Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 токтомуна) |
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы инвесторлорду коргоого багытталган.
2. Ушул Тартиптин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин түзүү;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон маселелерди чечүүдө, ошондой эле контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен коммерциялык эмес талаш-талаштарды чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү;
3) Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жана укуктук кесепеттерди минималдаштыруу;
4) инвесторлор менен соттук талаш-тартыштардын жана арбитраждык териштирүүлөрдүн тобокелдиктерин минималдаштыруу;
5) Кыргыз Республикасында инвесторлорго өзүнүн инвестицияларын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берүү;
6) Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартиптин максаттарында пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) даттануулардын субъекттери - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, контролдук мамлекеттик үлүшү бар чарбалык шериктештиктер жана коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;
3) даттануу - инвестордун потенциалдуу бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын четтетүүгө жана/же калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвесторлордун кайрылуусу;
4) даттануулардын реестри - инвестор жана анын даттануусу жөнүндө маалыматтык-маалымдама маалыматтарын камтыган даттанууларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо маселелери төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) укуктун үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы;
2) объективдүүлүк;
3) калыстык;
4) толуктук;
5) натыйжалуулук.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Инвесторлордун даттанууларын кароо боюнча иш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык шериктештиктер жана мамлекет катышкан коомдор, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз институттар менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн веб-сайттарында жана башка онлайн-ресурстарында ушул Тартипке ылайык инвесторлор тарабынан даттануу берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо боюнча механизмдин алкагында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) инвесторлордун даттанууларынын реестрин (мындан ары - Реестр) жүргүзөт жана маалыматты Реестрге киргизүү менен даттанууларды чечүү процессине көз салат;
2) даттанууда камтылган маалыматтарга экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзөт;
3) аны чечүү максатында даттануулардын субъекттери менен өз ара аракеттенет;
4) даттануу менен кайрылган инвесторлор менен жолугушууларды аларды талаптагыдай кароо үчүн өткөрөт;
5) инвесторлордун даттануулары боюнча арбитраждык териштирүүнүн келип чыгышынын учурдагы тобокелдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин соттук өкүлчүлүгү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдайт;
6) даттануунун субъекти тарабынан мыйзамдардын ченемдерин сактабоо же бузуу мүмкүндүгү боюнча учурларды укуктук талдоонун алкагында аныкталган бөлүгүндө прокуратура органдары менен өз ара аракеттенет;
7) Реестрде катталган инвесторлорго мындан аркы коштоону жүргүзөт;
8) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жөнүндө жана зарыл болгон учурда айрым даттанууларды чечүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө маалымат жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Даттануулардын кызыкдар субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө, суралган маалыматты берүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган инвестордун даттануусун кароого катышууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Даттанууну каттоонун жана коштоонун тартиби
8. Даттануулардын субъекттери менен келип чыккан пикир келишпестиктер жөнүндө даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестордун өзү тарабынан жөнөтүлөт.
Инвесторлордун даттануулары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвесторлорду коргоо жана коштоо боюнча иштин алкагында өз алдынча аныкталышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Инвесторлордун даттануулары сотко, бейтарап сотко же эл аралык арбитражга кайрылганга чейин кайсы болбосун стадияда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Инвестордун даттануусу электрондук почта аркылуу же жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн. Инвестор өзүнүн даттануусунда ал даттанууну жөнөтүп жаткан мамлекеттик органдын аталышын, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (акыркысы бар болсо), эгерде даттануу юридикалык жактын атынан берилип жатса, юридикалык жактын аталышын, жооп жөнөтүлүүчү почта дарегин көрсөтүүгө милдеттүү, даттануунун маңызын баяндайт, жазуу жүзүндө берилген даттанууга жеке колун жана датасын коёт.
Даттануу инвестор тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен жеке жолугушууда да айтылышы мүмкүн, ал протокол менен таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Инвестордун даттануусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөндө каттоо датасы жана каттоо номерин берүү менен Реестрде катталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Даттанууну кароо жана инвесторду андан ары коштоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир келип түшкөн даттанууга жооптуу адисти бекитет, ал боюнча маалыматтар Реестрге да жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Инвестордун даттануусу 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Даттануунун субъектиси болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан учурларда аны кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн ашпашы керек.
14. Даттануу Реестрге катталган учурдан тартып жооптуу адис даттанууда баяндалган маалыматтар боюнча деталдарын билүү үчүн даттанууну берген инвестор менен байланышууга жана мындай маалыматтарды Реестрге киргизүүгө милдеттүү.
15. Даттануу менен кайрылган инвестордон маалыматтарды чогултуу жана Реестрди толтуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган маселелердин тизмесинин негизинде оозеки түрдө жүргүзүлөт. Реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
Реестрдин маалыматтарын алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ээ.
Реестрдин маалыматтарын ачыкка чыгаруу инвестордун өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана мүмкүн болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16.Маалымат чогултулгандан жана ал Реестрге киргизилгенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануу чечилбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн мүмкүн болгон экономикалык тобокелдиктерди баяндаган, ошондой эле даттануунун субъекти тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эл аралык укуктун ченемдерин же улуттук мыйзамдарды мүмкүн болуучу бузууларга баа берүүнү камтыган талдоо жүргүзүүгө киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Жүргүзүлгөн талдоо менен инвестордун даттануусунун негиздүүлүгү ырасталганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануунун субъектине дооматтарды, талдоонун натыйжаларын жана аларды жоюу боюнча сунуштамаларды баяндоо менен бир эле убакта бул жөнүндө инвесторго кабарлоо менен кат жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Даттануунун субъектиси инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан катты алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде даттануу боюнча өзүнүн позициясын инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануунун субъектисинин позициясын алгандан кийин келип чыккан кырдаалды чечүү жолун табуу үчүн инвестор жана ишке тартылган даттануунун субъектиси менен жолугушууну уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Эгерде даттанууну кароо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аркылуу инвестор жана даттануунун субъектиси келип чыккан пикир келишпестиктерди чечсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча даттанууну чечүү жөнүндө макулдашууну толтурат, ага даттануунун эки тарабы тең кол коёт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көрүлгөн чаралар даттанууну чечүүгө алып келбесе, ал андан ары чечим кабыл алуу үчүн каралып жаткан даттануудан келип чыгуучу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баяндоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттануу боюнча тиешелүү маалыматты жиберүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Даттанууда баяндалган кырдаалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир аракеттерди көргөн учурдан тартып жооптуу адис ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган формага ылайык Реестрде мындай маалыматтарды чагылдырууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23-1. Инвестор кайсы болбосун этапта себебин көрсөтүү менен даттанууну кароону токтото туруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай кайрылуу болгон күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин даттануунун статусун тактоо жана мындай маалыматты Реестрге киргизүү үчүн инвестор менен байланышууга милдеттүү.
Даттанууну кароо ал токтотулуп турган күндөн тартып 6 айдын ичинде, токтотулган этаптан баштап кайра каралашы мүмкүн. Өзгөчө учур болуп баштапкы даттануунун мазмунуна жана кароосуна таасир этүүчү жаңы жагдайлардын пайда болушу саналат. Мындай учурда инвестор жаңы даттануу берүүгө милдеттүү, ал эми баштапкы даттануу актуалдуу эмес жана андан ары кароого жатпайт деп эсептелет.
Эгерде даттанууну кароо токтотулуп турган күндөн тартып 6 айдын ичинде инвестор аны кайра кароо жөнүндө өтүнүч менен кайрылбаса, мындай даттануу жабык деп эсептелет жана андан ары каралууга тийиш эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23-2. Инвестор даттанууну кароону токтото туруу жөнүндө өтүнүч менен кандай болбосун этапта кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Даттануу берген инвесторду андан ары коштоо
24. Даттанууну чечүүнүн жыйынтыгына карабастан, инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Реестрде катталган инвесторлорду туруктуу негизде коштоп жүрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Инвесторлор төмөнкү формаларда коштоого алынат:
1) инвестициялык иштин алкагында мүмкүн болгон көйгөйлөр боюнча инвесторлорго электрондук почта же телефон аркылуу суроо-талаптарды жөнөтөт;
2) "тегерек столдор", жумушчу жолугушуулар же кеңейтилген конференциялар формасында;
3) эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү үчүн жумушчу топтордун курамына тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Инвесторлор менен даттануунун потенциалдуу субъекттеринин ортосунда пикир келишпестиктердин келип чыгышын минималдаштыруу максатында инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен төмөнкү маселелер боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү:
- инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;
- инвесторлор менен пикир келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктери жана алардын кесепеттери;
- эл аралык инвестициялык макулдашуулардын жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана түшүндүрүү;
- инвесторлордун укуктарын илгерилетүү жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына пландаштырылган өзгөртүүлөр жана алардын таасири;
2) жыл сайын өзүнүн расмий сайтында келип түшкөн даттануулар, аларды коштоонун натыйжалары жана мындай даттануулардын эң кеңири тараган предметтери боюнча жыйынды маалыматты жеке жана купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбастан жарыялоо;
3) инвесторлорду алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдери жөнүндө маалымдоо максатында окутууну жана башка иш-чараларды уюштуруу;
4) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине даттанууларды кароонун жыйынтыктары жана даттануулардан келип чыгуучу зарыл болгон чаралар жөнүндө жыйынды маалымат жиберсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү
28. Эгерде инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган даттанууга катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алыс жайгашкандыгына жана жетүүнүн кыйындыгына байланыштуу алар менен ишти өз алдынча уюштуруу мүмкүнчүлүгү болбосо, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жардам сурап кайрылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда маалымат алмашуу суроо-талаптын негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Суроо-талап кат жүзүндө таризделиши керек жана конкреттүү максаттарды камтышы керек. Суроо-талапта келип түшкөн даттануу, анын мүмкүн болуучу экономикалык жана укуктук натыйжасы жөнүндө кыскача маалымат көрсөтүлөт.
31. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана корголушун камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Суроо-талапты кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишке тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышып, даттанууну чечүү үчүн бардык колдо болгон маалыматтарды берүүгө;
2) мүмкүн болсо, өзүнүн төрагалыгы астында ишке тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана инвестордун жеке жолугушуусун уюштурууга;
3) андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 1-тиркеме |
Инвестордун даттануусун талдоо № _________
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Инвестициялык долбоор боюнча жалпы маалыматтар
1) долбоордун аталышы:
__________________________________________________________________________;
2) инвестордун аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы):
__________________________________________________________________________;
3) даттануунун баяндалышы:
__________________________________________________________________________;
2. Инвестициялык ишке тийгизген экономикалык таасирди талдоо:
1) даттануу тиешелүү болгон инвестициялык долбоордун суммасы:
__________________________________________________________________________;
2) ушул инвестициялык долбоордогу жумуш орундарынын саны:
__________________________________________________________________________;
3. Инвестициялык долбоорго чыгымдар:
1) инвестициялардын ишке ашырылган суммасы:
__________________________________________________________________________;
2) Бул даттануу менен байланышкан инвестордун болжолдуу чыгымдары персонал
жана тартылган ортомчуларга кошумча убакыттын сарпталышы, административдик жана
кошумча чыгымдардын көбөйүшү, ошондой эле инвестициялык чечимдерди жана
операцияларды ишке ашыруунун кечигүүсүнүн натыйжасында алынбай калган
кирешелер түрүндө билдирилет:
__________________________________________________________________________.
4. Башка маалыматтар:
__________________________________________________________________________.
5. Кыргыз Республикасы үчүн мүмкүн болгон экономикалык тобокелдиктер жөнүндө корутундулар:
__________________________________________________________________________.
6. Даттануунун инвестициялык ишке тийгизген таасирин укуктук талдоо:
1) эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл
алынган милдеттенмелерди эске алуу менен фактыларды изилдеп чыккандан кийин
даттануу негизсиз деп эсептелерин же эсептелбей тургандыгын көрсөтүү керек
__________________________________________________________________________;
2) даттануу негиздүү деп табылган учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,
жарандык жана административдик мыйзамдардын, инвестициялар жөнүндө, мамлекеттик
кызмат жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын ченемдери
козголгондугун көрсөтүү керек ________________________________________________;
3) даттануу негиздүү деп табылган учурда Кыргыз Республикасынын кайсы милдеттенмелери
козголгондугун көрсөтүү керек.
c улуттук режим (УР)/кыйла жагымдуу режим (КЖР);
c адилеттүү жана тең укуктуу режим (АТР)/толук коргоо жана коопсуздук (ТКК);
c мыйзамсыз экспроприациядан коргоо;
c акча каражаттарын жана активдерди которуу укугу;
c "кол чатыр" абалы (1).
7. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча жалпы сунуштамалар:
c даттанууну жогорку турган органга жөнөтүңүз;
c бул даттанууну мүмкүн болушунча тез арада чечиңиз.
Эскертүү: бул талдоо болжолдуу болуп саналат жана бул талдоодо эч нерсе
Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык инвестициялык макулдашууларга ылайык
эч кандай иш жүзүндөгү жоопкерчиликти моюнга алуу катары чечмеленбеши керек.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы |
| _______________________________ |
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 2-тиркеме |
|
| Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибине 3-тиркеме |
Форма
Дата
Инвестордун № _______ даттануусун чечүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 239, 2026-жылдын 13-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Инвестордун _________________________________________________________________________ байланыштуу даттануусу ыйгарым укуктуу органга _______ кириш № ________ кат менен (же электрондук почта аркылуу) жөнөтүлгөн. 1. Инвестордун даттануусу боюнча жалпы маалыматтар 1) инвестор жөнүндө негизги маалымат: Инвестордун аты-жөнү: ________________________________________________________________ Дареги: _____________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасында катталган датасы: ______________________________________________ Берилген даттанууга байланышкан инвестициялык долбоордун жайгашкан жери: 2) инвестордун даттануусунун баяндалышы Даттануунун келип чыгуу датасы: ________________________________________________________ Даттануунун баяндалышы: _____________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ 2. Даттанууну иштеп чыгуу жана коштоо Инвестордун даттануусун алгандан кийин иыйгарым укуктуу органга берилген маалыматтарды изилдөө, алдын ала экономикалык жана укуктук талдоо жүргүзгөн жана ошол эле учурда даттануу боюнча инвестордун позициясын кеңири тактоо үчүн инвестор менен байланышкан. Аткарылган иштерден кийин төмөнкүлөр аныкталды: Даттануу боюнча инвестордун позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Катышкан даттануу субъекттеринин позициясы: № 1 позиция: ________________________________________________________________________ № 2 позиция: ________________________________________________________________________ № 3 позиция: ________________________________________________________________________ Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын позициясы: Экономикалык кесепеттер Инвестордун учурдагы ишине тийгизген таасири: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвесторлордун инвестицияларын кеңейтүү боюнча планга таасири: ____________________________________________________________________________ Учурдагы инвестициялык долбоордо жумуш орундарына таасири: ____________________________________________________________________________________ Келечекте Кыргыз Республикасына инвесторлордун инвестицияларын кеңейтүү планынын алкагында жумуш орундарына таасири: __________________________________________________ Инвесторлор, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлор жана жергиликтүү инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнүн беделине тийгизген таасири: ___________________ ____________________________________________________________________________________ Даттануу чечилбеген учурда сметалык чыгымдар: _________________________________________ Укуктук кесепеттер Тиешелүү эл аралык инвестициялык макулдашуу (анын ичинде эки тараптуу инвестициялык макулдашуулар - эгерде бар болсо): _____________________________________________________ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү ченемдери: _____________________________________________________________________________________ Даттануудан келип чыгышы мүмкүн болгон укуктук маселелер: _____________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасына каршы соттук талаш-тартыштын тобокелдиги (эгерде болсо): _____________________________________________________________________________________ Даттанууну коштоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча инвестор жана даттануунун субъектиси төмөнкү макулдашылган чечимге келишти: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________
|
|