Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-февралы № 58

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Саламаттык сактоону санариптештирүү боюнча иштердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун кызматкерлеринин эмгегине атаандаша алгыдай акы төлөөнү белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту:

- экинчи абзацындагы "237" деген цифралар "238" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "246" деген цифралар "247" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 6-пунктунун биринчи абзацында:

- "жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технология борборунун" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "жана 8" деген сөздөр ", 8 жана 238" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 7-пунктунун биринчи абзацы "246" деген цифралардан кийин ", 247" деген цифралар менен толукталсын;

4) ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы "238" жана "247" тиркемелери менен толукталсын.

2. Кызматкерлерге кошумча материалдык дем берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун атайын эсебинде топтолгон каражаттардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон эсептөөлөрдү берсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

"238-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Директор

25000

2

Директордун орун басары

22000

3

Юрист

14000

4

Кадрлар бөлүмүнүн инспектору

14000

5

Коммуникация боюнча адис

14000

6

Мамлекеттик тил боюнча адис

14000

7

Иш кагаздарын жүргүзүүчү катчы

10000

8

Маалымат коопсуздугу боюнча инженер

35000

9

Маалымат системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү башкармалыгынын начальниги

22000

10

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы

21000

11

Улук программист

20000

12

Маалымат системаларынын аналитиги

19000

13

Бизнес талдоочу

19000

14

Системалык администратор

19000

15

Программист иштеп чыгуучу

18000

16

Программист

18000

17

Адис

18000

18

Медициналык статистика жана талдоо башкармалыгынын начальниги

15000

19

Медициналык статистика бөлүмүнүн башчысы

14500

20

Врач статист

14000

21

Медициналык статист

10000

22

Башкы бухгалтер

22000

23

Экономист

15000

24

Бухгалтер

14000

25

Материалдык бухгалтер

14000

26

1С администратор

14000

27

Сатып алуулар боюнча адис

14000

".

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 

"247-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Чарба башчысы

11000

2

Айдоочу

9000

3

Короо тазалоочу

6000

4

Электрик

7000

5

Сантехник

7000

6

Кызматтык жайларды тазалоочу

6000

".