Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 63
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 21, 72, 18, 181-беренелериндеги түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөтү” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 3-беренесинде:
1) он үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) он бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын” деген сөздөр “ушул Мыйзамдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жыйырма экинчи абзацындагы “мыйзамдары менен белгиленген” деген сөздөр “монополияга каршы мыйзамдары менен белгиленген” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жыйырма бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“чарба жүргүзүүчү субъект – өзүнө киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн коммерциялык уюм жана юридикалык жактарды каттоо жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) лицензияланууга тийиш болгон коммерциялык эмес уюм, ошондой эле киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн, салык мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер;”;
5) отуз биринчи абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-беренесинде:
1) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун “б” пунктчасындагы, 3-бөлүгүнүн 3-пунктундагы “же башка” деген сөздөр алып салынсын;
2) 6-бөлүгүндө:
а) биринчи – үчүнчү абзацтарындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацындагы “Өкмөтүнүн Аппаратына” деген сөздөр “Президентинин Администрациясына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 6-беренесинин 13-пунктундагы “мыйзамдарында” деген сөз “монополияга каршы мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 7-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “мыйзамына” деген сөз “монополияга каршы мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 9-беренесинде:
1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,” деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды” деген сөздөр “азык-түлүк көз карандысыздыгын, калк үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жана мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу учурларын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,” деген сөздөр алып салынсын;
г) 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
д) Мыйзамдын расмий тилдеги текстинин 11-пунктундагы “иных” деген сөз алып салынсын;
е) 12-пунктундагы “мыйзамдарда” деген сөз “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7. 91-беренесинде:
1) 1-бөлүгүндөгү “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “мыйзамдарына ылайык” деген сөздөр “жарандык мыйзамдарына ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 10-беренесинде:
1) 2-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүгүндөгү “мыйзамдарында” деген сөз “жарандык мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 12-беренесинде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12-берене. Чарбакер субъекттердин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) сатып алууда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль”;
2) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүштөрүн), ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталдагы үлүштөрүн) кандай болбосун башка юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.”;
3) 2-бөлүгүндөгү “Өкмөтүндө” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 4-бөлүгүндөгү “мыйзамдарына” деген сөз “жарандык мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 14-беренесиндеги “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 15-беренесинде:
1) “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Монополияга каршы орган сурап алуучу зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.”.
12. 16-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Кыргыз Республикасынын мыйзамына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13. 17-беренесинде:
1) биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Монополияга каршы органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.”.
14. 20-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20-берене. Монополияга каршы органдын чечимдерине даттануу укугу
Мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары монополияга каршы органдын чечимдерине (көрсөтмөлөрүнө) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте же соттук тартипте, ал эми жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө – Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.”.
2-берене
“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
21-беренесинин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) эл аралык жана транзиттик учууларды аэронавигациялык тейлөөдөн тышкары, учууларды аэронавигациялык тейлөө;”.
3-беренесинде:
1) “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 41-беренесиндеги “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 5-беренесинде:
1) 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө” деген сөздөр “бардык бүтүмдөргө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндө:
а) үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Өкмөт)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацындагы “баш тартууга укуктуу” деген сөздөр “баш тартат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эгерде чечимди кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болсо, ыйгарым укуктуу орган аны арыз берүүчүдөн сурап алат жана өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүү менен бирге мындай суроо-талап өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбей, арыз берүүчүгө берилген шартта өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн 30 күнгө узартат.”;
г) жетинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “талап кылууга укуктуу” деген сөздөр “сурап алат” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 8-беренесинде:
1) 1-бөлүгүндө:
а) “Өкмөт” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 7-пунктундагы “чарба жүргүзүүчү субъекттин паспортун,” деген сөздөр алып салынсын;
в) 9-пунктундагы “мыйзамдарында” деген сөз “Министрлер Кабинети тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацындагы “мыйзамдарда” деген сөз “Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) экинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгүндө “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 13-беренесиндеги “мыйзамдарына” деген сөз “жарандык мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 14-беренесиндеги “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 15-беренесиндеги “мыйзамдарында” деген сөз “жарандык мыйзамдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 17-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 18-беренесинин 1-бөлүгү “каралган мөөнөттө” деген сөздөрдөн кийин “, бирок аларды алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбей” деген сөздөр менен толукталсын.
12. 20-беренесиндеги “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти