|
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт, түзүү булактарын жана чыгымдардын максаттарын, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, Фондго түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктайт.
2. Фонд жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Фонд өз ишин ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.
4. Фонд мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүүчү каражаттары, казыналык системасында эсептери болот.
5. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, максаттуу мүнөзгө жана атайын багытка ээ.
6. Фонддун толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Жол фондунун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд".
7. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көч., 42.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде ишке ашырат.
2. Фонддун максаты
9. Фонддун максаты болуп жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо эсептелет.
3. Фонддун башкаруу органдары
10. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Фонддун кеңеши);
2) аткаруу органы - Фонддун катчылыгы.
11. Фонддун кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, келечек жана учурдагы милдеттерин кароо, аныктоо жана бекитүү;
2) Фонддун каражаттарынын киреше бөлүгүнүн келип түшүүсүнүн болжолун жактыруу;
3) Фонддун каражаттарын сарптоо планын жактыруу;
4) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбасын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүү;
5) Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча отчетторду жактыруу;
6) учурдагы жылга каржылоонун көлөмүн жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
7) Фондго түшүүчү каражаттарды топтоону жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) Фондго келип түшкөн каражаттардын өлчөмдөрүнүн маселеси боюнча сунуштамаларды берүү;
9) автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү планы боюнча сунуштарды берүү;
10) Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө ар жылдык аудитордук отчетту угуу;
11) Фонддун катчылыгынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын, кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209 токтому менен берилген өзгөртүүлөр 11-пункттун расмий тилдеги редакциясына киргизилди.)
12) финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоо тартибин аныктоо;
13) Фонддун ички жол-жоболорун бекитүү;
14) эл аралык кызматташууга катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
15) Фонддун катчылыгынын чыгымдарынын сметасын бекитүү;
16) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
17) Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун отчетун угуу жана бекитүү;
18) Фонддун ишине тиешелүү башка маселелерди кароо.
12. Фонддун кеңеши ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн:
1) катчылыктан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суратууга;
2) катчылык тарабынан берилген документтерди толуктап иштеп чыгууга жиберүүгө;
3) Фонддун директоруна өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ага карата чара көрүү жөнүндө Фонддун уюштуруучусуна сунуш жиберүүгө.
13. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
14. Фонддун кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун кеңешинин мүчөсү жок учурда ал каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
15. Фонддун кеңешинин курамына киргизилген органдын/уюмдун өкүлүнүн мүчөлүгү анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүл алмашкан учурдагы себебин көрсөтүү аркылуу тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
16. Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 7 адамдан кем болбоого тийиш.
17. Фонддун кеңешинин курамы транспорт жана коммуникациялар, экономика жана финансы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жол курулушу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн кеминде 2 жылдык мөөнөткө бирдей өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен түзүлөт.
18. Фонддун кеңешинин өзүнүн жыйналышын зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрөт.
19. Фонддун кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери жыйналышка катышкан Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Фонддун кеңешинин жыйналышында төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
20. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (Фонддун кеңешинин төрагасы) Фонддун кеңешинин ишин жетектейт жана анын жыйналыштарын өткөрөт, ал жок учурда аны алмаштырган адам өткөрөт.
21. Фонддун кеңешинин жыйналыштары Фонддун катчылыгынын кызматкери болуп саналган Фонддун кеңешинин катчысы тарабынан протоколдонот. Протоколга Фонддун кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле жыйынга катышкан Фонддун кеңешинин мүчөлөрү кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун катчылыгында сакталат.
22. Фонддун кеңеши өзүнүн жыйналыштарына зарыл болгон учурда тиешелүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, жыйналыштарга добуш берүү укугусуз катышкан эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу.
23. Күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат Фонддун катчылыгы тарабынан жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнө маалымдалууга тийиш.
24. Фонддун кеңешинин жыйынын видео-конференц-байланыш системасын пайдалануу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
25. Долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун кеңешинин чечимдерин жана тиешелүү түрдө аткарууну Фонддун катчылыгы камсыз кылат.
26. Фонддун катчылыгын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Фонддун директору жетектейт.
27. Фонддун директору:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, Фонддун каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Фонддун атынан иштейт;
3) ушул Жобого ылайык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
4) Фонд түзгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коёт;
5) Фонддун катчылыгынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Фонддун катчылыгынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө укуктуу;
6) аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
8) Фонддун катчылыгынын түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн түзөт жана Фонддун кеңешинин бекитүүсүнө берет;
9) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
10) Фонддун катчылыгынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коёт;
11) Фонддун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Фонддун катчылыгынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет.
28. Фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Фонддун кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле Фонддун катчылыгынын операциялык жана учурдагы чыгымдары боюнча финансылык операцияларды ишке ашырат;
2) Фонддун кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучунун суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматты берет;
3) казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
4) долбоорду аткаруучу келишимдин шарттарын же долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун бузган учурда каржылоону токтотот;
5) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчетту жүргүзөт;
6) катчылыктын функцияларын ишке ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
7) Фонддун операциялык чыгымдарга бөлүнгөн каражаттарынын чегинде Фонддун чыгашаларынын сметасын иштеп чыгат жана Фонддун Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
8) Фонддун кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;
9) аудит үчүн маалыматты даярдайт;
10) Фонддун кеңеши жактырган долбоорлорду ишке ашыруунун мониторингин камсыз кылат.
29. Ушул Жободо аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Фонд төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
2) ишинин белгиленген чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
3) ишинин белгиленген чөйрөсүндө кеңеш берүүчү жана эксперттик органдарды (техникалык кеңештерди жана комиссияларды) түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Фонддун каражаттарын түзүүнүн тартиби
30. Фонддун бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт.
31. Фонддун кирешелери төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө каралган каражаттардын;
2) бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензиндерге, дизелдик жана (же) карбюратордук (инжектордук) кыймылдаткычтар үчүн дизель отунуна, мотордук майларга акциздик салыктын элүү пайызынын;
3) автомототранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдардан;
4) транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдардын жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардын;
5) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жасалма курулмалар менен өтүү үчүн жыйымдардын;
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйымдардын;
7) оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттары тарабынан автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруунун эсебинен келип түшкөн каражаттардын;
8) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдерин сактабагандыгы (ашып кеткендиги) үчүн айыптардын;
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тилкесинде жана жол жээгинде жайгашкан жер участокторун ижарага алуу үчүн жыйымдардын;
10) автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимдердин долбоорлору боюнча каражаттардын.
11) жеке жана юридикалык жактардан жол ишин финансылык жана материалдык жактан камсыз кылуу үчүн кайтарымсыз түшүүлөрдүн, анын ичинде ыктыярдуу кайрымдуулуктардын;
12) инвестициялардын жана гранттардын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун каражаттарын чыгымдоонун тартиби
32. Фонд тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын жүргүзүү менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгашаларды жүзөгө ашырат.
33. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү, ошондой эле өнүктүрүүнү каржылоого;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү, оңдоо жана куруу үчүн машиналарды, механизмдерди жана жабдууларды сатып ал ууга;
3) жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин өнүктүрүүгө, жалпы пайдалануудагы жолдордо транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кызматтык адабияттарды, китептерди, окуу куралдарын, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалыматтык бюллетендерди жана окуу колдонмолорун, бланктык продукцияларды даярдоо жана басып чыгаруу;
5) илимий-техникалык изилдөөлөр;
6) Фонддун катчылыгынын ишин, жол жана транспорт чөйрөсүнүн кызматкерлерине сыйлоо төлөмдөрүн камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка максаттар.
34. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук классификаторунда өзүнчө сап менен чагылдырылат.
35. Бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Фондго келип түшкөн төлөмдөрдүн эсебин жүргүзөт жана аларды республикалык бюджеттен Фонддун казыналык эсебине ар бир айдын 5, 15 жана 25инде которууну камсыз кылат.
36. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын Кыргыз Республикасынын келерки жылга бюджети кабыл алынганга чейин отчеттук мезгил үчүн Фонддун каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчетун жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык келерки жылга бюджеттик каражаттарды багыттоо объекттерин көрсөтүү менен зарыл болгон бөлүнүүчү каражаттардын эсебин берет.
37. Фонддун кеңешинин чечими боюнча Фонддун каражаттары маалымкат-билдирүүлөрдүн негизинде төмөнкүлөргө багытталат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол иштерин жүргүзүү үчүн жол чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн транспорттук контроль чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
38. Долбоорду каржылоо Фонддун директору башчылык кылган Фонддун жана транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери башында турган долбоордун аткаруучусунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
39. Фонд тарабынан долбоорду каржылоо долбоорду ишке ашыруунун графиги боюнча долбоордун аткаруучусу сунуштаган аткарылган иштердин актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
40. Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейин ар кварталдык негизде берилет.
41. Фонддун акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
42. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд сметанын аткарылышы жөнүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
43. Фонддун катчылыгы жыл сайын расмий басылмаларга Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле бул маалыматты транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жайгаштырат.
44. Ар бир жылдын башында Фонддун катчылыгы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фонддун кеңешинин кароосуна акча каражаттарынын Фондго түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана сунуштайт.
45. Фонддун ишине аудит бюджеттик мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Фонддун каражаттарынын максаттуу багыты боюнча талаптагыдай пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
6. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
47. Фондду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
48. Фонд жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
49. Фонддун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.