Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 40
"2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
1) "2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 40 токтому менен жактырылган |
2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин мамлекеттик органдар менен макулдашылган.
Макулдашуу мүчө мамлекеттерде мамлекеттик ички макулдашуунун (МИМ) натыйжалары боюнча келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толукталып иштелип чыкты (Комиссиянын Коллегиясынын 2018-жылдын 14-сентябрындагы № 35 буйругуна ылайык жөнөтүлдү). 2018-жылдын майында Кыргыз Республикасы Макулдашуунун долбоорун Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) интеграцияланган маалыматтык системасы аркылуу электрондук түрдө ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү караган ченемдер менен толуктоону, ошондой эле мындай маалыматтарды берүүнүн тартибин аныктоону сунуштаган. Бул сунуш Тараптардын эксперттери тарабынан колдоого алынган (4-берененин 5-пункту).
Талкуунун жыйынтыгында бардык Тараптар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү үчүн Бирликтин бажы чек арасы аркылуу которулуучу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин колдонууга жол бербөө максатында өз убагында маалымат алмашуу үчүн Бирликке мүчө мамлекеттердин маалыматтык өз ара аракеттенүү системасын түзүү зарылдыгын таанышты.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалымат базасынан маалыматтарды берүү алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиле принцибинде жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган сүйлөшүүлөрдү эске алуу менен Макулдашуунун долбоору толукталып иштелип чыкты жана Кеңештин буйругунун долбоору Комиссиянын Коллегиясы тарабынан жактырылды.
Макулдашуу кол коюлганга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу жол-жоболорунан өттү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 286-б буйругу менен жактырылган.
Бул Макулдашууну ратификациялоо кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоо үчүн Бирликтин бажы чек арасы аркылуу которулуучу накталай акчаларды жана (же) акча инструменттерин колдонууга жол бербөө максатында өз убагында маалымат алмашууну жакшыртат, бул өз кезегинде Бирликке мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугунун, оперативдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатат.
Белгилей кетсек, аталган Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарга, ошондой эле терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.