Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 340
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясынын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясынын (2011-жыл) жоболорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
– Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
– жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Иш-аракеттер планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иш-аракеттер планы бекитилгендиги тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-февралындагы № 13 (3348) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын
Иш-аракеттер планы
№ | Милдеттер | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу орган | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | Күтүлүүчү жыйынтыктар / индикаторлор |
1. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2-беренесин ишке ашыруу | ||||||
Улуттук мыйзамдар | ||||||
1. | Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарын бузуу үчүн кылмыш-жаза жана (же) административдик жоопкерчиликти белгилөө | 1. Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо жана массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы мыйзамдарын бузууларды криминалдаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | ЭКМ КМ | 2022-жылдын II кварталы
| Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоо | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана/же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде экспорттук контролдоо жана массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатында мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик каралды |
2. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү | ЭКМ КМ | 2022-жылдын III кварталы
| ||||
2. | МАГАТЭ радиоактивдүү булактардын импорту жана экспорту боюнча жетектөөчү материалдарды эске алуу менен радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу боюнча МАГАТЭнин мамилелер кодексинин талаптарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү | «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
| ЖРЭТКМ, ССМ, ЭКМ ӨКМ, ИИМ, ТКМ
| 2022–2024-жылдар
| Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоо | «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө», «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» Техникалык регламент тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле радиоактивдүү материалдарды жана радиоактивдүү булактарды ташуу тартибин жөнгө салуучу ЧУАлар радиоактивдүү булактардын коопсуздугун жана сактыгын камсыз кылуу боюнча МАГАТЭнин мамилелер кодексинин талаптарына шайкеш келет |
3. | ИНБ, радиоактивдүү заттарды, ядролук материалдарды жана түзүлүштөрдү каттоо жана эсепке алуу системасын өркүндөтүү боюнча эл аралык стандарттар боюнча сунуштамаларды колдонуу | Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана ИНБ ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | ЖРЭТКМ, ССМ
| 2022–2024-жылдар | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо | Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана ИНБ ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү жөнүндө жобо бекитилди |
2. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2, 3, 6 жана 8-беренелерин ишке ашыруу | ||||||
4. | Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, запасын топтоого тыюу салуу жана аларды толук көлөмдө жок кылуу жөнүндө конвенциянын жоболорунун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу
| 1. БУКК ишке ашыруу боюнча чараларды караштыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү | ЭКМ | 2022-жылдын III кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен БУКК ишке ашыруу боюнча ченемдер аткарылды |
2. «Кыргыз Республика-сында биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ССМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КМ, БИМ
| 2022-жылдын III кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | БУКК жоболорун толук көлөмдө аткарылышын караган «Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | ||
3. «Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук жөнүндө» мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү | ССМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КМ, БИМ | 2023-жылдын II кварталы
|
|
| ||
4. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына микроорганизмдердин патогендүүлүк топтору боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ССМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, ЭКМ, КМ, БИМ
| 2022-жылдын IV кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына БУКК жоболорунда микроорганизмдердин патогендүүлүк топтору боюнча чагылдырылган талаптар киргизилди | ||
5. «Микроорганизмдер-дин патогендүүлүгүнүн 1–4-тобу менен иштеген уюмдарда биологиялык коопсуздук талаптарынын сакталышына контроль жүргүзүү боюнча режимдик комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу
| ССМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КМ, БИМ
| 2022–2024-жылдар | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен микроорганизмдердин патогендүүлүгүнүн 1–4-тобу менен иштеген уюмдарда биологиялык коопсуздук талаптарынын сакталышына контроль жүргүзүү боюнча режимдик комиссиянын иш тартиби регламенттелди | ||
6. «Биологиялык материалдарды жана микроорганизмдердин патогендүүлүгүнүн 1–4-тобун эсепке алуу, сактоо жана ташуу эрежелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ССМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КМ, БИМ
| 2024-жыл
| Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Биологиялык материалдардын жана микроорганизмдердин патогендүүлүгүнүн 1–4-тобун эсепке алуу, сактоо жана ташуу эрежелери бекитилди | ||
5. | Биологиялык коопсуздукка көмөктөшүү | 1. Биологиялык коопсуздук тобокелдиктерин баалоо боюнча окуу методикалык комплексин иштеп чыгуу
| ССМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ | 2022–2023-жылдар | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Биологиялык кооп-суздук тобокелдик-терин баалоо боюнча окуу методикалык комплексин бекитүү тууралуу ички ведомстволук документтер кабыл алынды |
2. Эл аралык стандарттарга ылайык биологиялык коопсуздук жаатында тобокелдиктерди баалоо боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу
| ССМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ
| 2022–2023-жылдар
| Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | |||
3. Биологиялык материалдарды колдонуу, манипуляциялоо, ташуу, сактоо жана утилдештирүү эрежелерин иштеп чыгуу
| ССМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ | 2022–2023-жылдар | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Биологиялык материалдарды колдонуу, манипуляциялоо, ташуу, сактоо жана утилдештирүү эрежелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ||
6. | Уулуу химикаттарды талаптагыдай эсепке алуу жана коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде ушул бөлүктө «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу | 1. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу менен байланышкан ишти лицензиялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу
| ЖРЭТКМ, ССМ, ИИМ
| 2022-жыл | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу менен байланышкан ишти лицензиялоо жөнүндө жобо бекитилди |
2. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан ишти лицензиялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | ЖРЭТКМ, ССМ, ИИМ
| 2022-жыл | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Күчтүү таасир этүүчү уулу заттарды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан ишти лицензиялоо жөнүндө жобо бекитилди | ||
7. | Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдерге шайкештигин камсыз кылуу | 1. «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | КМ, ЭКМ
| 2022–2023- жылдар | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамын тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында массалык кыйратуучу куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдердин талаптары эске алынды |
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ЭКМ | 7.1-пункт аткарыл-гандан кийин | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо
| «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, Кыргыз Республикасындагы экспорттук контролдун улуттук системасын өркүндөтүү боюнча мыйзам алдындагы актылар бекитилди | ||
8. | Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль системасын өркүндөтүү
| Мамлекеттик органдардын/эксперт органдардын кызматкерлери үчүн уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүүнүн жол-жоболору боюнча ички ведомстволук нускаманы иштеп чыгуу | ЭКМ, ССМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, КМ, ТКМ | 2022–2023-жылдар | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо
| Ар бир жооптуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик органдардын/эксперт органдардын кызматкерлери үчүн уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүүнүн жол-жоболору боюнча ички ведомстволук нускамалар бекитилди |
3. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 3-беренесин ишке ашыруу | ||||||
Практикалык иш-аракеттер | ||||||
9. | БУУнун Террористтик ишти каржылоого каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын (1999-жылдагы) жоболорун андан ары ишке ашырууну камсыз кылуу
| Террористтик ишти каржылоо жана массалык кыйратуучу куралды жайылтууну каржылоо боюнча улуттук тобокелдикти баалоо
| ФЧМК, УКМК, ИИМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2022–2023-жылдар | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн эксперттик колдоосу
| Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана финансылык мекемелер өз компетенциясынын чегинде террористтик ишти каржылоо жана массалык кыйратуучу куралды жайылтууну каржылоо/ терроризмди жана массалык кыйратуучу куралдарды жайылтууну каржылоо фактыларын аныктоо жана азайтуу тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыктарын өз ишинде колдонот |
4. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 6-беренесин ишке ашыруу | ||||||
Улуттук мыйзамдар | ||||||
10. | Контролдонуучу продукциялардын жана кош багыттагы товарлардын тизмесин актуалдаштыруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги №197 «Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Улуттук контролдоо тизмесин жаңыртуу | ЭКМ, ССМ, ИИМ, ЖРЭТКМ, КМ | 2022-жыл | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | «Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды |
5. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 7-беренесин ишке ашыруу | ||||||
Донорлордон жана эл аралык уюмдардан техникалык жардамдарды суроо | ||||||
11. | БУУ ККнын 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттеринин ушул планында камтылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн каржылоо, эксперттик жана техникалык жардам маселелерин иштеп чыгуу | БУУ ККнын 1540-резолюциясынын талаптарын аткарууга көмөк көрсөтүү жөнүндө резолюциянын 7-беренесине ылайык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу (байланыш) мамлекеттик органдары аркылуу эл аралык донор уюмдарга (өлкөлөргө) суроо-талаптарды даярдоо жана жиберүү | ЭКМ, ТИМ, ӨКМ, ССМ, ЖРЭТКМ, КМ, МБК, ЧК | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Техникалык, эксперттик көмөк көрсөтүлдү |
6. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 8-беренесин ишке ашыруу | ||||||
Улуттук мыйзамдар | ||||||
12. | Идентификациялык борборлорду (эксперттик уюмдарды) түзүү жана иштөө тартибин аныктоо
| 1. Эл аралык эксперттер менен жолугушууларды уюштуруу аркылуу идентификациялык борборлорду түзүү жана иштетүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө | ЭКМ | 2022–2023-жылдар | Эл аралык уюмдардын колдоосунда | Идентификациялык борборлорду түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө жаатындагы эл аралык эксперттер менен жолугушуулар уюштурулду |
2. Кыргыз Республикасынын көз карандысыз (ведомстволук эмес) уюмдары тарабынан экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү боюнча ишти аткарууга уруксат алуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү | ЭКМ, ССМ, КМ, ЖРЭТКМ | 2022–2023-жылдар | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн эксперттик колдоосу
| Кыргыз Республикасынын көз карандысыз (ведомстволук эмес) уюмдары тарабынан товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү боюнча ишти аткарууга уруксат алуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ||
3. Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү | ЭКМ, ССМ, КМ, ЖРЭТКМ | 2022-жылдын II кварталы | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн эксперттик колдоосу
| «Экспорттук контролдоо максатында товарларга жана технологияларга көз карандысыз идентификациялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ||
13. | Экспорттук контролго алынуучу материалдарды жана технологияларды өндүрүүдө, колдонууда, сактоодо же ташууда талаптагыдай эсепке алууну жана коопсуздукту камсыз кылуу | Экспорттук контролдоо боюнча ички фирмалык программаларга сунуштамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү | ЭКМ
| 2022-жылдын II кварталы | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Экспорттук контролдоо боюнча ички фирмалык программаларга сунуштамалар бекитилди (ЭКМ буйругу) |
14. | МКК жана химиялык, биологиялык, радиоактивдүү жана ядролук инциденттерди азайтуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук жана институттук базаны талдоо | 1. Кыргыз Республикасында химиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана институттук базаны өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук жана институттук базанын абалына талдоо жүргүзүү | ЖРЭТКМ, ССМ
| 2023-жыл | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Сунуштар менен талдоо берилди |
2. Кыргыз Республика-сында биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана институттук базаны өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук жана институттук базанын абалына талдоо жүргүзүү | ССМ, ЖРЭТКМ | 2023-жыл | ||||
3. Кыргыз Республика-сында ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана институттук базаны өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук жана институттук базанын абалына талдоо | ЖРЭТКМ, ССМ, ӨКМ
| 2023-жыл | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | |||
4. Чек ара, бажы, экспорттук контролду өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук жана институттук базанын абалына талдоо жүргүзүү | ЭКМ, МБК, ЧК | 2023-жыл | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | |||
7. Практикалык иш-аракеттер | ||||||
15. | Экспорттук контролдоо жаатындагы уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүү жол-жоболорун автоматташтыруу
| 1. Экспорттук контролдоо жаатындагы уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүү жол-жоболорун автоматташтыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө | ЭКМ
| 2022–2023-жылдар | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен | Экспорттук контроль чөйрөсүндөгү уруксат берүүчү документтер каралып жана берүү жол-жоболорун автоматташтыруу системасы ишке киргизилди |
2. Экспорттук контролдоо жаатындагы уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүү жол-жоболорун автоматташтыруу үчүн донордук жардам тартуу | ЭКМ | 2022–2023-жылдар | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен | |||
3. Экспорттук контролдоо жаатындагы уруксат берүүчү документтерди карап чыгуу жана берүү жол-жоболорун автоматташтырууну киргизүү | ЭКМ | 2024–2025-жылдар | Эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоону тартуу менен | |||
16. | БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашырууга тартылган министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук боюнча МБКнын, ИИМдин кызматкерлерин жана УКМКнын Чек ара кызматынын, КМнын аскер кызматчыларын үзгүлтүксүз окутуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | Экспорттук контролдоо (радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук) боюнча БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашырууга катышкан министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери үчүн окуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, практикалык сабактарды өткөрүү
| ЭКМ, КМ, ӨКМ, ССМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, МБК, УКМК, ЧК | Туруктуу негизде
| Донордук жардамды тартуу | Өткөрүлгөн тренингдердин жана семинарлардын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү
|
17. | Экспорттук контролдоо жаатындагы тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу | 1. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн окутуу семинарларынын, тренингдеринин конкреттүү темаларын жана пландарын жалпылоо жана донордук уюмдардын кароосуна берүү | ЭКМ, КМ, ССМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, УКМК, МБК | Туруктуу негизде
| Бюджеттик каражаттардын жана донордук жардамдын чегинде | Кыйла актуалдуу темалар аныкталды |
2. Семинарларды, тренингдерди жана форумдарды уюштуруу жана өткөрүү | ЭКМ, КМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, МБК | Туруктуу негизде | Донордук жардам тартуу |
| ||
18. | Өткөрмө пункттарда жана алардан сырткары экспорттук контролго алынган товарларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө жол бербөө | Мамлекеттик чек ара участокторуна инженердик жабдууларды орнотуу жана модернизациялоо, аларды коргоонун техникалык каражаттары менен жабдуу | МБК, УКМК, ЧК
| Туруктуу негизде
| Донордук жана техникалык жардамды тартуу менен бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде | Жабдылган өткөрмө пункттарынын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү
|
19. | БУУ ККнын 1540-резолюциясынын таасирине кабылуучу өлкөдөгү окуялар, ниеттер жана иш-чаралар тууралуу 1540-Комитетин өз убагында кабарлоо
| Экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, ошондой эле БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө туруктуу отчетторду жана ыкчам маалыматтарды берүү | ЭКМ, ССМ, КМ, ИИМ, ӨКМ, ТИМ, АЧМ, МБК, УКМК, ЧК | Туруктуу түрдө | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде
| Жылдык улуттук доклад берилди |
20. | БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу | Башка өлкөлөрдүн улуттук координатору жана агенттиктери менен БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруу процессинде топтолгон тажрыйба алмашуу практикасын улантуу | ЭКМ, ССМ, ӨКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, МБК, УКМК, ЧК
| Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде жана донордук жардамды тартуу | Жүргүзүлгөн өнөктөштүк серептер жана консультациялык жолугушуулар, жетишилген жыйынтыктар |
21. | БУУ ККнын 1540-резолюциясын (2004-жылдагы) ишке ашырууну камсыз кылуу
| 1. 2022–2025-жылдарга БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволук иш-чаралар пландарын даярдоо жана бекитүү | ЭКМ, ССМ, ӨКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, МБК, УКМК, ЧК | 2022-жылдын II кварталы | Бюджеттик каражаттардын чегинде | 2022–2025-жылдарга БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволук иш-чаралар пландары кабыл алынды |
2. БУУ ККнын 1540-резолюциясын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жаңыланган функцияларын эске алуу менен КР Экономика министрлигинин 2017-жылдын 26-сентябрындагы № 35 буйругу менен бекитилген ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын жаңылоо боюнча КР ЭКМдин буйругун кабыл алуу | ЭКМ | 2022-жылдын II кварталы | Бюджеттик каражаттардын чегинде | |||
Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
БУКК | - | Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга. өндүрүүгө, запасын топтоого тыюу салуу жана аларды толук көлөмдө жок кылуу жөнүндө конвенция |
ИНБ | - | иондоштуруучу нурлануу булактары |
МАГАТЭ | - | Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик |
МКК | - | массалык кыйратуучу курал |
БУУ КК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши |