Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-январы № 17
"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85, 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Төрага |
А.У. Жапаров |
| |||
|
| ||||
|
|
| Долбоор | ||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-1-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде уруксат алууга.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2021-ж., № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
194-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы "каражатын" деген сөздөн кийин "анын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-глава менен толукталсын:
"13-1-глава. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүү үчүн жыйымдар
50-1-берене. Төлөөчү
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуучу транспорт каражаттарынын ээлери жыйым төлөөчүлөр болуп саналат.
50-2-берене. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби
Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 153-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын;
"17-1) транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берүү үчүн жыйымдар;".
4-берене.
1. "Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|