Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-ноябры № 270
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 10-мартындагы № 149 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 1-сентябрдан жана 1-январдан кечиктирбей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчёт берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 14-декабрындагы № 149(3328) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
I багыт. Мыйзамдар жана жөнгө салуу | |||||
1 | Мыйзамдарды адаптациялоо жана оптималдаштыруу | 1.1. Статистикалык маалыматтарда аялдардын ишкердиги боюнча бөлүштүрүү менен маалыматтарды чогултууну кароо (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында "Аялдардын ишкердиги" аныктамасы бекитилгенден кийин). Дезагрегацияланган статистиканы чогултуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында "Аялдардын ишкердиги" аныктамасы бекитилгенден кийин) | 2023-ж. IV кварталы | Актуалдуу маалыматтар ишкер аялдардын финансыга жетишин камсыз кылуу боюнча негизделген чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга жардам берет | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча), ЮМ, ФРЖКК, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
1.2. Электрондук санариптик колтамганы (ЭСК) колдонуу менен банктык эсепти санариптик форматта ачууга мүмкүндүк берүү, ошондой эле "Түндүк" маалымат базасын колдонуу менен кредиттөө үчүн баштапкы документтерди электрондук түрдө жиберүү маселесин кароо | 2023-ж. I кварталы | Бул ченем эсеп ачуу жол-жобосун кыйла жеңилдетет. | ЮМ, ЭКМ, ФРЖКК, КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.3. Банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ишкер аялдар үчүн банктык эсеп ачуу мүмкүндүгүн берүү жана алгачкы үч ай ичинде аны акысыз тейлөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо. Мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарга ишкер аялдардын банктык эсеп ачууларына мүмкүндүк берүүнү жана аны алгачкы үч айда акысыз тейлөөнү сунуштоо | 2023-ж. I кварталы | Ишкер аялдардын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жетишине мүмкүндүк берүү | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ФРЖКК, КБС, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
1.4. Чакан жана орто ишканаларды лизингдик колдоо системасын өнүктүрүүнү жөнгө сэлуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-ж. I кварталы | Ишкердикти жүргүзгөн ишкер аялдардын көбөйүшү | ЭКМ, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар жана лизингдик компаниялар (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Гендердик өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу | 2.1. Менчигинде мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңештеринде гендердик курамга (бир жыныстагы адамдардын 70%дан ашпаган деңгээлинде) талаптар бөлүгүндөгү механизмди иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-ж. I кварталы | Мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңештеринде кеминде 30% аялдардын болушу | ЭКМ, ЭСКММ, ФРЖКК, УСК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2.2. "Аялдардын ишкердиги" терминин ачып берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-ж. II кварталы | Аялдардын ишкердигин колдоо үчүн атайын чараларды камсыз кылуу | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
2.3. Республикалык бюджеттин түзүмүндө "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү" өзүнчө беренесин кароо жана жыл сайын республикалык бюджеттен аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө каражат бөлүү | 2022-ж. 1 кварталы | Республикалык деңгээлде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү | ФМ,ЭКМ, ЭСКММ | ||
II багыт. Аялдардын ишкердик жөнүндө маалымат алууга жетиши | |||||
3 | Аялдардын ишкердик жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу | 3.1. Веб-сайт, социалдык тармактар жана жазылуулар аркылуу аялдардын ишкердиктеги потенциалын өнүктүрүү мүмкүндүктөрү жөнүндө маалыматтарды топтоочу мамлекеттик жана расмий тилдердеги бирдиктүү санариптик порталды түзүү жана ишке ашыруу | 2026-ж. II кварталы | Аялдардын ишкердик жөнүндө маалыматка тоскоолдуксуз жете алышы, бул ишкердик жүргүзгөн аялдардын санынын көбөйүшүнө алып келет. 2025-жылдын аягына карата ишкер аялдардын саны кеминде 30%га өсөт. | ЭКМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭСКММ, ММСЖСМ, МКЖӨБМА, шаар мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) |
3.2. Мамлекеттик маалыматтык өнөктүктү туруктуу негизде жүргүзүү (теле, радио жана башка медиа-ресурстар аркылуу) жана мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүүнү күчөтүүнү кошкондо коомчулуктун аялдардын ишкердигинин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча атайын рубрикаларды жана медиа-долбоорлорду түзүү. | Программаны ишке ашыруунун бүткүл мезгилин де | Бардык медиа каналдарда аялдардын ишкердиги боюнча актуалдуу материалдардын болушу, атайын квоталуу эфирдик сааттардын бөлүнүшү | ММСЖСМ, ЭКМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, шаар мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО, ММК (макулдашуу боюнча) | ||
3.3. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнүн майрамдоого арналган Улуттук конференцияны өткөрүү, ишкер аялдарды сыйлоо | Жыл сайын ноябрь айында | Мамлекетти туруктуу өнүктүрүүдө жана мамлекет менен ишкер аялдардын ортосундагы мамлекеттик-жеке диалогду курууда аялдардын ишкердиктеги потенциалын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ишкер аялдардын ролун актуалдаштыруу жана кеңири жайылтуу. Конференциянын резолюциясына киргизилген сунуштар боюнча Министрлер Кабинетинин тиешелүү чараларды көрүүсү | ЭКМ, өнөктөштөр: бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
III багыт. Финансыга жана финансылык продуктуларга болгон мүмкүнчүлүк | |||||
4 | Ишкер аялдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин кеңейтүү | 4.1. Кепилдик фондуна ишкер аялдар үчүн 30% кепилдик берүүнү сунуштоо | 2024-ж. IV кварталы | Берилген кепилдиктердин жалпы санынын ичинен жок дегенде 30%ы ишкер аялдар үчүн кепилдиктерди түзүшү керек | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КФ (макулдашуу боюнча), МФУА (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4.2. АӨБ тарабынан мурда берилген 35,5 миллион сомду пайдалануу менен ишкер аялдар үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-ж. I кварталы | Ишкер аялдардын аз пайыз менен жана/же күрөөсүз карыздарды алышы | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | ||
4.3. Аз пайыздуу күрөөсүз карыздарды алуу программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарды тандоо | 2023-ж. I кварталы | ||||
4.4. Ишкер аялдарга кредит берүүгө кредиттин 30%дан кем эмеси каралышы керек деген эрежени сактоону финансы-кредиттик уюмдарга сунуштоо | 2023-ж. I кварталы | Банктардын кардарларынын ичинде ишкер аялдардын үлүшү көбөйдү | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФРЖКК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
4.5. КРУБга финансылык-кредиттик мекемелерде финансысынын болушу жана финансы каражаттарынын көлөмү боюнча гендердик-дезагрегацияланган статистикалык маалыматтарды чогултууну жана талдоо жүргүзүүнү сунуштоо | 2023-ж. IV кварталы | Ишкер аялдардын финансыга жетишин камсыз кылуу боюнча негизделген чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн актуалдуу маалыматтар | КРУБ (макулдашуу боюнча), УСК (макулдашуу боюнча), ФРЖКК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
4.6. Ишкер аялдар үчүн башка финансылык жана банктык продуктуларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | 2023-ж. IV кварталы | Финансылык жана банктык кызматтардын жалпы үлүшүнүн кеминде 35%ы ишкер аялдарга жеткиликтүү болушу керек | ЭКМ, ФМ, ФРЖКК, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФКУ (макулдашуу боюнча) | ||
IV багыт. Ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана бизнес-ассоциацияларды күчтөндүрүү | |||||
5 | Ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча аялдардын ишкердик көндүмдөргө окуусун жана консультация алууга жетүүлөрүн камсыз кылуу | 5.1. Улуттук деңгээлдеги санариптик сабаттуулук, насаатчылык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр программасын (онлайн жана оффлайн режиминде) кошкондо аялдарды ишкердик жүргүзүү көндүмдөрүнө окутуу программасын иштеп чыгуу | 2022-ж. II кварталы | Аялдарды ишкердик жүргүзүү жана өнүктүрүү көндүмдөрүнө окутуу боюнча программа түзүү | БИМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭКМ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), шаар мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), өнөктөштөр: бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
5.2. Окутуучу иш-чаралар жана насаатчылык аркылуу аялдарды ишкердик көндүмдөргө үйрөтүү боюнча программаларды ишке ашыруу, бул багытта сыноодон ийгиликтүү өткөн тажрыйбаны колдонуу | 2022-жылдын III кварталы нан баштап | Бизнес-ассоциациялар аутсорсинги аркылуу өлкөнүн бардык аймактарынан кеминде 3000ден кем эмес аялды жыл сайын окутуу |
| ||
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ФРЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жонго салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Кыргыз Республикасынын шаар мэриялары | - | шаар мэриялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КР Президентинин облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КФ | - | "Кепилдик фонду" ААКы |
МФУА | - | Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы |
КБС | - | Кыргызстан банктар союзу |
ФКУ | - | Финансы кредиттик уюмдар |
ММК | - | массалык маалымат каражаттары |
|
| 3-тиркеме |
2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | ||||
2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
1 | Мыйзамдарды адаптациялоо жана оптималдаштыруу | Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар жана багыттар. Жаңы ЧУАларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ЧУА | 2022-2026 | ЧУАларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүү | ЧУАларды иштеп чыгуу | ЧУАларды макулда шуу жана ЧУАларды коомдук талкуулоо | ЧУАларды бекитүүгө киргизүү | ЧУАларды бекитүү | ЧУАларды бекитүү жана кабыл алуу | ЭКМ, УСК (макулдашуу боюнча), ЮМ, ФРЖКК, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2 | Гендердик өнүктүрүү милдеттерин эске алуу менен ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу | Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар жана багыттар. Жаңы ЧУАларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ЧУА | 2022-2023 | ЧУАларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана коомдук талкуулоо боюнча жумушчу топторду түзүү | ЧУА бекитүү |
|
|
| ЧУАларды бекитүү жана кабыл алуу | ЭКМ, ЭСКММ, ФРЖКК, УСК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРУБ (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
3 | Аялдардын ишкердик жөнүндө маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу | Ишкер аялдар үчүн маалыматтар | ММК, санариптик портал, конференция | 2022-2024 | ММК аркылуу маалыматтык кампания | Санариптик порталды иштеп чыгуу | Санариптик порталды ишке киргизүү |
|
| Ишкер аялдар үчүн маалыматты чагылдыруу | ЭКМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭСКММ, ММСЖСМ, МКЖӨБМА, шаар мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММК (макулдашуу боюнча) |
4 | Ишкер аялдардын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүлөрүн кеңейтүү | Ишкер аялдардын банктык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүлөрүн жогорулатуу | % | 2022-2026 | 20 | 20 | 40 | 60 | 80 | 80 | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КФ (макулдашуу боюнча), МФУА (макулдашуу боюнча), КБС (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
Жеңилдетилген кредит алган ишкер аялдардын үлүшү | % | 2022-2026 | 1 | 2 | 4 | 6 | 10 | 10 | ЭКМ, ФМ, КРУБ, КБС, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | ||
5 | Ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча аялдардын ишкердик көндүмдөрүн окууга жана консультацияларга жетүүсүн камсыз кылуу | Бизнес ачкан же бизнес ачууну баштаганы жаткан ишкер аялдарды окутуу программасын ишке ашыруу | Методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана бекитүү | 2022-2026 |
| Сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-планы |
|
|
| Методикалык колдонмолорду бекитүү жана кабыл алуу жана окуу планын ишке ашыруунун жүрүшү | БИМ, КР Президентинин облустардагы ЫУӨ, ЭКМ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, АЧМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), шаар мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), өнөктөштөр: бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ФРЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Кыргыз Республикасынын шаар мэриялары | - | шаар мэриялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КР Президентинин облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КФ | - | "Кепилдик фонду" ААКы |
МФУА | - | Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы |
КБС | - | Кыргызстан банктар союзу |
ФКУ | - | Финансы кредиттик уюмдар |
ММК | - | массалык маалымат каражаттары |