Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 55 токтомуна) |
Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор
1. Камак укук бузуучуну Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан аныкталган жайларда коомдон обочолонтуу шарттарында кармоону билдирет жана жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.
2. Камак сот тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында - комендант тарабынан колдонулат.
3. Ички иштер органдарында төмөнкүлөр түзүлөт жана иштейт:
- камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайлары (мындан ары - атайын кабыл алуу жайы);
- камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар (мындан ары - нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар).
4. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларын пайдалануунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана ушул Тартип түзөт.
5. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайлары жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен түзүлөт жана жоюлат.
Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунуштамасы боюнча реалдуу муктаждыкка жараша камакка алынган адамдарды кармоо үчүн нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардын саны көбөйтүлүшү мүмкүн.
6. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларында жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда ушул Тартипте жазылган талаптарды сактоо менен өзүнчө кармоо үчүн үчтөн кем эмес жайлар (жыныс белгиси, ден соолугунун абалы боюнча) жабдылат.
7. Атайын кабыл алуу жайлары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүлөт, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган, белгиленген үлгүдөгү мөөрлөргө, штамптарга жана бланктарга ээ.
Атайын кабыл алуу жайынын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын атайын кабыл алуу жайы";
- расмий тилде: "Специальный приемник органов внутренних дел Кыргызской Республики для содержания лиц, подвергнутых аресту";
атайын кабыл алуу жайынын кыскартылган аталыштары:
- мамлекеттик тилде: "ИИОнун атайын кабыл алуу жайы";
- расмий тилде: "Спецприемник ОВД".
8. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлөт жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын тийиштүү аймактык бөлүмүнүн белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар,
9. Камакка алынган адамдарды медициналык жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларда кармалган адамдардын санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыздалышын контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө жүктөлөт.
2. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларды жабдууга болгон талаптар
10. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- жайлардын температурасы Цельсия боюнча +18 градустан төмөн болбошу керек. Сутканын караңгы убактысынын кириши менен жайларда электр жарыгы же альтернативдик энергия булактары (генераторлор, күн батареялары) күйгүзүлөт, алар таң атканча берилет;
- ар бир жай 6 квадрат метрден кем эмес аянтка ээ болушу керек;
- жайлардын дубалдары жылмакай шыбалат жана жалпы коридор менен чектеш болбошу керек;
- эшик ички тарабынан туткасы жок болушу керек, сыртка ачылып, жылдырып бекитме жана кулпу менен жабылышы керек. Ошондой эле эшик сынбаган тунук оргайнектен жасалган, өлчөмү камакка алынган адамдарга байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бергидей карай турган терезе менен жабдылат.
11. Ыкчам кезметчинин бөлмөсү тарапка караган ар бир жайдын дубалында туурасы мүмкүн болушунча максималдуу, бийиктиги 2 метрден кем эмес, торлуу эшиги бар тор тосмо менен толтурулган оюк орнотулат. Тосмо жана эшик ячейкаларынын өлчөмү 200 мм х 200 мм болгон такта болоттон жасалат. Ар бир ячейка калыңдыгы 5 мм кем эмес болгон бекем бекитилген оргайнек менен толтурулат. Эшиктин өлчөмү 0,75 м х 1,8 м болушу керек. Эшиктер сырт жагынан жапкыч менен жабылат. Торчолуу тосмонун үстүндөгү кыш дубалдын калыңдыгы 380 мм кем болбошу керек.
12. Жайлардын сырткы дубалдарында туурасы 0,9 м жана бийиктиги 0,6 м болгон терезелери болушу керек. Терезенин түбү полдун деңгээлинен 1,6 м кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек. Терезенин оюктарындагы терезе текчесинин ордуна бурчтары жумуру жантаймалар колдонулат.
13. Терезе оюгунун сырт жагына же эки кат терезенин ортосуна диаметри 20 мм болгон тегерек болоттон жасалган металл торчо жана 60 мм х 12 мм туурасынан кеткен кесилиш тилкелери орнотулат. Торлордун ячейкаларынын өлчөмү 120 мм х 200 мм болушу керек. Торлордун бекитилүүчү бөлүктөрү дубалга 100 мм х 150 мм киргизилип орнотулат.
14. Жайларда механикалык түрдө иштеген абаны соруучу желдетүү жана табигый жол менен иштеген соруп чыгаруучу желдетүү орнотулат.
15. Камакка алынган адамдар полго бекем бекитилген темирден жасалган керебеттерге же топчандарга (тактайдан жасалган керебет) жайгаштырылат. Бөлмөдөгү (камерада) санитардык аянттын ченеми бир адам үчүн 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет жана жууркан-төшөк берилет.
16. Жайлардын ичинде киргизилген адамдардын өзүн-өзү өлтүрүүгө же башка адамдарга кол салуу аракеттери үчүн колдонулушу мүмкүн болгон чыгып турган түтүктөр, бекиткичтер же нерселер болбошу керек.
Жайлардагы жылытуучу радиаторлор такта темирден жасалган каптамалар же курч бурчтары жок торлор менен корголот.
17. Электр зымдары шыбактын ичине жашырылат. Бөлмөлөрдү жарыктандыруу үчүн электр лампалары эшиктин үстүндөгү оюктарга же шыпта жайгаштырылат жана металл торлор менен тосулат.
18. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларда сигнализация жана видеобайкоо камералары орнотулат.
3. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларда камакка алынган адамдарды камоонун негиздери жана тартиби
19. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларына жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга камакка алынган адамдар төмөнкү документтери болгон учурда киргизилет:
- судья кол койгон жана соттун мөөрү менен ырасталган камакка алуу жөнүндө соттун токтому;
- өзгөчө абал же аскердик абал режими киргизилген учурда, өзгөчө абал же аскердик абал киргизилген аймактын комендантынын чечими (буйругу);
- белгиленген тартипте түзүлгөн жеке кароонун баштапкы протоколу;
- камакка алынган адамдын өздүгүн тастыктаган документ;
- өздүгүн тастыктаган документ (паспорт) жок болгон учурда айдоочулук күбөлүк, аскердик билет же тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү башка документтер берилет;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнөн алынган камакка алынган адамдын медициналык текшерүү формасы же медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө маалымкат.
20. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүгүнүн кызматкери камакка алынган адамдарды кабыл алууда соттун токтомундагы же болбосо өзгөчө кырдаал же аскердик абал режими киргизилген аймактын комендантынын чечиминдеги (буйругундагы) жеткирилген адамдын өздүгү жөнүндө тиешелүү жазууларды салыштырат жана жеке кароо протоколунда көрсөтүлгөн буюмдардын бар-жоктугун текшерет.
21. Камакка алынган адамдар 1-тиркемеге ылайык камакка алынган адамдарды эсепке алуу журналында катталат, анда алардын ал жерде болуу убактысы да жазылат.
22. Камакка алынган ар бир адам ден соолугунун абалы жөнүндө суралат.
Оорунун белгилери менен жеткирилген адамдарга карата саламаттык сактоо органдарына билдирилет, ал эми камакка алынган адамдарга квалификациялуу тез медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда алар тез медициналык жардам көрсөтүү бригадасы менен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү дарылоо мекемесине жеткирилет.
23. Камакка алынган адам ооруканага жаткырылганда кайтаруу жана качып кетүүсүн болтурбоо үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин ичинен медициналык мекемеге тиешелүү коштоп кайтаруу (конвой) бөлүнөт.
24. Камакка алынган адам дарылоо мекемесине жаткырылгандыгы жөнүндө ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги 24 сааттын ичинде судьяга же өзгөчө абал же аскердик абал режими киргизилген аймактын комендантына билдирет. Адам айыккандан кийин, эгерде судья же өзгөчө кырдаал же аскердик абал режими киргизилген аймактын коменданты тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, камакты өтөөнү улантуу үчүн атайын кабыл алуу жайына же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга киргизилет.
25. Эгерде камакка алынган адамдын атайын кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүгүнүн жайларында камакта жаткан учурда денесине залал келтирилгени же каза болгондугу аныкталса, кезметчи дароо медициналык тез жардам бригадасын чакырат жана бул тууралуу прокуратура органдарына жана кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменин) ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө билдирет.
26. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларда камакка алынган адам аскер кызматчысы же Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкери экендиги аныкталган учурда, суткалык наряддын кезметчиси камакка алынган адам кызмат өтөгөн мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
27. Камакка алынган адамды атайын кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга камоонун алдында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 528-беренесине ылайык ал жеке кароого алынат.
28. Камакка алынган адамды жеке кароо учурунда табылган буюмдар жеке кароону жүргүзгөн кызматкерге убактылуу сактоого берилет:
1) медицина кызматкери тарабынан ичүүгө уруксат берилбеген медикаменттер жана башка дары-дармек каражаттары;
2) моюн орогучтар, курлар, кайыш курлар, шым тарткыч курлар, боолор, галстуктар, узундугу 50 см ашкан сүлгү;
3) айнек идиш, саюучу, аралоочу жана кесүүчү буюмдар;
4) мобилдүү телефондор жана аны заряддоочу түзүлүштөр, браслеттер, портсигарлар, запонкалар, шакектер, сөйкөлөр, сааттар, ордендер, медалдар жана башка темир буюмдар жана баалуу буюмдар.
Жүргүзүлгөн жеке кароо жөнүндө жеке кароонун протоколу 2-тиркемеге ылайык түзүлөт.
Камакка алынган адамга ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан алгачкы жеке кароо жүргүзүү жана нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кароо жүргүзүү учурунда табылган буюмдар, заттар, баалуулуктар жана документтер (мүнөздүү белгилерин, номурларын көрсөтүү менен) темир шкафтарда сакталат, алардын ачкычтары ички иштердин аймактык органынын ыкчам кезметчисинде же атайын кабыл алуу жайынын кезметчисинде болот. Жеке кароо протоколунун көчүрмөсү камакка алынган адамдын колуна кол койдуруу менен берилет. Жеке кароо протоколуна тийиштүү жазуу калтырылат.
Камакка алынган адамды жеке кароонун жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу жана атылбоочу курал, ок-дарылар, жарылуучу, уулуу жана баңгизаттары, ошондой эле башка тыюу салынган буюмдар табылган учурда ички иштердин аймактык органдарынын ыкчам тергөө тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык зарыл болгон процессуалдык аракеттер жүргүзүлөт.
Ички иштер органынын аймактык бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жазуу жүзүндөгү билдирмени жана башка материалдарды, фото жана видео жазуу функциялары бар техникалык каражаттар (видеокамералар, видеорегистраторлор, мобилдик түзүлүштөрдүн жана приборлордун видеокамералары) менен жазылган маалыматтарды кийин "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо үчүн ыкчам тергөө тобуна берилет.
29. Атайын кабыл алуу жайларындагы жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда каттоо журналы менен бирге камакка алынган адамдарга карата эсепке алуучу алфавиттик картотека 3-тиркемеге ылайык кагаз же электрондук түрдө түзүлөт.
Каттоо карточкаларынан тышкары, ошондой эле камакка алынган, жаңы келген адамдарды эсепке алуунун суткалык ведомосту 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
30. Камакка алынган ар бир адамга көктөмө ачылат, ага соттун камакка алуу жөнүндө токтому, өзгөчө же аскердик абал киргизилген жердин комендантынын чечими (буйругу), жеке кароо протоколу жана укук бузуу жагдайларын жана камакка алынган адамдын ким экендигин мүнөздөөчү башка материалдар тиркелет.
Камакка алынган адамдардын көктөмөлөрү ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамада белгиленген мөөнөткө сакталат.
4. Камакка алынган адамдарды кармоо режими, алардын милдеттери жана укуктары
31. Камакка алынган адамдар дайыма кайтарууда жана көзөмөлдө болушу керек.
32. Эркектер жана аялдар өз-өзүнчө кармалат.
33. Камакка алынган адамдарга гезит-журналдар жана стол оюндары берилиши мүмкүн, ошондой эле ар күнкү сейилдөөнүн узактыгы сутканын күндүзгү убагында гана 3 сааттан кем болбошу керек.
34. Кармалгандарды табигый муктаждыктары үчүн чыгаруу алардын талабы боюнча ички иштер органынын кызматкеринин коштоосунда кезек менен жүргүзүлөт.
35. Камакка алынган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 42 "Эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын суткалык үлүшүнүн нормаларын, алмаштыруу нормаларын, суткалык үлүштүн нормаларын колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген белгиленген ченем боюнча күн сайын ысык тамак берилет.
36. Камакка алынган адамдарды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги тамак даярдоо боюнча коомдук тамактануу пункттары (ашкана, кафе ж.б.) менен келишим түзө алат.
Келишимде белгиленген үлүш ченемдерине негизделген тамактардын болжолдуу ассортименти, күндүзгү рациондун наркы каралат, ошондой эле азык-түлүккө болгон баа жана тамак-аш үчүн эсептөө тартиби аныкталат.
37. Биринчи кезекте керектелүүчү предметтердин тизмегинде белгиленген биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди жана тамак-аш азыктарын 5-тиркемеге ылайык берүүгө жол берилет, алар суткалык наряддын кызмат адамдары тарабынан текшерилет жана атайын кабыл алуу жайларында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда кармалган, камакка алынган адамдарга өткөрүп берилет.
38. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда кармалган, камакка алынган адамдар ушул Тартипте белгиленген кармоо эрежелерин аткарууга милдеттүү.
Ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрүнүн атайын кабыл алуу жайларында жана нөөмөт бөлүмдөрүндө стенд жабдылат, анда камакка алынган адамдын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Стендде Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, мыйзамдарынан, ошондой эле ушул Тартиптен үзүндүлөр болушу мүмкүн. Аталган материалдар кармалган адамдар алар менен эркин тааныша ала тургандай болуп жайгаштырылат.
39. Камакка алынган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген ченемдер боюнча тамак-ашты алууга жана материалдык-тиричилик жактан камсыздалууга;
- уктоочу орунга ээ болууга;
- туугандарына, иштеген, окуган жериндеги администрацияга анын жайгашкан жери тууралуу кабарлап коюуга;
- юридикалык жардамды пайдаланууга;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси аркылуу арыз берүүгө жана даттанууга;
- газеталарды жана журналдарды окууга;
- мезгилге жараша жеке кийим-кечелерин кийүүгө;
- узундугу 50 см ашпаган сүлгүнү пайдаланууга.
40. Камакка алынган адамдарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда ички иштердин аймактык органдары тарабынан белгиленген тартипти жана тынчтыкты бузууга (кыйкырууга, урушууга, каалгадагы карай турган терезени жабууга жана башка адамдарды кайтарууга, алардын укуктарын камсыздоого кыйынчылык алып келген башка аракеттерди жасоого);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери менен талашып-тартышууга, алардын мыйзамдуу буйруктарын аткаруудан баш тартууга же качууга;
- форточкадан башын чыгарууга, дубалдарга жана предметтерге кандайдыр бир жазууларды жазууга жана белгилерди коюуга, ошондой эле камакка алынгандарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларында жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда турган мүлктү бүлдүрүүгө;
- сактоого тыюу салынган буюмдарды (курч миздүү буюмдарды, байланыш каражаттарын, айнек буюмдарды, чыпкалуу тамекилерди, зажигалкаларды ж.б.) жанына алып жүрүүгө;
- спирт ичимдиктерин жана баңгизат каражаттарын колдонууга;
- оюн карталарын алып жүрүүгө же жасоого, кумар оюндарын ойноого;
- буюмдарды бири-бири менен алмаштырууга же сатууга;
- өрткө каршы коопсуздук эрежелерин бузууга.
41. Инвентарга, жабдууларга же башка мүлктөргө атайылап зыян келтиргендиги үчүн камакка алынган адамдар келтирилген зыяндын өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик тартышат.
Келтирилген зыяндын өлчөмү жөнүндө акт түзүлөт. Материалдык зыянды күнөөлүүлөрдөн өндүрүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
42. Күч менен каршылык көрсөткөн же башка зомбулук аракеттерин жасаган камакка алынган адамдарга "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күч көрсөтүү чаралары жана атайын каражаттар колдонулат.
43. Мыйзамга каршы жосундарды жасаган учурда камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларында жана нөөмөт бөлүктөрүнүн жайларында кармалган камактагы адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Атайын кабыл алуу жайларынын жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардын ишин уюштуруу жана камсыздоо
44. Атайын кабыл алуу жайын ушул Тартипте жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тарткан начальник жетектейт.
45. Атайын кабыл алуу жайынын жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардын жетекчилеринин функциялык милдеттери Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери тарабынан бекитилет.
6. Камакка алынган адамдарды бошотуу
46. Камакка алынган адамдар камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайлардан соттун же болбосо өзгөчө же аскердик абал киргизилген жердин комендантынын токтому менен белгиленген камакка алуу мөөнөтүн өтөгөндөн кийин бошотулат.
47. Камак өтөө жерлеринен бошотулгандан кийин адамга укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болуп саналган (маңызы боюнча маселе чечилгенге чейин), жарандык жүгүртүүдөн алынган предметтерди жана буюмдарды, жасалма документтерди кошпогондо алынган бардык буюмдары, документтери, баалуулуктары жана акчасы 6-тиркемеге ылайык тил кат жаздырып алуу менен кайтарылып берилет.
48. Камакка алынган, камак өтөө мөөнөтү аяктаган адам бошотулганда ага 7-тиркемеге ылайык маалымкат берилет жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системага тийиштүү белги коюлат.
7. Корутунду жоболор
49. Ички иштер органынын кызматкерлеринин аракети же болбосо аракетсиздиги жарандын укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө алып келди деп эсептеген жаран бул аракеттерге жана аракетсиздиктерге жогору турган кызмат адамына, прокурорго жана (же) сотко же болбосо өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилген жердин комендантына "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык даттанууга укуктуу.
50. Ички иштер органынын кызматкерлери укукка каршы аракеттер же болбосо аракетсиздик үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
51. Камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларына же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана депутаттары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, анын орун басарлары жана көзөмөлдөөчү прокурор, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен), анын орун басарлары жана Акыйкатчынын (Омбудсмен) Аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун өкүлдөрү атайын уруксатсыз кирүүгө укуктуу.
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 1-тиркеме |
Атайын кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда кармалган, камакка алынган адамдарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Башталган ______________________
Аяктады ______________________
№ | Камакка алынган адамдын аты-жөнү | Туулган датасы жана жери | Иштеген жери, кызмат орду | Качан, кайсы ИИО тарабынан кармалган | Камалган датасы жана убактысы, камоо мөөнөтү | Камакка алуу үчүн негиздер | Камакка алуу жөнүндө соттун токтомунун датасы | Бошотулган датасы жана убактысы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 2-тиркеме |
Жеке кароо жүргүзүү ПРОТОКОЛУ
202__-жылдын "__" _________ Бишкек ш.
Башталды: "___" саат "___" мин.
Аяктады: "___" саат "___" мин.
Мен, ____________________________________________________________________________________
(милиция кызматкеринин кызмат орду, наамы, аты-жөнү)
камакка алынган __________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жеке кароо жүргүздүм.
Жеке кароо жүргүзүү учурунда төмөнкүдөй буюмдар жана баалуу буюмдар табылды жана убактылуу сактоого алынууга тийиш:
________________________________________________________________________________________
Камакка алынган адамдын кийип жүргөн кийими (сезон боюнча) ___________________________________
________________________________________________________________________________________
Жеке кароо жүргүзгөн ИИО кызматкеринин колу ________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Камалган адамдын колу ____________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 3-тиркеме |
Камакта отурган адамдын КАРТОЧКАСЫ № _______
1. Фамилиясы ____________________________________________________________________________
2. Аты, атасынын аты ______________________________________________________________________
3. Туулган жылы __________________________________________________________________________
4. Жашаган жери __________________________________________________________________________
5. Иштеген (окуган) жери жана кызмат орду ____________________________________________________
6. Качан жана кайсы ички иштер органы (милиция) тарабынан кармалган ____________________________
7. Качан, канча мөөнөткө жана кайсы сот тарабынан камалды _____________________________________
________________________________________________________________________________________
8. Атайын кабыл алуу жайына же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга камакка киргизилген датасы жана убактысы ________________________________________________________________________________
9. Атайын кабыл алуу жайынан же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардан бошотулган датасы жана убактысы
________________________________________________________________________________________
Нөөмөтчү _______________________________________________________________________________
(наамы, колу)
Эсепке алуу карточкасы алфавиттик тартипте картотекада сакталат.
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ИИОнун атайын кабыл алуу жайларында же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларда камак өтөө үчүн камакка алынган, жаңы келген адамдарды эсепке алуунун СУТКАЛЫК ВЕДОМОСТУ
202__-жылдын "___" ____________
№ | Камакка алынган адамдын аты-жөнү | Туулган датасы жана жери | Иштеген жери, кызмат орду | Качан, кайсы ИИО тарабынан кармалган | Камалган датасы жана убактысы, камоо мөөнөтү | Камакка алуу үчүн негиздер | Камакка алуу жөнүндө соттун токтомунун чыккан датасы | Бошотулган датасы жана убактысы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Суткалык ведомосттун аягында:
Камакка алынган адамдардын болгону __________________________________________________ киши.
келип түштү ________________________________________________________________________ киши.
бошотулганы _______________________________________________________________________ киши.
бар болгону ________________________________________________________________________ киши.
Нөөмөтчү ______________________________________________________________________________
(колу)
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 5-тиркеме |
Камакта отурган адамдардын жанына алып жүрүүгө, сактоого, посылка, аманат катары алууга жана накталай эмес эсептешүү боюнча сатып алууга боло турган биринчи кезекте керектелүүчү предметтердин, бут кийимдин, кийимдин жана башка өнөр жай товарларынын ТИЗМЕГИ
1. Кружка, кашык (кабыл алуу жайынын кызматкерлери тамак ичүү убагында беришет).
2. Кийим, баш кийим, бут кийим, сезонго жараша бир комплект.
3. Ич кийим - экиден ашпаган комплект, байпак - эки жуптан ашык эмес, мээлей (колкап), жүзаарчы.
4. Үйдө кийүүчү же спорттук тапочка - бир жуп.
5. Механикалык сакал алгыч (кабыл алуу жайынын начальнигинин уруксаты боюнча).
6. Тазалык буюмдары (жыттуу, кир жуугуч самындар, шампунь, тиш жуугуч щетка жана тиш жуугуч паста, пластмасса самын салгыч, тиш жуугуч щетканы салгыч, тарак).
7. Көз айнек, ошондой эле врачтын уруксаты боюнча балдак (протез).
8. Окуу китептери жана окуу шаймандары (окугандар үчүн).
9. Кагаз жана жөнөкөй карандаш, гезит, журналдар.
10. Тамеки буюмдары (тамеки, папирос, чыпкасыз сигареттер).
11. Даарат кагазы.
12. Ширеңке, тамеки ороочу кагаз.
13. Врач атайын кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүгүндөгү жайда кармоого жана колдонууга уруксат берген дары-дармектер.
14. Тактада ойнолуучу оюндар (шашки, шахмат, домино, нарда).
15. Тамак-аш азыктары (жылытууну талап кылуучу, тез бузулуучу, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктардан башкалары).
Эскертүү:
Шымдын курун, галстукту, моюн орогучту, боолорду, жоолуктарды кабыл алуу жайында же нөөмөт бөлүгүндөгү жайда сактоого тыюу салынат.
Аялдар өзү менен кошо гигиеналык предметтерди жана каражаттарды алып жүрө алышат.
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 6-тиркеме |
Жеке буюмдарды алгандыгы жөнүндө ТИЛ КАТ
Убактылуу сактоодо турган, жеке кароо протоколунда көрсөтүлгөн буюмдарды жана баалуу буюмдарды карадым жана алдым, эч кандай доом жок.
_______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
202__-жылдын "___" _____________ ________________________________________________________
(колу)
Убактылуу сактоодо турган, жеке кароо протоколунда көрсөтүлгөн буюмдарды жана баалуу буюмдарды кайтарып бердим
_______________________________________________________________________________________
(ИИОнун кызматкеринин ээлеген кызмат орду, наамы, аты-жөнү)
__________________________________
(колу)
|
| Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга 7-тиркеме |
Камак өтөө жайынан бошотуу жөнүндө МААЛЫМКАТ
Жаран _________________________________________________________________________ берилди
(аты-жөнү)
Анткени ал
__________________________________________________________________________ 202__-жылдын
___________________ тартып ________________________________________________ 202__-жылдын
"___"-_____________ чейин _______________________________________________________________
_______________________________________________________________________ жасагандыгы үчүн
_______________________________________________________________________________________
(ИИОнун аталышы)
________________________________________________________________________________ ылайык
(соттун токтому, коменданттын чечими (буйругу) менен)
камакка алынган.
Начальник ______________________________________________________________________________
(ички иштер органдарынын аталышы)
МО
202__-жылдын "___" _______________