пайдалана алышпайт.
Мындан тышкары микрокредит берүүгө негизделген өзүн-өзү иш менен камсыздоо чөйрөсүндө аялдар басымдуулук кылат. Чакан/орто жана ири ишкердик боюнча маалыматтар да ири ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын өкүлчүлүгүнүн төмөндүгүн көрсөтөт - 575 аял жана 1290 эркек, орто ишканаларда- 1670 аял жана 2374 эркек, чакан ишканаларда - 6810 аял жана 15708 эркек.
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын жана Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттердин планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Аталган документтерде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча милдеттерди чечүү төмөнкүдөй күтүлгөн натыйжаларга алып келиши керек экендиги белгиленген:
1) аялдардын макроэкономикалык көрсөткүчтөргө кошкон салымын эсепке алуу (үй тиричилиги, көмүскө, формалдуу эмес экономика ж.б.);
2) ишкердик чөйрөсүндө аялдарды институционалдык жана инфратүзүмдүк колдоо;
3) иштеген аялдар менен эркектердин эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерин айкалыштыруу үчүн чараларды кеңейтүү;
4) эмгек рыногунда гендердик асимметрияны кыскартуу, бул өз кезегинде вертикалдык жана горизонталдык сегрегацияны кыскартууга мүмкүңдүк берет жана "бирдей баадагы эмгек үчүн бирдей сый акы" принцибин ишке ашырууга алып келет.
Аялдар айыл чарба ишканаларынын башка түрлөрүнө караганда жеке сектордо анча чоң эмес фермердик чарбаларды башкарышат. Азыркы учурда 518 жамааттык чарбалардын ичинен 9,7%ын гана аялдар башкарат, ал эми 38 мамлекеттик чарбанын ичинен бирөөнү гана аялдар башкарат (Чүй облусунда). Айыл чарба ишкерлеринин ичинен аялдар азчылыкты түзөт. Катталган 349 180 дыйкан чарбаларынын ичинен 70291 (же 20,1%) ишкананын расмий жетекчилери аялдар болуп саналат. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү долбоорлорунда аялдар, эреже катары майда короо-жай участокторуна, жашылча өстүрүү менен байланышкан компоненттерге тартылган.
Кыргыз Республикасында иштеген калктын арасында аялдардын үлүшү кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө, өзгөчө кыймылсыз мүлк менен операциялар (94%), калктын саламаттыгын сактоо жана социалдык тейлөө (81%), билим берүү (79%), мейманкана жана ресторан бизнеси (49%), иштетүү өнөр жайы (40%тен ашык) сыяктуу иштин түрлөрүндө кыйла жогору.
Аялдар ишкердигине карата Кыргыз Республикасынын учурдагы мамлекеттик саясаты аялдардын экономикалык иштин жана жумуштардын айрым бир түрлөрү менен алектенүүсүнө бир катар мыйзамдык чектөөлөрдү белгилейт, Аларга транспорт, логистика жана жеткирүү тармагындагы көптөгөн кесиптер кирет.
Совет убагында аялдардын ден соолугун коргоо максатында киргизилген бул чектөөлөр аялдарды айлык акысы кыйла жогору жана туруктуу ишке орношууга алып келиши мүмкүн болгон белгилүү бир карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратууда.
Ошол эле учурда көптөгөн жумуш орундарын автоматташтыруу жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерине киргизилген олуттуу жакшыртуулар, аялдардын тыюу салынган карьерага умтулуусуна карата баштапкы эскертүүлөрдү эскирген жана керексиз кылат.
Эркектер негизинен экономикалык иштин кыйла кирешелүү чөйрөлөрүндө (курулуш, энергетика, өнөр жай ж.б.) иштешет. Аялдар "аялдардыкы" статусу бекитилген аз акы төлөнүүчү секторлордо (саламаттык сактоо, соода, билим берүү, кол өнөрчүлүк) иштешет.
Жынысына карабастан бардыгы үчүн бирдей эмгек шарттарын камсыз кылуу мыйзамдуу түрдө бекитилгенине жана эмгектик басмырлоого тыюу салынганына карабастан, аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси бар, бул аялдардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Аялдарга белгилүү бир чектөөлөрдү койгон каада-салттарга жана менталитетке байланыштуу өлкөдө экономикалык чөйрөдөгү гендердик ажырым күч алууда, бул аялдардын орточо эмгек акысынын төмөндөшүнө себеп болду. 2007-2010-жылдары аялдардын арасында эмгек акы болжол менен эркектердикинин 67%ын гана түзгөн, айылдык райондордо аялдардын кирешеси андан да төмөн болгон. 1960-1990-жылдардагы мезгилде аялдардын экономикага катышуусу кыйла жогорку болуп - 80%ды түзгөн, мында 1991-жылдан 2007-жылга чейин бул пропорция өлкө боюнча 53,6%га чейин төмөндөгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча жалпы республика боюнча аялдардын эмгек акысынын эркектердин эмгек акысына болгон катышы 77%ды түзгөн. Аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлиндеги айырма гендердик өңүттө тармактык иш менен камсыз кылуу түзүмү менен түшүндүрүлөт. Алсак эмгек акысы төмөн болгон билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген кызматкерлердин жалпы санында аялдар басымдуулук кылат.
Региондор боюнча Жалал-Абад облусунда эркектердин эмгек акысы аялдардын эмгек акысынан 1,5 эсеге жогору, ал эми Бишкек шаарында 1,3 эсеге жогору. Эмгек акынын эң аз ажырымы Нарын (20,7%) жана Ысык-Көл (16,2%) облустарында белгиленген. Орточо республикалык деңгээлден жогору аялдардын эмгек акысы Бишкек шаарында белгиленген жана 19877 сомду түзгөн, эң төмөнкүсү - 10455 сом - Ош облусунда.
Республика боюнча аялдардын жумушсуздук деңгээли 6,2%ды түздү, анын ичинен жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен облусунда - 11,5%ды, эн төмөнкүсү Талас облусунда - 3,6%ды түзгөн.
Муну менен бирге аялдар арасындагы жумушсуздуктун жогорку деңгээли аялдар менен эркектердин ортосунда бирдей эмес бөлүштүрүлүшү балдарды багуу жана үй милдеттери менен да байланыштуу.
2.5. Аялдар ишкердигине карата жамааттык позицияларды жана мамлекеттик саясатты баалоо
Гендердик саясаттын негизин түзгөн Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринин арасында - мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн негизги принциптеринин бири катары бирдей жарандык укуктарды жана тең мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясы бар. Ошол эле учурда бул принципти ишке ашыруунун механизмдери, өзгөчө ишкердикти өнүктүрүү жана айыл чарбасын реформалоо чөйрөсүндө иш жүзүндө жок.
Улуттук программаларды иштеп чыгууда гендердик аспектилерди эске алуу салтка айланган, бирок көбүнчө гендердик сезимталдык же үстүртөн мүнөзгө ээ, же экономиканын айрым бир тармактарында гендердик теңчиликти илгерилетүү стратегияларын сабаттуу жана сын көз менен кайра карап чыгууга мүмкүндүк бербейт, же болбосо адекваттуу бюджеттик колдоону камсыз кылбайт, ошону менен гендердик мамиле боюнча бардык демилгелерди таза декларацияга айландырат.
Кыргыз Республикасынын ишкердикти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында гендердик айырмачылык так көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан чакан жана орто ишкердиктин абалын баалоодо жана талдоодо гендердик мамиле мыйзамдык жана укуктук деңгээлде жынысына карабастан бардык ишкерлер үчүн шарттардын бирдейлигин билдирген юридикалык түшүнүк катары киргизилген эмес, Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарында ишкердик субъекттердин так бирдиктүү классификатору жок, мында чакан жана орто ишкердиктин тигил же бул факторлорун бизнес-ишканаларынын белгилүү бир түрүнө киргизүү критерийлеринде олуттуу айырмачылыктар бар. Мисалы, ишкердик чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мамилелери мамлекеттик деңгээлде чакан жана орто ишкердик жаатындагы бардык саясатты координациялоочу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамилелеринен кескин айырмаланат.
Аялдар ишкердигин өнүктүрүүдөгү дагы башка проблема мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары тарабынан колдоонун жоктугу, коррупция, тигил же бул документтерди алуудагы создуктуруулар, контролдоочу органдар (салык жана өрткө каршы кызматтар, санитардык контроль, социалдык фонд ж.б.) менен жеке катышуусуз өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болуп калды. Алсак аялдар үчүн бизнес жүргүзүүдө салык жана санитардык эпидемиологиялык кызматтар менен проблемалар эркектерге караганда дээрлик 2 эсеге, ал эми энергетика чөйрөсүндөгү органдар жана уюмдар менен 1,5 эсеге көп келип чыгат.
Бизнес-ассоциациялар кызыкчылыктарды коргоонун жана аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. Азыркы учурда аялдардын бизнес-ассоциациялары инвестициялык климатты жакшыртуу, кредиттик ресурстарды тартуу бөлүгүндө бизнес менен мамлекеттин ортосунда көмөкчү катары чыгып, ишкер аялдардын укуктарын коргоону уюштуруу формасы болуп калды.
Бирок аялдар ишкердигинин институционалдык өсүшү жана өнүгүшү үчүн аялдардын бизнес-ассоциациялары өздөрүнүн мүчөлөрүнүн керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына ылайык кесиптик кызматтарды көрсөтүү тарабына өз функцияларын кайра карап чыгуулары жана кеңейтүүлөрү зарыл.
Региондук бизнес-ассоциациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү диалогду түзүүдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда, бул аларга аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча жергиликтүү саясатты иштеп чыгууга конструктивдүү катышууга мүмкүндүк бербейт.
Өз кезегинде мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары аялдардын бизнес-ассоциацияларын региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу процесстерине, ошондой эле аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө же жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу процесстерине тартпайт.
Аялдар ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүүнүн дагы бир проблемасы болуп аялдардын бизнес-коомдоштугунун эксперттик жана аналитикалык потенциалынын деңгээлинин төмөндүгү саналат, бул дагы аларды мамлекеттик-жеке диалогго активдүү тартуу жана ишкер аялдардын кызыкчылыктарын андан ары коргоо үчүн тоскоолдук болуп саналат.
Мындан тышкары аялдардын кесиптик тармактарынын жана бизнес-ассоциацияларынын ишине, бул өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн комплексин пайдаланууга аялдардын аз тартылышы белгиленүүдө. Мындай абал аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө психологиялык тоскоолдуктардын болушуна алып келет.
2.8. COVID-19дун таасири
Олуттуу проблемалардын бири COVID-19 пандемиясы жана киргизилген карантин болду, бул жагдай Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизди.
"Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана эркектердин абалына COVID-19дун таасири - 2020-жылдын 15-майына карата ыкчам гендердик талдоо" изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча отчетко ылайык COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасында респонденттердин 32%ы жалданып иштеген, 17,5%ы иштеген эмес, 8,5%ында башка адамдарды жалдабаган бизнеси болгон, респонденттердин 2,5%ынын адамдарды жалдаган бизнеси болгон. Мында аялдардын 1,4%ынын гана адамдарды жалдаган жеке бизнеси болсо, ал эми эркектердики 2 эсеге көп - 3,7% болгон, аялдардын 4,7%ынын жана эркектердин 12,6%ынын адамдарды жалдоосуз бизнеси (жеке ишкерлик, фрилансерлер) болгон.
Мындан тышкары 73% респондент-эркектер жана 55% ишкер аялдар жана өзүң-өзү иш менен камсыз кылгандар алардын бизнеси катталбаганын белгилешкен, бул категория эпидемия менен күрөшүү боюнча киргизилген чаралардын кесепеттеринен кыйла көп жабыр тарткан.
Азыркы учурда COVID-19 респонденттердин дээрлик жарымынын бизнесине олуттуу таасирин тийгизген (47%), 13%ынын бизнеси толугу менен токтоп калган. Эркектер аялдарга караганда алардын бизнесине COVID-19дун тийгизген таасирин көбүрөөк белгилешкен, бирок аялдардын көпчүлүгүнүн бизнеси толугу менен токтоп калган.
3. Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары
Бул Программанын максаты аялдар ишкердигин өнүктүрүү, инвестициялоо, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу аркылуу экономикалык өсүш, институттук чөйрөнүн сапатын жакшыртуу, жалпысынан региондордо адекваттуу социалдык жана өндүрүштүк инфратүзүмдү түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш болгон реформаларды, чараларды жана иш аракеттерди жүргүзүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети финансылык инструменттерге жана кредит берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну, атаандаштык жөнгө салуучу чөйрөнү түзүүнү, административдик тоскоолдуктарды кыскартууну, ишкер аялдардын чыгымдарын азайтууну артыкчылыктуу милдеттердин бири катары коёт.
Максаттарга жетүү үчүн Программа төмөнкү артыкчылыктарга багытталат:
- гендердик өнүктүрүү жана өлкөнү экономикалык өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен банк чөйрөсүндө аялдар ишкердигин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, тараптардын чыгымдарын азайтуу, жеке инвестициялык ишти өнүктүрүү үчүн негиз катары иштин коопсуздугун коргоо жана камсыз кылуу;
- ишкер аялдардын эксперттик жана аналитикалык потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү камсыздоочу мамлекеттик жана коомдук институттарды колдоо жана түзүү, жөнгө салуучу таасирди талдоо жана баалоо методдорун колдонуу жөндөмүн калыптандыруу;
- аялдар ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча региондук борборлордун системасы жана бизнес-инкубаторлор аркылуу ишкер аялдарды жеткиликтүү маалыматтык, консультациялык, өндүрүштүк, технологиялык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу.
4. Программанын негизги максаттары жана чаралары
Программа мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес сектордун аялдарды ишкердикке окутууну колдоо программаларын өнүктүрүү, өзүнүн жеке бизнесин ачууда билим алуу жана көндүмдөрдү үйрөнүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүү аркылуу аялдар ишкердигин үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн ишкердик экосистеманы түзүүнү стратегиялык максат катары коёт, бул иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүүгө жана жаңы ишканаларды ачууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ошону менен жалпысынан экономиканы чыңдоого мүмкүндүк берет.
Өз кезегинде Программанын максаттарына жетүү төмөнкү милдеттерди чечүүдөн көз каранды болот:
1) мыйзамдык жана жөнгө салуучу базаны оптималдаштыруу;
2) финансылык инфратүзүмдү жакшыртуу жана ишкер аялдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
3) ишкердик инфратүзүмдү өнүктүрүү, ишкердик маданиятты көтөрүү жана ишкер аялдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
4.1. Мыйзамдык жана жөнгө салуучу базаны оптималдаштыруу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана жөнгө салуучу базасын оптималдаштыруу өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй иш-аракеттер ишке ашырылат:
- аялдар ишкердигинин бирдиктүү аныктамасын кабыл алуу аркылуу экономикалык жана гендердик өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен ишкердик чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестрлерин кошкондо, электрондук документ жүгүртүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасында дезагрегацияланган статистиканы андан ары киргизүү;
- ишкердикти жаңы баштаган аялдарды колдоону баалоо үчүн өзүнчө критерийлерди аныктоо менен, аялдар ишкердигинин долбоорлоруна карата критерийлерди аныктоо боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- банктык эсепти ЭСКны колдонуу менен санариптик форматта ачуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле "Түндүк" маалыматтык базасын пайдалануу менен кредит берүү үчүн баштапкы документтерди электрондук түрдө жөнөтүү маселесин кароо;
- менчигинде мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңештерине гендердик курамга (бир жыныстагы адамдардын 70%ынан ашпаган деңгээлде) карата мыйзамдык талаптарды киргизүү;
- аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын каражаттарды даректүү бөлүү менен республикалык бюджеттин түзүмүнө "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" деген өзүнчө беренени киргизүү.
4.2 Финансылык инфратүзүмдү өркүндөтүү
Долбоорлорду кредиттөө боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүү, жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана күрөөлүк камсыздоонун альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү жана өлкөнүн экономикасында гендердик ажырымды кыскартууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн негизги артыкчылыктуу кадам болушу керек.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында төмөнкү багыттар жана милдеттер боюнча ишин күчөтөт:
- кредиттик бюролор, төлөм системалары жана банктык эмес финансы институттары (камсыздандыруу, лизинг компаниялары ж.б.) тарабынан берилүүчү финансылык жеткиликтүүлүк жана гендердик статистиканы өнүктүрүү жаатындагы гендердик дезагрегацияланган статистиканы чогултуу системасын түзүү аркылуу аялдар ишкердигин каржылоого мониторинг жүргүзүү;
- адам ресурстарын башкаруу боюнча гендердик багытталган саясатын киргизүү аркылуу финансы секторунда аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүгө өбөлгөлөө;
- жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин жана корпоративдик башкаруу стандарттарын киргизүү сыяктуу иштин кесиптик стандарттарын киргизүү;
- жаңы баштап жаткан бизнес, стартаптар үчүн атайын программаларды киргизүү аркылуу ишкер аялдар үчүн финансылык институттардын финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгөлөө;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана инновациялар аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүнү өбөлгөлөө;
- экспорттук кредиттөөнү жана чакан ишкердиктин тобокелдиктерин камсыздандыруу рынокторун тейлөө үчүн инструменттерди түзүү;
- Аялдар ишкердигин колдоо фондун түзүү жана ишкер аялдар үчүн минималдуу пайыздык ставка жана экологиялык бизнес-долбоорлор үчүн андан да жеңилдетилген шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү менен кредиттик линияны ачуу;
- уставдык фондду көбөйтүүнүн жана донорлордун каражаттарын тартуунун эсебинен "Кепилдик фонду" ААКтын ишин кеңейтүү;
- чакан жана орто ишканаларды негизги фонддор (имараттар, курулмалар) менен камсыз кылуу, ошондой эле курулушу бүтө элек объекттерди сатып алуу үчүн "Бизнес ипотека" механизмин киргизүү;
- чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча "Аялдар бизнесин тейлөө боюнча мыкты финансылык институт" атайын номинациясын киргизүү;
- күрөөлүк камсыздоонун альтернативдүү формаларын киргизүү үчүн жөнгө салуучу базаны иштеп чыгуу;
- аялдар ишкердигин андан ары каржылоого жеңилдетилген мамлекеттик ресурстарды алуу үчүн финансылык институттардын ортосунда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү;
- аялдар ишкердигин каржылоо үчүн атайын кредиттик линиялар катары донорлордун каражаттарын тартуу.
5. Ишкердик инфратүзүмдү өнүктүрүү жана ишкердик маданиятты көтөрүү
Аялдар арасында ишкердикти жайылтуу, бизнес-долбоорлорду финансылык пландаштыруунун жана бюджеттештирүүнүн негиздерин үйрөтүү, квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле ишкер аялдардын арасында психологиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй демилгелерди колдойт:
1) насаатчылыкты өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) мыйзамдар, жаңы технологиялар жана продукттар, рыноктор жана башка актуалдуу маселелер боюнча чакан жана орто ишкердик субъекттерин финансылык эмес колдоонун системасын түзүү (акысыз телефондук жана онлайн-консультациялык кызмат, окуу борборлору, бизнес-инкубаторлор, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жана башкалар);
3) консультацияларды, билим берүү жана психологиялык колдоо көрсөтүү;
4) ийгиликтүү аялдар менен иштиктүү баарлашуу жана тажрыйба алмашуу үчүн платформаларды түзүү;
5) өзүнүн бизнесин түзүү, өнүктүрүү же масштабдоо үчүн окутуу системаларын киргизүү, ишкердикти каржылоо боюнча ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү алуу;
6) ЖМКда чакан жана орто ишкердиктин проблемаларын чагылдыруу;
7) аялдар ишкердигинин позитивдүү образдарын системалуу түрдө илгерилетүү жана мамлекетти жана коомду өнүктүрүүгө ишкер аялдардын кошкон салымын визуалдаштыруу;
8) каттоо жана чакан жана орто бизнес менен иштеген түзүмдөр жана уюмдар жөнүндө маалымдама маалыматты берүү;
9) ишкер - эркектердин жана аялдардын үй-бүлөлүк ролдорун ишке ашырууга лоялдуу инфратүзүмдү өнүктүрүү (балдарды багуу, толук эмес жумуш күн жана ийкемдүү иштөө графиги, коомдук акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу ж.б.);
10) ишкер аялдар үчүн Бишкек шаарында жана региондордо акысыз IT-иш-чараларын, семинарларды, воркшопторду жана хакатондорду уюштуруу үчүн акысыз же жеңилдетилген негизде жайларды берүү;
11) мамлекеттик маалыматтык базанын системасын өркүндөтүү, бизнестин маалыматына өз ара жетүүнүн ачык-айкындыгын жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу;
12) аялдардын бизнес-ассоциацияларын өнүктүрүү жана алардын эксперттик - аналитикалык потенциалын чыңдоо;
13) мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарын жана бизнес-коомчулукту ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун варианттарын аныктоодо аялдар ишкердигин өнүктүрүү деңгээлине тийгизген таасирин баалоочу гендердик мамилени милдеттүү түрдө эске алуу менен жөнгө салуучу таасирди талдоо методдорун практикалык колдонуу боюнча окутуу;
14) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмүндө аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча секторду түзүү;
15) ишкердикке окутуу боюнча аялдардын интерактивдүү борборлорун түзүү.
6. Программанын күтүлгөн натыйжалары
Ушул Программанын иш-чараларын этап-этабы менен ишке ашыруу аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жана колдоого мүмкүндүк берет, бул жүргүзүлүүчү мамлекеттик гендердик саясатка шайкеш келет.
Аялдар ишкердигин натыйжалуу өнүктүрүүнүн пайдубалы өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүүгө мүмкүндүк берүүчү натыйжалуу иштеген экономикалык системаны түзүүгө багытталган ишкердикти колдоонун мамлекеттик саясаты болот.
Ушул Программада коюлган милдеттерди жана чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) аялдардын бизнес-ассоциацияларынын жана башка уюшкан аялдар топторунун ишине тартылган аялдардын санын көбөйтүүгө, бул өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн комплексин пайдаланууга;
2) жетиштүү ресурстар жана маалымат менен аялдар ишкердиги үчүн экосистеманы өнүктүрүүнү камсыз кылууга;
3) банктардын ишкер аялдардын керектөөлөрүн жана кардарлардын жагымдуу сегменти катары алардын потенциалын түшүнбөстүгүнөн улам аялдардын финансыга жетүүсүн чектеген тоскоолдуктарды жоюуга;
4) күрөөлүк камсыздоонун альтернативдүү түрлөрүн киргизүүгө;
5) финансылык сабаттуулугун, иштиктүү көндүмдөрүн жана аялдар ишкердигин социалдык колдоону жогорулатууга;
6) аялдардын экономикалык көз карандылыгынын деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле ишкер аялдардын орточо курагын 30 жашка чейин түшүрүүгө.
7. Программаны аткаруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөлөрү төмөнкүлөр болот:
- 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары менен байланыш;
- гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү;
- ишкер аялдарга өзгөчө көңүл буруу менен ишкердик маселелери боюнча окутуу жана кесиптик даярдоо программаларын иштеп чыгуу;
- аялдарды кесиптик даярдоо жана консультация берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жаатында потенциалды чыңдоо;
- ишкер аялдардын инкубаторлорду, тездеткичтерди жана технопарктарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;
- аялдар ишкердигин өнүктүрүү маселелерин жергиликтүү/региондук өнүктүрүү программаларына интеграциялоо ишинде мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу;
- ишкер аялдардын маалыматтар базасын (электрондук реестрин) түзүү;
- бийлик менен конструктивдүү диалогдо бизнес-ассоциациялардын активдүүлүгүн өстүрүү;
Программаны ишке ашырууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- аялдардын экономикалык активдүүлүгүн өбөлгөлөөгө мүмкүндүк берүүчү позитивдүү чаралардын жоктугу;
- өкмөттүк эмес уюмдарды өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталган кызматташуунун натыйжалуу чараларын илгерилетүү жана киргизүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдары менен өкмөттүк эмес сектордун, донордук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы байланыштын жана координациянын жетишсиздиги;
- аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансылык жардамдын жоктугу.
8. Программаны финансылык камсыздоо
Программада каралган чараларды ишке ашыруу пилоттук кредиттөө долбоорлорун, аялдар ишкердигин өнүктүрүү программаларын каржылоону жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарынын эсебинен көз карандысыз эксперттерге акы төлөөгө атайын тартылган каражаттарды кошпогондо, республикалык бюджеттен ведомстволордун ченем жаратуу ишин камсыздоо үчүн каралган кошумча каржылоо булактарын талап кылбайт.
Программаны ишке ашырууну каржылоону камсыз кылуу үчүн донордук уюмдар менен жетишилген макулдашуулардын негизинде бюджеттен тышкаркы булактар пайдаланылышы керек.
Программаны кабыл алуу мезгилиндеги айрым чаралар боюнча финансылык ажырымдарды жоюу Программа кабыл алынгандан кийин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө аны презентациялоо аркылуу кошумча ресурстарды тартуу үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен макулдашууну талап кылат.
11. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу чогултуунун, талдоонун жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоонун, ошондой эле оңдоолорду киргизүүнүн куралы болуп саналат.
Мониторинг Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
Чогултулган маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жетишилген прогрессти деталдуу талдап, иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндөгү алсыз жактарды жана кемчиликтерди аныктайт. Өкмөттүк эмес сектордун уюмдары алардын ишин каржылоо булактары болгон учурда туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого тартылат.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн маалыматтын булактары болуп мамлекеттик статистиканын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтары саналат.
Программанын ар бир этабынын аягында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча андан аркы ишти жакшыртуу боюнча зарыл болгон түзөтүүчү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжалар бааланат.
|
| 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программасына тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программанын БЮДЖЕТИ
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ченөө бирдиги | Каржылоого муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | ||||
мам-бюджет | МИП жана гранттар | башкасы | бардыгы | Мам-бюджет | МИП жана гранттар | |||||||
I багыт. Мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу | ||||||||||||
1 | Мыйзамдарды адаптациялоо жана оптималдаштыруу | 1.1. Статистикалык маалыматта аялдардын ишкердиги боюнча маалыматтарды бөлүштүрүү менен чогултууну камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында "Аялдар ишкердиги" аныктамасы (дефинициялары) бекитилгенден кийин). Дезагрегацияланган статистиканы чогултуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында "Аялдар ишкердиги" аныктамасы (дефинициялары) бекитилгенден кийин) | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча), ЮМ, ФРЖКК АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. IV кварталы | млн сом | 0 | 2 | 0,5 | 2,5 | 0 | 0,5 | 2 |
1.2. ЭСК колдонуу менен банктык эсепти санариптик форматта ачуу, ошондой эле "Түндүк" маалымат базасын колдонуу менен кредит берүү үчүн баштапкы документтерди электрондук түрдө жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселесин кароо | ЮМ, ЭКМ, ФРЖКК, КБС (макулдашуу боюнча), бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. I кварталы | млн сом | 0 | 0,5 | 0,5 | 1 | 0 | 0,5 | 0,5 | ||
1.3. Банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга банктык эсеп ачуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана ишкер аялдар үчүн алгачкы үч ай ичинде эсепти акысыз тейлөө жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо. Мамлекеттин үлүшү бар коммерциялык банктарга ишкер аялдар үчүн алгачкы үч айда бекер банктык эсеп ачуу жана аны акысыз тейлөөнү сунуштоо | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ. ФРЖКК, КБС, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. I кварталы | Каржылоо талап кылынбайт | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
1.4. Чакан жана орто ишканаларга лизингдик колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЭКМ, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес ассоциациялар жана лизингдик компаниялар (макулдашуу боюнча) | 2026-ж. I кварталы | млн. сом | 0 | 0,5 | 0,5 | 1 | 0 | 0,5 | 0,5 | ||
2 | Гендердик өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу | 2.1. Менчигинде мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңештеринде гендердик курамга (бир жыныстагы адамдар 70%дан ашпай турган деңгээлде) талаптардын механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү | ЭКМ, ЭСКММ, ФРЖКК, УСК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. I кварталы | млн. сом | 0 | 1 | 0,5 | 1,5 | 0 | 0,5 | 1 |
2.2. "Аялдар ишкердиги" терминин ачып берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | ЭКМ, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. II кварталы | млн сом | 0,4 | 0 | 0 | 0,4 | 0 | 0 | 0,4 | ||
2.3. Республикалык бюджеттин түзүмүндө "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" деген өтүнчө статьяны караштыруу жана жыл сайын республикалык бюджеттен аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүп берүү | ФМ, ЭКМ, ЭСКММ | 2022-ж. 1 кварталы | млн. сом | 0 | 2 | 0,5 | 2,5 | 0 | 0,5 | 2 | ||
II багыт. Аялдардын ишкердик жөнүндө маалыматка жетүүсү | ||||||||||||
3 | Аялдардын ишкердик жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу | 3.1. Веб-сайт, социалдык тармактар жана жазылуулар аркылуу ишкердиктеги потенциалын өнүктүрүү боюнча аялдардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты топтогон мамлекеттик жана расмий тилде бирдиктүү санариптик порталды түзүү жана ишке ашыруу | ЭКМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) | 2026-ж. II кварталы | млн. сом | 0 | 1 | 0,5 | 1,5 | 0 | 0,5 | 1 |
3.2. Мамлекеттик маалыматтык кампанияны үзгүлтүксүз негизде жүргүзүү (теле, радио жана башка медиа ресурстар аркылуу) жана аялдар ишкердигинин маанилүүлүгү жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу жана образын кеңири жайылтуу боюнча атайын рубрикаларды жана медиа долбоорлорду түзүү, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүүнү күчөтүү | ММСЖСМ, ЭКМ, | КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) | Программаны ишке ашыруунун аралыгында | млн. сом | 0 | 1 | 0,3 | 1,3 | 0 | 1,3 | ||
3.3 Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнүн белгилөөгө арналган Улуттук конференцияны жыл сайын өткөрүү, ишкер аялдарды сыйлоо | МЭК, өнөктөштөр: бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын ноябрь айында | млн. сом | 0 | 1,2 | 0 | 1,2 | 0 | 0 | 0,2 | ||
III багыт. Финансыга жана финансылык продукттарына болгон мүмкүнчүлүк | ||||||||||||
4 | Ишкер аялдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кеңейтүү | 4.1. Кепилдик фондуна ишкер аялдарга 30% кепилдик берүүнү камсыз кылууну сунуштоо | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КФ, МФУА (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-ж. IV кварталы | Каржылоо талап кылынбайт | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
4.2. АӨБ мурда берген 35,5 млн. сомду пайдалануу менен ишкер аялдар үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ЭКМ, ФМ, КРУБ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. I кварталы | млн. сом | 35,5 | 2 | 2 | 39,5 | 2 | 2 | 35,5 | ||
4.3. Төмөн пайыздык күрөөсүз зайымдар программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарды тандап алуу | 2023-ж. I кварталы | Каржылоону талап кылбайт | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
4.4. Кредиттердин 30%дан кем эмеси ишкер аялдарга кредит берүүгө жибериле тургандыгы каралган эрежени финансы-кредиттик мекемелер кармануусун сунуштоо | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФРЖСКМК, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. I кварталы | Каржылоону талап кылбайт | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
4.5. Финансылардын жеткиликтүүлүгү жана финансылык-кредиттик уюмдардын финансы каражаттарынын көлөмү боюнча гендердик-дезагрегацияланган статистиканы чогултууну жана талдоону КРУБга сунуштоо | КРУБ (макулдашуу боюнча), УСК (макулдашуу боюнча), ФРЖКК, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. IV кварталы | сом | 0 | 0 | 70000 | 70000 | 0 | 7000 | 63000 | ||
4,6. Ишкер аялдар үчүн башка финансылык жана банктык продукттардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | ЭКМ, ФМ. ФРЖКК. КРУБ, ФКУ (макулдашуу боюнча) | 2023-ж. IV кварталы | Каржылоону талап кылбайт | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
IV багыт. Ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бизнес ассоциацияларды чыңдоо | ||||||||||||
5 | Аялдарды ишкердиктин көндүмдөрүнө окутууга жана ишкердикти жүргүзүү маселелери боюнча консультация алууга жетүүсүн камсыз кылуу | 5.1. Аялдарды ишкердикти жүргүзүү көндүмдөрүнө окутуу программасын иштеп чыгуу, анын ичинде улуттук деңгээлдеги санариптик сабаттуулук, насаатчылык программасы жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөр (онлайн жана оффлайн режиминде) | БИМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭКМ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча). шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча, өнөктөштөр: бизнес ассоциациялар эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. II кварталы | млн сом | 0 | 0 | 4 | 4 | 0 | 0 | 4 |
5.2. Окутуучу иш-чараларды өткөрүү жана насаатчылык аркылуу аялдарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүү боюнча программаларды ишке ашыруу, бул жаатта ийгиликтүү апробацияланган тажрыйбаны колдонуу | 2022-ж. III кварталы нан баштап | млн. сом | 0 | 0 | 4 | 4 | 8 | 0 | 4 | |||
Аббревиатуралардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ФРЖСКК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
МКЖБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Кыргыз Республикасынын шаар мэриялары | - | шаар мэриялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КР Президентинин облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КФ | - | ААК "Кепилдик фонду" |
ФМУА | - | Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы |
КБС | - | Кыргызстан банктар союзу |
ФКУ | - | финансы-кредиттик уюмдар |
ММК | - | массалык маалымат каражаттары |