Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 36
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү, максаттары жана принциптери
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү үчүн шарттарды түзүү максатында сатып алуучу уюмдардын иштешин камсыздоого байланышкан мамилелерди жөнгө салуу аркылуу туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларын ишке ашыруу төмөнкү принциптерге негизденет:
1) мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасын түзүү жана ага коомчулуктун ишенимин калыптандыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процессин оптималдаштыруу;
2) мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
3) мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда ачыктык, калыстык, жеткиликтүүлүк жана ачык-айкындуулук;
4) улутту туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык жана жогорку технологиялык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу.
2-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга негизденет.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда мындай эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү жөнгө салбайт:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырларды сактоого байланышкан сатып алуулар. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ишке ашырылуучу сатып алуулар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарды камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоону аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн ички эрежелерине ылайык ишке ашырат. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине каршы келбөөгө тийиш;
3) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык фонддордун каражаттарынын эсебинен сатып алуулар.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) контракттарды башкаруу - контракттарды талаптагыдай эмес аткаруу же аткарбоого байланышкан опурталдарды, ошондой эле контрактты аткарууда коррупциялык опурталдарды азайтууга багытталган контракттарды аткаруунун ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчет берүүчүлүк процессин камсыз кылуучу веб-порталды жана/же электрондук каталогду колдонуу менен ишке ашырылуучу контракт боюнча милдеттенмелердин тараптар тарабынан аткарылышын башкаруу жана контролдоо процесси;
2) аффилирленген жак - уставдык капиталда катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, сатып алуучу уюм катышуучу же уюштуруучу болуп саналган жана иши атаандаштык жөнүндө мыйзамга каршы келбеген ишканаларга таандык болгон акционердик коомдорду, чарбалык шериктиктерди жана коомдорду кошпогондо төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак:
- мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;
- сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары же жакын адамдары;
- саясий мамлекеттик кызматты, саясий муниципалдык кызматты, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жак болуп саналган берүүчүнүн же консультанттын катышуучусу (уюштуруучусу) жана берүүчүнүн же консультанттын уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон анын жакын туугандары же жакын адамдары;
3) берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы - мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык берүүчүлөр жана консультанттар жөнүндө маалыматтарды ачуу үчүн мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялануучу, мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышкан берүүчүлөр жана консультанттар жөнүндө маалыматтардын жыйындысын камтыган электрондук түрдөгү база;
4) ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы - ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын, ошондой эле контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген алардын жетекчилеринин реестри;
5) контрактты банктык коштоо - банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банктардын биринде ачылган өзүнчө эсепте, ушул контрактты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контрактты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу төлөмдөрдү төлөөнү, эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу банктын камсыз кылуусу, ошондой эле сатып алуучу уюмга/Агентке контракттарды банктык коштоонун натыйжаларын жеткирүү;
6) юридикалык жактын бенефициардык ээси - акыр аягында (менчик жана контролдоо тизмеги боюнча) тикелей же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугунда юридикалык жакка ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон, анын чечим кабыл алуусуна таасир этүүчү жеке жак (жеке адамдар);
7) жакын туугандар - атасы жана энеси, асырап алуучулар, балдары, анын ичинде асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң атасы, чоң энеси, неберелери;
8) жакын адамдар - катталган никеде турган адамдар, анын ичинде чогуу жашаган, бирок никеде турбаган адамдар, ошондой эле өгөй атасы, өгөй энеси, өгөй баласы, өгөй кызы, күйөө баласы, келини;
9) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (веб-портал) - маалыматтарды 10 жылдан кем эмес мөөнөткө чейин сактоо менен мамлекеттик сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыздоо максатында сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мамлекеттик маалыматтык система;
10) мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - сатып алуучу уюмдардын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө болгон, мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылуучу керектөөлөрү;
11) мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү ушул Мыйзамда белгиленген, мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу методдор менен сатып алуу;
12) мамлекеттик каражаттар болуп төмөнкүлөр таанылат:
- сатып алуучу уюмдар тарабынан иштерди жүзөгө ашыруу үчүн республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- "атайын каражаттар" катары аныкталган каражаттар;
- акциялардын 50 жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун (чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун) каражаттары;
- мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддордун жана башка юридикалык жактардын каражаттары;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулардын негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар, эгерде мындай макулдашууларда каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары каралбаса;
- мамлекет тарабынан кепилдик берилген жана камсыздалган кредиттик каражаттар;
13) контракты аткарууну кепилдик камсыздоо - берүүчүнүн сатып алуучу уюмдардын/Агенттин алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышын контракт боюнча ушул Мыйзамда каралган формада камсыздоо ыкмасы;
14) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо - ушул Мыйзамда каралган форма боюнча берүүчүнүн сунушунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо ыкмасы;
15) демпингдик баа - берүүчү тарабынан жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга сунуш кылган баа, ал сатып алуучу уюм/Агент тарабынан аныкталган сатып алуу предметинин пландалган наркынан 20 пайыздан ашык төмөн болуп саналат;
16) берүүчүнүн сунушун кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган, сунушта көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун кепилдиги катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;
17) контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган, контрактта каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмасы катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;
18) сатып алуулар жөнүндө документтер - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу шарттарын, тартибин, анын ичинде контракттын долбоорун камтыган, алардын сунуш даярдоосу үчүн ага карата ар кандай өзгөртүүлөрдү кошкондо, берүүчүгө же консультантка берилүүчү документтердин пакети;
19) сатып алуучу уюм - мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалар; уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор (чарбалык шериктештиктер жана коомдор), анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору; мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддор жана башка юридикалык жактар;
20) консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке (жеке консультант) же юридикалык жак;
21) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл адистештирилген кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар консультанттар тарабынан берилүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде долбоорлоо-сметалык документтер (имараттарды, курулмаларды долбоорлоо), аларды иштеп чыгуу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен стандарттык ченемдерге жана эрежелерге негизделбейт;
22) контракт - сатып алуулардын жол-жоболорунун же алкактык макулдашуунун натыйжасында сатып алуучу уюм/Агент менен берүүчүнүн, консультанттын ортосундагы түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө контракт (келишим);
23) берүүчүнүн же консультанттын сунушу - товарларды берүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды ишке ашырууга берүүчүнүн сунушу же мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө консультанттын сунушу;
24) сатып алуулар боюнча комиссия - сатып алуулар тууралуу документтерди бекитүү жана ушул Мыйзамда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө жеңүүчүнү тандоо максатында берүүчүнүн же консультанттын сунушун баалоону жана тандоону ишке ашыруу үчүн сатып алуучу уюмдун буйругу менен түзүлгөн коллегиалдуу орган;
25) баалоо критерийлери - сатып алуунун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген объективдүү критерийлер;
26) лот - сатып алуулардын өзүнчө предмети катары чыгуучу сатып алуунун бөлүнбөгөн предмети, аны баалоо башка лотторго көз карандысыз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш;
27) мониторинг - рынокту изилдөө, анын натыйжасы сатып алуулардын натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн пайдаланылат;
28) анык эмес маалымат - берүүчү, консультант тарабынан берилген, өзүнүн сунушундагы чындыкка дал келбеген маалыматтар;
29) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору -мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү мамлекеттик сатып алуулардын мониторинги үчүн багытталган ар кандай белгилер боюнча топтолгон товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызматтардын аталыштарынын жана коддорунун системага салынган топтому;
30) сунуштарды баалоо - сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге берүүчүлөрдүн сунуштарынын ылайык келүүсүн аныктоо процесси;
31) бааланган нарк - жашоо циклин жана сатып алуулар жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн сапаттын критерийлерин эске алуу менен берүүчү сунуштаган баа;
32) сатып алуулар планы - мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо үчүн пландалган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
33) берүүчү - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан ар кандай юридикалык же жеке жак;
34) алдын ала квалификациялоо - берүүчүлөрдүн иш тажрыйбасын, финансылык, өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала баалоо үчүн конкреттүү сатып алуунун алкагында жүргүзүлүүчү жол-жобо;
35) алдын ала квалификациялоочу документтер - алдын ала квалификациялоочу тандоону жана сатып алууларды жүргүзүү үчүн документтердин иштелип чыккан пакети;
36) протокол - сатып алуулар процессинин тиешелүү этабын чагылдырган документтик отчет;
37) жумуштар - имаратты, курулманы же объектти курууга, кайра конструкциялоого, бузууга, оңдоого жана жаңылоого байланышкан бардык иштер, буга курулуш аянтын даярдоо, котлован казуу, курулманы тургузуу, жабдууларды же материалдарды монтаждоо, ички жана тышкы жасалгалоо, ошондой эле эгерде, мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жумуштардын өзүнүн наркынан ашпаса бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу сүрөткө тартуу, сейсмикалык изилдөөлөр сыяктуу коштомо кызмат көрсөтүүлөр жана сатып алуулар жөнүндө контракттарга ылайык аткарылуучу башка кызмат көрсөтүүлөр да кирет;
38) алкактык макулдашуу - келечектеги контракттын шарты айтылуучу, бир же андан көп берүүчү тарабынан кол коюлган ачык же жабык типтеги макулдашуу;
39) смарт-контракт - маалыматтык технологияларды колдонуу менен түзүлүүчү электрондук формадагы контракт. Смарт-контракт боюнча укуктарды жана милдеттерди аткаруу ырааттуулукта жана мындай контракт менен аныкталган кырдаал келген учурда белгилүү бир тартипте аткаруу жолу менен ишке ашырылат;
40) сунуштар үчүн мөөнөт - сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгил;
41) даттануу мөөнөтү - ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын даттануу жана администрациялык даттануу берүү мөөнөтү (мезгили);
42) товарлар - ар кандай түрдөгү жана баяндалыштагы эмгек продуктулары, анын ичинде катуу, суюк же газ абалындагы чийки заттар, буюмдар, жабдуулар жана предметтер, электр энергиясы, ошондой эле эгерде мындай коштомо кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса, товарларды берүүнү коштоочу кызмат көрсөтүүлөр;
43) ыйгарым укуктуу банк - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан контракттарды банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банк;
44) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган;
45) кызмат көрсөтүүлөр - ар кандай мамлекеттик сатып алуулар (товарларды, жумуштарды кошпогондо, өлчөнүүчү физикалык жыйынтыктын натыйжалуулук деңгээлинин негизинде), топографиялык сүрөткө тартуу кызматтары, имараттарды жууп-тазалоо, станокторду жана жабдууларды оңдоо кызматтарын көрсөтүү; ташуулар; телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр; камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү; смета түзүү, техникалык көзөмөл, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген стандарттуу ченемдер жана эрежелер колдонулган учурда шаар куруу жана долбоордук-сметалык документтерди (имараттарды, курулмаларды долбоорлоо), дефекттик актыны түзүү кызматтарын көрсөтүү; компьютерлерди жана программалык камсыз кылууну орнотуу жана учурдагы техникалык жактан колдоо кызмат көрсөтүүлөрү; жарыялоо, типографиялык кызматтарды көрсөтүү; саркынды сууларды тазалоо кызматтарын көрсөтүү; коопсуздук кызматтарын көрсөтүү; финансылык кызмат көрсөтүү; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн финансылык лизинги кызмат көрсөтүүлөрү; агрегаттарды, түйүндөрдү жана (же) жабдууларды оңдоо жана башка кызмат көрсөтүүлөр;
46) туруктуу мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюмдар уюм үчүн гана эмес, курчап турган чөйрөдөгү зыянды азайтууда коом үчүн дагы пайданы баалоого тийиш болгон процесс. Наркты баалоодо продукциянын жашоо циклинин наркы эске алынат;
47) сатып алуу борбору (мындан ары - Агент) - борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү функциясы жүктөлгөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу орган;
48) сатып алуулардын электрондук форматы - маалыматтык системаларды (веб-портал) жана электрондук маалыматтык ресурстарды пайдалануу менен Интернет тармагында ишке ашырылуучу сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жобосу, сатып алуулардын предметин реалдуу убакыт режиминде сатып алуу тартибин камсыз кылат;
49) электрондук каталог - берүүчү тарабынан сунушталган учурдагы бааларды көрсөтүү менен стандарттуу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган тизмесин көрсөтүүчү электрондук соода маалыматтык аянтчасы.
4-берене, Улуттук режим. Улуттук режимден алып салуу
1. Чет мамлекеттерден өндүрүлгөн товарларга, чет өлкөлүк берүүчүлөр тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга карата мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда жана шарттарда ата мекендик товарлар, Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштар, көрсөтүлүүчү кызматтар менен бирдей шарттарда улуттук режим колдонулат.
2. Улуттук режимден алып салуу (Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттердин берүүчүлөрүнүн конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга жеткиликтүүлүгүн бир тараптуу белгиленген тартипте чектөө же болбосо экономиканын белгилүү бир тармактарында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүгүн чектөө) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишим менен белгиленет.
5-берене. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн жана ак ниетсиз берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизүүнүн шарттары
1. Ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөргө жана консультанттарга, ошондой эле алардын жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүн курамында катышкандарга субподрядчы же жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу катары катышууга тыюу салынат.
Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жак болуп саналса, берүүчүлөргө жана консультанттарга мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.
Эгерде бир берүүчүнүн катышуучулары жана башкаруу органдарынын мүчөлөрү башка берүүчүнүн катышуучуларына, башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата жакын туугандары жана жакын адамдары болуп саналса, берүүчүлөргө жана консультанттарга бир сатып алууга катышууга тыюу салынат.
2. Сатып алуучу уюм/Агент ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына коллегиялдуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жеке аткаруу органынын функцияларын аткаруучу жактарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген жактарды киргизүүнү демилгелейт, эгерде:
1) сатып алуунун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө контракт түзүүдөн баш тартышса, буга сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жарыяланган шартта, эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу болгон учурлар кирбейт;
2) берүүчүлөр жана консультанттар өзүнүн сунушунда анык эмес маалымат берсе, ал сунуштарды баалоо жол-жобосунун этабында аныкталса, же болбосо берүүчүлөр жана консультанттар менен сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндө контрактты бир тараптуу тартипте бузса, аны аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөргө карата сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга берүүчүлөрдүн шайкеш келбегендиги же берүүчүлөрдүн аларга жыйынтыгы боюнча мындай контракттар түзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген мындай талаптарга өзүнүн ылайык келиши жөнүндө анык эмес маалымат бергендиги аныкталса;
3) ушул Мыйзамга ылайык алар менен контракт түзүлгөн сатып алуунун катышуучулары тарабынан берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларациянын шарттары бузулса, буга сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жарыяланган шартта, эгерде мындай бузуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу болгон учурлар кирбейт;
4) берүүчүлөр, консультанттар алар менен түзүлгөн контракттар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, буга мындай контракт мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жана аны аткаруу мөөнөтүндө түзүлгөн шартта, эгерде мындай аткарбоо өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу болгон учурлар кирбейт.
6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды ишке ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруунун бардык этабында кайсыл бир берүүчүнүн кызыкчылыгында аракеттерге (аракетсиздикке) чечимдерге кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө;
2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр, консультанттар катары катышууга же алар менен аффилирленген жактар болууга тыюу салынат.
Мамлекетти сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору сатып алуучу уюмдун/Агенттин же мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча токтотулат.
2. Жактар сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
1) сатып алуулардын жыйынтыгына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар);
2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн же консультанттардын кызматкерлери же аларга берүүчүлөр, консультанттар таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар (анын ичинде берүүчүлөрдүн же консультанттардын катышуучулары (акционерлери) болуп саналган жеке жактар), берүүчүлөрдүн, консультанттардын башкаруу органдарынын кызматкерлери жана кредиторлору болуп саналса.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү же консультант менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкү учурда түзө албайт:
1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн же консультанттын уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса;
2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү/консультант сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса;
3) эгерде аффилирленген жак болуп саналса;
4) эгерде ушул сатып алууда анын сунушун даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген адам тартылса.
4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн же консультанттан аффилирленүүсү жок экендиги тууралуу ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык ээлери тууралуу маалымат веб-порталда же электрондук каталогдо ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.
5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупция, алдамчылык, келишүү жана мажбурлоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге аралашпоого тийиш.
6. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда мындай берүүчүлөрдүн жана консультанттардын сунуштары четке кагылууга тийиш.
7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн, консультанттын сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.
7-берене. Купуялуулук жана билдирүүлөрдүн формасы
1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан бардык иш-аракеттер жана кат алышуулар жеткиликтүү болуп саналат жана ал өзү кол койгон документке теңдештирилген, юридикалык күчкө ээ болгон квалификациялуу электрондук колтамганы колдонуу жолу менен веб-порталда же электрондук каталогдо жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Билдирүүлөрдү алмашуу ыкмалары жөнүңдө талаптар жана аларды жиберүү мөөнөттөрү маалымат алууга бирдей укукка ээ бардык берүүчүлөр жана консультанттар үчүн жалпы болуп саналат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр, консультанттар тарабынан берилген маалыматтын толуктугун жана купуялуулугун камсыздайт.
4. Маалыматты ачыкка чыгарбоо ушул Мыйзамга каршы келген же анын талаптарын сактоону камсыз кылууга тоскоолдук кылган, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон, же мындай маалыматты ачыкка чыгаруу берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирген же ак ниеттүү атаандаштыкка тоскоол болгон учурларды кошпогондо, эгерде сот тарабынан гана мындай маалыматты ачыкка чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алынбаса, сатып алуучу уюм/Агент жеңүүчү аныкталганга чейин маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.
5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана берүүчүнүн ортосундагы бардык талкуулоолор, билдирүүлөр же сүйлөшүүлөр купуя мүнөзгө ээ болот, Маалымат соттук териштирүүнүн предмети болуп саналган учурларды кошпогондо, тараптардын бири дагы экинчи тараптын макулдугусуз техникалык, баалык же башка маалыматты бөлөк жактарга ачыкка чыгарууга укугу жок.
8-берене. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат.
2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде:
- электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин;
- ушул Мыйзамды колдонуу боюнча методикалык нускаманы (беренелер боюнча түшүндүрмө);
- мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун колдонуунун тартибин;
2) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын жол-жоболорун координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана катышуучуларды окутуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу;
4) сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды, берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын, ошондой эле ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү;
5) сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, анын ичинде веб-порталда даттанууларды жарыялоо (мазмуну жана мындай даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим);
6) жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
7) мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды мамлекеттик сатып алуулар системасына киргизүү;
8) электрондук каталогду жана веб-порталды башкаруу;
9) веб-порталга, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуу, ошондой эле контракты аткарууну кепилдик камсыздоо түрүндө мамлекеттик сатып алууларга катышуучу берүүчүлөрдөн жана консультанттардан түшкөн акча каражаттарын атайын эсепте топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоонун жана башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат;
10) сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан сатып алуулар жөнүндө контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
11) мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү.
3. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) сатып алуучу уюмду/Агентти сатып алуу жол-жобосун ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык жүргүзүүнү милдеттендирүү;
2) сатып алуучу уюмду/Агентти өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра кароого же сатып алууну болгон жок деп таанууга милдеттендирүү;
3) сатып алуу жол-жобосун токтотуп туруу;
4) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) жол берилген бузуулар жөнүңдө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү.
4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз компетенциясынын чегинде чыгарылган жазма буйругу ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бузууларга жол берген сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өз муктаждыгы үчүн түзүлгөн сатып алуу боюнча комиссиянын курамына гана кирүүгө укуктуу.
9-берене. Сатып алуучу уюм
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм сатып алуулар бөлүмүн түзөт же милдеттерди өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине жүктөйт.
2. Сатып алуулар бөлүмү төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, сатып алуулар планын түзүү учурунда жана кулактандырууну жарыялоонун алдында (сатып алууларды пландоо, планын түзүү этабында, алкактык макулдашууну түзүүдө жана бир булактан сатып алууда) сатылып алынуучу товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна мониторинг жүргүзөт;
2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды пландайт;
3) веб-порталда квалификациялоо алдындагы документтерди, сатып алуу жөнүндө документтерди жана аларга карата өзгөрүүлөрдү (толуктоолорду) иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн (консультанттардын) сунуштарын баалоонун жыйынтыгын, кол коюлгандан кийин сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколдорун жайгаштырат;
4) веб-порталга ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык түзүлгөн контракттар жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат;
5) веб-порталда ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сатып алууну жокко чыгарат же ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
6) маалыматтар базасына ак ниетсиз берүүчүлөрдү жана консультанттарды киргизүүнү демилгелейт;
7) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоону жөнөтөт.
3. Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн бардык адистери мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатталган адистер болууга тийиш.
4. Учурдагы жылдын 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун, башка органдардын кызматкерлеринин жана коомдук өкүлдөрдүн (жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча) ичинен сатып алуу боюнча комиссияны түзөт, аларды тандоо веб-порталда кокустан тандоо аркылуу ишке ашырылат.
Сатып алуу боюнча комиссия бир булактан методдору менен сатып алууда жана квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкалардын суроо-талабында түзүлбөйт.
Сатып алуу боюнча комиссия кеминде үч адамдан турууга тийиш, алардын бири мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө сертификатталган адис болууга тийиш. Сатып алуу боюнча комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылган эксперттер кириши мүмкүн.
5. Сатып алуу боюнча комиссия:
1) сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитет;
2) ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалайт;
3) жеңүүчүнү жана рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөрдү аныктайт;
4) ушул Мыйзамдын 28, 39-41-беренелеринде каралган учурларда сатып алууну болгон жок деп тааныйт;
5) негизделген даттануулар келип түшкөн учурда берүүчүлөрдүн же консультанттардын сунуштарын кайра баалайт.
6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси сатып алуулар жөнүндө контракттарды башкаруу үчүн бөлүмдү/жакты түзөт же дайындайт.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү үчүн органды дайындайт же аныктайт жана сатып алуучу уюмдардын муктаждыктарына ылайык борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын түрлөрүн аныктайт.
8. Сатып алууларды ишке ашырууда сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда контракттарды аткаруу процессине жарандык коомдун өзүнүн арызы боюнча жарандык коомдун катышуусун камсыздайт.
9. Сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси, адистери, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун контрактты башкаруу үчүн жооптуу адамдар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
2-глава. Мамлекеттик сатып алуулардын этаптары
10-берене. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу жол-жобосу
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) сатып алууларды пландоо;
2) сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;
3) сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;
4) сунуштарды ачуу;
5) сунуштарды баалоо жана салыштыруу;
6) жеңүүчүнү тандоо;
7) контракт түзүү;
8) контрактты башкаруу.
11-берене. Сатып алууларды пландоо
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген мезгилге стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш жүзүндөгү калдыктарды эске алуу менен, чыгымдарды ченемдөөгө ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болгон керектөөнүн негизинде сатып алуулар 3 жылга пландаштырылат.
2. Бюджеттин долбоору же чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө техникалык өзгөчөлүгүн көрсөтүү менен товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөр аныкталат.
3. Сатып алуулар планына киргизүү үчүн төмөнкүлөр болушу керек:
1) белгиленген ченемдердин негизинде товарлардын санын, берүүлөрдүн мөөнөтүнүн жана жеринин аныкталышы;
2) сатып алуунун пландалган мезгилинин аныкталышы (ай, квартал, жыл);
3) товарларды сатып алууда товарлардын ар бир түрүнө иштелип чыккан техникалык өзгөчөлүктөрдүн болушу;
4) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, жаңы же капиталдык курулушка жумуштарды сатып алууда, курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдан экспертизадан өткөн курулуштун бардык көлөмүнө иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтердин, пландын, чиймелердин жана эскиздердин болушу;
5) дефекттик актынын негизинде чыгымдалуучу материалдардын таблицасы менен учурдагы оңдоонун сметалык наркынын (курулуш материалдарына техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алардын көлөмүн көрсөтүү менен) болушу;
6) кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө техникалык тапшырманын же техникалык-экономикалык негиздеменин болушу;
7) консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө иштелип чыккан техникалык тапшырманын болушу жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоого;
8) каржылоо булагын көрсөтүүгө.
4. Сатып алуулар планы сатып алуучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
Сатып алуулардын планында белгиленет: товарлардын, жумуштардын (жаңы курулуш; капиталдык курулуш, учурдагы ремонт) кызмат көрсөтүүлөрдүн же консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын, бюджетин, санын, жерин жана товарларды жеткирүүнүн, жумуштарды аткаруунун, кызматтарды көрсөтүүнүн же консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөтүн көрсөтөт.
Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө карата белгиленүүчү талаптар түшүнүктүү жана толук болууга, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдүн сапатына жана башка көрсөткүчтөрүнө карата талаптарды так жана бир мааниде баяндоону камсыз кылууга тийиш. Белгиленүүчү талаптар чектөөчү мүнөзгө ээ болбошу керек.
5. Эгерде жумуштарды аткаруу мезгили сатып алуулар планы бекитилген мөөнөттөн (үч жылдан ашык) ашып кетсе, сатып алуулар планында аларды аткаруунун бардык мезгилине карата маалымат көрсөтүлөт.
6. Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда, сатып алуучу уюм веб-порталга мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Бул өзгөртүүлөр боло турган сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен веб-порталда жүргүзүлүшү керек.
7. Акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздары (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык, өзүнүн ишин атаандаштык рыногунда ишке ашыруучу акционердик коомдор сатып алуулар планында ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө таасирин тийгизүүчү сатып алуунун предметинин техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтпөйт.
8. Сатып алуулардын планына контракт түзүлгөндөн кийин Киргизилүүчү, өзгөчө кырдаалдарга, форс-мажордук жагдайларга, аварияга байланышкан учурларды кошпогондо, сатып алуулар планында (сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.
12-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтер
1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен документтердин электрондук формасынын негизинде иштелип чыгат жана толук көлөмдө кайтарымсыз негизде жеткиликтүү болот.
2. Сатып алуулар жөнүндө документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сатып алуунун предметин;
2) мамлекеттик сатып алуунун методун жана ыкмасын, берүүчүлөр тарабынан сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн;
3) сатып алуулар предметине жана ар бир өзүнчө сатып алынуучу бирдикке мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун;
4) сатып алуунун катышуучуларына нускаманы;
5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптарды, төмөнкүлөрдүн котировкаларын сурап алуу методу менен сатып алууларды кошпогондо:
- салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалыматтар суралуучу стандарттуу товарлардын;
- сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына коюлуучу, мисалы лицензиянын, квалификациялуу кызматкерлердин, тажрыйбасынын болуусу жана салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу сыяктуу минимумдук талаптарды камтыган иштердин;
6) товарларды жеткирип берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жерлерин жана алардын мөөнөтүн кошкондо, сатып алуу предметин толук сыпаттоону (лотторду сыпаттоо):
- сатылып алынуучу товарлардын техникалык, сапаттык, функциялык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле санын;
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, техникалык спецификацияларын, курулуштун бардык көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы пландарды, чиймелерди жана эскиздерди;
- берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн;
7) чектелбеген жана чектелген методдор менен сатып алууда: сатып алуучу уюм тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган, анын ичинде акчалай формада көрсөтүлүүгө тийиш болгон бардык критерийлерди сыпаттоону;
8) транспорттоого жана камсыздандырууга, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө чыгашалар жана баага таасир этиши мүмкүн болгон башка чыгашалар сыяктуу сатып алынуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан башка элементтерди камтууга тийиш болгон баасын (улуттук валютада). Даяр (стандарттуу) товарларды сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент арзандатууну суроого укуктуу.
Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын турмуштук циклинин аралыгында кийинки чыгымдар жөнүндөгү маалыматты кошумча сурап ала алат;
9) берүүчүнүн сунушунун кепилдик камсыздоонун жана контракттарды аткарууну кепилдик камсыздоонун формасына, өлчөмүнө жана колдонуу мөөнөтүнө карата талаптарды же берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияларга кол коюу тууралуу талаптарды;
10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн;
11) сунуштар берилүүгө тийиш болгон тили же тилдери;
12) берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата жана квалификациялык талаптарга ылайыктыгын ырастоочу документтик далилдерге карата талаптар. Сатып алуулар жөнүндө документтер берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата дискриминациялык мүнөздөгү талаптарды камтыбашы керек;
13) берилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттерде, стандарттардын жоболорунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерде белгиленген талаптарга ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аман-эсендигине, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдикти болтурбоо максатында өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптарына карата ылайык келүүсүн ырастоочу документтерди берүү жөнүндө берүүчүлөргө карата талаптарды;
14) ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык контрактты банктык коштоо шарттарын;
15) контрактка, ошондой эле контракттын долбооруна киргизиле турган контракттын өзгөчө шарттарын;
16) алкактык макулдашууну түзүүгө ниеттенген учурда кошумча маалыматтар көрсөтүлөт:
- сатып алуу алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонуу менен ишке ашырылары жөнүндө;
- алкактык макулдашуунун иштөө мөөнөтү жана түрү жөнүндө;
- ушул алкактык макулдашууга ылайык алдыдагы контракттар жөнүндө билдирүүнүн тартиби тууралуу;
- алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун биринчи этабына катышпаган берүүчүлөр тарабынан алкактык макулдашууга кол коюунун мүмкүндүгү жана тартиби жөнүндө;
- алкактык макулдашуунун долбоору.
3. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүүдө бирдей (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу көлөмүн, санын максимумдук атаандаштыкты камсыздоочу лотко бөлүүгө жол берилет. Мында, эгер процесстеринин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланышы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыздалбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт.
4. Сатып алуу тууралуу документтердин негизинде веб-портал сатып алуу жөнүндө кулактандырууну иштеп чыгат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын издөө системасында кулактандыруулардын көрүнбөй калышына жол берген тамгаларды же символдорду камтыбашы керек.
13-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын методдору
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар төмөнкү методдор менен ишке ашырылат:
1) чектелбеген;
2) чектелген;
3) котировкаларды сурап алуу;
4) бир булактан.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик сатып алуу ушул Мыйзамдын 30-беренесинде каралган методдор менен ишке ашырылат.
14-берене. Чектелбеген метод
1. Чектелбеген метод сатып алуу предметинин квалификациялык маалыматтары, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналганда же сатып алуу предметинин спецификалуу техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоого мүмкүн болбогондо товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу учурларында колдонулат.
2. Чектелбеген метод менен сатып алуулар төмөнкүдөй ыкмалар аркылуу ишке ашырылат:
1) эки пакеттүү;
2) сүйлөшүүлөр жолу менен.
3. Эки пакеттүү ыкма квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат.
4. Сүйлөшүүлөр жолу менен ыкмасы төмөнкү учурларда өткөрүлөт, эгер:
1) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн спецификалуу техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо жана бул үчүн сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн канааттандыруучу техникалык шарттар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн берүүчүлөр менен талкуулоо зарыл. Талкуулоо техникалык спецификациялар жана аткаруу методдору боюнча гана жүргүзүлөт;
2) сатып алуу предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же башка адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр саналат.
15-берене. Чектелген метод
1. Чектелген метод төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эгер товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү техникалык (технологиялык) жактан татаал, жогорку технологиялуу, инновациялык болсо, технологиялардын өнүгүшүнө көмөктөшсө же экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын өнүгүүсүнө дем берсе, же зарыл квалификациясы бар берүүчүлөр гана ишке ашырууга жөндөмдүү болгон адистештирилген багыты болсо;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте өзгөчө режимди аныктоодо товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууну жүзөгө ашырууда, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды, анын ичинде жалпы билим берүү окуу китептерин даярдоого жана (же) жекелештирүүгө байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашырууда;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштык рыногунда өзүнүн ишин ишке ашыруучу, акциялардын 50 жана андан көп пайызы (уставдык капиталда катышуу үлүшү) мамлекетке таандык, предмети коммерциялык сырды камтыган акционердик коомдордун сатып алууларында. Коммерциялык сырды коргоо үчүн мындай акционердик коомдордун тизмеси жана сатып алуулардын тизмеси, ошондой эле сатып алуулардын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
4) Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ишин камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы үчүн объекттерди тейлөө менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу.
2. Чектелген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент веб-порталда ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган мөөнөттөрдө жарыя жарыялайт, ал тиешелүү квалификациялуу берүүчүлөрдүн чектелген чөйрөсүнө гана жеткиликтүү.
Ачуунун протоколу жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколу ушул Мыйзамдын 25 жана 27-беренелерине ылайык веб-портал тарабынан түзүлөт, алар сатып алуучу уюмга/Агентке жана өз сунуштарын берген берүүчүлөргө гана жеткиликтүү.
16-берене. Котировкаларды сурап алуу методу
1. Котировкаларды сурап алуу методу электрондук каталог аркылуу сатып алынуучу, даяр (стандарттуу) товарларды, татаал эмес (стандарттуу) иштерди (учурдагы оңдоо, башкача айтканда инженердик коммуникацияларды жасалгалап оңдоо) жана конкреттүү сыпаттоо менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда пайдаланылат.
2. Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү котировкаларды сурап алуу методу менен сатып алууда негизги критерий болуп эң төмөн баа саналат.
Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган жумуштарды сатып алууда, тандоо критерийлери болуп квалификациялык, техникалык талаптарга шайкештик жана эң төмөнкү баа саналат.
3. Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандап алууну камсыздоо үчүн сатып алуучу уюм/Агент экиден кем эмес берүүчүнүн сунушун карайт.
17-берене. Бир булактан методу
1. Бир булактан сатып алуу - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, анда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө веб-порталга кулактандыруу жарыялабастан контрактка кол коёт, ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 4-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары.
2. Контрактка кол коюлгандан кийин ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сатып алуучу уюм/Агент эки жумуш күндөн кеч калтырбастан контракт жөнүндө маалыматты веб-порталга жайгаштырат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда бир булактан сатып алуу методун колдонууга укуктуу:
1) баасын жана техникалык өзгөчө мүнөздөмөлөрүн сактоо менен, учурдагы контрактка кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде ошол эле берүүчү менен мурда түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууда. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен макулдашуу боюнча бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү менен кошумча макулдашууну түзүүгө укуктуу;
2) мурда башталган жумуштарды кеңейтүүгө же ведомостто каралбаган кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумуштардын көлөмүн көбөйтүүгө байланышкан, түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган кошумча курулуш иштерин же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда жана ошол эле берүүчүнү тартуу колдонуудагы сатып алуулар жөнүндө контрактка кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата үнөмдүүлүктү жана натыйжалардын шайкештигин камсыз кылат;
3) бекитилген бюджетке же чыгымдар сметасына ылайык чыгымдар беренесинде каралган суммага карабастан, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу аркылуу жыл ичинде чыгымдардын ар бир беренеси боюнча 50000 сомго чейин сатып алууда;
4) кечиктирилгис түрдө калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариялардын кесепеттерин жоюу жана локалдаштыруу үчүн өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда жана жогорку даярдыктагы режимде гана өзгөчө кырдаалдын алдын алууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
5) кечиктирилгис медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда, ошондой эле бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматтарына байланыштуу сатып алууларда. Гемодиализ кызматтарын уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет;
7) даярдоочу заводдон, өндүрүүчүдөн же сатып алуу предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ болгон берүүчүдөн товарларды жана кызматтарды сатып алууда;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ишмердүүлүгүн, коопсуздугун жана кайтарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, анын ичинде аталган адамдардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик делегациялардын, өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды ишке ашыруу (турмуш-тиричилик, мейманкана, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууну пайдалануу, протоколдук атрибутика, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу, коопсуз тамак-аш берүү);
9) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларында;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган конкреттүү адамдардан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык мекемелери же ишканалары, уставдык капиталындагы үлүшү же акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон юридикалык жактар тарабынан гана аткарылышы же көрсөтүлүшү мүмкүн болгон товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, алардын тиешелүү ыйгарым укуктары мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген;
11) табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча табигый монополиялардын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
12) майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптардын коомдук бирикмелери тарабынан түзүлгөн уюмдардан товарларды монополияга каршы орган белгилеген баалар боюнча сатып алууда;
13) ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими (тапшырмасы) боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган берүүчүдөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларда;
14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда.
4. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук каталогду пайдаланууга укуктуу.
18-берене Алкактык макулдашууну колдонуунун шарттары жана тартиби
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда ачык же жабык типтеги алкактык макулдашуу бир же андан көп берүүчү менен мамлекеттик сатып алуулардын төмөнкү методдорунда үч жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт:
1) чектелбеген метод - жабык алкактык макулдашуу;
2) чектелген метод - жабык алкактык макулдашуу;
3) котировкаларды сурап алуу - ачык алкактык макулдашуу.
2. Алкактык макулдашуу төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эгерде алкактык макулдашууну колдонуу мезгилинин ичинде белгисиз же бир нече жолу сатып алуунун негизинде сатып алуу предметин сатып алуу зарылдыгы келип чыкса;
2) эгерде сатып алуу предметинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу мындай предметке муктаждык алкактык макулдашууну колдонуу мезгилинин ичинде шашылыш түрдө келип чыкса;
3) борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө.
3. Ачык алкактык макулдашуунун жол-жобосу эки этапта ишке ашырылат:
1) биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары жана техникалык спецификациялары сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына сунуштарынын шайкеш келиши бааланат;
2) экинчи этапта алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинен контрактка кол коюу үчүн баалардын котировкалары суралат. Сатып алуу предметин сатып алуу муктаждыгы келип чыккан учурда сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу баалардын сунуштамаларын берүүгө суроо-талабын жөнөтөт жана берүүчүгө баалардын сунуштамаларын берүү мөөнөтүн белгилейт - кеминде эки жумуш күн.
4. Алкактык макулдашуу ар бир берүүчү менен өзүнчө түзүлүп кол коюлат. Ачык алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндө каалаган убакта алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн өз сунуштарын бере алышат.
Сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашуунун тараптары болбогон берүүчүлөрдөн сунуштарды алгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге жооп берген берүүчүлөр менен алкактык макулдашууга кол коёт.
Жабык алкактык макулдашуу түзүлгөн учурда сатып алуу жол-жоболоруна катышпаган берүүчү тарабынан бул макулдашууга кол коюуга жол берилбейт.
5. Сатып алуучу уюм/Агент ошол алкактык макулдашуунун тарабы болуп саналган берүүчүлөр менен алкактык макулдашуунун шарттарына ылайык контракт түзөт.
6. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган ченемдер алкактык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн контракттарга колдонулбайт.
19-берене. Сатып алуу жөнүндө документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү
1. Берүүчү веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу жөнүндө документтердин жоболору боюнча түшүндүрмөнү сурай алат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берет.
2. Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мындай өзгөртүүлөр веб-порталда жүргүзүлүшү керек.
20-берене. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү. Иштөө мөөнөтү, өзгөртүүлөр жана сунуштарды кайра чакыртып алуу
1. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасында - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кем эмес;
2) сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методдо - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кем эмес;
3) чектелген методдо - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес;
4) квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кем эмес;
5) квалификациялык талаптарсыз котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кем эмес.
2. Берүүчүнүн сатып алууга катышууга сунушу веб-портал же электрондук каталог аркылуу электрондук түрдө сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берилет жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптар жана шарттар менен берүүчүнүн макулдугун билдирген, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга жана маалыматтарга шайкештигин ырастоочу ал жөнүндө маалыматтарды алууга берүүчүнүн макулдугун билдирген формасы болуп саналат.
Берүүчүнүн сунушу сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттүн ичинде күчүндө болот. Мындай мөөнөттү эсептөө сунуштар ачылган күндөн башталат. Ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык даттануу же администрациялык даттануу келип түшкөн учурда, берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү токтотулат жана даттануу каралган күндөрдүн санына автоматтык түрдө узартылат.
3. Сунуштарды колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, сунуштарды баалоо үчүн убакыт жетишсиз болсо, же негиздүү даттануунун негизинде кайра баалоодо сатып алуучу уюм/Агент мөөнөттү белгилүү убакытка узартуу жөнүндө бардык берүүчүлөргө суроо-талап жөнөтөт.
Мындай суроо-талап четке кагылган учурда, берүүчү өзүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугун жоготпойт.
Өз сунуштарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарынын кепилдик камсыздоонун мөөнөтүн узартылат. Берүүчү банктык кепилдикти берген учурда, берүүчү өзүнүн сунушунун узартылган колдонуу мөөнөтүн жабуу менен жаңы банктык кепилдикти берет.
4. Берүүчү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин веб-портал аркылуу өзүнүн сунушун өзгөртүүгө же чакыртып алууга укуктуу, ошол эле убакта сунушту кепилдик камсыздоону кайтарып алууга укугун жоготпойт.
21-берене. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору
1. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн татаал, кымбат баалуу түрлөрүн же бир багытта адистешкен түрлөрүн сатып алган учурларда алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.
2. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм/Агент веб-порталга алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялайт жана алдын ала квалификациялык тандоого сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүң белгилейт - алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кем эмес.
3. Квалификацияга чейинки документтер ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен документтердин электрондук формасынын негизинде иштелип чыгат жана толук көлөмдө акысыз негизде жеткиликтүү болот. Веб-портал сатып алуу жөнүндө документтердин негизинде сатып алуу жөнүндө кулактандырууну түзөт.
4. Берүүчү веб-порталда ушул Мыйзамдын 19-беренесине ылайык алдын ала квалификациялык документтердин жоболорун түшүндүрүп берүүнү сурашы мүмкүн.
5. Сатып алууга андан ары катышуу үчүн берүүчүлөрдүн квалификациялык тандоосу алдын ала квалификациялык документтерде каралган шарттардын негизинде гана жүргүзүлөт жана жыйынтыктары веб-порталга жайгаштырылат.
6. Сатып алуулардын жол-жоболоруна андан ары катышууга алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн берүүчүлөргө гана уруксат берилет.
22-берене. Берүүчүнүн сунуштарын кепилдик камсыздоо
1. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо, ал сунушту чакыртып албоого жана шарттарын өзгөртпөөгө, ошондой эле ал жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык белгиленген өлчөмдү эске алуу менен контрактты аткарууну камсыздоо киргизүүгө (бар болсо) жана контракт түзүүгө кепилдик берүү максатында берүүчү тарабынан киргизилет.
2. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо жөнүндө талабы мамлекеттик, муниципалдык мекемелерди жана берүүчүлөр катары сатып алууларга катышкан ишканаларды кошпогондо, башка бардык берүүчүлөргө бирдей колдонулат.
3. Сатып алуучу уюм/агент берүүчүнүн сунушуна кепилдик камсыздоо талабын төмөнкү формаларда белгилейт:
1) сатып алуу предметинин пландалган наркынын 2 (эки) пайызынан ашпаган өлчөмдө акча каражаты же банк кепилдиги түрүндө;
2) берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларация түрүндө.
4. Берүүчүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону колдонуу мөөнөтү, сунуштун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 10 (он) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө жарактуу болууга тийиш.
5. Берүүчүнүн сунушунун кепилдик камсыздоосу төмөнкү учурларда 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен кайтарылып берилет:
1) берүүчүнүн сунушунун колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) бул контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо берүүдө (эгерде, мындай камсыздоону берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралса) жана контракт түзүүдө;
3) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берүүчүнүн сунушун чакыртып алууда;
4) ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулганда;
5) ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.
6. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосун төмөндөгүдөй учурларда кармап калат:
1) жеңүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартууда, буга мындай баш тартуу өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын киргизилишине же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу жана мындай режимдер киргизилгенге чейин, же мындай жагдайлар пайда болгонго чейин сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шарттагы учурлар кирбейт.
2) эгерде мындай кепилдик камсыздоо берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралган болсо, мындай контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо берүүдөн баш тартканда;
3) берүүчүнүн сунушун ал ачылгандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра чакыртып алганда;
4) сунуштар ачылгандан кийин берүүчүнүн сунушунун шарттары өзгөртүлсө.
23-берене. Берүүчүлөрдүн квалификациялык талаптары
1. Сатып алуу жөнүндө документтер менен берүүчүлөрдүн квалификациялык деңгээлине карата талаптар, ошондой эле квалификациялык талаптарга шайкештигин документтик далилдер боюнча талаптары белгиленет.
2. Берүүчүнүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей колдонулат жана контракт түзүү боюнча юридикалык жактан ыйгарым укуктан тышкары, төмөнкү минималдуу квалификацияларды камтыйт:
1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы жөнүндө маалымат;
2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу;
3) чыгашалардын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу;
4) лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар лицензияны өз ара тааныган учурда, келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу;
5) контрактты ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;
6) зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;
7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документ менен тастыкталган окшош тажрыйбанын болушу.
3. Сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун окшош тажрыйбасынын болуусунун квалификациялык талаптары белгиленген учурда, мындай талап сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
4. Жылдык жыйынды кирешенин тастыктоосун берүүгө финансылык мүмкүнчүлүккө карата квалификациялык талап белгиленген учурда, мындай талап сатып алуу объектисинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
5. Эгерде ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача каралбаса, чектелген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө берүүчүлөр үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген бардык квалификациялык талаптар белгиленет.
6. Жөнөкөй шериктештик (консорциум) катышкан учурда, ар бир шериктердин окшош тажрыйбасынын болушун мүнөздөөчү цифралар сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленет. Жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй шериктештиктин ар бир өнөктөшүнүн финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде же квалификацияга чейинки документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына шайкеш келиши керек. Бул талаптар шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.
24-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар
1. Пландалган баадан 20 (жыйырма) пайыздан ашык демпингдик бааны бергенде сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чаралардын бирин колдонот:
1) товарларды сатып алууда сунуш кылынган баанын негиздемесин жана берүүчүнүн сунушунда көрсөтүлгөн шарттарда катышуучунун контрактты аткаруу мүмкүнчүлүгүн сурайт;
2) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун өлчөмүн сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөндөн бир жарым эсеге көбөйтөт.
2. Товарларды сатып алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту колдонулган учурда, сатып алуучу уюм/Агент төмөнкүлөрдү сурайт:
1) берүүчүдөн берилген товардын баасын жана санын көрсөтүү менен өндүрүүчүнүн кепилдик катын; же
2) берүүчүдө товарлардын бар экендигин ырастаган документтерди;
3) берүүчүнүн товарды сунушталган баада берүү мүмкүнчүлүгүн ырастаган башка документтерди жана эсептөөлөрдү.
3. Берүүчү сунушталган баа боюнча негиздемени бербеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул бөлүккө ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна киргизилет.
25-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу
1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-порталда автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
2. Ачууда веб-портал төмөнкү маалыматтарды камтыган ачуу протоколун түзөт:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, лоттордун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу датасы сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтарды;
2) берүүчүлөрдүн аталышын, берүүчүлөрдүн ачылган сунуштарын;
3) берүүчүнүн сунушунун баасын жана валютасын, ар бир лот боюнча бааны;
4) эгерде сатып алуу жөнүндө документтерде арзандатууларды сунуштоо каралса, сунушталган арзандатуу жөнүндө маалыматты;
5) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоонун мөөнөтүн, формасын жана өлчөмүн;
6) берүүчүнүн сунушунун жарактуу мөөнөтүн;
7) берүүчүнүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалыматты.
3. Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасында сунуштарды ачуу 2 этап менен жүргүзүлөт:
1) биринчи этапта квалификациялык жана техникалык сунуштар менен берүүчүлөрдүн бардык келип түшкөн сунуштары ачылат;
2) экинчи этапта квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи этаптан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу, эгерде сатып алуулардын жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык токтотулган болбосо, биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кийин ишке ашырылат.
Финансылык сунуштарды ачууда веб-портал менен төмөнкү маалыматтар генерацияланат:
- квалификациялык жана техникалык талаптар боюнча шайкештикти баалоодон кийин биринчи этаптан өткөн берүүчүлөрдүн аты-жөнү;
- ар бир лот боюнча баа жана финансылык сунуштарды ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген берүүчүнүн сунушунун валютасы.
6. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методду колдонуу учурунда биринчи этапта ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 7-пункттарында каралган маалыматтар ачылат.
Экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди веб-портал аркылуу жөнөтөт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алуу жөнүндө документтер жиберилген датадан тартып 10 (он) жумуш күндөн кем эмес белгилейт.
Экинчи этапка биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөрдүн документтеринин кайра каралган шарттарын эске алуу менен акыркы сунуштар берилет.
Финансылык сунуштар менен экинчи этапты ачууда веб-портал ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтарды белгилейт.
26-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо, жеңүүчүнү аныктоо
1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоодо ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболор жана критерийлер гана колдонулат. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн сунуштарын сатып алуучу уюм/Агент аныктаган баллдык же стандарттык баалоо системасы боюнча баалайт.
2. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоодо берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кыла алат. Түшүндүрүү жана жооптор боюнча бардык суроо-талаптар веб-портал аркылуу берилиши керек. Берүүчүнүн сунушунун мазмунун өзгөртүү максатында эч кандай суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же уруксаттарга жол берилбейт.
3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн квалификациясын сатып алуу жөнүндөгү документтерде же квалификацияга чейинки документтерде баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баалайт.
4. Сатып алуучу уюм/Агент, эгерде анда сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мүнөздөмөлөрдөн, шарттардан жана башка талаптардан олуттуу түрдө өзгөрбөгөн же олуттуу четтебеген анча-мынча шайкеш келбестиктер болсо, берүүчүнүн сунушу талаптарга жооп берет деп эсептей алат.
Төмөнкү четтөөлөр, эскертүүлөр жана жетишпеген маалыматтар же документтер маанилүү болуп саналат:
1) товарларды же жумуштарды берүүнүн предметине же көлөмүнө же сапатына же сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарын аткарууга олуттуу таасир көрсөтүүчү талап кылынган документтер же маалыматтар жок болсо;
2) сатып алуунун предмети, берүүнүн көлөмү, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп бербесе;
3) товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө берилген кепилдиктин мөөнөтү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттөн аз болсо;
4) белгиленген талаптарга олуттуу жооп берген сунуштарды берген башка берүүчүлөрдү бирдей эмес шартка коё алат.
5. Баалоо учурунда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун четке кагат, эгерде:
1) сунушту берген берүүчү сатып алуу документтеринде же квалификацияга чейинки документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;
2) берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияга кол койбосо, же берүүчүнүн сунушуна кепилдиктүү камсыздоону бербесе;
3) берүүчүдө салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору карызы болсо;
4) берүүчүнүн сунушунда сунушталган техникалык параметрлер сатып алуу жөнүндө документтердин техникалык өзгөчөлүгүнө ылайык келбесе;
5) берүүчүнүн бул сунушу мааниси боюнча сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп бербесе.
6. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына мааниси боюнча жооп берген берүүчүнүн жеңген сунушун аныктайт:
1) баалоонун баллдык системасы колдонулса, эң жогорку балл менен;
2) белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарды эске алуу менен эң төмөнкү бааланган нарк менен.
7. Эгерде баалоонун натыйжалары боюнча берүүчүлөр сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бирдей баалар жана шарттар менен сунуштарды беришсе, анда сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу бирдей баадагы жана шарттагы сунуштарды берген берүүчүлөргө баштапкы сунуштардын өлчөмүнөн бааны төмөндөтүү (арзандатып берүү) мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Жеңүүчү деп эң төмөнкү бааны (эң жогорку арзандатууну) көрсөткөн берүүчүнүн сунушу эсептелет.
Эгерде бааны төмөндөткөндөн кийин (арзандатуу берүү) берүүчүлөр бирдей сунуштарды (баа, арзандатуу) беришсе, анда жеңүүчү веб-портал тарабынан кокус тандоо жолу менен аныкталат.
27-берене. Сатып алуулардын жол-жобосунун протоколу
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлөт жана кол коюлгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде веб-порталда автоматтык түрдө жайгаштырылат, анда төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу күнү, сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыктары жарыяланган дата сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;
2) ар бир лот боюнча сатып алуу предметинин баяндамасы;
3) сунуштарды киргизген берүүчүлөрдүн аты-жөнү жана даректери;
4) сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөргө коюлган талаптар;
5) квалификацияга чейинки жол-жоболордун натыйжалары (эгерде мындай жол-жоболор ушул Мыйзамдын 21-беренесине ылайык жүргүзүлсө);
6) сунуштарды берген берүүчүлөрдүн квалификациясы жөнүндө маалымат;
7) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат;
8) берүүчүнүн ар бир сунушунун баасы жана башка негизги шарттары;
9) жеңүүчүнү тандоо үчүн баалоо критерийлери;
10) сунуштардын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат;
11) бардык сунуштар четке кагылган учурда аларды четке кагуу үчүн негиздер жөнүндө маалымат;
12) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
13) жол-жоболорду токтотуу жана кайра баштоо жөнүндө маалымат;
14) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;
15) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн аталышы жана дареги, контракттын баасы жана башка негизги шарттары (алкактык макулдашуунун жол-жобосу болгон учурда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары жөнүндө кошумча кыскача маалымат);
16) четке кагылбаган берүүчүлөрдүн сунуштарынын рейтинги;
17) ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өтө төмөн баадагы сунуштарды четке кагуунун себеби;
18) маалымат:
- рейтинг боюнча биринчи орунду ээлеген жеңүүчү контрактка кол коюудан баш тартуу жөнүндө;
- рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөр контрактка кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө;
- же сатып алуучу уюмдун/Агенттин рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзбөө жөнүндө чечими;
19) протоколго даттануу мөөнөтү;
20) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна киргизилүүгө тийиш болгон башка маалыматтар.
28-берене. Сатып алууну жокко чыгаруу, сатып алууну болду жана болгон жок деп таануу
1. Сатып алуучу уюм/Агент мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун контракт түзүлгөнгө чейин каалаган убакта жокко чыгара алат, эгерде андан ары сатып алуулардын зарылдыгы жок болсо.
Кийинчерээк сатып алуучу уюмга/Агентке мындай сатып алуу предметин сатып алуу зарылчылыгы болбой калган учурдан тартып 1 (бир) жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими боюнча талап кылынбай калган сатып алуу предметин сатып алууга тыюу салынат.
2. Эгерде, чектелбеген методунун эки пакеттик ыкмасын колдонуу менен сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш берилген же четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш калса, анда бул сатып алуулар жарактуу деп эсептелет.
Эгерде сатып алуу котировкаларды сурап алуу методу менен жүргүзүлсө жана баалоонун натыйжалары боюнча сатып алуу жөнүндө документациянын белгиленген талаптарына жооп берген берүүчү тарабынан бир гана сунуш болсо, анда бул сатып алуу болду деп эсептелет.
Жабык типтеги алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алуулар ишке ашырылган учурда бир гана сунуш берилсе же четке каккандан кийин сатып алуулар жөнүндө документтердин талабына жооп берген бир гана сунуш калса, анда сатып алуунун мындай жол-жобосу болду деп эсептелет.
Ачык типтеги алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алуулар ишке ашырылган учурда бир гана сунуш берилсе же четке каккандан кийин сатып алуулар жөнүндө документтердин талабына жооп берген бир гана сунуш калса, анда сатып алуунун мындай жол-жобосу болгон жок деп эсептелет.
3. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда сатып алуулар болгон жок деп тааныйт, эгерде:
1) бир дагы сунуш түшпөсө, сунуштар жетишсиз санда болсо же берүүчүлөрдүн бардык сунуштары четке кагылса;
2) сунуштун минималдуу баасы сатып алуу предметинин пландалган бюджетинен ашса;
3) балл менен баалоонун жыйынтыгы боюнча бир дагы берүүчү минималдуу өтүү баплын топтой албаса;
4) сатып алуулардын жеңүүчүсү, же рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү контрактка кол коюудан баш тартса, же сатып алуучу уюм/Агент рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контрактка кол койбоо жөнүндө чечим кабыл алса;
5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бузуулар аныкталса.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алуу жараксыз деп табылган учурда сатып алуучу уюм/Агент баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык өзгөчөлүктөрдү, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана сатып алууну кайра жүргүзүүгө тийиш, бирок сатып алуу болгон жок деп таанылган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн эрте эмес.
5. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда бир эле сатып алуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган лотту же лотторду болгон жок деп табууга укуктуу.
29-берене. Жеңүүчүнү ырастоо жөнүндө билдирме жана контракт түзүү
1. Жеңүүчү деп табылган берүүчү чектелбеген, чектелген методдор менен сатып алууларды жүргүзүүдө 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жана котировкаларды сурап алуу методу менен сатып алууда - 1 жумуш күндүн ичинде жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирмени ырастоого тийиш.
2. Сатып алуучу уюм/Агент жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып, эгерде ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулбаса, 3 (үч) жумуш күндөн эрте эмес жана 8 (сегиз) жумуш күндөн кечиктирбестен жеңип алган берүүчү менен контрактка кол коёт.
Электрондук каталог аркылуу бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент 1 (бир) жумуш күндүн ичинде контрактка кол коёт.
Бир берүүчү сатып алууга катышкан учурда, контракт берүүчү тарабынан билдирме ырасталган шартта, жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде түзүлөт.
3. Сатып алуучу уюм/Агент сунушу жеңүүчү деп таанылган берүүчү менен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарды эске алып, сунуштун шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө ылайык контракт түзөт.
4. Аныкталган жеңүүчү тарабынан билдирме ырасталбаган же андан баш тарткан учурда сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзөт.
3-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
30-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу методдору
1. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу төмөнкүдөй методдор менен ишке ашырылат.
1) квалификациясы жана наркы боюнча тандоо;
2) квалификациясы боюнча тандоо;
3) эң төмөнкү баа боюнча тандоо;
4) бир булактан.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тийиштүү квалификациясы бар юридикалык же жеке жактар көрсөтүшөт.
31-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жобосу
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жобосу төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) техникалык тапшырманы даярдоо;
2) чыгымдар сметасын (бюджетти) даярдоо;
3) кулактандырууларды жайгаштыруу;
4) билдирилген жааттагы иштөө тажрыйбасы тууралуу берилген маалыматтын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзүү;
5) сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо;
6) сунуштарды алуу;
7) техникалык сунуштарды баалоо;
8) финансылык сунуштарды баалоо;
9) сапатын жана наркын акыркы баалоо;
10) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана контракт түзүү.
32-берене. Техникалык тапшырманы даярдоо
1. Техникалык тапшырмада тапшырманын максаттары, милдеттери, көлөмү, талаптардын баяндамасы жана отчетторду берүү мөөнөттөрү, маалымдама маалыматтар, анын ичинде тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт.
2. Эгерде техникалык тапшырманын максаты билим берүү же кадрларды даярдоо болсо, бул маалымат окутулууга тийиш болгон кызматкерлердин саны тууралуу кеңири маалымат менен катар эле өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Техникалык тапшырмада аны аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана иликтөөлөр, болжолдуу жыйынтык документтер саналып көрсөтүлөт, ошондой эле сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана консультанттардын милдеттери так аныкталат.
33-берене. Сатып алуунун чыгымдарынын сметасын (бюджетти) даярдоо
1. Сатып алуучу уюм/Агент чыгымдардын сметасын (бюджетти) түзөт, анда тапшырманы аткарууга зарыл болгон чыгымдар: кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү, уюштуруучулук-техникалык колдоо жана баштапкы материалдык-техникалык ресурстар камтылат.
2. Чыгымдардын сметасы (бюджет) үч бөлүмдөн турат:
1) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө же сый акы;
2) орду толтурулуучу чыгымдар (тиешелүү түрдө чет өлкөлүк жана жергиликтүү деп бөлүнөт);
3) материалдык-техникалык колдоого чыгымдар.
34-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандыруу. Консультанттардын кыскача тизмесин түзүү
1. Консультанттардан алардын кызыкчылыктары жөнүндө кат алуу үчүн сатып алуучу уюм/Агент консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну веб-порталында жарыялайт.
2. Консультанттардын кызыкчылыктары жөнүндө кат алуу үчүн сатып алуучу уюм/Агент веб-порталында кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт, буга бир булактан сатып алуулар методу кирбейт. Веб-портал консультанттардын аталышын, дарегин жана катталган өлкөсүн көрсөтүү менен кызыкчылыктары бар каттар тууралуу маалыматты автоматтык түрдө түзөт.
3. Сатып алуучу уюм/Агент кызыкчылыктары бар каттардын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзөт жана аларды веб-порталда жайгаштырат. Кыскача тизмеге бир булактан сатып алуу методунан тышкары, экиден кем эмес консультант киргизилүүгө тийиш.
35-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтердин мазмуну
1. Сатып алуучу уюм/Агент документтердин электрондук формасынын негизинде сатып алуулар жөнүндө документтерди иштеп чыгат жана кыскача тизмедеги консультанттарга жетүүнү камсыз кылат. Сатып алуулар жөнүндө документтерде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылат:
1) сатып алуулар, сунуштардын колдонулуу мөөнөтү, ошондой эле сунуштар берилүүчү дата жана убакыты жөнүндө маалыматтар;
2) сатып алуунун катышуучуларына нускама;
3) консультанттар үчүн маалымат;
4) техникалык тапшырма;
5) сатып алуулар боюнча контракттын өзгөчө шарттары, анын ичинде контракттын долбоору жана зарыл катары сатып алуучу уюм/Агент аныктаган, контрактка киргизилүүчү башка жоболор.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну өзүнчө лотторго бөлүүгө болбойт.
36-берене. Консультанттар үчүн маалымат
1. Консультанттар үчүн маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тапшырманын кыскача баяндалышы;
2) техникалык баалоонун критерийлерин саноону, финансылык баа берүүнүн баяндалышын, сапаты боюнча минималдуу өтүү баллын, финансылык сунуштарды ачуу шарттарын кошуп алганда, тандоонун колдонулуучу жол-жоболорунун баяндалышы;
3) негизги кызматкерлердин тапшырмаларды аткаруусу үчүн убакыттын эсептик сарптоолору;
4) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
5) кызыкчылыктардын кагылышуусуна жараша кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүлгөндөн кийин консультант жана анын кайсы болбосун туунду ишканасы сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга укуксуз экендиги тууралуу билдирүү;
7) сунуштардын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде консультанттар негизги кызматкерлердин сунушталган курамына өзгөртүү киргизүүгө укуксуз экендиги жана сунуш кылынган ставкаларды жана жалпы бааны карманууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүү;
8) консультант тапшырманы аткарууга кирише турган болжолдуу дата;
9) сатып алуучу уюм тарабынан берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөр, имараттар, жабдуулар жана кызматкерлер тууралуу маалыматтар;
10) тапшырманын этаптары, эгерде зарыл болсо тапшырманы улантуунун ыктымалдыгы;
11) тапшырманын бөлүгүнө субподряддар контрагын түзүү шарттары.
2. Сатып алуучу уюм/Агент консультанттар үчүн маалыматка кошумча маалыматтарды киргизе алат.
37-берене. Сунуштарды берүү жана ачуу мөөнөттөрү
1. Сатып алуучу уюм/Агент веб-порталында сунуштарды берүүнүн так датасын жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт:
1) квалификация жана нарк боюнча тандоодо - кулактандырууну жарыялоо датасынан тартып 20 (жыйырма) жумуш күндөн кем эмес;
2) квалификация боюнча тандоодо - кулактандырууну жарыялоо датасынан тартып 10 (жыйырма) жумуш күндөн кем эмес;
3) белгиленген бюджеттин шарттарында тандоодо - кулактандыруу чыккан күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес;
4) бир булактан сатып алууда - кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кем эмес.
2. Техникалык жана финансылык сунуштар консультант тарабынан бир убакта веб-портал аркылуу берилүүгө тийиш. Техникалык сунуштар сатып алуулар жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн сунуштарды. берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин веб-портал менен автоматтык түрдө ачылат. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узартуу учурунда, ачуу тийиштүү күнү жүргүзүлөт. Ачуу протоколу веб-портал менен автоматтык түрдө түзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) консультанттын аты-жөнүн, дарегин жана катталган өлкөсүн;
2) сатып алуу жөнүндө документтерде талап кылынган бардык документтердин болушун.
3. Техникалык сунуштардын жыйынтыктоочу баалоосу веб-порталга жайгаштырылгандан кийин техникалык сунуштары төмөнкү мөөнөттөрдө минималдуу өтүү баллын топтогон консультанттардын финансылык сунуштары ачылат:
1) квалификация жана нарк боюнча тандоодо, ошондой эле квалификация боюнча тандоодо - техникалык сунуштарды баалоо жыйынтыктарын жарыялоо датасынан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес;
2) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо - техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жарыяланган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кем эмес.
Финансылык сунуштарды ачуу протоколу веб-портал тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт жана консультанттын аталышы, техникалык сунуш боюнча топтогон баллы жана анын сунуштарынын баасы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
38-берене. Сунуштарды баалоо
1. Сунуштарды баалоо эки этапта өткөрүлөт. Сунуштарды баалоо сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Биринчи этапта техникалык сунуштар бааланат. Техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыгы сатып алуучу уюм/Агент тарабынан техникалык сунуштар үчүн алган баллды көрсөтүү менен веб-порталга жайгаштырылат.
3. Экинчи этапта финансылык сунуш веб-портал менен автоматтык түрдө ачылгандан кийин, сатып алуучу уюм/Агент баллдык система боюнча финансылык сунуштарды баалайт.
4. Жалпы баллды алуу (биргелешкен баалоо) максатында веб-портал консультанттардын техникалык жана финансылык баалоолор үчүн алган баллын автоматтык түрдө суммалайт.
Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде веб-портал автоматтык түрдө сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун генерациялайт, ал бир булактан методунан тышкары, кол коюлгандан кийинки бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырылат.
5. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) консультанттардын аталышы, дареги жана катталган өлкөсү;
2) техникалык, финансылык жана биргелешкен баалоолор үчүн баллдын саны;
3) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;
4) жол-жоболорду токтото туруу жана кайра баштоо жөнүндө маалыматты;
5) сатып алуулардын жеңүүчүсүнүн рейтинги (биринчи жана экинчи орундарды көрсөтүү);
6) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык сатып алуулар жол-жоболорунун протоколуна киргизүү зарыл болгон башка маалыматты.
39-берене. Сүйлөшүүлөр жана контрактты түзүү
1. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнгө чейин эң көп максималдуу жалпы балл алган консультант контракт түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү ырастоого тийиш:
1) квалификациясы жана наркы жана квалификациясы боюнча тандоодо - 3 (үч) жумуш күндүн ичинде;
2) белгиленген бюджеттин шарттарында тандоодо - 1 (бир) жумуш күндүн ичинде.
2. Веб-порталда баалоо жыйынтыктары жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде сатып алуучу уюм/Агент эң көп балл алган консультантты веб-портал аркылуу контракт түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат.
3. Консультант менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тапшырмаларды аткаруу методикасына, персоналга, кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө, сатып алуучу уюм берүүчү материалдык-техникалык ресурстарга жана контракттын шарттарына тиешелүү маселелер талкууланат. Консультациялык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн консультанттарга төлөнүүчү сый акы жөнүндө маселе консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда талкууга алынбайт.
4. Сүйлөшүүлөр техникалык тапшырманын же контракттын шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөртүүгө алып келбөөгө тийиш, бул өзгөртүүлөр консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына жана баштапкы баалоонун маанисине таасир тийгизүүсү мүмкүн. Техникалык тапшырманын жана/же макулдашылган методиканын акыркы варианты контракттын бөлүгү болуп эсептелет.
5. Негизги персонал катары берилген алмаштыруу тажрыйбасы жана квалификациясы боюнча ылайык келбеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана рейтинг боюнча экинчи орунду алган консультант менен сүйлөшүүгө өтөт. Рейтинг боюнча экинчи орунду алган консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда кайрадан сатып алуу жүргүзүлөт.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн эрте эмес жана 8 (сегиз) жумуш күндөн кеч эмес контрактка кол коюлат.
7. Сатып алуучу уюм/Агент түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык веб-порталга жайгаштырууга тийиш.
40-берене. Квалификация боюнча тандоо
1. Квалификация боюнча тандоо төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл болгон учурларда колдонулат:
1) татаал же бир багытта адистешкен тапшырмаларды, аларга так техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана консультанттардан талап кылынуучу материалдык-техникалык ресурстардын чыгымын так аныктоо кыйын болот; же
2) андан ары иштөө жагынан маанилүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тапшырмаларды, аларды аткаруу консультанттардын квалификациясына жараша болот; же
3) сунуштарды салыштырууга мүмкүн болбогон, ар кандай ыкмалар менен аткарылышы мүмкүн болгон тапшырмаларды.
2. Сатып алуу жөнүндө документтерде болжолдуу бюджет көрсөтүлбөйт, бирок негизги персонал үчүн убакыттын эсептик сарптоолору көрсөтүлүшү мүмкүн, мында бул маалымат болжол катары гана келтирилери жана консультанттар техникалык сунушта өздөрүнүн эсептерин сунуш кылууга укуктуу экендиги эскертилет.
3. Техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
Техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл алган консультант веб-портал аркылуу финансылык сунушту берет. Веб-портал консультанттын финансылык сунушун автоматтык түрдө ачат.
Сатып алуучу уюм/Агент жана консультант финансылык сунуш жана контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар контракт түзүү жөнүндө келише алышпаган учурда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуунун жол-жоболорун токтотот жана кайрадан тандоо өткөрөт.
41-берене. Төмөнкү баа боюнча тандоо
1. Төмөнкү баа боюнча тандоо методу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) синхрондук котормо кызматтары, аудитордук кызмат көрсөтүүлөр жана башка конкреттүү тапшырмалар болгондо;
2) эгерде тапшырманын узактыгы 6 (алты) айдан ашыкты түзсө, жеке консультанттарды тандоо зарыл болгондо.
2. Төмөнкү баа боюнча сатып алууда сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агенттик консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджетин көрсөтүүгө тийиш жана консультанттар бир эле убакта техникалык жана финансылык сунуштарды берүүгө тийиш.
3. Техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
4. Контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана финансылык сунуш боюнча эң аз бааны сунуштаган консультант чакырылат.
5. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар контракт түзүү жөнүндө келише албаган учурда сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана баллдын көптүгү боюнча кийинки консультант менен сүйлөшүүлөргө өтөт, веб-портал аркылуу сүйлөшүүлөргө чакырылат. Экинчи консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда кайрадан тандоо жүргүзүлөт.
42-берене. Бир булактан сатып алуулар
1. Сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу жана башка электрондук аянтчалар аркылуу консультанттарды төмөнкүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:
1) тапшырма ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган сатып алуулар методдорун колдонуу менен жалданган консультант тарабынан аткарылган мурунку иштин уландысы болуп саналса;
2) кырдаал форс-мажордук жагдайдын натыйжасында өзгөчө мүнөзгө ээ болсо;
3) эгерде адам бул тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тажрыйбага ээ болгон жалгыз консультант болсо;
4) тапшырманын узактыгы алты айдан аз убакытты түзсө.
2. Жеке консультанттарды тандоо конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен ишке ашырылат. Консультанттар веб-портал аркылуу тапшырмаларды аткарууга кызыгуусун билдиргендердин арасынан тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен тандалып алынат.
3. Сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык консультант менен сатып алуу жөнүндө түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
4-глава. Даттануунун тартиби
43-берене. Даттанууга укук
1. Берүүчүлөр жана консультанттар веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттиктин аракетине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга укугу бар, эгер алардын аракети (аракетсиздиги), чечими төмөнкүдөй тартипте ушул берүүчүнүн же консультанттын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса:
1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине - биринчи инстанциядагы администрациялык орган;
2) көз карандысыз комиссиянын дарегине - экинчи инстанциядагы администрациялык орган.
Эки инстанциядагы даттануу канааттандырылбаган учурда даттанууларды кароо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
2. Даттануу төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик сатып алуулар методуна;
2) сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына;
3) сатып алуучу уюмдун/Агенттиктин аракетине (аракетсиздигине), чечимине;
4) сатып алуулар жөнүндө контрактка кол коюу учурунда контракттын шарттарын өзгөртүүгө.
3. Төмөнкүлөр даттануунун предмети боло албайт:
1) контракттарды банктык коштоону колдонуу шарты;
2) сатып алуучу уюмдун ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алган чечими;
3) баа баалоонун жалгыз критерийи болуп саналган стандарттуу товарларга электрондук каталог аркылуу ишке ашырылган сатып алуулар.
44-берене. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракеттери
1. Берүүчүлөр жана консультанттар сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына (талаптарына) жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) алуучу уюмдун/Агенттин дарегине жумуш күндөрү даттанууга укуктуу.
2. Мамлекеттик сатып алуулар методуна жана сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына жеткирүүчү же консультант тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирилбестен даттануу берилиши мүмкүн.
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу ушул Мыйзамдын 25, 29, 37 жана 39-беренелерине ылайык веб-порталга баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
Бардык сунуштарды четке кагууга байланыштуу сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда даттануу мындай маалымат жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.
3. Мамлекеттик сатып алуулардын методуна же сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануу келип түшкөн учурда сатып алуучу уюм/Агент даттанууну электрондук форматта карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Мында сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн 5 (беш) жумуш күнгө жылдырат.
Сатып алуучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине), чечимине же контракттын шарттарын өзгөртүүгө даттануу келип түшкөндө, сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө контракт түзүүнү 5 (беш) жумуш күнгө токтото турат, мында веб-портал бардык катышуучуларга даттануу жөнүңдө автоматтык түрдө билдирүү жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент даттанууну электрондук форматта карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат.
Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жүйөлүү чечими төмөнкүлөрдүн бирин камтыган веб-порталга жайгаштырылат:
1) даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө;
2) даттанууну негизсиз деп таануу жөнүндө.
4. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент даттануу боюнча чечимди ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө чыгарбаса, анда даттануу негиздүү жана канааттандырылган болуп эсептелет. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттанууну кароо мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылган чечими жокко эсе (жараксыз).
5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануусу боюнча комиссиянын чечимине макул болбогон берүүчү же консультант көз карандысыз комиссияга административдик даттануу берүүгө укуктуу.
45-берене. Көз карандысыз комиссия тарабынан даттанууларды, кайрылууларды жана административдик даттанууларды кароо тартиби
1. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуусуна административдик даттануулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия (көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден турат. Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификаты болушу керек.
Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү кабыл алынган чечимдери, аракеттери (аракетсиздиктери) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Кайрылуулар жана административдик даттануулар ушул беренеде белгиленген тартипте веб-портал аркылуу каралат. Административдик даттануулар сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичиңде берилет.
3. Эгерде кайрылуу же административдик даттануу предмети боюнча соттук териштирүүлөр башталган учурда же ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздердеги талаш-тартыштар боюнча чыгарылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болгон учурда административдик даттануулар жана кайрылуулар каралбайт.
4. Административдик даттануу берүүдө веб-портал бардык кызыкдар тараптарга билдирүү жиберет жана көз карандысыз комиссия сатып алуу жөнүндө контракт түзүүнү 3 (үч) жумуш күнгө токтотот. Кайрылуу берүүдө веб-портал мындай кайрылуу түшкөн берүүчүгө же консультантка карата билдирүү жиберет.
5. Административдик даттануулар билдирилген талаптардын чегинде каралат жана административдик даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде веб-порталда негиздемелерди көрсөтүү менен төмөнкүдөй жүйөлүү чечим чыгарылат:
1) административдик даттанууну негизсиз деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;
2) административдик даттанууну негиздүү деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин жокко чыгаруу жөнүндө.
Кайрылуу келип түшкөндө, көз карандысыз комиссия кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде негиздүүлүгү же болбосо негизсиздиги жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
6. Эгерде мындай маалыматты ачуу жөнүндө сот тарабынан токтом кабыл алынбаса, кабыл алынган чечимде берүүчүлөрдүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу маалыматтар камтылууга тийиш эмес.
7. Эгерде кайрылуу негиздүү деп табылса, көз карандысыз комиссия 2 (эки) жылдык мөөнөткө берүүчүнү ак ниетсиз берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.
8. Сатып алуучу уюм/Агент, берүүчү же консультант администрациялык даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия тарабынан кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, алар ушул Мыйзамдын 46-беренесине ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.
46-берене. Соттук тартипте даттануу
Сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашырууда берүүчүлөр, консультанттар жана сатып алуучу уюм/Агенттик ортосундагы келип чыгуучу талаш-тартыштар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 45-беренесине ылайык сатып алуучу уюм/Агенттик, көз карандысыз комиссия тарабынан кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылат.
5-глава. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүңдө контракт
47-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контрактты түзүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн контракттарды кошпогондо, контракт квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен смарт-контракт түрүндө түзүлөт. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинүүчү контракттарын кошпогондо, контракт тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Контрактка смарт-контракт түрүндө кол коюлгандан кийин веб-порталда автоматтык түрдө түзүлөт, ал эми ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол коюлган учурда веб-порталда жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар чагылдырылат:
1) берүүчүнүн, консультанттын жана алардын бенефициардык ээлеринин аталышы жана юридикалык дареги;
2) сатып алууларды жүргүзүү датасы;
3) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун көрсөтүү менен мамлекеттик сатып алуулардын предмети;
4) улуттук валютада товардын бирдиги үчүн баасы;
5) лоттун (лоттордун) суммасы жана контракттын жалпы суммасы;
6) контракт түзүлгөн дата;
7) контрактты аткаруу шарттары жана графиги (товарларды жөнөтүү, кызмат көрсөтүүлөр, жумуштарды аткаруу);
8) контракт боюнча төлөө мөөнөттөрү;
9) контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоонун өлчөмү жана акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
10) контракт боюнча товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө кепилдик мөөнөтүнүн болушу жана мөөнөтү;
11) контракт боюнча айып төлөмдөрүнүн жана айыптык санкциялардын өлчөмү;
12) ушул Мыйзамдын 49-беренесинде белгиленген учурларда контракттын банктык коштоосунун болушу.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзбөстөн түзүлгөн контракт жокко эсе (жараксыз) деп табылат жана ушул контракт боюнча төлөнгөн бардык чыгымдар ушундай чечимди кабыл алган сатып алуучу уюмдардын жетекчилеринин эсебинен орду толтурулууга тийиш.
48-берене. Контрактты башкаруу
1. Контрактты жүргүзүү, башкаруу ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык сатып алуучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Сатып алуучу уюм контрактты башкаруу процессинде веб-порталга маалыматтарды киргизүүнү, иш-аракеттер жасалган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө камсыздайт, ал төмөндөгүлөргө тийиштүү:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;
2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөк айыптардын жана айыптык санкциялардын суммасы;
3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармоо өлчөмү жана суммасы;
4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасы жана мөөнөттөрү;
5) төлөөгө коюлган берүүчүлөрдүн жана консультанттардын эсептери;
6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү көлөмдөр үчүн бөлүктөр боюнча берүүлөрдү төлөө, биротоло төлөмдөр);
7) дооматтарга тараптар тарабынан дооматтар жана жооптор жөнөтүлгөн Дата;
8) талаш-тартыштарды администрациялык, сот тартибинде чечүү;
9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.
3. Берүүчү же консультант контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 (үч) айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм товарларды кабыл алуунун, аткарылган жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын наркынын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Эгерде сатып алуучу уюмда акча каражаты болсо, контрактта каралган акча төлөнбөй калса же аны төлөөнүн мөөнөттөрү же графиктери бузулса сатып алуучу уюмдун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
4. Сатып алуучу уюмда мурда аткарылган контракттар боюнча карыздары болгон учурда контракт боюнча акы төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм контракттар боюнча акы төлөөнү товарларды кабыл алуу, аткарылган жумуштардын, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдүн актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды жана жеке маалыматтарды копшогондо, контракттардын жана аларга толуктоолордун мазмуну жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
6. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси жана кызматкерлери контрактты аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
49-берене. Сатып алуулар жөнүндө контрактты банктык коштоо
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды банктык коштоону жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
2. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алууда банктык коштоо шарттарын берүүчүнүн сунуштоосунда кароого тийиш, анда сатып алуунун предмети болуп кымбат баалуу инновациялык, жогорку технологиялуу же адистештирилген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, жаңы жана капиталдык курулуш саналат.
50-берене. Контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо
1. Товарларды сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурай алат. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону белгилөөгө милдеттүү.
2. Кепилдик камсыздоо контрактта каралган айып пулдун максималдуу өлчөмүнөн ашпоого же контракттын 10 пайыздык наркынан жогору болбоого тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдик камсыздоо банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген, кепилдиктерди, күрөөлүк камсыздоону көрсөтүүчүгө депозиттик сертификат түрүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган же камсыз кылынган баалуу кагаздар формасында берүүчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн.
Контрактын аткарылышын кепилдик камсыздоо накталай акча түрүндө берилген учурда берүүчү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которот.
4. Контрактын аткарылышын кепилдик камсыздоо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 7 (жети) жумушчу күндөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун ырастоосунун негизинде төмөнкү учурларда жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет:
1) бардык кепилдик милдеттенмелерди (кепилдик мезгил) кошо алганда, контракт боюнча милдеттенмелер аткарылганда;
2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу контракт бузулганда.
Кепилдик милдеттенмелердин колдонуу мезгилинде, сатып алуучу уюм контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо өлчөмүн төмөндөтөт. Мында контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган суммасы контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
5. Сатып алуучу уюм/Агенттик конкреттүү сыпатталышы менен даяр (стандарттуу) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо жөнүндө талаптын ордуна контрактты аткарууну кепилдеген декларацияга берүүчүлөрдүн кол коюусу жөнүндө талапты белгилеши мүмкүн.
Берүүчүлөр ушул декларацияны бузса, сатып алуучу уюм ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө сунушту демилгелейт.
6. Сатып алуучу уюм кол коюлган аткарылган иштин актысынын негизинде берүүчүнүн сунуштарында белгиленген контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо өлчөмүндө ар бир төлөмдөн кармап калуу жөнүндө шарттарды контрактка киргизе алат. Мындай шарт контракттын өзгөчө шарттары бөлүгүндө жана контракттын долбоорунда сатып алуу жөнүндө документтерде каралууга тийиш.
51-берене. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери
1. Сатып алуучу уюм түзүлгөн контрактка төмөнкү учурларда өзгөртүү киргизүүгө укугу бар:
1) сапаты жана тараптардын өз ара макулдугу боюнча берүүчүнү тандап алуу үчүн негиз болгон башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөргөн шартта, сатып алуу жөнүндө контрактты аткаруу процессинде ушуга окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөрсө. Баанын өсүшүнө байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн аныктоонун жана ырастоонун тартиби монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик статистика ишин ишке ашырган мамлекеттик орган жана башка органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда аныкталат;
2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган;
3) эгерде контрактка кол коюлган датадан кийин товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө же азаюусуна алып келүүчү салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешелүү Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, сатып алуучу уюм контракттын наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.
2. Берүүчүнү жана консультантты тандоо критерийлери болуп саналган сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
52-берене. Контракттын колдонулушун токтотуу
Контракттын колдонулушун токтотуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) контракты түзүүдө тараптар негизденген жагдайлар олуттуу өзгөргөндө жана контракт түзүү учурунда бул өзгөрүүнү алдын ала билүүгө мүмкүн болбогондо жана эгерде мында контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм/Агент контрактты мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Бул ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлүүчү контрактта чагылдырылууга тийиш.
Эгерде контракт ушул пунктка ылайык бузулса, тараптардын тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) контрактка ылайык бардык милдеттенмелер аткарылганда.
53-берене. Контракт боюнча талаштар
1. Түзүлгөн контрактты аткарууга байланыштуу талаштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда контракттын тараптары себептерин көрсөтүү менен бири-бирине дооматтарды коюуга укуктуу.
2. Башка тараптын дооматын алган тарап аны карап чыгууга жана доомат коюлган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
3. Доомат четке кагылган же ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттүн ичинде ага жооп берилбеген учурда, кызыкдар тарап сотко же бейтарап сотко (эгер сатып алуу жөнүндө контрактта бейтараптык шилтеме бар болсо) кайрылууга укуктуу.
6-глава. Корутунду жоболор
54-берене, Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирген 49-берене кирбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-майындагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 473-ст.);
2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.);
3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын. 18-ноябрындагы № 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 10, 1044-ст.);
4) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 10-декабрындагы № 195 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1172-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 14-февралындагы № 25 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2(2), 85-ст.);
6) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-майындагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 411-ст.);
7) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 29-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 3, 143-ст.);
8) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 4-ст.);
9) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 2б-июнундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 347-ст.);
10) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 4, 221-ст.);
11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 11, 867-ст.);
12) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 3, 162-ст.);
13) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 99 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 7, 503-ст.);
14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Респубпикасынын2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 10, 812-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|