Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 347
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пунктунун 35-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине фитосанитардык коопсуздук функцияларын өткөрүп берүү менен тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат болуп;".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-февралындагы № 13 жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |