Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-февралы № 49
"Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын (мындан ары - Корпорация) башкаруу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө, ошондой эле улуттук телерадиоберүүнү андан ары өркүндөтүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Корпорациянын ишинин уюштуруу-укуктук негизи, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта объективдүү маалымат (улуттук медиаконтент) жана башка телерадиопродукцияларды даярдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун негизги багыттары эсептелет.
2-берене. Корпорациянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Корпорация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдарын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Корпорациянын уставын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Корпорациянын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери
4-берене. Корпорациянын юридикалык статусу
1. Корпорация мамлекеттик мекеменин өзгөчө статусуна ээ.
2. Корпорация юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсептери, өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана жеке символика белгилери бар.
3. Корпорация, ошондой эле анын курамына кирген уюмдар, ишканалар жана бөлүмдөр менчиктештирилүүгө жатпайт. Корпорациянын чарбалык иш жүргүзүүчү субъект катары өзгөчөлүгү ушул Мыйзам жана Корпорациянын уставы менен белгиленет.
4. Корпорациянын ишине мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин мыйзамсыз кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
5-берене. Корпорациянын эркиндиги жана көз карандысыздыгы
1. Корпорациянын массалык маалыматты эркин издөө, алуу, даярдоо жана жайылтуу укугу мамлекет тарабынан кепилденет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, телерадиоберүү продукциясын чыгаруу эркин, көз карандысыз жана эч кандай чектөөсүз жүргүзүлөт,
3. Цензураны ишке ашырууга жана цензуралык функцияларды ишке ашыруу милдеттерине кирген уюштуруу түзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт.
6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын калкын ички жана тышкы саясат, маданият, билим берүү, илим, рухий турмуш жана коомдук кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдө учурда болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымдоо максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин жүргүзөт.
2. Корпорациянын негизги милдеттери:
- улуттук телерадиоберүүдө ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык ата мекендик өндүрүштүн программаларын жана берүүлөрүн ишке ашыруу, даярдоо жана көрсөтүү;
- коомдук ынтымакты, тынчтыкты жана коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого багытталган улуттук маалыматтык саясатты ишке ашыруу;
- улуттар аралык ынтымакты, жарандардын биримдигин жана ынтымагын сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телерадиоберүү мейкиндигин түзүү жана анын дүйнөлүк маалыматтык процесстерге киришин активдештирүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалыматтык саясатты жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын көтөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө объективдүү маалыматтарды таратуу, расмий билдирүүлөрдү таратуу;
- Кыргыз Республикасындагы жана чет мамлекеттердеги мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү;
- журналистиканын жогорку стандарттарын, толеранттуулук, ар бир адамдын укуктарын сактоону камсыз кылуу;
- маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка программаларды жогорку кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде түзүү жана жайылтуу;
- балдар жана жаштар үчүн билим берүүчү, тарбиялык телерадиопрограммаларды өнүктүрүү;
- мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын иштерин бирдей чагылдыруу, айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу абалды түзүүдөн качуу;
- калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирин эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
- коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн баш тартууну калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн пропагандалоого жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдыруу;
- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана биологиялык түрдүүлүктү коргоо маселелерин чагылдыруу;
- мамлекеттик тилди, улуттук, маданий жана тарыхый салттарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды даярдоо жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта жашаган кыргызстандыктардын жашоо-турмушун чагылдыруу;
- көркөм баалуулукту түзгөн материалдарды сактоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүргүзүү.
7-берене. Корпорациянын укуктары жана функциялары
1. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында ишенимдүү, объективдүү маалыматты чогултуу жана жайылтуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий билдирүүлөрүн жайылтуу;
- коом талап кылган бардык багыттарды, актуалдуу маселелерди эске алуу менен ар түрдүү медиаконтенттерди, телерадиоберүүлөрдү камсыз кылуу;
- Корпорациянын телерадиоканалдарынын берүүлөрүнүн жалпы көлөмүнүн эфирдик убактысынын 30 пайызын балдар, жаштар, билим берүү жана оюн-зоок программаларына бөлүүнү камсыз кылуу;
- улуттук телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды өткөрүү;
- телерадиоберүү жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында эл аралык уюмдар жана мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүү;
- телерадиоберүү, телекоммуникация жана технология жаатындагы ийгиликтүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу;
- Корпорация чыгарган телерадиоберүү продукциясынын архивин толуктоо;
- социалдык-маданий чөйрөнү жакшыртуу максатында ата мекендик фильмдерди жана сериалдарды телекөрсөтүүгө чыгарууну ишке ашыруу.
2. Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- телерадиоберүүнү уюштуруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук жана жеке менчик уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан жана алардын кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл маалыматтарды алууга;
- өзүнүн ишин ушул Мыйзамдын жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун негизинде маалыматты объективдүү жана ачык берүү принциптерине ылайык өз алдынча жүзөгө ашырууга;
- чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, башка ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди, корпункттарды, чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмелерди, аларга толук чыгармачылык жана чарбалык өз алдынчалыкты берүү жана чыгарылган продукция үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен түзүүгө, кайра уюштурууга же жоюуга;
- өзүнүн аудио жана видео продукцияларын, архивдик телерадиоберүү продукциясын өндүрүүгө жана сатууга;
- башка телекөрсөтүү жана (же) радиоуктуруу уюмдары, контент өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалган маданий-агартуу, спорт, экономикалык, социалдык багыттагы программалардын продукциясына бардык обо убактысынын 50 пайызына чейинки бөлүгүн жыл сайын акысыз жана/же жарнамалык обо убактысынын ордуна берүүгө;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке адамдардын видеопродукцияларын укук ээлеринин макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, окутуу жана башка түрдөгү иштерди жүзөгө ашырууга;
- нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоого;
- телекөрсөтүү жана радио көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарнамалык-маалыматтык кызматтардын, акы төлөнүүчү кызматтардын (жумуштардын) кеңири спектрин көрсөтүүгө;
- ата мекендик жана эл аралык телерадиоберүү уюмдары менен кызматташууга;
- менчик ээсинин макулдугу менен үчүнчү жактар тарабынан түзүлүүчү уюмдарда катышуучу (уюштуруучу) катары чыгууга;
- телерадиоберүү жаатындагы маселелер боюнча ар түрдүү ассоциацияларга, бирликтерге жана эл аралык коомдук уюмдарга мүчө болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- Корпорацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
8-берене. Корпорациянын түзүмү
1. Корпорациянын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
- Республикалык радиотелеборбор;
- Мамлекеттик облустук телерадиокомпаниялар;
- Дооронбек Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясы.
2. Корпорация белгиленген тартипте башка телерадиоберүү уюмдарын, компанияларды, студияларды жана чыгармачылык өндүрүштүк бирикмелерди бириктире алат.
9-берене. Жарнама
1. Корпорация жарнаманы "Жарнама жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте телеканалдарда жана радиодо, программаларда жана берүүлөрдө жайылтат.
2. Жарнамалык жарыя берүү төмөнкүдөй түрдө чектелүүгө тийиш:
- жарнамалык материалдар керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келбейт, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирбейт;
- аң-сезимге таасирин тийгизген жарнамалык жарыялар жайгаштырылбайт;
- жарнамалык жарыяларда жаңылыктар программаларын жана учурдагы окуяларды дайыма алып баруучулардын образын, элесин же үнүн пайдаланууга болбойт;
- алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнамалык жарыялар менчигинин түрлөрүнө карабастан саат 7ден 22ге чейин радио жана телекөрсөтүүгө чыгарылбашы керек;
- кумар оюн-зоок бизнеси жөнүндө жарнамалык жарыялар жайгаштырылбайт;
- порнографиялык мүнөздөгү, ошондой эле курал жөнүңдөгү жарнамалык жарыяларга уруксат берилбейт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте өңдүрүүгө жана сатууга уруксат берилбеген дары-дармектердин, медициналык каражаттардын, медициналык багыттагы продукциялардын жана техникалардын жарнагына тыюу салынат;
- аткаруу бийлигинин тиешелүү органы тарабынан колдонууга уруксат берилбеген дарылоо, профилактикалоо, диагностикалоо жана реабилитациялоо методдорунун жарнагына жол берилбейт.
3. Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызматка талапкерлердин жарнамаларынын же жарнамалык материалдарын Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде гана көрсөтөт.
4. Коммерциялык жана социалдык жарнама чыгарууга жана трансляциялоого уруксат берилет.
10-берене. Демөөрчүлүк
Корпорациянын телерадиопрограммаларды, телекөрсөтүүлөрдү жана радиоберүүлөрдү, аудиовизуалдык жана башка чыгармаларды түзүү жана/же трансляциялоо боюнча кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Корпорациянын ишин уюштуруу
11-берене. Корпорациянын башкаруу органы
1. Корпорацияны башкы директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Башкы директордун үч орун басары болот, алар Корпорациянын башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Корпорациянын башкы директору:
- Корпорациянын Уставын, редакциялык саясатын бекитет, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
- ушул Мыйзамга жана Корпорациянын Уставына ылайык Корпорациянын ишин жалпы жетектейт жана анын бардык операциялары жана иштин түрлөрү үчүн жоопкерчилик тартат;
- Корпорациянын алдында турган милдеттердин аткарылышын уюштурат, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, ички нускамаларды, жоболорду жана эрежелерди бекитет;
- Корпорациянын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын бекитет;
- Корпорациянын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзөт, кайра уюштурат жана жоёт;
- чет өлкөлүк делегацияларды жана айрым адамдарды кабыл алууга, Корпорациянын ишине байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды чыгымдоо ченемдерин, ушул максаттарга арналган каражаттардын чегинде бекитет;
- Корпорациянын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Корпорациянын иши жөнүндө отчет жиберет;
- Корпорациянын милдеттерин ишке ашыруу үчүн юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзөт.
4. Корпорациянын кеңешүүчү органы болуп коллегия саналат, ал 9 адамдан турат. Коллегиянын курамына башкы директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрү Корпорациянын кызматкерлеринин арасынан башкы директор тарабынан дайындалат.
5. Коллегияны Корпорациянын башкы директору жетектейт. Башкы директор жок учурда коллегиянын жыйналыштарын башкы директордун орун басарларынын бири өткөрөт.
12-берене. Ар жылдык аудит
Корпорациянын финансылык жана чарбалык ишине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жыл сайын милдеттүү аудит жүргүзүлүп турат.
13-берене. Корпорациянын мүлкү жана ишин каржылоо
1. Корпорацияны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
2. Каржылоо ошондой эле төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн:
- жарнаманын, гранттык жана ыктыярдуу салымдардын, демөөрчүлүк каражаттардын;
- обо, жарнама убактысын, аудио-видео продукциясын, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка түрлөрүн сатуудан түшкөн өздүк каражаттардын;
- автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
3. Корпорациянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, Корпорацияга оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет жана анын өз алдынча балансында чагылдырылат.
Корпорация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, өзүнүн уставында белгиленген чектерде бул мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
4-глава. Корпорациянын программалык жана редакциялык саясаты
14-берене. Корпорациянын программалык саясаты
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бардык калкынын кызыкчылыктары үчүн анын этностук, маданий жактан ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, өлкөнүн бүткүл аймагында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.
2. Корпорация коомдо орун алган пикирлерди жана бардык көз караштарды чагылдырган, заманбап жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошоңдой эле Корпорациянын Уставына ылайык телерадиоберүү кызматтарын көрсөтөт.
15-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты
1. Корпорациянын кызматкерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат.
Кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктар программаларында жекече ой-пикирлерди билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук камтуу жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.
2. Жаратылыш кырсыктарынан жана кыйроолордон жапа чеккендер, кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете элек өспүрүмдөр жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталат.
3. Жеке турмуш, шектүүлөргө, айыпкерлерге жана соттолуучуларга карата калыстык принциби сакталышы керек, жашыруун ысымдар жана маалымат булактарынын купуялуулугу корголот.
16-берене. Эфир бөлүштүрүү жана маалыматтык берүүлөр
1. Корпорация Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бардык коомдук маанилүү окуялар тууралуу толук жана ыкчам маалымат берет. Маалыматтык билдирүүлөр жок жерден чыкпагандай, тең салмактуу жана көз карандысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш.
2. Корпорация ушул Мыйзамга жана ички актыларга ылайык коомдук маанилүү темаларды өз алдынча аныктайт.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына расмий сөз сүйлөө үчүн акысыз обо убактысын берет.
17-берене. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялуулугу
1. Корпорация парламенттик угууларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналыштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен башка расмий иш-чараларды жазып алынганда да, түз эфирде да акысыз негизде берүүгө укуктуу.
2. Корпорация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүү укугуна ээ.
3. Корпорация кеңири коомчулукка жеткиликтүү жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты туудурган маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирип катышууга укуктуу.
4. Маалымат булактарынын купуялуулугу (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаатындагы мыйзамдар менен кепилдикке алынат. Коомдук кызыкчылыкка олуттуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу соттун чечиминин негизинде гана маалымат булактары ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
18-берене. Жооп берүү жана четке кагуу укугу
Жаран же юридикалык жак өзүнө карата чындыкка дал келбеген, анын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган жана/же адамдын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин кемсинткен маалыматтар таратылса, аларды Корпорациянын обосунда төгүндөөгө жана/же жооп берүүгө (иштин жагдайларын комментарийлөөгө же өз алдынча чечмелөөгө) укуктуу.
Төгүндөө жана жооп берүү укугун ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык жөнгө салынат.
19-берене. Корпорациянын жоопкерчилиги
Корпорация, анын кызматкерлери, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын укугун улантуучу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 1340-V);
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 3048-V).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|