Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 314
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда атаган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жободо:
- 8-пункттун экинчи абзацы "(мындан ары - ЖКФ)" деген сөздөрдөн кийин ", башка климаттык, экологиялык фонддордон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктта:
экинчи абзацтагы "климаттын өзгөрүүсү маселеси" деген сөздөр "климаттык долбоорлорду даярдоо, климаттык каржылоону тартуу маселелери жана климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү башка маселелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац алып салынсын;
бешинчи абзац "ЖКФ" деген аббревиатурадан кийин ", башка климаттык, экологиялык фонддордон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пунктта:
бешинчи абзац "ЖКФтен" деген сөздөрдөн кийин ", башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордон, эл аралык уюмдардан" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзац "ЖКФ" деген аббревиатурадан кийин ", башка эл аралык климаттык, экологиялык фонддор" деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана мекемелерине ЖКФте, башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордо аккредитациядан өтүүгө;";
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- климаттык жана экологиялык долбоорлорду даярдоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |