Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө,
ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу
пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 256, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507, 2024-жылдын 23-июлундагы № 412, 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543, 2025-жылдын 13-декабрындагы № 808 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө чечим кабыл алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга, чарба жүргүзүүгө жана мөөнөттүү пайдаланууга берүү маселелерине жайылтылбайт.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- баланс кармоочу - мамлекеттик мүлк ыкчам башкаруусунда же чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
- мамлекеттик мекеме - мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын кошо алганда менчиктин мамлекеттик формасындагы, мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;
- мамлекеттик ишкана - менчиктин мамлекеттик формасындагы, ишкананын уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;
- ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган.
2-глава. Чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга берүү
4. Мамлекеттин менчигине турган мүлктү чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен - Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жоруктар жана бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине биринчи жолу өткөн объекттерге карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча аныкталуучу башка учурларда;
2) ыйгарым укуктуу органдын чечими менен - бир баланс кармоочудан экинчи баланс кармоочуга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлк объекттерине карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан тиешелүү актылар чыгарылгандыгынын натыйжасында.
5. Ыйгарым укуктуу орган баланс кармоочунун жана кабыл алуучу мамлекеттик мекеменин /ишкананын биргелешкен өтүнүчүнүн негизинде баланс кармоочудан мамлекеттик мүлктү башка мамлекеттик мекемеге/ ишканага чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүүдө тараптардын ортосунда кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.
7. Кыймылсыз мүлккө чарба жүргүзүү жана ыкчам башкаруу укугу кыймылсыз мүлккө укугун жана оорлотуу (чектөө) укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык каттоого жатат.
3-глава. Мамлекеттик мекемелерди жана ишканаларды
жайгаштыруу
8. Мамлекеттик бюджеттен толук каржыланган мамлекеттик мекемелер жана ишканалар убактылуу акысыз пайдалануу шартында мамлекеттик администрациялык имараттарга жана жайларга жайгаштырылат, ушул имаратты (жайды) кармоо боюнча эксплуатациялык сарптоолорго жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт.
Аталган төлөмдөрдүн өлчөмү жана мамлекеттик имаратта (жайда) мамлекеттик мекемени же ишкананы жайгаштыруунун башка шарттары, ошол имарат (жай) чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган баланс кармоочу менен түзүлүүчү келишимде белгиленет.
9. Мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай каржылануучу мамлекеттик мекемелер жана ишканалар үчүн ижара акысынын өлчөмү мамлекеттик бюджеттен каржылоо үлүшүнө пропорциялуу болгон суммага азайтылат.
10. Өзүн-өзү каржылоодо жана Бирдиктүү казыналык эсеп системасынан тышкары тейлөөдө турган мамлекеттик мекеме жана ишкана, ижара келишиминин шартында мамлекеттик администрациялык имараттарга жана жайларга жайгаштырылат.
101. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик дарыканалар жана мамлекеттик ишкананын кампалары мамлекеттик имараттарга жана жайларга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана ушул имаратты (жайды) күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен мамлекеттик имараттардын жана жайлардын баланс кармоочулары менен түзүлгөн акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Акысыз убактылуу пайдаланууга берүү
11. Мамлекеттик мүлк, атап айтканда кыймылсыз мүлк жана мүлктүк комплекстер ушул пункттун үчүнчү абзацында каралган учурду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, акцияларынын (үлүштөрүнүн) контролдук мамлекеттик пакети бар чарбалык коомдорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларга төмөнкү учурларда акысыз убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн:
1) жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында - мурдагы келишимди аткаруу шартында андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 15 жылга чейинки мөөнөткө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында - эгерде көрсөтүлгөн келишимдерде башкача каралбаса андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 3 жылга чейинки мөөнөткө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкүн айрым коммерциялык эмес уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, акцияларынын (үлүштөрүнүн) мамлекеттик контролдук пакетине ээ чарбалык коомдорго же болбосо алардын туунду коомдоруна, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларга кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (анын ведомстволук уюмдарына) жана башка мамлекеттик органдарга (алардын ведомстволук уюмдарына) чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мүлктүн баланс кармоочусу менен макулдашылган кайрылуусунун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча мурдагы келишимдин шарттары аткарылганда андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен жеке нотариустарга жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин шарттарында 15 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 256, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507, 2024-жылдын 23-июлундагы № 412, 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Ушул Жобонун 11-пунктунда аталган, мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга алган субъекттер аталган мүлк чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган баланс кармоочуга аны кармоо боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эксплуатациялык сарптоолордун наркын төлөйт. Аталган төлөмдөрдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдалануунун башка шарттары бул мүлк чарба жүргүзүүсүндө же ыкчам башкаруусунда турган баланс кармоочу менен жогоруда аталган субъекттин ортосунда түзүлүүчү келишимде белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 507 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 11-пунктунда аталган мүлктү акысыз мөөнөттүү убактылуу пайдаланууга алган субъекттер төмөнкүлөргө укуксуз:
1) акысыз убактылуу пайдалануу келишими боюнча өз укуктарын башка жактарга өткөрүп берүүгө жана берилген мүлктү келишимде көрсөтүлгөндөн башка максаттарда пайдаланууга;
2) мамлекеттик мүлктү субижарага берүүгө, ушул пунктта каралган учурларды кошпогондо;
3) ижара келишими боюнча өз укуктарын башка жакка күрөөгө өткөрүп берүүгө, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө, аларды юридикалык жактардын уставдык капиталдарына салым катары киргизүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлккө башка жол менен чектөөлөрдү киргизүүгө.
Мында Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик мүлк, атап айтканда кыймылсыз мүлк жана мүлктүк комплекстер акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер мүлктү акысыз же акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүүгө укуктуу.
Акысыз же акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген бул мамлекеттик мүлктү ушул Жободо жана же акысыз убактылуу пайдалануу келишиминде каралган максаттарды, шарттарды жана чектөөлөрдү бузуу менен пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз же акы төлөнүүчү убактылуу пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-декабрындагы № 808 токтомунун редакциясына ылайык)