Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| ||
|
| 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору (мындан ары - Климаттык борбор) жөнүндө жобо Климаттык борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун укугун улантуучу болуп саналат.
2. Климаттык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) буйруктарын жана тескемелери, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Климаттык борбор ыкчам башкаруу укугуна негизденген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Климаттык борбор өзүнө бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
4. Климаттык борбордун негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар.
5. Климаттык борбордун кыргыз, орус жана англис тилдеринде аталышы жазылган гербдик мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
6. Климаттык борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору";
- расмий тилде: "Центр климатического финансирования при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "Climate Finance Center under the Ministry of Natural Resources, Ecology and Technical Supervision of the Kyrgyz Republic".
Климаттык борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККБ";
- расмий тилде: "ЦКФ";
- англис тилинде: "CFC".
7. Климаттык борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
2. Климаттык борбордун ишинин максаттары
8. Климаттык борбордун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- БУУнун Жашыл климаттык фондусунан (мындан ары - ЖКФ), башка климаттык, экологиялык фонддордон жана эл аралык уюмдардан финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- климаттын өзгөрүүсү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды илгерилетүүгө көмөктөшүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Климаттык борбордун милдеттери
9. Климаттык борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес-түзүмдөр, окуу жана илимий жайлар менен климаттык долбоорлорду даярдоо, климаттык каржылоону тартуу маселелери жана климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү башка маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- климаттын өзгөрүүсү проблемасы боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- ЖКФ, башка климаттык, экологиялык фонддордон жана эл аралык уюмдардан каржылануучу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
- климаттын өзгөрүүсү жаатындагы долбоорлорго мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
- климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө коомдун маалымдарлыгын жана билимин жогорулатууга катышуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Климаттык борбордун функциялары
10. Климаттык борбордун функциялары:
- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын ЖКФте, эл аралык уюмдарда жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирет;
- төмөндөгүлөргө катышат:
климаттын өзгөрүүсү проблемасы боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга;
ЖКФтен, башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордон, эл аралык уюмдардан каржылоо үчүн долбоорлорду бекитүү жол-жобосун иштеп чыгууга;
климаттын өзгөрүүсүнө көнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин болтурбоо боюнча долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө сунушталган жана ишке ашырылган долбоорлордун экспертизасын өткөрүүгө;
ЖКФтен жана эл аралык уюмдардан каржыланган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан климаттык долбоорлор жөнүндө маалымат базасын жүргүзөт;
- ЖКФтен каржыланган долбоорлордун мониторингин жана жыйынтыктарын верификациялоо процессин финансылык ачык-айкындуулугун камсыздоо менен уюштурат;
- ЖКФ, башка эл аралык климаттык, экологиялык фонддор жана аккредитацияланган эл аралык финансылык институттар, уюмдар жана мекемелер менен долбоордук сунуштарды жана программаларды иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенет;
- төмөндөгүлөргө көмөктөшөт:
Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана мекемелерине ЖКФте, башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордо аккредитациядан өтүүгө;
айыл чарбада, ирригацияда, гидроэнергетикада, энергиянын кайра жаралуучу булактарында климаттын өзгөрүүсүнө көнүктүрүү жана таасир этүү үчүн инвестицияларды тартууга, энергиялык жактан натыйжалуу жана төмөн көмүртектик технологияларды транспортто, саламаттык сактоодо илгерилетүүгө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, туруктуу жер пайдаланууга, токой чарбасында жана жер пайдаланууда өзгөрүүлөргө;
социалдык-экономикалык өнүгүүнүн адаптациялык механизмдерин ишке ашыруу жана кыйла натыйжалуу өзүн-өзү башкаруу, агро-экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сактоо аркылуу жергиликтүү калктын табигый ресурстардан көз каранды болушун жана биотүрдүүлүккө келтирилген коркунучтарды төмөндөтүү үчүн каражаттарды издөөгө жана тартууга;
- төмөндөгүлөргө каражаттарды издейт жана тартат:
жер пайдалануунун атаандашкан түрлөрүнөн табигый ресурстарга оорчулукту кыскартууга, жерлерди туруктуу башкаруу боюнча адаптациялык инструменттерди колдонуу боюнча потенциалды күчөтүүгө, айыл чарба жерлеринде талаа коргоочу, эрозияга каршы бактарды тигүү комплексин калыбына келтирүүгө;
дарыялардан суу топтоонун аянтын калыбына келтирүү жана сактоо, аймактардын суу режимин жакшыртуу максатында токой экосистемасынын кызматтар комплексинин туруктуулугун камсыздоого жана токой ресурстарына оорчулукту кыскартууга, токойду калыбына келтирүүгө жана токой өстүрүүнү өбөлгөлөөгө;
адаптациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, глобалдуу, региондук, улуттук жана локалдуу экологиялык проблемаларды чечүү үчүн:
- климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө консультацияларды, кеңешмелерди жана эл алдында өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурат;
- климаттын өзгөрүү маселеси боюнча билимди калк арасында жайылтуу жана анын маалымдарлыгын жогорулатууну, маалымат менен алмашууну жүзөгө ашырат жана координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Климаттык борбордун укуктары жана милдеттенмелери
11. Климаттык борбордун укуктары:
- Климаттык борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштеши үчүн ар түрдүү формаларда ар кандай улуттук, чет өлкөлүк жана эл аралык булактардан финансылык ресурстарды тартат;
- Министрликке Климаттык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
- Климаттык борбордун компетенциясына тиешелүү маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын эл аралык укук менен шайкеш келтирүүгө катышат;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, социологиялык изилдөөлөрдү уюштурат жана өткөрөт, эл аралык маалымат алмашууга катышат;
- кадрларды окутууну, тажрыйба алмашууну, стажировкаларды, тематикасы боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын Климаттык борбордун максаттарына ылайык уюштурат;
- климаттык долбоорлорду жана программаларды талкуулоо, илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн донорлор, инвесторлор, жарандык коомдун өкүлдөрү, жеке сектор менен эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды демилгелейт жана өткөрөт;
- климаттык долбоорлорду жана программаларды илимий-техникалык экспертизалоо үчүн мамлекеттик органдардын адистерин тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырат;
- климаттык жана экологиялык долбоорлорду даярдоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Климаттык борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин аткарууга милдеттүү.
6. Климаттык борбордун ишин уюштуруу
13. Климаттык борбордун ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону директор ишке ашырат.
14. Климаттык борбордун директору Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Климаттык борбордун директорунун бир орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары Климаттык борбордун директоруна түздөн-түз баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде ишти уюштурат. Климаттык борбордун директору жок учурда, анын функцияларын ордун ээлөө убактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.
16. Климаттык борбордун директору:
- Бириккен Улуттар Уюмунун ЖКФ жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын катчылыгы (БУУ КӨАК), Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдары жана эл аралык финансы институттары жана климаттын өзгөрүүсү боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча уюмдар менен оперативдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Климаттык борбордун бардык кызматкерлеринин аткарылышы үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Климаттык борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттенмелерин белгилейт;
- эл аралык финансылык институттар жана ЖКФда аккредиттелген уюмдар менен Климаттык борбордун кызматкерлерин тандап алуу жана алар менен контракт түзүүнү макулдашат;
- Климаттык борбордун кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- Климаттык борбордун ишин жетектейт жана Климаттык борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт;
- Климаттык борбордун атынан ишеним катсыз аракеттенет, ЖКФда, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, эл аралык финансы институттарында жана уюмдарда анын кызыкчылыктарын көздөйт, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип келишимдерди түзөт, ишеним каттарын берет, банктарда эсеп-кысабын ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Климаттык борбордун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
17. Климаттык борбордун директору, анын орун басары жана кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбейт жана контракттык негизде эл аралык финансылык институттардын жана ЖКФда аккредиттелген уюмдардын эсебинен күтүлөт.
7. Климаттык борбордун мүлкү
18. Климаттык борбор өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин милдеттерине жана мүлктүн арналышына ылайык мамлекеттик мүлктү пайдаланууга укуктуу.
19. Климаттык борборду каржылоонун булактары болуп гранттык каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каршы келбеген башка кирешелер саналат.
20. Мекеме алган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк менчик укугунда Климаттык борборго таандык болот.
8. Климаттык борбордун отчеттуулугу
21. Климаттык борбор өзүнүн ишин иштин бекитилген пландарынын негизинде жүргүзөт жана ал боюнча министрге отчет берет.
22. Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык, бухгалтердик жана өзүнүн ишинин натыйжаларынын статистикалык эсебин жүргүзөт.
9. Корутунду жоболор
23. Климаттык борбор өз ишинде Министрликке отчет берет.
24. Климаттык борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
25. Климаттык борбордун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.