Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 65
2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасындагы үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобону "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 17-июнундагы № 424
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 65
2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча
мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз
Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын,
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин
мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана
мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин
бекитүү жөнүндө