Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 55
Камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 33-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камак өтөө жайларын жана камакка алынган адамдарды кармоону каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |