Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 31
"2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен жактырылды |
2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Евразия экономикалык бирлигинин кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) кадрдык курамын түзүүгө карата негизги ыкмаларды оңдоо жөнүндө Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 20-декабрындагы № 1 тапшырмасын аткаруу үчүн жана анда баяндалган ыкмалардын негизинде даярдалды.
Протоколдо 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) Комиссиянын кызмат адамдары жана кызматкерлери менен түзүлгөн эмгек келишимдеринин (контракттардын) шарттарын өзгөртүүгө тиешелүү төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, тактап айтканда:
- Комиссиянын кызмат адамдары менен түзүлүүчү эмгек келишимдеринин (контракттардын) мөөнөтүн 4 жылдык мөөнөттөн Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун 33-пунктуна (Келишимдин № 1 тиркемеси) ылайык түзүлгөн Комиссиянын Коллегиясынын ишинин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө өзгөртүү. Мында ЕЭКтин бардык кызмат адамдарынын бир учурда кызматтан бошоп кетүүсүнө жол бербөө максатында эмгек келишимдеринин (контракттардын) мөөнөтүн 3 айга чейин узартууга ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын укугу каралууда;
- ЕЭК кызматкерлери менен түзүлүүчү эмгек келишимдеринин (контракттардын) мөөнөтүн мөөнөтсүздөн мөөнөттүүгө (5 жыл мөөнөткө) өзгөртүү. Мында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөчү, ЕЭК Коллегиясынын мүчөсүнүн сунушу боюнча квалификациялык талаптарга жооп берген жана зарыл болгон билимге, тажрыйбага (анын ичинде өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыктарын эске алуу менен) туура келген эмгек келишиминин мөөнөтү аяктап калган ЕЭК кызматкери менен келишимдин (контракттын) мөөнөтүн узартууга ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын укугу каралууда (Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун 54-пунктунун тогузунчу абзацына сунушталган өзгөртүү (Келишимдин № 1 тиркемеси).
Ошону менен бирге ЕЭКтин кадрдык курамын түзүү боюнча негизги ыкмаларды түзөтүү боюнча демилгелерди ишке ашыруу ЕЭК турган мамлекет катары Россия Федерациясынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен комплекстүү мамилени талап кылгандыктан, Протоколго мындай демилгелер менен түздөн-түз байланышкан өткөөл жоболор киргизилди, Протоколдо алардын жоктугу Келишимдин ченемдерин колдонууда укуктук анык эместиктерге жана талаш-тартыш жагдайларга, анын ичинде соттук териштирүүлөргө алып келиши мүмкүн (Протоколдун 2-беренеси).
Ошондой эле Келишимдин ченемдерин бир түрдүү түшүнүү жана Келишим менен ЕЭКтин кызматкерлерине жана кызмат адамдарына пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө берилген кепилдиктерди нивелирлөө мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн (Протоколдо каралган алардын эмгек келишимдеринин (контракттардын) мөөнөттөрүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу) Протоколго Евразия экономикалык бирлигинде социалдык кепилдиктер, артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө жобонун 53-пунктуна (Келишимдин № 32 тиркемеси) өзгөртүү киргизүүчү жана Келишим менен Россия Федерациясынын жараны болуп саналган ЕЭК кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пенсияга укук берүүгө тиешелүү жобо да киргизилген.
Протоколдун долбоору мурда ЕЭК Коллегиясынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 46 буйругу, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 13 буйругу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 177-б буйругу менен жактырылган.
Мындан тышкары Протоколдун долбоору мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети тарабынан жактырылган.
Жогоруда баяндалгандар менен катар Протокол Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбестигин билдиребиз.
Протокол ратификацияланган учурда ал социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.