Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |