Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруунун алкагында ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында жүргүзүлүп жаткан уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 11-пунктундагы ", ошондой эле байланыш системасын" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктунда:
экинчи абзацындагы "байланыш системаларын" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтүү максатында ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен ыкчам жана башка маалыматтарды талдоону жүзөгө ашыруу.";
- 13-пунктунда:
экинчи, үчүнчү, төртүнчү, алтынчы, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы-жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн ыкчам жана башка маалыматты чогултууну, иштетүүнү, актуалдаштырууну жана ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларына киргизүүнү жүргүзөт;
- кылмыштарды иликтөөгө жана ачууга көмөк көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын ыкчам жана тергөө бөлүмдөрүнүн суроо-талаптары жана тапшырмалары боюнча талдоо иш-чараларын өткөрөт;
- кылмыштарды ачууда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга көмөк көрсөтүү үчүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын колдонуу менен иликтөөлөр жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзөт;
- ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнөн талдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдамаларды жана башка материалдарды белгиленген тартипте сурайт жана алат.";
- 15-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунда:
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- МТББнын начальнигинин орун басарынын, кызматчыларынын жана кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;";
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- МТББнын кызматкерлерине карата сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте өтүнмө берет жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;";
он биринчи абзацындагы "өз орун басарларына" деген сөздөр "өз орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 8-февралындагы № 15 (3350) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |