Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 64
2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 64 токтому менен жактырылган |
2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана аларды төлөөнүн механизми жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемеси) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Протокол кол коюуга чейин 2020-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу жол-жобосунан өткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 178-б буйругу менен жактырылган.
Протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун шарттарын жана аларды төлөөгө контролдук механизмин камсыз кылууга багытталган (2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемеси).
Киргизилүүчү өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин товарларына жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө болбогон мамлекеттердин товарларына карата эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналарда кошумча нарк салыгын алуунун бирдей шарттарын камсыз кылууга багытталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ишке тартылган мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде же инвесторлордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Протоколду ратификациялоо терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.