Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин (мындан ары - Департамент) иштеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) экологиялык коопсуздук, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү иштерин мамлекеттик жөнгө салуучу жана координациялоочу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Департамент Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жонго салуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар менен оз ара аракеттенет.
5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери, башка финансы-кредиттик мекемелерде эсептери бар. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственного регулирования в сфере охраны окружающей среды и экологической безопасности при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
7. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККЭКМД";
- расмий тилде: "ДГРЭБ".
8. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
2. Департаменттин ишинин максаты
9. Департаменттин ишинин максаты экологиялык (химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын таза айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укуктарын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
10. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик жөнгө салуу саясатын жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу;
- экологиялык коопсуздук, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен эл аралык техникалык кызматташтыгын ишке ашыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле экологиялык милдеттерди чечүү үчүн эл аралык инвестицияларды жана гранттык жардамдарды тартуу;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, бизнес түзүмдөр, окуу жана илимий мекемелер менен өз ара аракеттенүү.
11. Департамент төмөнкүлөр үчүн жооптуу аткаруучу орган болуп саналат:
- ядролук материалдарды, ошондой эле иондоштуруучу нурлануу булактарын эсепке алууну жана контролдоону ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (мындан ары - МАГАТЭ) менен жалпы техникалык кызматташтыгын ишке ашыруу;
- 2007-жылдын 29-январында Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен МАГАТЭнин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө макулдашуунун Кошумча протоколу боюнча МАГАТЭнин Кепилдиктер департаментине кварталдык жана жылдык отчетторду берүү;
- иштетилген ядролук отун менен иштөөнүн коопсуздугу жана радиоактивдүү калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө Бириктирилген конвенцияны ишке ашырууну координациялоо;
- Ядролук материалды физикалык жактан коргоо жөнүндө конвенциянын жана Ядролук материалды физикалык жактан коргоо жөнүндө конвенцияга Түзөтүүлөрдүн ишке ашырылышын координациялоо.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- Министрликке төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизет:
айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды комплекстүү башкаруунун мамлекеттик саясатын түзүү, өркүндөтүү жана ишке ашыруу;
радиоактивдүү жана химиялык заттарды коопсуз башкарууга стратегиялык мамиле;
радиоактивдүү калдыктар жайгаштырылуучу объекттердин аймактарында айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүнүн тартибин белгилөө;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- иондоштуруучу нурланууну пайдалануунун шарттарын аныктоочу ченемдик критерийлерди жана талаптарды (ченемдөөнү) иштеп чыгат;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү улуттук, региондук жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырууну камсыз кылат;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
- иондоштуруучу нурлануунун булактарын (мындан ары - ИНБ) пайдалануучу объекттерди жайгаштыруу боюнча долбоордук документтерге радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча эксперттик корутунду берет;
- расмий уруксат алуу үчүн арызды колдоо иретинде анын ээси тарабынан берилүүчү документтердин форматына жана мазмунуна тиешелүү жетектөөчү материалдарды иштеп чыгат;
- экологиялык коопсуздукту, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө потенциалды (жөнгө салуучу, ченемдик, укуктук жана институттук) жогорулатууну уюштурат;
- төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин жоболорун ишке ашырууну;
химиялык заттарды жана аралашмаларды каттоону, химиялык заттардын реестрин жүргүзүүнү, ошондой эле жаңы химиялык заттар жөнүндө кабарлоону;
эл аралык кызматташууну жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) экологиялык конвенцияларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерди;
өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык инвестициялык жана гранттык жардамдарды тартууну;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык маалыматтык системалардын алкагында экологиялык маалыматты чогултууга жана алмашууга катышат;
2) жөнгө салуу, координациялоо жана контролдоо чөйрөсүндө:
- экологиялык коопсуздук, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- чек арада радиологиялык контролдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмесин макулдашат;
- радиациялык жана химиялык объекттердин коопсуздугун жана физикалык жактан корголушун баалоону ишке ашырат;
- иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды, уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерди жана эксперттик корутундуларды берүү жана алардын колдонулушун токтото туруу маселелерин кароо процессине катышат, анын ичинде:
а) уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү заттарды утилдештирүүгө, сактоого, көмүүгө, жок кылууга лицензияларды;
б) радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттарды өндүрүүнүн калдыктарын ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө лицензияларды;
в) радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө, ташып чыгарууга, ташууга уруксаттарды;
г) кош багыттагы товарлар болуп саналган химиялык жана ядролук заттарды экспорттоого, импорттоого, транзит менен ташууга эксперттик корутундуларды;
д) баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган, ташып киргизүүдө жана ташып чыгарууда Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө чектөө коюлган уулуу заттарды экспорттоого, импорттоого, транзит менен ташууга эксперттик корутундуларды;
е) автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү коопсуз ташуу шарттарын макулдашууга;
- иштин жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрүн ишке ашырууга берилген лицензиялардын реестрин белгиленген тартипте жүргүзөт;
- жөнгө салуучу орган катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо боюнча функцияларды аткарган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- экологиялык коопсуздукту, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн алкагында эл аралык долбоорлорду өз компетенциясынын чегинде координациялайт жана ишке ашырат;
- Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча иштерди координациялайт;
- ядролук материалдардын жана иондоштуруучу нурлануу булактарынын мамлекеттик реестрин (эсепке алуу жана контролдоо) жүргүзүүнү координациялайт;
- менчигинин түрүнө карабастан объекттер менен чарбакер субъекттердин лицензиялык шарттарды аткарууларын контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы уруксаттардын, ченемдердин, эрежелердин жана башка ченемдик укуктук актылардын, ядролук материалдарды физикалык жактан коргоо, ядролук материалдарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын эсепке алуу жана контролдоого карата талаптарды сактоо меселелери боюнча ар кандай башка изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- ядролук материалдарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатындагы илимий, илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндө коопсуздук маданиятын калыптандыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- МАГАТЭ менен жалпы техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын МАГАТЭ жана химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
- 2007-жылдын 29-январында Вена шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен МАГАТЭнин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө макулдашуунун Кошумча протоколуна ылайык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат;
- эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат, химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук маселелерине карата Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган келишимдер боюнча милдеттенмелердин сакталышын жана аткарылышын камсыз кылат;
- радиациялык аварияларды баалоо боюнча комиссиялардын ишине катышат жана мындай авариялардын эсебин алат;
- Департаменттин ишине байланышкан маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын кароону уюштурат;
- контролдонуучу субъекттердин иштеринин ядролук жана радиациялык коопсуздугун камсыз кылуучу персоналды жана кызмат адамдарын радиациялык коопсуздук маселелери боюнча окутуунун жана билимдерин текшерүүнүн тартибин макулдашат;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
3) колдоо чөйрөсүндө:
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- адистердин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо жана стажировкадан өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- белгиленген иш чөйрөсүндө Министрликтин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында адистерди даярдоо жана аттестациялоо боюнча ишти уюштурат жана координациялайт;
- экологиялык проблемалар жаатындагы эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5. Департаменттин укуктары жана милдеттери
13. Департамент функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалымат алмашууга катышууга;
- мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырлар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга;
- радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ченемдердин, эрежелердин, лицензиялардын, уруксаттардын шарттарынын сакталышын баалоо үчүн белгиленген тартипте радиациялык объекттерге барууга, алардан зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү, материалдарды жана маалыматтарды алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин арасынан жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- экологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен ишке ашырылуучу экологиялык кооптуу жүктөрдү (буюмдарды), калдыктарды жана чийки зат ресурстарын ташып келүүгө, ошондой эле транзиттөөгө (андан ары ташууга), колдонуу жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же бузулушуна алып келген, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирген продукцияны, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө жана пайдаланууга уруксаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра чакыртып алууга;
- лицензияны жана уруксатты алуу милдеттүү болгон учурларда лицензиясыз жана уруксатсыз ишти жүргүзгөндүгү үчүн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөл жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
- адамдарды же айлана-чөйрөнү коргоого коркунуч келтириши мүмкүн болгон радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча талаптарды, ченемдерди, эрежелерди бузуу же бул талаптарды сактай албашы аныкталган учурда иондоштуруучу нурланууну пайдалануу менен иш жүргүзүүгө лицензияларды кайра чакыртып алууга;
- мамлекеттик органдар менен бирдикте жаңы (реконструкцияланган, кеңейтилүүчү, технологиялык жактан кайра жабдылган, жоюлган) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатациялоого киргизүү, объекттерди жайгаштыруу жерин тандоо жана чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жаратылышты пайдаланууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан айлана-чөйрөнүн абалы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды (анын ичинде статистикалык отчетторду), ошондой эле чарбалык жана башка субъекттерден авариялар жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө шашылыш билдирүүлөрдү алууга;
- экологиялык милдеттерди чечүү үчүн эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды уюштурууга жана өтө татаал объекттерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жана пикир келишпестиктерди кароого;
- мамлекеттик органдар, уюмдар, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттар менен макулдашуу боюнча объекттерге жана экологиялык коопсуздукка байланышкан иштерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн алардын адистерин тартууга;
- Департаменттин ишине тиешелүү маалыматтарды ачык басылмага жарыялоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- бекитилген бюджеттин чегинде финансы-чарбалык ишти өз алдынча жүргүзүүгө;
- кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар менен болгон мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого;
- болгон каражаттардын чегинде өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айырмалоочу белгилери бар бекитилген үлгүдөгү форма кийимин кийүүгө, ошондой эле кызматтык жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) сактоого жана пайдаланууга.
14. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүүгө.
15. Департаменттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
16. Департаментти директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз Департаменттин директоруна баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Департаменттин ишин уюштурат. Департаменттин директору жок болгон учурда анын функцияларын тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басары аткарат.
17. Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет.
18. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипте Департаменттин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктык жана финансылык документтерге кол коёт, биринчи кол коюу укугу менен бардык финансы-кредиттик мекемелерде эсептерди ачат;
- Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын сметасын жана штаттык ырааттамасын Министрликке бекитүүгө берет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн талапкерлерди Министрликке көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерине карата тартиптик жазаларды колдонот;
- республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, ошондой эле чет өлкөлөрдө, жалпы юрисдикциядагы соттордо Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин кызматкерлеринин социалдык колдоого, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
- Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды даярдоону жана кайта даярдоону уюштурат;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды, ошондой эле Министрлик тарабынан берилген функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Департаменттин түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министр тарабынан бекитилет.
20. Департаменттин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн формасы жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана министрдин буйруктарына ылайык белгиленет.
7. Департаменттин мүлкү жана финансы
21. Департаменттин мүлкү белгиленген тартипте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана эл аралык уюмдар тарабынан берилген каражаттардын эсебинен түзүлөт.
22. Департаментке бекитилип берилген мүлктү ээликтен ажыратуу же тескөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Департаменттин эсеби жана отчеттуулугу
23. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзөт.
24. Департаменттин финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Жоопкерчилик
25. Департаменттин кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасаган учурда тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
26. Департаменттин кызматкерлеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
10. Корутунду жоболор
27. Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
28. Департаментти кайра уюштуруу, ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
29. Департамент кайра уюштурулган же жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.