Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 7-мартындагы № 98
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарат.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү укуктар жана милдеттер бөлүгүндө укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат, анын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү юридикалык жак болуп саналат. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт, өз алдынча балансы, казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Ветеринарная служба при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВК";
- расмий тилде: "ВС"
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б".
7. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги менен жүргүзөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.
2. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты адамдын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калктын саламаттыгын коргоону, эпизоотиялык туруктуулукту, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет.
3. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калктын саламаттыгын сактоо;
2) жаныбарлардын саламаттыгын ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын кирүүсүнөн жана жайылуусунан коргоо;
4) ветеринардык контролго алынуучу продуктулардын (чийки заттардын) коопсуздугун камсыздоо;
5) бирдиктүү ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келбеген көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүүнүн, ташып чыгаруунун, реэкспорттоонун жана транзит кылуунун эрежелеринин бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу;
6) ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү;
7) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер боюнча ветеринарияга карата өз компетенциясынын чегинде милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
8) ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон объекттерге коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
9) Министрлик менен макулдашуу боюнча ветеринария, эпизоотиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун түзүү жана өнүктүрүү;
10) ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу;
11) жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын, техникалык регламенттер менен белгиленген продукциянын, ошондой эле ветеринардык контролдоого тийиш болгон продукциянын, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган ветеринардык препараттардын коопсуздугунун талаптарынын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу.
4. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкү функцияларды жүргүзөт:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- ветеринардык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- статистикалык жана эсептик маалыматтардын, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгуу жана жайылуу мүмкүндүгү жөнүндө илимий негизделген божомолдордун негизинде жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын, өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын алдын алуу жана жоюу боюнча профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар пландарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана контролдоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууда айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, келишимдик негизде ветеринардык практиканы жүзөгө ашырууга укугу бар жактарга берүү;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын профилактикалоо, диагностикалоо жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
- ветеринардык зоналарга бөлүштүрүү жана аймактарды компартментализациялоо;
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш- чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тартиби белгиленген ветеринардык багыттагы, анын ичинде шашылыш сатып алуу үчүн биопрепараттардын резервдик фондун түзүү;
- активдүү жана пассивдүү эпизоотиялык мониторингди, ошондой эле көзөмөлгө алынган продукциянын сапатына мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди башкаруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
ветеринардык контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзүүдө региондорго бөлүштүрүү жана компартментализациялоо, лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерин бекитүү;
- профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
- көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) экспорттоого, импорттоого, реэкспорттоого жана эл аралык транзит кылууга тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерди берүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларга ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- зарыл учурларда эпизоотияны жоюу боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- көзөмөлгө алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (аймагынан ташып чыгарууга), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит кылууга Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун жазуу жүзүндөгү уруксатын берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмесин аныктоо;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын келип чыгуу коркунучунда жана ал пайда болгон учурда карантин киргизүү, алып салуу тартибин жана башка чектөөчү чараларды аныктоо;
- ветеринардык дары каражаттарынын өзгөчө запасын топтоо, колдонуу жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгуу;
- башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын эквиваленттүүлүгүн таануу;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын ылаңынын кирүү жана/же жайылуу коркунучу болгон учурда көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) ташып киргизүү жана ташып чыгаруу боюнча убактылуу чектөө чараларын киргизүү;
- ветеринария, анын ичинде жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык дары каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы актыларды, техникалык регламенттерди, ветеринардык-санитардык талаптарды, эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды иштеп чыгууга катышуу;
- ветеринардык контролдоого (көзөмөлгө) тийиш болгон продуктуларды (чийки затты) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу менен иштеген жактарды мамлекеттик каттоо (эсепке алуу) жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
- ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундуларды берүү менен объекттерди куруу, долбоорлоо, реконструкциялоо үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча архитектура органдарынын суроо-талаптарын кароо;
3) мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык контролдоо жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу илдеттеринин козгогучтарынын киришине жол бербөөнү;
- көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) эл аралык почта мекемелери тарабынан ташууда убактылуу сактоочу кампаларда Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышын;
- пайдаланууга жана эркин соодага жараксыз, ветеринардык контролдоого тийиш болгон продуктуларды (чийки затты) жыйноо жана утилдештирүү боюнча тартибинин белгиленген талаптарга ылайык сакталышын;
- көзөмөлгө алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка документтердин талаптарынын аткарылышын;
- көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана транзит кылууда ветеринардык контролдоочу пункттарда, убактылуу сактоочу кампаларда жана бажылык тариздөө жайларында ченемдердин жана регламенттердин сакталышын;
- ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган кайра иштетилбеген тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну;
- жаныбарларды ылаңдардан коргоонун иммунобиологиялык препараттарынын, жабдууларынын, инструментарийинин дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка коргоочу каражаттарынын резервин түзүүгө муктаждыкты аныктоону;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун жана жайылышын болтурбоо, ошондой эле аларды жоюу боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарды;
- ветеринардык лабораториялардын ишин, оору козгогучтарды лабораториялык диагностикалоо сапатын, жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуусунун, өтүүсүнүн жана жайылуусунун себептерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөнү;
- жаныбарларды, канаттууларды, балыктарды, аарыларды сатууга жана аларды ташууга байланышкан ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында микробдорго каршы резистенттүүлүктү (жаныбарлардагы микробдорго каршы препараттарды, ошондой эле жаныбарлардан алынган иштетилбеген тамак-аш продукциясын сактоону жана колдонууну);
- соода түйүндөрүндөгү жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларга карата клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык, пландуу эпизоотияга каршы иш-чараларды, ошондой эле ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
- жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана зооноздуу ылаңдарынын очокторун профилактикалоодо, диагностикалоодо, локализациялоодо жана жоюуда эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү;
4) колдоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга эпизоотиялык абалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүү;
- диагностиканын жана экспертизанын илимий негизделген заманбап методдорун иштеп чыгуу, пайдалануу жана киргизүү;
- юридикалык жана жеке жактардын табыштамалары боюнча ветеринария жаатындагы өндүрүш ишканаларында жана уюмдарында өндүрүштү контролдоо программаларын иштеп чыгууда жана аларды ишке киргизүүдө консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- Кызматтын кызматкерлерин жана жеке ветеринардык адистерди кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу;
- ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жеке ветеринардык дарыгерлердин ишин жана ветеринардык тейлөө чөйрөсүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба субъекттери менен өз ара аракеттенүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташуу;
- массалык ууланууларды (көзөмөлгө алынган объекттерге байланышкан), эпидемияларды, эпизоотияларды, табигый кырсыктарды, экологиялык кыйроолорду жана адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышуу;
- бюджеттик ассигнованиелердин, гранттардын жана долбоорлордун эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү;
- муздак чынжырчаны сактоо менен ветеринардык дары каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуу;
- Кызматтын ведомстволук жана аймактык органдарынын отчетторун кабыл алуу, алардын иштерин талдоо жана отчеттордун тууралыгын текшерүү;
- Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коммуникацияны түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилген мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын (аутсорсинг) жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, жеке ветеринарлардын ассоциациясы жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен кызматташуу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу.
5. Кызматтын укуктары
11. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардан жана жарандардан мамлекеттик программалардын алкагында жугуштуу ооруларды профилактикалоо боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүүнү, аныкталган ветеринардык-санитардык бузууларды жоюуну талап кылууга;
2) ветеринардык контролдоо пункттарында, убактылуу сактоо кампаларында жана бажылык тариздөө жайларында бажылык жол-жоболордон өтүүгө чейин ветеринардык уруксат берүүчү документтерди берүү менен көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) кароого жана текшерүүгө;
3) объектке карата коюлуучу ветеринардык-санитардык ченемдер жана эрежелер сакталбаган, көзөмөлгө алынган продукцияны, товарларды эксплуатациялоонун, сактоонун, ташуунун жана сатуунун шарттары бузулган учурда уруксат берүүчү документтерди берген органдарга аларды чакыртып алуу боюнча материалдарды жиберүүгө;
4) мамлекеттик статистика органдарынан, бажы жана башка органдардан статистикалык маалыматтарды жана көзөмөлгө алынган товарларды (жүктөрдү) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү, аймагынан ташып чыгаруу, транзит кылуу жөнүндө маалыматтарды алууга;
5) жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын пайда болуу жана/же жайылуу коркунучу келип чыккан учурда менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлгө алынган объекттерди пайдаланууну токтотуп турууга;
6) Кызматтын ведомстволук жана аймактык органдарынын финансы-чарбалык жана башка иштерин контролдоого;
7) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык көзөмөлгө алынган объекттерде аныкталган бузууларды кароого жана белгиленген тартипте жаза чарасын көрүүгө;
8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, жеке жактарга жана жарандарга аткаруу үчүн милдеттүү болгон ветеринардык коопсуздук талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
9) уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу фактылары боюнча түшүндүрмө берүү үчүн чакырууга;
10) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө комиссияларда тиешелүү маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
11) өзүнүн компетенциясынын чегинде зарыл болгон маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
12) бузууларга жол берген жактарды ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө;
13) ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу аныкталган учурда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензияны колдонууну токтото туруу же аны чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте жиберүүгө жана киргизүүгө;
14) ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө, ташып чыгарууга, реэкспорттоого жана транзит кылууга тыюу салууга;
15) эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө;
16) коюлган милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донорлордун гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
17) Кыргыз Республикасынын ветеринария жана мамлекеттик сатып ал уулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
18) тийиштүү темада конкурстарды, семинарды, конференцияларды өткөрүүгө;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илимий-изилдөө институттары менен макулдашуу боюнча көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн адистерди тартууга.
6. Кызматтын ишин уюштуруу
12. Кызматты бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп эсептелген директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кызматтын директору жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу Кызматтын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт
Кызматтын уюштуруу-тескөөчү документтери Кызматтын директорунун буйругу менен бекитилет.
13. Кызматтын директору:
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгашалар сметасын белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Кызматтын ишин жалпы жетектейт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен болгон мамиледе Кызматтын атынан чыгат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Кызматтын аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, алар Кызматтын милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директорду дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кызматтын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Кызматтын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимдерге кол коёт;
- ведомстволук, аймактык бөлүмдөргө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кызматтын директорунун орун басарларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кызматтын кадрлар резервин түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча ыкчам чара көрүү комиссиясын түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерин сыйлоо маселесин чечет;
- Кызматтын ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кызматтын системасынын кызматкерлерин сыйлайт;
- Кызматтын айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- министр менен макулдашылган кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
14. Кызматтын директору жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктардын чектеринде мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүргүзөт.
15. Кызматта тиешелүү жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
16. Кызматта 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Директор жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп эсептелет. Коллегиянын курамы Кызматтын директорунун сунушу боюнча министрдин буйругу менен бекитилет.
17. Мамлекеттик инспекторлордун тизмеси мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кызматтын директорунун буйругу менен аныкталат жана бекитилет.
18. Кызматтын инспекциялоо укугу берилген кызматкерлери кызмат адамдары болуп саналат, Кызматтын директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү энчилүү жана номерлүү мөөрлөргө ээ болот.
Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттун формаларын пайдаланат.
Кызматтын ведомстволук актылары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кызматтын буйругу;
- Кызматтын токтому;
- ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук;
- укуктук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаза колдонуу жөнүндө токтом.
19. Кызматтын ведомстволук жана аймактык органдары иштерин өз алдынча жүргүзөт жана Кызматка түздөн-түз баш иет.
20. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана жүргүзүлөт.
21. Кызматтын жетекчилери жана кызматкерлери кызматтык күбөлүккө ээ болот жана алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген бирдиктүү үлгүдөгү ведомстволук формалык кийимди кийип жүрүүгө милдеттүү.
22. Кызматтын кызмат адамдары өздөрүнө тапшырылган милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, мыйзамга каршы иш-аракети (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартылат.
7. Мүлк жана финансы
23. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
24. Кызматтын борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык органдарынын чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсепке түшкөн каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
25. Кызмат жарандык мыйзамдарга ылайык ыкчам башкаруу укугу менен белгиленген тартипте берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
26. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
27. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.