Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 336
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222, 2019-жылдын 30-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132, 2022-жылдын 1-февралындагы № 47, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222, 2019-жылдын 30-июлундагы № 376, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132, 2022-жылдын 1-февралындагы № 47, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы (мындан ары - МТББ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. МТББ өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. МТББ юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылык системасында алыш-бериш эсеби бар.
4. МТББнын толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы";
расмий тилде: "Главное управление информационных технологий Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "МТББ";
расмий тилде: "ГУИТ".
5. МТББнын юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469.
6. МТББнын уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
7. МТББнын имараттары, курулмалары, жабдуулары, инвентары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп эсептелет, алар ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген.
8. МТББ өзүнүн ишин ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрү, мамлекеттик бийлик органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара байланышта жүзөгө ашырат, ошондой эле белгиленген тартипте чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташат.
9. МТББнын иши мыйзамдуулук, адамдын укуктарын жана эркиндигин сыйлоо, илимий сунуштарды, оң тажрыйбаларды пайдалануу, маселелерди чечүүдө жеке башчылыкты жана коллегиялуулукту айкалыштыруу, кызматкерлердин милдеттерин чектөө жана ар биринин тапшырылган участогундагы иштердин абалына болгон жеке жоопкерчилик принциптеринде түзүлөт.
10. МТББнын чек коюлган маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан иш кагаздарын жүргүзүүсү жана иш-чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. МТББнын максаты
11. МТББнын негизги максаты ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында алардын ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды киргизүү жана пайдалануу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
3. МТББнын негизги милдеттери
12. МТББга төмөндөгү милдеттер жүктөлөт:
- ички иштер органдарынын маалыматтык эсепке алуусун жана маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу, маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды, өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле ички иштер органдарынын ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
- жеке жана юридикалык жактарды, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн, мамлекеттик бийлик органдарын, укук коргоо органдарын, анын ичинде МТББнын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттерди белгиленген тартипте маалымат менен камсыз кылуу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 101 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
- иштерди координациялоо жана МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн иштерине белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу, кызматтык иштерди андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтүү максатында ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен ыкчам жана башка маалыматтарды талдоону жүзөгө ашыруу.
- МТББнын компетенциясынын чегинде Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасында түзүлүштөрдүн IMEI коддорунун тиешелүү тизмелерин түзүү жана жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 376, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132, 2022-жылдын 1-февралындагы № 47, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. МТББнын негизги функциялары жана укуктары
13. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында МТББ төмөнкү функцияларды аткарат:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ички иштер органдарынын архивдик документтерин кабыл алууну, каттоону жана белгиленген тартипте пайдаланууну камсыз кылат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- уюштуруучулук-усулдук жетекчиликти жана МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө практикалык жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашырат;
- МТББнын ишинде колдонулуучу алдыңкы, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны изилдейт, жалпылайт жана жайылтат;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, МТББнын ишинин маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- ыкчам-маалымдамалык жана издөөчүлүк эсепке алуу боюнча издөө-таанытуу иштерин жүзөгө ашырат, мамлекеттик органдардын, эл аралык милдеттенмелерге ылайык чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде тийиштүү маалыматтарды берет;
- белгиленген тартипте эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдары менен маалыматтык жана башка өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- мамлекеттик органдардан маалымат сурайт жана алат, өзүнүн функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн маалымат ресурстарына мүмкүндүк алат;
- ыкчам-маалымдамалык жана издөөчүлүк эсепке алууда чагылдырууга тиешелүү объекттерди каттоону, ошондой эле эл аралык издөөнү жарыялоого же токтотууга материалдарды тариздөөнүн сапатын жана МТББга өз учурунда берүүнү контролдойт;
- электрондук колтамганы колдонот, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ведомстволук баш ийген ырастоочу борборду түзүүгө жана өнүктүрүүгө укуктуу;
- зарыл болгон программалык камсыздоону иштеп чыгат жана ишке киргизет, автоматташтырылган маалыматтык системалардын алгоритм жана программалар фонддорун түзүүгө, анын ичинде башка уюмдарды тартуу менен катышат;
- ички иштер органдарынын ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, анын ичинде маалымат базасына санкциясыз кирүүгө жана маалыматтын чыгып кетишинин негизги ыкмаларын аныктоого багытталган уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзөт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- илимий изилдөөлөргө катышат, сунуштамаларды жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгат, белгиленген тартипте аларды ишке ашырууну жүргүзөт, МТББнын ишинин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө колдоо көрсөтөт;
- өз компетенциясынын чегинде техникалык документтерди (конструктордук, технологиялык жана программалык документтерди, техникалык шарттарды, стандартташтыруу боюнча документтерди, нускамаларды, насааттамаларды, колдонмолорду жана жоболорду) иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген тартипте МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтардын базаларын (банктарды) түзөт, иштешин камсыздайт жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн ыкчам жана башка маалыматты чогултууну, иштетүүнү, актуалдаштырууну жана ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларына киргизүүнү жүргүзөт;
- кылмыштарды иликтөөгө жана ачууга көмөк көрсөтүү максатында ички иштер органдарынын ыкчам жана тергөө бөлүмдөрүнүн суроо-талаптары жана тапшырмалары боюнча талдоо иш-чараларын өткөрөт;
- кылмыштарды ачууда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга көмөк көрсөтүү үчүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын колдонуу менен иликтөөлөр жөнүндө маалыматтарга талдоо жүргүзөт;
- ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнөн талдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалымдамаларды жана башка материалдарды белгиленген тартипте сурайт жана алат.
- түзүлүштөрдүн IMEI коддорун Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маалыматтар базасынын бир тизмесинен башка тизмесине киргизет жана которот.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 222, 2019-жылдын 30-июлундагы № 376, 2020-жылдын 20-февралындагы № 101, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132, 2022-жылдын 1-февралындагы № 47, 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. МТББ өзүнүн милдеттерин жана функциясын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө төмөн натыйжаларга ээ болгон МТББнын ишинин багыттары боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн өзгөчө контролго коюу жөнүндө, ошондой эле алардын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө МТББнын ишин жакшыртуу боюнча;
- МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн иштерин текшерүүгө;
- МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн отчетун угууга, кеңешмелерди, жумушчу жолугушууларды, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүүгө;
- МТББнын ишинин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин белгиленген тартипте окутууга.
5. МТББнын ишин уюштуруу
15. МТББга жалпы жетекчиликти МТББнын начальниги жүргүзөт, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
16. МТББнын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык санын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бекитилген санынын чегинде МТББнын начальнигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бекитет.
17. Катардагы, башкаруучу жана эркин жалдануучу курамдагы адамдарды кызмат орунга тандоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бекиткен кызмат орундарынын тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
18. МТББнын өздүк курамынын кызмат өтөө тартиби жана шарттары, эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө маселесин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 101 токтомунун редакциясына ылайык)
19. МТББнын начальниги:
- жүктөлгөн милдеттерин аткаруу жана МТББнын ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү максатында МТББга жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ишин уюштурат;
- МТББга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- МТББнын начальнигинин орун басарынын, кызматчыларынын жана кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды, башка актыларды чыгарат;
- МТББнын орто жана улук башкаруучу курамын кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга Ички иштер министрине белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри менен макулдашуу боюнча МТББнын кызматкерлерине коюлуучу кошумча квалификациялык талаптарды аныктайт;
- МТББнын кызматкерлерине карата сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте өтүнмө берет жана тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары менен болгон мамилелерде МТББнын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коёт;
- МТББнын атынан өз орун басарына ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзүүгө ыйгарым укук берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
20. МТББнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери МТББнын начальниги менен макулдашуу боюнча ИИБдин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчиси тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
6. Каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
21. МТББны кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
22. МТББнын атынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин актылары менен берилген ыйгарым укугунун чегинде МТББ ата мекендик жана чет элдик юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.
23. МТББ белгиленген тартипте өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кызматтык жана турак жайларды, ошондой эле негизги каражаттардын башка түрлөрүн сатып алууга укуктуу.
24. МТББ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык МТББнын балансында турган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгарат.
25. МТББ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Корутунду жоболор
26. МТББнын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кайра уюштурууда МТББнын бардык мүлктүк укуктары жана милдеттенмелери укук улантуучусуна өтөт.
27. МТББнын ишин токтотууда анын иштөөсүнүн жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.