Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды мындан ары сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планына жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу жана ыкчам киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |