Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 39
"2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 39 токтому менен жактырылган |
2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) (мындан ары - Макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуулар кол коюлганга чейин мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 2021-жылдын 27-июлундагы чечими; Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2021-жылдын 26-июлундагы чечими; Эл аралык иштер, коргоо жапа коопсуздук боюнча комитеттин 2021-жылдын 26-июлундагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-августундагы № 127-б ,буйругу менен жактырылган.
"Бишкек автобустары" долбоорунун максаты болуп Бишкек шаарынын автобус паркынын жаңыртылышын камсыздайт, бул коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатып, сапатын жакшыртат. Дизель күйүүчү майын пайдаланган эски автобустар компримирленген (кысылган) жаратылыш газын пайдаланган автобустарга алмаштыруунун натыйжасында коомдук транспорттон парник газынын чыгышын төмөндөтөт.
"Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында каралган.
Макулдашуулар тарабынан Бишкек шаары үчүн компримирленген (кысылган) жаратылыш газы менен жүргөн 250 жаңы автобус сатып алууга кредиттик жана гранттык каражатты бөлүү каралууда.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (мындан ары - ЕРӨБ же Банк) Кыргыз Республикасына 25 миллион евро суммасында жеңилдетилген зайым жана 8 миллион евро суммасында грант берүүнү пландаштырып жатат, ал автобус сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого байланышкан чыгымдарды каржылоого багытталат.
ЕРӨБдүн финансылык каражаттары 2 траншта бөлүнүп берилет. Биринчи транш менен 16 миллион евро кредиттик каражат жана 5 миллион евро гранттык каражат бөлүнөт. Сүйлөшүлгөн шарттар аткарылган учурда экинчи транш менен 9 миллион евро кредиттик каражат жана 3 миллион евро грант катары бөлүнөт. Жалпысынан долбоорду ишке ашырууга 33 миллион евро суммасындагы каражат бөлүнөт.
Зайым мөөнөтү 12 жылды түзөт, жеңилдетилген мөөнөт - 3 жыл, пайыздык ставка - 1% + EURIBOR 6 ай, кредитти берүү үчүн комиссия - 1%, милдеттенмелер боюнча комиссия - 0,5% (кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн).
Кредиттин негизги суммасын төлөө 2025-жылдан тартып 2034-жылга чейин жарым жылдык негизде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субсидиардык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат. Субсидиардык макулдашуунун шарттары ратификациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин макулдашылат.
Бул макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс, финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.