Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык.";
2) 2-пунктунун 2-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3, 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.";
4) токтом ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- оң жактын жогорку бурчундагы "Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-главасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Программаны ишке ашыруу үчүн талап кылынган каражаттардын көлөмү 2022-2025-жылдарга 237550000 сомду түзөт, анын ичинде 2022-жылга - 86575 000 сом, 2023-жылга - 71425 000 сом, 2024-жылга - 41025 000 сом, 2025-жылга - 38525000 сом каралган.";
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-февралындагы № 19 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди
өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына тиркеме
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Мөөнөт (жыл) | Сумма (миң сом) | Каржылоо булагы |
1-глава. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негизин чыңдоо | ||||||
Функциялар: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана тил чөйрөсүн жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыздоо, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ||||||
1 | Мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды талдоо жана аларды "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келтирүү | Мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
2 | Мамлекеттик тилдеги мыйзам долбоорлорундагы жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорундагы терминдер менен түшүнүктөрдүн адабий тилдин жана юридикалык терминологиянын ченемдерине шайкештигине лингвистикалык экспертиза (корректура, редактордук талдоо) жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу | Мамлекеттик тилдеги мыйзам долбоорлорунун тексттерин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүү бөлүгүндө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү, мыйзам актыларынын долбоорлорунун бирдиктүү таризделишин сактоо жана алардын тили менен стилин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
3 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү | Мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча отчёт даярдоо | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
2-глава. Кыргыз тилин окутуунун методологиясын жана технологиясын өнүктүрүүдөгү мамлекеттик тил саясаты | ||||||
Функциялар: Кыргыз тилинин эне тили, экинчи тил жана чет тили катары өздөштүрүлүшүн жана окутулушун камсыздоо | ||||||
4 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларда кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутууга арналган программаларды жана бөлүнгөн сааттардын көлөмүн талдоо жана оптималдаштыруу, базалык окуу планында алардын көлөмүнүн туруктуулугун камсыз кылуу | Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутууга бөлүнгөн окуу сааттарынын туруктуу көлөмү | БИМ | 2022 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
5 | Мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тил жана чет тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыргыз тили жана адабиятын окутуунун концепциясын өркүндөтүү | Билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн окутуунун базалык принциптерин, стратегияларын жана технологияларын аныктоо | БИМ | 2022 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
6 | Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окуткан мугалимдердин квалификациялык талаптарын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну камсыздоо | Мамлекеттик тилди окутуучулардын милдеттүү квалификациялык талаптарын, ошондой эле окутуучуларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатууда зарыл болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ишке киргизүү планын бекитүү | БИМ | 2022 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
7 | Эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыргыз тилинин предметтик стандарттарын жана программаларын деңгээлдик талаптарга ылайык жаңылоо: - мектепке чейинки билим берүү уюмдары; - жалпы орто билим берүү уюмдары; - башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары | Окутуунун жаңыланган стандарттары менен программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | БИМ | 2022 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
8 | Мамлекеттик тилди окутуу үчүн окуу-методикалык комплекстерин "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарынын негизинде жаңыланган стандарттарга (окуу программалары, окуу китептери, методикалык колдонмолор, маалымдамалар) ылайык иштеп чыгуу | Окуу-методикалык комплекстерин (окуу программалары, окуу китептери, методикалык колдонмолор) бекитүү: | БИМ |
| - | Каржылоо талап кылынбайт |
мектепке чейинки мекемелер үчүн: | БИМ | 2022 | 2000,0 | Республикалык бюджет | ||
10-11-класстар үчүн ОМК; | БИМ | 2022 2023 | 2000,0 2500,0 | Республикалык бюджет | ||
7-9-класстар үчүн ОМК; | ||||||
1-4-класстар үчүн ОМК | ||||||
9 | Жалпы билим берүү уюмдарында кыргыз тилин эне тили катары окутуу үчүн сырткы баалоолордун жыйынтыгын эске алуу менен (ОБЖУБ, МЖА, PISA) окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу жана жайылтуу | Эне тили катары кыргыз тили боюнча окуу-методикалык комплексин түзүү жана апробациялоо: 1-4-класстар үчүн ОУК; 5-6-класстар үчүн ОУК; 7-9-класстар үчүн ОУК | БИМ, ЖОЖдор, ОКОЖдор | 2022 2023 2024 2025 | 4000,0 4000,0 2500,0 2500,0 | Республикалык бюджет |
10 | Бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо үчүн мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун методологиясы боюнча ЖОЖдор аралык типтүү магистрдик-докторлук (бирдиктүү) программасын иштеп чыгуу жана жайылтуу | ЖОЖдор аралык типтүү программаны киргизүүнүн негизинде кесиптик жогорку билим берүү системасында мамлекеттик тилди окутуунун методдорун стандартташтыруу | БИМ | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
11 | Мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил жана кесиптик тил катары окуткан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун жаңыланган программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун жаңыланган программасы | БИМ | 2022-2023 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
12 | Жаңыланган программанын негизинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдардын кыргыз тили мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын уюштуруу | Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил, чет тили катары окуткан 5000 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу | БИМ | 2022 2023 2024 2025 | 700,0 700,0 1000,0 1000,0 | Республикалык бюджет |
13 | Эл аралык жогорку окуу жайларында "Кыргыз тили жана адабияты" окуу сабактарынын окутуучуларынын кызматташуусун уюштуруу | Тажрыйба алмашуу боюнча процесстерди жаңыртуу | БИМ | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
14 | Жалпы билим берүүчү уюмдардын 9 жана 11-класстары үчүн мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшыруунун форматын жана талаптарын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | БИМ | 2022-2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
15 | "Кыргыз тили жана адабияты" предметин жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизги бөлүгүнө киргизүү | Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | БИМ | 2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
16 | Орто жана кесиптик жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн "Кыргыз тили жана адабияты", "Кыргызстандын тарыхы" жана "Кыргызстандын географиясы" сабактары боюнча аттестациялоонун комплекстүү программасын иштеп чыгуу | Окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, баалоо каражаттарын иштеп чыгуу | БИМ | 2022-2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
17 | Көп тилдүү билим берүүнүн негизинде бала бакча, мектептер үчүн окутуучуларды даярдоо программасын киргизүү | Көп тилдүү билим берүү мугалимдерин даярдоонун окуу планын жана программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. 2021-2023-жылдары 4 ЖОЖдо бала бакча жана башталгыч класстын мугалимдери даярдалат. 2021-2023-жылдары 3 ЖОЖдо табигый илимдер боюнча мугалимдер даярдалат | БИМ | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
Функциялар: Окуу жана методикалык колдонмолордун электрондук формаларын иштеп чыгуу жана колдонуу | ||||||
18 | "Мамлекеттик тилде билим берүүнүн маалыматтык электрондук картасы" электрондук окуу колдонмосун "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу (этаптар боюнча) | Окутуучулар үчүн бирдиктүү электрондук маалымат базасын ишке киргизүү | БИМ | 2022-2023 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
19 | "Кыргыз тили: башталгыч мектепте кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн" электрондук тиркемесин "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу | Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу колдонмо | БИМ | 2022-2024 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
20 | 5-9-класстарда кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу колдонмосун "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу | Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу колдонмо | БИМ | 2022-2024 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
21 | 10-11-класстарда кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу колдонмосун "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу | Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча электрондук окуу колдонмо | БИМ | 2022 2023 | 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
22 | "Кыргызтест" системасы боюнча А1, А2, В1 деңгээлдерине ылайык кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн лексикалык минимум сөздүгүн иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | А1, А2, В1 деңгээлдерине ылайык кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн кыргыз-орус сөздүгүн иштеп чыгуу | "Кыргызтест" (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 100,0 200,0 200,0 | Республикалык бюджет |
23 | Мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүчүлөр үчүн "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына (А1, А2, В1, В2) ылайык видеосабактарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн видео окутуу материалдарынын жеткиликтүүлүгү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 900,0 800,0 800,0 800,0 | Республикалык бюджет |
24 | Бардык профилдеги башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин үйрөтүү үчүн "Кесиптик кыргыз тили" системасын "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу жана киргизүү: - бирдиктүү окуу стандартын; - бирдиктүү окуу программасын; - функциялык грамматиканы жана ЖОЖдордун профилине жараша лексикалык минимумдарды; - тармактык спецификаны эске алуу менен окуу куралын | Бардык профилдеги ЖОЖдордо кыргыз тилин үйрөтүү боюнча "Кесиптик кыргыз тили" системасын ишке киргизүү | БИМ | 2022 2023 | 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
25 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кыргыз тилинде орто билим алуусу үчүн шарттарды түзүү: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу үчүн окуу куралдарын жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу; - кыргыз тилинин жаңсоо тилин иштеп чыгуу жана кыргыз тилиндеги адабияттарды (окутуучу жана сөз өстүрүүчү кыргыз тили) жаңсоо тилине которуу жана аларды басып чыгаруу; - кыргыз адабиятын (окутуучу жана сөз өстүрүүчү кыргыз тили) көзү азиздер үчүн Брайл арибине которуу жана басып чыгаруу (анын ичинде электрондук продуктуларды); - дистанттык окутуу же телерадио компаниясынын эфиринен предметтик сабактарды жана программаларды сурдологдун котормосу менен көрсөтүү | Кыргыз тилинде окутуучулар үчүн логопед, дефектолог жана сурдолог адистиктери боюнча даярдоо; окуу куралдарын жана методикалык колдонмолорду (электрондук варианттарды кошо алганда), рельефтик-чекиттик басылмаларды иштеп чыгуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана билим алуу мекемелерине барууга мүмкүндүгү жок адамдардын билим алышына шарттарды түзүү | БИМ |
|
| Каржылоо талап кылынбайт |
2024 2025 | 500,0 500,0 | Республикалык бюджет | ||||
ЭлТР | 2022 2023 2024 2025 | 500,0 500,0 500,0 500,0 | Республикалык бюджет | |||
Функциялар: Басма продукцияларын чыгаруу | ||||||
26 | Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу стандарттарына ылайык мамлекеттик тилдеги окуу китептерин түзүү/которуу (электрондук варианттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо) | 20 аталыш | БИМ | 2022 | 2000,0 | Республикалык бюджет |
20 аталыш | 2023 | 2000,0 | ||||
20 аталыш | 2024 | 2000,0 | ||||
20 аталыш 20 аталыш | 2025 | 2000,0 | ||||
27 | Музыкалык жогорку, орто | 10 аталыш | ММСЖСМ | 2022 | 1000,0 | Республикалык бюджет |
билим берүү мекемелеринин | 10 аталыш | 2023 | 1000,0 | |||
окуу стандарттарына ылайык | 10 аталыш | 2024 | 1000,0 | |||
мамлекеттик тилдеги окуу китептерин түзүү/которуу (электрондук варианттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо) | 10 аталыш | 2025 | 1000,0 | |||
3-глава. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил саясаты | ||||||
Функциялар: Кыргыз тилинин илимий-академиялык потенциалын түзүү | ||||||
28 | Кыргыз тилинин бардык тармактарда толук колдонулушун камсыздоого жөндөмдүү болгон илимий-академиялык мүмкүндүктөрдү түзүү | Кыргыз тилинин илимий стилин түзүү иштери үчүн лингвисттер менен биргеликте башка тармактардын адистеринен чыгармачыл бирикмелерди түзүү | ЖОЖдор | 2022-2023 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
29 | Табигый-илимий, техникалык жана башка гуманитардык эмес жана гуманитардык илимдер боюнча кыргыз тилиндеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү | Кыргыз тилиндеги монографияларды, макалаларды, авторефераттарды жана башка илимий продукцияларды басып чыгаруу. Мамлекеттик тилдеги илимий изилдөөлөрдүн онлайн-базасын түзүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2022-2023 | - | УАК бюджетинин чегинде |
30 | Табигый-илимий, техникалык, гуманитардык, медициналык багыттар боюнча изилдөөлөрдү орус тилинен жана башка чет тилдерден кыргыз тилине которуу | Кыргыз тилине которулган чет тилдеги изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2022-2023 | - | УАК бюджетинин чегинде |
31 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий маалыматтар базасын иштеп чыгуу | Электрондук илимий маалымат базасын ишке киргизүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | УАК бюджетинин чегинде |
32 | Табигый-техникалык, гуманитардык, медициналык жана социалдык дисциплиналар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү | Мамлекеттик тилдеги илимий изилдөөлөрдүн сапатын жана санын жогорулатуунун механизмдерин ишке киргизүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
33 | Өспүрүмдөр үчүн кыргыз тилиндеги "Илим жана техника" журналын чыгаруу, эфирден көрсөтүү жана социалдык тармактарга жүктөө үчүн видеоматериалдарды даярдоо | Жаш муундардын илим менен техникага болгон кызыгуусун арттыруу | ЭлТР | 2022 2023 2024 2025 | 500,0 500,0 500,0 500,0 | Республикалык бюджет |
Функциялар: Мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын түзүү | ||||||
34 | ЖОЖдордун бардык адистиктери жана багыттары боюнча кыргыз тилинде туруктуу окутуу системасын түзүү | "Мектеп-колледж-ЖОЖ" билим берүү вертикалында кыргыз тилдүү звено түзүү | БИМ | 2022-2024 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
35 | Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинде окутуу боюнча толук камсыздалган окуу-методикалык базаны түзүү | Билим берүү мекемесинин профилине жараша "Кесиптик кыргыз тили" системасы боюнча окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | БИМ | 2022-2024 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
36 | Ар бир адистик боюнча онлайн-база түзүү | Адистиктер боюнча онлайн-база иштеп чыгуу | БИМ | 2022-2024 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
Функциялар: Кыргыз тилинин илимий негизин өнүктүрүү | ||||||
37 | Мамлекеттик тил маселелери боюнча социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү | Талдоолордун негизинде стратегиялык багыттарды аныктоо | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 500,0 500,0 500,0 500,0 | Республикалык бюджет |
38 | Кыргыз тилин изилдөөнүн заманбап актуалдуу теориялык багыттары боюнча илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана жыйынтыктарын жарыялоо | Кыргыз тилинин ички тилдик өзгөчөлүктөрү боюнча илимий изилдөө объектиси катары монографияларды жана академиялык изилдөөлөрдү басып чыгаруу | УАК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | УАК бюджетинин чегинде |
39 | Чет өлкөдө (Россия, Кытай, Түркия, Афганистан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б.) жашаган этностук кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү боюнча илимий-изилдөө долбоорлорун уюштуруу | Жамааттык жана жеке илимий монографияларды басып чыгаруу | ЖОЖдор, (тил институттары) | 2022-2025 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
40 | Кыргыз тилинин, кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү (байыркы орто кылымдардагы жалпы жазма эстеликтерин, өзгөчө кыпчак жазма эстеликтеринин тилин изилдөө) | Жамааттык жана жеке илимий монографиялардын же илимий макалалардын жыйнагын басып чыгаруу | ЖОЖдор, (тил институттары) | 2022-2025 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
Функциялар: Кыргыз терминологиясынын жана ономастикасынын өнүгүүсүн камсыздоо | ||||||
41 | Терминологиялык комиссиянын ишин өркүндөтүү, тармактык секторлорду түзүү | Терминологиялык комиссиянын ишин системалаштыруу | Терминком (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 250,0 250,0 250,0 250,0 | Республикалык бюджет |
42 | Терминология ишинин концепциясын иштеп чыгуу, бекитүү | Терминология ишинин концепциясын түзүү | Терминком, (макулдашуу боюнча) УИА (макулдашуу боюнча) | 2022-2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
43 | Терминологиянын теориясындагы жана практикасындагы жаңы тенденциялар боюнча эл аралык илимий конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү | Терминология маселелери боюнча эл аралык конференцияларды өткөрүү жана макалалар жыйнагын басып чыгаруу | Терминком (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 250,0 250,0 250,0 250,0 | Республикалык бюджет |
44 | Үзгүлтүксүз терминологиялык бюллетень түзүү | Тармактык терминдерди бирдейлештирүү | Терминком (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 200,0 100,0 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
45 | Кыргыз топонимикасын бирдейлештирүү жана системалаштыруу (Кыргызстандагы географиялык аталыштардын расмий электрондук каталогун иштеп чыгуу) | Географиялык аталыштардын бирдиктүү "Топоним" электрондук маалымат базасын түзүү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 | 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
Функциялар: Басма продукцияларды чыгаруу | ||||||
46 | Сөздүктөрдү түзүү жана басып чыгаруу: |
|
|
|
|
|
- Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү; | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 1000,0 | Республикалык бюджет | |
- Кыргыз тилинде энциклопедиялык басылмаларды, адабий жана илимий басылмаларды чыгаруу | Энциклопедиялык, адабий жана илимий басылмалардын жеткиликтүүлүгү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет | |
- Орусча-кыргызча сөздүк. 4 томдук; | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2022 | 2000,0 | Республикалык бюджет | |
- Байыркы түрк сөздүгү. 3 томдук | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 1500,0 | Республикалык бюджет | |
Байыркы кыргыз тилинин сөздүгү | 1 аталыш | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2025 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
- Кыргыз тилиндеги көмөкчү этиштер. Б.М.Юнусалиев | 1 аталыш | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 | 300,0 | Республикалык бюджет | |
- Кыргыз адабий тилинин жаралышы жана өнүгүшү жөнүндө басылмаларды (илимий монографияларды) басып чыгаруу | Кыргыз адабий тили боюнча илимий басылмалардын жеткиликтүүлүгү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет | |
Балдар адабиятынын антологиясы | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2023 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
"Семетей" эпосу, семетейчи Сейдене Молдокееванын варианты | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
47 | Тармактык терминологиялык сөздүктөрдү (экономикалык, финансылык, медициналык, юридикалык, техникалык, транспорттук, аскердик, айыл чарба, өнөр жай, курулуш ж.б.) иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Тармактар боюнча сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Терминком (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 2500,0 2500,0 2500,0 2500,0 | Республикалык бюджет |
4-глава. Мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга коомдун бардык катмарынын катышуусун камсыз кылуу | ||||||
Функциялар: Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, калкка кызмат көрсөтүүчү мекемелерде мамлекеттик тилди активдүү колдонуу боюнча системаны уюштуруу | ||||||
48 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде аталган кызмат орундарын ээлеген адамдардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык аныктоо (этаптар боюнча) боюнча укуктук базаны түзүү | Ченемдик укуктук акт | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2022 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
49 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык кызмат орундарын ээлеген жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо: - саясий мамлекеттик кызмат орду; - атайын мамлекеттик кызмат орду; - саясий муниципалдык кызмат орду; - административдик мамлекеттик кызмат орундары; - административдик муниципалдык кызмат орундары; - дипломатиялык кызмат орду; - Куралдуу Күчтөр; - укук коргоо органдары | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген жарандардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | Кыргызтест бюджетинин чегинде |
50 | Бардык мамлекеттик, муниципалдык жана атайын органдардын кызматчыларынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо | Ченемдик укуктук акт | "Кыргызтест" (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | Кыргызтест бюджетинин чегинде |
51 | Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо | "Кыргызтест" системасынын талаптарына шайкеш окутуунун шарттарын камсыздоо | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет |
52 | А1, А2, B1, В2, C1 тил билүү деңгээлдери боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар үчүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча материалдарды (үлгүлөрдү) түзүү жана типтүү нускамаларды, сөздүктөрдү иштеп чыгуу | Типтүү нускамалар - сөздүктөр | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 | 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
53 | Мамлекеттик, муниципалдык жана атайын органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, жумушчуларын окутуу үчүн "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык атайын программаларды иштеп чыгуу | Мамлекеттик тилди окутуунун атайын программасын бекитүү | МТУК алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 | 500,0 500,0 | Республикалык бюджет |
54 | Бардык ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык жана атайын органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, жумушчуларын "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык окутуу | "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилди милдеттүү окутуу курстарын уюштуруу | МТУК алдындагы Окуу маалыматтык жана котормо борбору (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 1250,0 1250,0 1250,0 1250,0 | Республикалык бюджет |
55 | Мамлекеттик, муниципалдык жана атайын органдардын, ведомстволук мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик тил адистеринин (эксперт-лингвисттердин) квалификациясын жогорулатуу | Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарды, семинарларды уюштуруу | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 200,0 100,0 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
56 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык "Иштиктүү кыргыз тили" курсу боюнча окутуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык иштиктүү кыргыз тилине окутуу | КРПМБА (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 1000,0 1000,0 1000,0 1000,0 | Республикалык бюджет |
Функциялар: Социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилди илгерилетүү жана пропагандалоо | ||||||
57 | Мамлекеттик тил саясатынын негизги принциптери тууралуу ЖМКлардагы макалаларды, түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди, маектерди, коомчулуктун кеңири чөйрөсүнүн катышуусундагы талкууларды, семинарларды, кампанияларды уюштуруу | Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик тил саясатын пропагандалоо | ММСЖСМ, МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | ММСЖСМ, МТУК бюджетинин чегинде |
58 | Мамлекеттик тилди пропагандалоо жана өнүктүрүү максатында маалыматтык, билим берүүчүлүк иш-чараларын уюштуруу | Жыл сайын Эл аралык эне тил жана Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чараларды, чыгармачылык кечелерди ж.б. өткөрүү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022-2025 | - | МТУК бюджетинин чегинде |
59 | Интернет тармагында (жаш курак категориялары боюнча) мамлекеттик тилдеги таанып билүүчү-өнүктүрүүчү видео роликтерди (вайн, скетчи ж.б.) жайылтууга шарт түзүү (уюштуруу) | Мамлекеттик тилди колдонуучулардын аудиториясын кеңейтүү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет |
60 | Дүйнөлүк классикалык адабиятты мамлекеттик тилге которуу жана аларды басып чыгаруу | Дүйнөлүк классикалык адабий чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу (3 аталыштан кем эмес) | ММСЖСМ | 2022 2023 2024 2025 | 500,0 500,0 500,0 500,0 | Республикалык бюджет |
61 | Кыргыз тилиндеги театралдашкан спектаклдерди, драмалык чыгармаларды мезгилдүү көрсөтүү | Кыргыз тилиндеги спектаклдерди, театралдашкан чыгармаларды үзгүлтүксүз көрсөтүү | ММСЖСМ | 2022 2023 | 16400,0 16400,0 | Республикалык бюджет |
62 | Кыргыз кинематография өндүрүшүн колдоо (мамлекеттик тилди пропагандалоо жана өнүктүрүү максатында) | Кинематография каражаттары менен мамлекеттик тилди пропагандалоо | ММСЖСМ | 2022 2023 2024 2025 | 2000,0 2000,0 2000,0 2000,0 | Республикалык бюджет |
63 | Мамлекеттик тилде анимациялык продукцияларды 3D форматында тартуу | Мамлекеттик жана жеке телерадиоуюмдар аркылуу мамлекеттик тилде анимациялык продукцияларды көрсөтүү | КТРК (макулдашуу боюнча), продюсердик борборлор (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 8000,0 8000,0 8000,0 8000,0 | Республикалык бюджет |
64 | Мультфильмдерди кыргыз тилине которуу | Кыргыз тилине которулган мультфильмдердин санын көбөйтүү | КТРК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 2000,0 2000,0 2000,0 2000,0 | Республикалык бюджет |
ЭлТР | 2022 2023 2024 2025 | 2000,0 2000,0 2000,0 2000,0 | ||||
65 | Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар, мамлекеттик тилдин, жазма адабияттын түптөлүшүнө, жайылтылышына өзгөчө салым кошкон инсандар тууралуу документалдык фильмдерди, эскерүү программаларын тартуу; кыргыз тилин пропагандалоочу атайын программаларды, социалдык жана жарнамалык роликтерди чыгаруу | Телекөрсөтүүлөр аркылуу кыргыз тилин пропагандалоону активдештирүү | КТРК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 100,0 100,0 100,0 100,0 | Республикалык бюджет |
ЭлТР | 2022 2023 2024 2025 | 100,0 100,0 100,0 100,0 | Республикалык бюджет | |||
66 | Жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз тилинин адабий ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү | Кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоодо ЖМКлардын ролун жогорулатуу | ММСЖСМ | 2022 2023 | 2500,0 2500,0 | Республикалык бюджет |
67 | Улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө олуттуу салым кошкон жана Кыргызстан элинин тарыхый, маданий мурасында өзгөчө орду бар инсандар жана окуялар жөнүндө көркөм фильмдерди жана телефильмдерди, телеспектаклдерди санариптештирүү | Фильмдердин жана спектаклдердин тасмаларын санариптештирүү, Кыргызстан элинин баалуу тарыхый жана маданий мурастарын жайылтуу | ММСЖСМ | 2022 | 150,0 | Республикалык бюджет |
68 | Жарнамаларды, кулактандырууларды жана башка көрсөтмө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилде тариздөө боюнча чараларды жүргүзүү | Жарнамалардын жана көрсөтмө маалыматтардын тексттерин колдонуудагы адабий ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү менен макулдашуу боюнча | 2022-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
69 | Мамлекеттик тилде балдар адабиятынын электрондук китепканасын түзүү | Мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдар үчүн мамлекеттик тилдеги балдар адабиятынын жеткиликтүүлүгү | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 625,0 | МТУК бюджетинин чегинде |
5-глава. Мамлекеттик тилди санариптештирүү | ||||||
Функциялар: Маалыматтык технологиялардын жардамы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||
70 | Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, Кыргызстандын маданияты, тарыхы, рухий мурастары менен таанышууга мүмкүндүк берген мультимедиялык программаларды, интерактивдүү мобилдик тиркемелерди, продукттарды иштеп чыгуу (категорияга бөлүү) | Мультимедиялык программаларды, интерактивдүү мобилдик тиркемелерди, продукттарды иштеп чыгуу | ММСЖСМ | 2022 2023 2024 2025 | 1000,0 1000,0 1000,0 1000,0 | Республикалык бюджет |
71 | Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим алгандар жана бардык курактык категориядагы тил үйрөнүүчүлөр үчүн кыргыз тилин интерактивдүү түрдө жеңил үйрөнүүгө багытталган мобилдик тиркемелерди, продукттарды "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу | Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн мобилдик жана интерактивдүү электрондук тиркемелерди, продукттарды иштеп чыгуу | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 2023 2024 2025 | 1250,0 1250,0 1250,0 1250,0 | Республикалык бюджет |
72 | Маалыматтык системалардын, расмий сайттардын интерфейстеринде кыргыз тилиндеги түшүндүрүү аппаратын иштеп чыгуу | Расмий веб-сайттардын мамлекеттик тилдеги интерфейсинин бирдиктүү стандарты | Терминком (макулдашуу боюнча) | 2022 | 500,0 | Республикалык бюджет |
73 | Кыргыз тилиндеги текстти талдоо жана семантикалык мазмунун түшүнүү үчүн программалык аппаратты иштеп чыгуу | Программалык аппарат | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 | 9000,0 | Республикалык бюджет |
74 | Маалыматтар базасында камтылган маалыматтын негизинде, суроо-талапка ылайык логикальж жана семантикалык мааниси бар текст даярдоо мүмкүндүгү каралган программалык аппаратты иштеп чыгуу (текст түзүү (генерация) - семантикалык синтез) | Программалык аппарат | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2024 | 6000,0 6000,0 | Республикалык бюджет |
75 | Маалыматтык технологиялардын (жасалма интеллекттин) негизинде башка тилдерден которуу үчүн программалык продуктту иштеп чыгуу | Башка тилдерден кыргыз тилине, кыргыз тилинен башка тилдерге которуу үчүн программалык продукт | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2023 | 7000,0 | Республикалык бюджет |
76 | Жасалма интеллекттин иштелип чыккан программалык продукттарын жайылтуу жана таратуу үчүн техникалык инфратүзүм менен жабдуу | Программалык продукттарды коомдук жашоонун бардык чөйрөсүндө колдонуу | МТУК (макулдашуу боюнча) | 2022 | 15000,0 | Республикалык бюджет |
Кыскартуулардын тизмеси:
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
МТУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
УАК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
Терминком | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминологиялык комиссия |
Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси |
ОБЖУБ | - | Окуучулардын билиминин жетишкендиктерин улуттук баалоо |
МЖА | - | мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация |
PISA | - | Окуучулардын билиминин жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (Programme for International Student Assessment) |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы |
ОКОЖ | - | орто кесиптик окуу жайы |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
|
| 2-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын генералдык директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору;
"Кыргыз тили" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча).".