Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 8-апрели № 131

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 34 жарыяланды

 

Төрага

У.А. Марипов