Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 32
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдорго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 14 (3349) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |